Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-сентябрындагы № 560 токтомунун 1-тиркемеси |
Кыргыз Республикасынын аймагында товарлардын айрым түрлөрүнө соода жүргүзүүнүн ЭРЕЖЕЛЕРИ
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 18-мартындагы № 135, 2017-жылдын 25-сентябрындагы № 608, 2020-жылдын 24-январындагы № 26, 2020-жылдын 26-майындагы № 273 , КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-октябрындагы № 606, 2025-жылдын 17-июнундагы № 346, 2025-жылдын 14-октябрындагы № 663 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын аймагында соода жүргүзүүнүн эрежелери (мындан ары - Эрежелер) Кыргыз Республикасынын аймагында соода ишин жүзөгө ашыруунун тартибин аныктайт. Ушул Эрежелер бардык ишкер субъекттерге, ошондой эле юридикалык жакты түзбөй ишкердик жүргүзгөн жарандарга таркатылат.
2. Ушул Эрежелер Кыргыз Республикасынын атайын мыйзам актылары менен жөнгө салынуучу товарлардын айрым түрлөрүн жүгүртүү боюнча мамилелерге карата таркатылбайт.
3. Ушул Эрежелерде төмөндөгүдөй негизги түшүнүктөр пайдаланылат:
автодүкөн - соода жабдуулары менен жабдылган автотранспорт каражаты;
товарлардын ассортименти - кандайдыр бир белгиси же белгилердин жыйындысы боюнча бириктирилген товарлардын тобу;
көчмө соода - соода үчүн атайын же атайын жабдылган транспорттук каражаттарды, ошондой эле транспорттук каражат менен чогуу гана колдонулуучу мобилдик жабдууну пайдалануу менен стационардык чекене тармактан тышкары иш жүзүнө ашырылуучу чекене соода;
алып чыгуучу прилавкалар - атайын белгиленген орунга жайгашкан, жеңил орнотулуучу, ташып жүрүүчү же орун которуп туруучу соода оруну;
товардын сапаты - товардын керектөөчүлүк касиеттеринин жыйындысы;
күркө - атайын бөлүнгөн жер участогуна орнотулган, соода залы жок, соода жабдуулары менен жабдылган капиталдык эмес орун которуп туруучу курулма;
контейнер - соода залы бар же жок, бир же эки жумушчу орундуу металлдан жасалган соода объекти;
комиссиялык соода жүргүзүү - калктан комиссияга кабыл алынган жаңы, ошондой эле мурда колдонулган, бирок оңдоону талап кылбаган жана санитардык жактан таза, азык-түлүк эмес товарларды сатууда чекене соода жүргүзүүнүн уюштуруу формасы;
комитент - акыркынын атынан комиссионерге кандайдыр бир бүтүмдү (сатуу, сатып алуу ж.б.) жасоо боюнча тапшырма берген жак, бирок өзүнүн эсебинен;
лоток - орун которуп алып жүрүүчү прилавка, атайын бөлүнгөн жайда жайгашкан стол түрүндөгү соода оруну;
дүкөн - соода, көмөкчү, администрациялык-тиричилик имараты, ошондой эле сатууга товарларды кабыл алуу, сактоо жана даярдоо үчүн имарат менен камсыздалган капиталдык стационардык курулма же анын бөлүгү;
майда чекене соода түйүнү - стационардык соода бирдиктерден жана орун которуп жүрүүчү пункттардан тышкаркы соода автоматтарынан, чатырлардан, дүкөнчөлөрдөн, күркөлөрдөн, чакан-кафеден (жайкы кафе) турган чекене соода тармагынын бөлүгү;
стационардык эмес соода түйүнү - көтөрүп жүрүп соода жүргүзүү принциби менен иштөөчү соода түйүнү;
дүң соода - жекече, үй-бүлөлүк, үй-чарбалык жана башка пайдалануулар менен байланышпаган, сатууга же башка максаттарга багытталган товарларды сатып өткөрүү боюнча ишкердик;
чатыр - атайын аныкталган орунга жайгашкан жана соода жабдуулары менен жабдылган, курап-чечүү түзүлүшүндөгү жеңил курулуучу курулма;
павильон - бир же бир канча жумушчу орунга эсептелген, соода залына жана товардык запасты сактоо үчүн жайга ээ жабдылган курулма;
сатып алуучу - товар сатып алуучу жеке же юридикалык жак;
сатуучу - Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык соода ишин жүргүзгөн, соода ишинин субъекти;
төлөмдүк пластикалык карточка (банктык пластикалык карточка) - эл аралык стандарттарга ылайык интегралдык схемада же магниттик тилкеде маалымат түшүрүлгөн, полимердик негизде аткарылган, банктык кызмат көрсөтүүнү алуудагы, накталай эмес эсептешүүлөрдү жүргүзүү каражаты;
коомдук тамак-аш объекти - кулинардык продукцияларды (тамактарды), ундан жасалган кондитердик азыктарды жана таттуу нандарды даярдап чыгарууга, сатууга жана (же) керектөөнү уюштуруу үчүн багытталган ишкана;
тамак-аш продуктулары - адамдар тамак катары колдоно турган натуралдык же кайра иштетилген түрдөгү азыктар (анын ичинде балдардын тамак-аш продуктулары, диеталык тамак-аштар), бөтөлкөлөргө куюлган ичүүчү суулар, алкоголдук продукция (анын ичинде пиво), алкоголсуз суусундуктар, сагыздар, ошондой эле азык-түлүк чийки заттары, тамак-аш кошулмалары, биологиялык жигердүү кошулмалар;
азык-түлүк чийки заттары - өсүмдүктөрдүн, жаныбарлардын, микробиологиялык, минералдык жана жасалма түрдөгү азык-түлүктөрдү даярдоого колдонгон чийки заттар жана суу;
көтөрүп жүрүп соода жүргүзүү - сатуучунун сатып алуучу менен үйлөрдө, мекемелерде, уюмдарда, ишканаларда, транспортто жана көчөдө түздөн-түз катнашуу жолу менен стационардык чекене соода түйүнүнөн тышкары жүргүзүлүүчү чекене соода;
чекене соода - керектөөчүлөргө жекече пайдаланууга товарларды сатуу боюнча ишкердик иш;
чекене соода тармагы - чекене товарларды саткан пункттардын жыйындысы;
өзүн-өзү тейлөө - өз алдынча кароо, тандоо жана тандалган товарларды эсептешүү түйүнүнө сатып алуучу өзү жеткирүүгө негизделген чекене сатуунун ыкмасы;
тез бузулуучу тамак-аш азыктары - ташып жүрүүдө, сактоодо атайын шарттарды жана сунушталган так мөөнөттө сатып өткөрүүнү талап кылган тамак-аш азыктары;
сатып алуу - калктан жаңы, ошондой эле мурда колдонулган товарларды аныкталган келишимдик баада кабыл алуу менен мүнөздөлгөн, тапшыруучу менен сатып өткөргөндөн кийин эсептешүүгө негизделген чекене сооданы уюштуруу формасы;
соода объектин адистештирүү - соода объектинин кандайдыр-бир белгилери же белгилердин жыйындысы боюнча бириктирилген, товардын бир же бир нече түрүн сатууга жараша аныкталуучу иш-аракетинин багыты;
жарактуулук мөөнөтү - мезгил аралыгы, анын бүтүшү менен товар багытталган негизи боюнча пайдаланууга жараксыз деп эсептелет;
сактоо мөөнөтү - ченемдик документтерде көрсөтүлгөн, сактоонун аныкталган шарттарын аткарган учурда товардын өз касиеттерин сактап турган мезгил аралыгы;
стационардык соода тармагы - соода жүргүзүү үчүн атайын жабдылган жана багытталган имараттарда жана курулмаларда жайгашкан, соода объекттеринин туруктуулугу менен мүнөздөлгөн соода тармагы;
соода автоматы - товарларды сатууга арналган автоматташтырылган түзүлүш;
соода базары - туруктуу негизде аракеттенген аймакты, башкаруу жана коргоо чарбалык тейлөөсү борборлоштурулган иш милдеттери менен өзгөчөлөнгөн, өз аймагынын чегинде автотранспорттук каражаттарды токтотуу үчүн аянтча менен камсыз болгон жана соода иш-аракеттерине багытталган, чектеш аймактардан тосулган мүлктүк комплекс;
товардык коңшулук - чийки жана даяр продуктыларды бирге сактоону жана сатып өткөрүүнү жокко чыгарган, алардын булганышын жана товардын сапатына таасир берген бөлөк жыт жиберүү менен бузулууга жол бербеген шарт;
соода үйү (супермаркет, соода комплекси) - соода иши үчүн багытталган жана соода, администрациялык-тиричилик жана кампа жайлары жана өз аймагынын чегинде автотранспорттук каражаттарды токтотуу үчүн аянтча менен камсыз болгон, бирдиктүү бутүндүк катары башкарылуучу соода объекттеринин жана коомдук тамактануу объекттеринин жыйындысы жайгашкан капиталдык стационардык курулма;
соода залы - сатып алуучуларды тейлөөгө багытталган, соода жайынын атайын жабдылган негизги бөлүгү;
соода маалыматы - товар, даярдоочу, сатуучу жөнүндө мыйзамда каралган жана товар жана аны пайдалануунун өзгөчөлүктөрү менен тааныштыруу максатында сатып алуучуларга билдирилүүчү маалымат;
соода шаймандары - соода иш-аракеттерин ишке ашыруу үчүн арналган буюмдар;
коомдук тамактануу субъекттеринин кызмат көрсөтүүлөрү - керектөөчүлөрдүн тамактануу жана эс алуу муктаждыгын канааттандыруу боюнча ишканалардын жана ишкер жарандардын ишинин натыйжасы.
2. Соода ишин ишке ашырууга карата талаптар
4. Кыргыз Республикасынын аймагында соода иши эгерде Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, уюштуруучулук-укуктук түрүнө жана менчигинин түрүнө карабастан, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык катталган жеке жана юридикалык жактар тарабынан жүргүзүлүшү мүмкүн.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-октябрындагы № 606 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Белгиленген тартипте катталган жана Кыргыз Республикасында ишкердик ишти жүргүзгөн чет өлкөлүк жеке жана юридикалык жактар, жарандыгы жок адамдар эгерде Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, миграция чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органы берүүчү, Кыргыз Республикасынын аймагында иштөөгө берилген уруксаттын негизинде соода ишин жүргүзөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-октябрындагы № 606 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Соода объектинин аталышы, кимге таандык экендиги (менчик ээси), иштөө тартиби мамлекеттик жана расмий тилде көрсөтүлгөн көрнөгү болушу керек.
Көрүнүктүү жерде төмөнкү маалыматтар илинип турушу керек:
- ушул Эрежелерден жана "Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынан алынган үзүндүлөр;
- бул соода объектин ачкан ишкердик субъектинин аталышы (жеке жактын аты-жөнү).
7. Соода объектилеринде белгиленген иш тартиби жана товардык профили сакталууга тийиш.
8. Мамлекеттик жана муниципалдык соода объектинде иш тартиби жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тиешелүү органдарынын чечими боюнча белгиленет. Менчиктин башка түрүндөгү соода объектисинин, ошондой эле жеке ишкердин иш тартиби алар тарабынан укуктук тартиптин талаптарын сактаган шартта өз алдынча белгиленет.
9. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ведомствого таандык аймактарда соода жана коомдук тамак-аш объектилерин ачуунун жана анын иштөөсүнүн кошумча шарттарын аныктай алышат.
10. Соода объектинин соода жана өндүрүштүк имарат-жайлары орун алган ченемдерге жана Эрежелерге жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка талаптарга ылайык жабдылат.
11. Соода объекттеринде товарларды саны жана сапаты боюнча кабыл алуу продукциянын коопсуздугун жана сапатын ырастоочу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана жеткирүүчүнүн (сатуучунун) коштоочу документтерине ылайык ишке ашырылышы керек.
12. Товарларды текшерүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте алардын сапатын аныктоо максатында ишке ашырылат.
13. Соода объекти тарабынан кабыл алынган товарлар түшкөн күнү накталай саны боюнча кириштелет.
14. Товарларды (продукцияны) сатып өткөрүүдө соода объектисинин кызматкерлери Кыргыз Республикасынын метрология кызматынын ыйгарым укуктуу органы тарабынан текшерилген өлчөөчү приборлорду пайдаланышы керек.
15. Соода объекти товарларды туура тандоо мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга, товарлар жана аларды даярдоочулар жөнүндө зарыл жана ишеничтүү маалыматты сатып алуучуга өз учурунда даана жана түшүнүктүү формада жеткирүүгө милдеттүү.
151. Сүт продукциясын сатууну жүзөгө ашыруучу соода ишинин субъекттери сүт жана сүт камтыган продуктуларды өзүнчө соода участокторунда (өзүнчө витриналарда, өзүнчө текчелерде же башка бөлүнгөн жерлерде) Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 2013-жылдын 9-октябрындагы № 67 "Бажы бирлигинин "Сүт жана сүт продукциясынын коопсуздугу жөнүндө" (ТБ ТР 033/2013) техникалык регламенти жөнүндө" чечими менен белгиленген аныктамаларга ылайык аларды так физикалык чектөөнү камсыздоо менен жайгаштырат.
Сүт жана сүт камтыган продукцияны сатууга багытталган ар бир соода участогунда сатылуучу продукциянын касиеттерине жана курамына карата керектөөчүлөрдүн мүмкүн болуучу жаңылышуусун болтурбоо максатында сүт камтыган продуктуларда сүт компоненттеринин бар экендигин милдеттүү түрдө көрсөтүүнү кошкондо, продукциянын курамы жөнүндө анык жана так окула турган маалымат жайгаштырылууга тийиш.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-июнундагы № 346 токтомунун редакциясына ылайык)
16. Эгер сатып алуучу тарабынан алынып жаткан товар мурда колдонулса же анын кемчилиги (кемчиликтери) жоюлса, сатып алуучуга бул жөнүндө маалымат берилиши керек.
17. Өзүн-өзү тейлөө методун колдонгон соода объектилеринде сатып алуучулар тандаган товарлар инвентардык идишке (корзина, лоток, чиркегич) салынып жүргүзүлөт. Сатып алуучуга соодасы үчүн эсептешүү жүргүзгөнгө чейин төлөнө элек товарды өзүнүн сумкасына салууга тыюу салынат.
18. Сатып алуучулар тарабынан тандалган азык-түлүк эмес товарларды соода объектисинде кассалык чекте белгиленген төлөнгөн убактысынан тартып эки саатка сактоого болот.
19. Сатылып алынган ири көлөмдөгү товарларды (эмерек, курулуш материалдары, пианино, муздаткычтар, кир жуугуч машиналар жана башка 1 м х 1 м өлчөмдөгү тиричилик техника) сатып алуучу бир суткадан ашык эмес мөөнөткө соода объектинде сактоого калтыра алат. Администрация менен макулдашуу боюнча сактоо мөөнөтүн белгиленген акыны төлөө менен узартууга болот.
20. Соода обьектинин кызматкерлеринин жекече буюмдары мындай максатта соода жайларынан бөлүнгөн жерде сакталышы керек.
21. Жекече колдонуу үчүн (кийимдер, бут кийим, трикотаж товарлары ж.б.) азык-түлүк эмес товарларды сатууда аларды кийип көрүү үчүн, ал эми татаал-техникалык жана башка текшерүүнү талап кылган товарларга текшерүүнү жүргүзүү үчүн шарттар түзүлүшү керек.
22. Соода объекти сатылып жаткан товарларга жеткирүүчүнүн реквизиттери, келип түшкөн товарлардын саны, баасы, жалпы суммасы көрсөтүлгөн тиешелүү документтерге ээ болушу керек.
22-1. Аянты 50 чарчы метрден жогору болгон соода залдарында ар бир товардык катарда ата мекендик өндүрүштөгү товарлар үчүн товардын өндүрүлгөн өлкөсүн көрсөтүү менен "Кыргызстанда жасалган" ("Made in Kyrgyzstan", "Изготовлено в Кыргызстане") шелфтокери бар өзүнчө стеллаждар/текчелер бөлүнүшү керек.
Аянты 100дөн 200 чарчы метрге чейинки соода залдарында ар бир товардык катарда ата мекендик өндүрүштөгү товарларды саткан жерде товардын өндүрүлгөн өлкөсүн көрсөтүү менен "Кыргызстанда жасалган" ("Made in Kyrgyzstan", "Изготовлено в Кыргызстане") шелфтокери бар жеңил жарнамалык конструкциялар орнотулушу керек.
Аянты 200 чарчы метрден ашык соода залдарында кыргыз өндүрүшүнөн чыккан товарларды саткан жерлерге керектөөчүлөрдүн көңүлүн буруу үчүн "Кыргызстанда жасалган" ("Made in Kyrgyzstan", "Изготовлено в Кыргызстане") деген маалыматтык көрсөтмөлөр, көрнөктөр, шелфтокерлер жана баннерлер коюлушу керек.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 24-январындагы № 26 токтомунун редакциясына ылайык)
23. Азык-түлүк товарларын жана тамак-аш азыктарын сатууда, соода кылуучу субъекттер, жеке жана юридикалык жактар, сатылуучу товарлардын коопсуздугу жөнүндөгү далилдеген документтерге ээ болушу керек.
24. Соода объектинин кызматкерлери сатып алуучуга сатылып алынган товарларга кошуп товардык (кассалык) чекти же ишкананын аталышын, товардын аталышын, анын баасын, сатылган күнүн көрсөтүү менен товарларга төлөнгөндүгүн далилдеген башка документти берүүгө милдеттүү. Дүң соода аркылуу сатып алынган товарлар үчүн накталай акча менен эсептешкенде, сатуучулар товардын сатылгандыгы жана төлөнгөндүгү тууралуу сатып алуучунун (юридикалык жана физикалык жактын) аты-жөнүн, идентификациялык номурун, санын, баасын жана сатылган датасы коюлган 2 нускадагы тиешелүү документти даярдап бериши керек. Документтин биринчи нускасы сатып алуучуга тапшырылып, экинчи нускасы соода объектинде калат.
25. Жашы жете элек 15 жашка чейинкилерге уу химикаттарды жана күйүүчү суюктуктарды, 18 жашка чейинкилерге алкоголдук ичимдиктерди сатууга тыюу салынат. Талаш болгон учурларда сатып алуучу жаш курагын далилдеген документти көрсөтүүгө милдеттүү.
26. Жыттуу азык-түлүк эмес товарлар (химикалык заттар, тиричилик препараттары, парфюмерия, самын, жууп-тазалоочу товарлар) азык-түлүк товарлары сатылган жайдан бөлүнгөн атайын жайларда сатылышы керек.
27. Сатылып алынган сапатсыз азык-түлүк эмес товарлар "Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык алмаштырылат. Ушуну менен бирге мындай товар сатылган керектөөчү, эгер анын кемчиликтери сатуучу тарабынан айтылбаган болсо, ал өзүнүн каалоосу боюнча сапатка ээ товарга алмаштырууга же товардын наркын төлөп берүүсүн талап кылууга укуктуу.
28. Мекемелерге, уюмдарга жана ишканаларга товарларды накталай эмес эсептешүү аркылуу сатуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталган тартипте жүргүзүлөт.
29. Соода объекттеринде товарларды жана продукцияларды сатуу так салмакта, белгиленген тартипте текшерилген таразада, толук өлчөмдө жана сатып алуучу менен туура эсептешүү аркылуу жүргүзүлүшү керек. Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келинген азык-түлүк жана азык-түлүк эмес товарлар, алар бажы каттоосунан өткөндүгүн далилдеген, ошондой эле милдеттүү тастыкталууга тийиш болгон документтери, алардын коопсуздугун күбөлөндүргөн документтери болгон учурда сатылат.
30. Соода ишинин субъекттери өз ишинин профилин жана адистешүүсүн эске алуу менен ушул Эрежелерде аныкталган талаптарды сактоого милдеттүү.
31. Товарлардын сатууга сунушталган ассортименти, кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмеси, ошондой эле тейлөөнүн формасы өзүнүн иш-аракеттеринин профилине жана адистешүүсүнө ылайык өз алдынча соода объекти тарабынан аныкталат.
32. Соода ишинин субъекттери укуктуу органдар тарабынан ишине текшерүү жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берүүгө жана аныкталган кемчиликтерди калыбына келтирүүнү камсыз кылууга милдеттүү.
33. Сатып алуучу товарлар үчүн накталай акча менен же накталай эмес түрдө эсептеше алат. Акчалай эсептешүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык контролдук-кассалык машиналарын колдонуу менен же колдонуусуз жүргүзүлөт.
331. Товарлардын бааларында, ярлыктарында жана көрсөтүлгөн кызматтардын прейскуранттарында акчалай милдеттенме товарды өлчөө бирдиги үчүн Кыргыз Республикасынын улуттук валютасы менен ченелери белгиленсин.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 18-мартындагы № 135, КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-октябрындагы № 606 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2.1. Соода объектин күтүү жана анын кызматкерлерине коюлган талаптар
34. Азык-түлүк товарларын сатып-өткөргөн соода объектинин кызматкерлери медициналык күбөлөндүрүүдөн жана объектинин санитардык абалына жооптуу атайын кызматкерлери уюштурган гигиеналык окутуудан өтүшөт жана азык-түлүк товарларын атайын кийим кийип сатууга милдеттүү.
35. Соода объектинин жетекчиси Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык соода объектинин ишин уюштуруу үчүн жекече жоопкерчилик тартышат.
36. Соода ишинин субъекттери товарлардын сапатын жана коопсуздугун сактоодо соода жүргүзүү шартына туура келген, аларды сактоо жана сатып өткөрүүдө техникалык регламенттердин жана стандарттардын талаптарына ылайык камсыз кылуучу, зарыл жайлар, жабдуулар жана инвентарларды, ошондой эле товарларды сатып алуучулар тарабынан туура тандоо мүмкүнчүлүгүн башкарат. Товарды сактоонун температуралык режими жана мөөнөтү, продукция өндүрүүчүнүн белгилеген талаптарына ылайык болушу керек.
37. Эгер соода ишинин субъекти тарабынан ишке ашырылып жаткан иш лицензиялоого жатса, анда ал лицензиянын номери жана мөөнөтү жөнүндө, ошондой эле аны берген орган тууралуу маалымат берет.
Көрсөтүлгөн маалымат стационардык соода объектилеринде, ошондой эле соода туруктуу эмес убактылуу жайларда жүргүзүлгөндө, жарманкелерде, жайма лотоктордо ж.б. учурларда сатып алуучуларды тааныштыруу үчүн ыңгайлуу жерлерге жайгаштырылат.
38. Төмөнкүлөрдү сатууга жол берилбейт:
1) интеллектуалдык менчик объектин камтыган, автордук жана (же) чектеш укукту бузуу менен, же башка товардык белгини мыйзамсыз пайдалануу менен даярдалган товарлар;
2) жүгүртүүдөн алынып салынган товарлар;
3) аныкталган тартипте маркирлөөгө жаткан акцизделүүчү товарлар, акциздик маркалардын аларда жок учурунда;
4) коопсуздук талаптарга жооп бербеген жана техникалык регламенттерге жана башка ченемдик документтерге ылайык келбеген сапатсыз товарлар;
5) жарактуулук мөөнөтү өткөн товарлар;
6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында сатууга тыюу салынган башка товарлар.
39. Сатып алуучуга товар сатууда өз алдынча же сатуучунун жардамы менен продукциянын коопсуздугу тууралуу маалымат менен таанышууга мүмкүнчүлүк берилет.
40. Сатып алуучуга алган товарларынын сапатын, комплекттүүлүгүн, өлчөмүн, массасын, көлөмүн жана баасын текшерүүгө. ошондой эле аларды коопсуз жана туура колдонуу боюнча маалымат алууга мүмкүнчүлүк берилет. Мындай учурларда сатуучу сатып алуучуга контролдук-ченөөчү приборлорду, анын ичинде мүнөздөмөдө көрсөтүлгөндөрдү өз алдынча текшерүү үчүн берет жана зарылчылык болгон учурда аларды экспертизага жөнөтүүгө көмөктөшөт.
41. Сатуучу сатылып жаткан товардын аталышы, анын сорту, узундук бирдиги, аянты, көлөмү, идишсиз салмагы же товардын бирдиги үчүн баасы жазылган көрсөткүчтөрдүн болушун камсыз кылат.
42. Товарлардын баасын соода ишинин субъекттери өз алдынча аныктайт.
43. Сатуучу товарларды сатуу менен байланышкан, товардын наркына кошулуп эсептелиши мүмкүн болгон кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуучуга сунуш кылат. Ошону менен бирге сатып алуучуга товарды сатуу учурунда сунушталган кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу, ошондой эле анын макулдугусуз көрсөтүлгөн кызмат көрсөтүүгө төлөнгөн сумманы кайтарып берүүсүн сатуучудан талап кылуу мүмкүнчүлүгү берилет.
44. Сатуучу өзүнүн мүнөзү боюнча идишке салууну жана (же) таңгактоону талап кылбаган, белгилүү бир топтомдогу (товарлардын комплекти) жана комплекттеги, документи жана кошумча буюмдары бар товарга таандык товарлардан тышкары, сапатка туура келген идиштеги жана (же) таңгактагы сапаттуу товарды сатып алуучуга берет.
45. Сатып алуучуга белгилүү бир мөөнөттө турган товарды сатууда, сатуучу ушул мөөнөттүн ичинде товарды башка сатып алуучуга сата албайт. Эгер сатуучу жана сатып алуучунун ортосунда келишим аркылуу башкача каралбаса, келишимде аныкталган мөөнөттүн ичинде товарды кабыл алуу үчүн башка зарыл аракеттерди аткарбаган болсо же сатып алуучу келбеген учурда, сатуучу сатып алуучунун товарды алуудан баш тарткандыгы катары карашы мүмкүн.
2.2. Базарды күтүү эрежелери
46. Айыл чарба продукциялары, азык-түлүк товарлары, кийим, автомобиль базарлары, кичи базарлар жана башкалар белгиленген тартипте жана базар иштери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштурулат.
47. Соода объекттеринде жана соода-базар комплекстеринде сатылуучу азык-түлүк продукциялары ченемдик жана техникалык документтерде белгиленген талаптарга, ошондой эле тамак-аштын баалуулугунун жана тамак-аш азыктарынын, азык-түлүк чийки затынын гигиеналык талаптарына ылайык болууга тийиш.
48. Базарлар аймагы төмөнкүлөргө ээ болууга тийиш:
- дубал, торчо, металл тосмосу жана башка тосуучу орнотмолор менен тосулган жана жанаша жаткан аймактан изоляцияланган асфальтталган же төшөлгөн соода аянтчасына;
- жумуш аяктаганда жабылуучу жана рыноктордун аталыштары бар жазылган көрнөктөр менен таризделген кирүүчү жана чыгуучу жерлерге;
- сатып алуучуларды тейлөө үчүн жетиштүү тосулган жана ачык үстөлдөргө, павильондорго жана соода катарларына, ларекторго, бастырмаларга. соода түйүндөрүнө жана ошондой эле лабораторияларга, медпункттарга, продукция жана товарларды сактоо үчүн кампаларга, муздаткыч камераларына;
- ошондой эле шифр жана көрсөткүчтөр менен белгиленген айыл чарба продукциясын, тамак-аш продуктуларын, автомашиналарды сатуу жана дүң сатуу үчүн номерлүү орундарга;
- соода объектилери, кайтаруу, ички иштер кызматтары, рыноктун администрациясы, өрт өчүрүүчү калкаманын (гидранттар), даараткананын жайгашкан орундары кенен чагылдырган маалымат тактасына;
- суу сатуучу, суу берүү тармагына. жуулуучу туалеттерге, жуунгучтарга, ичүүчү, жашылчаларды жуу үчүн сууларга, электр жылытуучу системасына, радио түйүнүнө, телефонго, өрткө каршы инвентарга;
- жүк жана жеке транспорт үчүн токтотуучу жайга;
- персоналдар жана келүүчүлөр үчүн суу өткөргүчтөрүнүн жана канализациянын борбордук түйүндөрүнө кошулган, айрым талаптарга ылайык коомдук пайдалануучу жерлерге орнотулган жана жабдылган дааратканалар. Эгерде аймакта борбордук суу менен камсыз кылуу түйүндөрү жана канализациясы жок болгон учурда ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча суу менен камсыздоонун жана канализациянын жергиликтүү системасын орнотууга жол берилет.
49. Базардын жана соода ишканаларынын ар кандай жайларын жашоого же түнөөгө пайдаланганга жол берилбейт.
50. Базарлар айыл чарба продукциясын, тамактануу продуктуларын, товарларын сатуу үчүн талап кылынган санитардык талаптарга жана ченемдерге шайкеш келиши жана ошондой эле ветеринардык-санитардык экспертизанын эрежелерине жооп бериши керек.
2.3. Базарлардын жана соода борборлорунун (үйлөрдүн) дирекциясына коюлуучу талаптар
501. Базарлардын жана соода борборлорунун (үйлөрдүн) дирекциясы төмөнкүлөргө милдеттүү:
- ишкердик субъект өзүнүн ишкердик ишин жүргүзүүгө негиз болгон ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген документ (салык органдарында каттоонун жана/же патенттин, ошондой эле камсыздандыруу полисинин болуусу) менен айыл чарба продукциясын, тамак-аш продуктуларын, азык-түлүк эмес товарларын сатуу жана/же сактоо үчүн, коомдук тамактануу объекттери, калкка кызмат көрсөтүү үчүн ишкердик субъекттерге жайларды жана соода аянттарын ижарага берүүгө;
- ички иштер органдары менен бирдикте коомдук тартипти сактоо жана укук бузууларга каршы күрөшүү боюнча контролду жүргүзүүгө;
- ишкердик субъекттер менен түзүлгөн келишимдер (ишкананын аталышы же ишкердин аты-жөнү, ИСНи, келишимдин колдонуу мөөнөтү, берилген соода оруну (контейнер, павильон ж.б.) үчүн ижара акысынын суммасы) жана аларга киргизилген өзгөртүүлөр жана/же толуктоолор, ижарачы жана ижарага берүүчү пайдаланган контролдук-кассалык машиналар бар же жоктугу жөнүндө маалыматтарды, ошондой эле аныкталган шифр менен белгиленген жана номерленген соода орундарынын жайгашуу схемасын, лицензиялар бар болсо, анда алар тууралуу маалыматтарды көрсөтүү менен ижарачылардын реестрин жүргүзүүгө. Көрсөтүлгөн маалыматтарды салык кызматы органдарынын суроо-талабы боюнча берүүгө.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 26-майындагы № 273 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Комиссиялык соода эрежелери
51. Соода ишинин субъекттери пайдаланууга жарактуу, мурда колдонулган, ошондой эле жаңы, бирок оңдоону же жаңылоону талап кылбаган, гигиеналык талаптарды канааттандырган азык-түлүк эмес товарларды комиссияга кабыл алат.
52. Конфискацияланган, ээлик кылуу укугу мамлекетке өткөн, ээсиз мүлктөр, ошондой эле сот актыларын жана башка аткаруу документтерин аткаруу үчүн келтирилген зыянды калыбына келтирүү тартибинде жарандардан алынган мүлктөр, ыйгарым укуктуу орган тарабынан (ушул эрежелердин 53-пунктунда көрсөтүлгөндөрдөн тышкары) аныкталуучу соода ишканаларында кабыл алынат жана сатып өткөрүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 25-сентябрындагы № 608 токтомунун редакциясына ылайык)
53. Комиссияга төмөнкүлөр кабыл алынбайт:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан чекене сатууга тыюу салынган товарлар;
- дары жана медициналык препараттар;
- коопсуздугун жана сапатын тастыктоочу документтери жок товарлар;
- таңгагынын бүтүндүгү бузулган, сактоо жана сатып өткөрүү мөөнөтү өткөн коштоочу документтери жок продуктулар, ошондой эле тез бузулуучу тамак-аш азыктары;
- үйдөн даярдалган тамак-аш азыктары;
- жарандык соода жүгүртүүсүнөн алынып салынган товарлар, анын ичинде:
- дүрмөттүү, дүрмөтсүз жана газ куралдары;
- армиялык жабдуулар, ошондой эле аскер ассортиментиндеги башка товарлар, формалык кийимдер, мекеменин, уюмдун жана ишкананын штампы коюлган шейшептер.
54. Комиссияга төмөнкү товарлар кабыл алынат:
- Кыргыз Республикасынын жарандарынан, чет өлкөлүк жарандардан жана жарандыгы жок адамдардан паспортун же анын ким экендигин күбөлөндүрүүчү башка документи көрсөтүлгөндөн кийин;
- ишканалардын (уюмдардын, мекеменин, ишкердик субъектинин) өкүлүнө аныкталган тартипте жазып-катталган жана берилген коштомо кагазды жана анын инсандыгын далилдеген паспорту же башка документи көрсөтүлгөндөн кийин (ишканалардан, уюмдардан, мекемелерден, ишкердик субъектиден).
55. Товарларды комиссияга тапшыруу учурунда Кыргыз Республикасынын жарандары паспортун же аны алмаштыруучу документти, Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган чет өлкөлүк жарандар, жарандыгы жок адамдар Кыргыз Республикасында жашоонун тийиштүү түрүндөгү уруксатын; Кыргызстанда убактылуу жашаган чет өлкөлүк жарандар Кыргыз Республикасында жашоо мөөнөтү жөнүндө белгиси бар улуттук паспортун көрсөтүүгө милдеттүү.
56. Соода ишинин субъекттеринин буюмдарды кабыл алуусу, ишкерди мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктү жана паспортун көрсөткөндөн кийин макулдашуу (келишим) боюнча ишке ашырылат.
57. Пайдалануунун кепилдик мөөнөтү аяктай элек техникалык татаал товар комиссияга, сатуу учурунда сатып алуучуга берилүүчү паспорту жана кепилдик талону менен бирге кабыл алынат.
58. Комитент кандай учурда болсун, комиссияга товар тапшыргандыгын аныктаган комиссиялык макулдашууну (квитанцияны) көрсөткөндөн кийин өзүнүн товарын кайра алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.
Комиссиялык макулдашууну (квитанцияларды) жана аныкталган тартипте күбөлөндүрүлгөн комиссияга тапшыруучунун ишеним катын, ошондой эле өзүнүн паспортун же аны алмаштыруучу документти көрсөткөн учурда товар башка адамга кайтарылып берилиши мүмкүн.
59. Соода ишинин субъекти комиссияга кабыл алынган товарлардын сакталышына жоопкерчиликтүү болот.
3.1. Комиссия кабыл алган товарларды баалоо
60. Комиссияга кабыл алынып жаткан товардын баасы иштетилгендигинин даражасына карата тараптардын макулдашуусу боюнча аныкталат.
61. Товарды кабыл алууну ишке ашырып жаткан соода объектинин кызматкерлери комиссияга тапшыруучуларга комиссияга тапшырылып жаткан товарларга аракеттеги эркин баалар, базардын конъюнктурасы жана тигил же бул товарга калктын суроо-талабы жөнүндө маалымдоого милдеттүү.
62. Комиссияга кабыл алынган товарга комитенттин күнөөсү боюнча келтирилген жашыруун кемчиликтер табылган учурда, аны менен макулдашуу боюнча арзандатылат (бул жөнүндө акт түзүлөт).
63. Соода объектинин администрациясы комиссияга кабыл алынган товарлардын баасынын тууралыгына жоопкерчиликтүү болот. Товарды баалоодо пайда болгон талаш маселелер, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодекси менен белгиленген тартипте чечилет.
64. Комиссиялык жыйым жана товарды арзандатуу пайызы комитент менен соода ишинин субъектинин ортосундагы макулдашуу боюнча аныкталат.
65. Сатуунун мөөнөтү 30 календардык күнгө аныкталат. 30 календардык күндөн ашыкча сакталган товарды кайтарып берүүдө соода ишинин субъекти комитенттен сакталган ар бир күн үчүн тараптардын келишиминде бекитилген өлчөмдө акы алуу укугуна ээ.
66. Соттук аткаруучу, укук коргоо же финансы органдары тарабынан сатып өткөрүү үчүн берилген мүлктөрдү баалоо, кайра баалоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жүргүзүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 25-сентябрындагы № 608 токтомунун редакциясына ылайык)
3.2. Товарларды сатуу жана кайтарып берүү
67. Комиссияга кабыл алынган товарлар, алар кабыл алынган күндөн кийинки күндөн кечиктирилбестен сатууга түшөт.
68. Кабыл алуу убагында табылбаган кемчилиги бар товарларды кайра берүүдө аларды сактоо үчүн акы алынбайт.
69. Ири көлөмдүү буюмдардан бөлөк сатылып алынган товарлар соода объектисинде сактоого калтырылбайт. Сатылган ири көлөмдөгү товарлар соода объектинде сактоо тил каты боюнча бир күн бекер сакталышы мүмкүн. Көрсөтүлгөн мөөнөт өткөндөн кийин товар башка адамга ошол баада сатылышы мүмкүн. Алынган акча биринчи сатып алуучуга кайтарылып берилет.
70. Комитентке сатылган товар үчүн акчаны аны саткандан кийинки соода ишинин субъекти тарабынан берилген комиссиялык макулдашууну (квитанцияларды), паспортун же аны алмаштыруучу документти көрсөткөндөн кийин аныкталган тартипте күбөлөндүрүлгөн комитенттин ишеним каты боюнча төлөнүп берилет.
71. Соода ишинин субъекти комитент менен товарды комиссияга тапшыруу учурунда эсептешүүнү жүргүзүү укугуна ээ.
72. Соода ишинин субъектинин күнөөсү боюнча акчаны төлөп берүү создуктурулган учурда, ал комитентке ар бир узартылган күн үчүн тараптардын макулдашуусу боюнча белгиленген өлчөмдө бышмана төлөп берет.
73. Сатылган товарларды бир суткага чейин ишканада сактагандыгы үчүн комитенттен акы алынбайт.
Комиссияга алынган товарларды жоготкондугу, азайткандыгы, бузгандыгы үчүн соода ишинин объекти Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине ылайык жоопкерчилик тартат.
3.3. Комиссиялык операцияларды тариздөө
74. Комиссияга товарларды кабыл алуу квитанция менен таризделет. Квитанция менен бир эле учурда товардык жарлык жазылып берилет, ал квитанцияда көрсөтүлгөн номерге ээ болушу керек.
75. Квитанциялык китепче жана товардык жарлыктар катуу тартиптеги отчеттуулук бланкалары катары эсептелет, алар атайын журналда катталат (топтолуп жана номерленген).
76. Комиссияга товарды кабыл алууда соода объектинин кызматкери соода объектинин кызматкери менен комитент тарабынан кол коюлган квитанцияны эки нускада жазат. Квитанциянын биринчи нускасы комитентке тапшырылат.
77. Квитанциялардагы жана товардык жарлыктардагы суммаларды оңдоого жол берилбейт.
78. Соода объектинин кызматкери комиссияга кабыл алынган квитанцияларга ылайык товарларды реестрге (тизмеге) каттайт, ал эки нускада түзүлөт. Реестрдин (тизменин) биринчи нускасы товардык отчет менен бухгалтерияга берилет, экинчиси кызматкерде калат.
79. Комиссияга кабыл алынган товарлар соода объектинин кызматкеринин материалдык жоопкерчилигине келип түшөт жана тизменин негизинде кириштелиши керек.
80. Комиссияда турган товарлардын баасын арзандатуу комитент менен макулдашуу боюнча соода объектинин кызматкери тарабынан ишке ашырылат жана бир нускада түзүлгөн акты менен таризделет. Комиссияга кабыл алынган товарды сатуудан алып салуу акты менен таризделет.
81. Товарлардын баасын арзандатуу актысын түзүү менен бирге эле товарга бекитилген товардык жарлыкка, баасы арзандатылган күндү жана актынын номерин көрсөтүү менен жаңы баа коюлат. Комиссияга товарды тапшыруу учурунда комитентке берилген квитанциянын биринчи нускасына, ошондой эле баасын арзандатуу актысынын күнү жана номери жана товарды сатып өткөрүүнүн жаңы баасы көрсөтүлөт.
82. Комитентке товарды кайтарып берүү квитанциянын жана комитенттин паспортунун негизинде ишке ашырылат. Товарды сактоо үчүн тиешелүү сумманы комитент төлөгөндөн кийин товар берилет. Кайтарылып берилип жаткан товарды сактагандыгы үчүн сумма квитанциянын кийинки бетинде көрсөтүлөт. Товарды алганда комитент квитанцияга кол коюп берет. Товарды алгандыгы тууралуу комитенттин колу коюлган квитанция менен товардын жарлыгы соода объектинин кызматкеринде калат.
83. Комитентке акчаны төлөп берүү тараптардын макулдашуусу боюнча белгиленген тартипте жана мөөнөттө жүргүзүлөт. Комитент акчаны алганда товарга таандык квитанцияны (1-нуска) соода объектинин кызматкерине кайтарып берет жана сатылган товар үчүн акчаны алгандыгы үчүн кол коет.
3.4. Транспорттук каражаттарды жана номурдук агрегаттарды комиссиялык соода шарттарында сатуу
84. Комиссиялык соода шарттарында транспорттук каражаттарды жана номурдук агрегатты сатууда комиссияга кабыл алынган товардын баасы, комиссиялык жыйым, сатуу шарттары тараптардын макулдугу боюнча белгиленет.
85. Транспорттук каражаттарды жана номурдук агрегаттарды баалоо комиссиялык түрдө, б.а. комитент жана товарды сатууга кабыл алып жаткан соода ишинин субъектинин өкүлү менен жүргүзүлөт, ал жөнүндө техникалык абалдын, комплекттүүлүктүн, автотранспорттук каражатты баалоонун актысы түзүлөт. Транспорттук каражатты же номурдук агрегатты баалоону жүргүзүү үчүн тараптар транспорттук каражатты колдонуу жана оңдоо боюнча техникалык билимге ээ болгон адисти чакырууга укуктуу.
86. Комиссияга техникалык жактан бузулбаган транспорттук каражат, номурдук агрегаттар жана алардын запастык бөлүктөрү кабыл алынат.
87. Транспорттук каражатты комиссияга алууда комитент:
- паспортун же аны алмаштыруучу документти;
- сатуу үчүн эсептен чыгаруу жөнүндө ыйгарым укуктуу органдын белгиси коюлган техникалык паспортту;
- транспорттук каражаттын паспортун;
- сатып алуу-сатуу бүтүмүн тариздөө укугуна белгиленген тартипте таризделген ишеним катты (эгерде комитент транспорттук каражаттын ээси болбосо);
- транспорттук каражатка же номурдук агрегатка менчик укугун күбөлөндүрүүчү документти;
- наркын көрсөтүү менен транспорттук каражатты сатууга комитенттин чечимин көрсөтүүгө милдеттүү.
88. Комиссияга алууда соода ишинин субъекти комитент (ишенимдүү жак) тарабынан сунуш кылынган документтерди ийне-жибине чейин текшериши, техникалык паспорттогу маалыматтардагы транспорт каражатынын түйүндөрүнүн жана агрегаттарынын иш жүзүндөгү номурларына шайкештигин салыштырып чыгуусу керек.
89. Комиссияга кабыл алынып жаткан транспорттук каражаттарды карап көрүү жана текшерүү авто дүкөндүн эстакада (көтөрүүчү), диагностика-технологиялык жабдуу жана башка техникалык каражаттар менен жабдылган үстү жабылган кабыл алуу пунктунда ишке ашырылат. Жүрүүчү сапаттарын текшерүү үчүн төшөлгөн жолу бар аянтча орнотулушу керек.
90. Комиссия транспорттук каражаттын моделин, чыгарылган жылын, техникалык абалын, колдонуу мөөнөтүн, эскирүү жана моралдык эскирүүсүн, бузулууларын, товардык түрүн, түйүндөрдүн, деталдардын, агрегаттардын тиешелүүгүн аныктайт, спидометрдин көрсөтүүлөрүн алат.
91. Соода ишинин субъектти комиссияга кабыл алынган транспорттук каражаттардын, техникалык абалды жана товардык жарлыкты баалоо актысында чагылдырылган мүнөздөмөлөргө шайкештигин жана ошондой эле алардын сатылышына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тиешелүү сактоо шарттарынын түзүлүшүнө жоопкерчиликтүү болот.
4. Айрым товарлардын түрлөрүн соодалоо эрежелери
92. Бардык товарлар сатуу алдындагы даярдыктан өтүшөт, ал:
- таңгакты ачууну, сорттоону жана товарларды текшерүүнү;
- товардын сапатын (сырткы белгилери боюнча), комплектүүлүгүн текшерүүнү, товар жана даярдоочу жөнүндө керектүү маалыматтардын болуусун текшерүүнү;
- зарыл болгон учурларда буюмдарды тазалоону жана үтүктөөнү жана алардын майда оңдоосун камтыйт.
93. Сатуучу сатып алуучуга тигилүү, сырткы трикотаж буюмдарын. баш кийимди, мех товарларын жана бут кийимди ченөө үчүн шарт түзөт. Бул максатта соода залдарында күзгүсү бар ченөө кабиналары курулуп, банкетка же отургучтар, ошондой бут кийим койгучтары менен жабдылууга тийиш.
94. Сатып алуучуга жүн кездемелерин, ватинди жана башка оор кездемелерди сатууда текчеде (столдо) бүгүлбөгөн эркин жаткан кездемеге катуу стандарттык метрди коюу жолу менен ченөө ишке ашырылат. Жука жана жеңил кездемелер текчедеги кездемени эркин, метрге тыгыз тартпастан катуу стандарттык метр менен ченелет.
95. Жүн кездемелери жана трикотаж болотнайынан тышкары кездемелердин бардык түрлөрүн ченөө кездемени бир капталында эн белги коюлган металл ченөө лентасы орнотулган текчеге (столго) коюу ыкмасы менен жүргүзүлөт.
96. Эгерде фабрикалык жасалгасы бузулса жана белги кездеменин ич жагына коюлбаса фабрикалык жарлыгы жана белгиси бар кездеменин тилкесин жана ошондой эле кездеменин кесиндисин сатууга жол берилбейт.
97. Таңгак үчүн кошумча акы алынбастан, сатып алуучуга кездемелер, кийимдер, мех товарлары жана бут кийимдер таңгакталган түрдө берилет.
98. Шайкештиги милдеттүү ырасталуучу товарларды сатуу, сатуучуда сертификаттары же шайкештиги жөнүндө декларациялары бар учурда гана ишке ашырылат.
99. Кошуу үчүн атайын жабдууну талап кылбаган товарлар турган абалында көрсөтүлөт.
100. Сатуучу же келишим боюнча сатуучунун функциясын аткаруучу уюм товарга тиркелген техникалык документтерди (техникалык паспорт, колдонуу нускалары) же стандарттардын талаптарына ылайык сатып алуучу менен өз алдынча чогултууга жана (же) кошууга жол берилбеген техникалык татаал товарды сатып алуучунун үйүндө чогултууну жана (же) орнотууну ишке ашырат.
101. Эгерде товарды чогултуунун жана (же) орнотуунун баасы товардын баасына кошулса, анда көрсөтүлгөн иштер сатуучу же тиешелүү уюм тарабынан акысыз аткарылат.
102. Товарды чогултуунун жана (же) орнотуунун баасы товардын баасына кошулбаган учурларда сатуучу товарларды сатууда көрсөтүлгөн иштерди аткарган уюмдар тууралуу сатып алуучуга маалымдайт.
103. Сатып алуучуга товардын касиеттери (жыты, өңү, көлөмү жана башка) жана анын өзгөчө мүнөздөмөлөрү менен таанышууга мүмкүндүк берилет.
104. Товарды целлофан оромосу же фирмалык лентасы менен берүүдө, сатып алуучуга целлофанды жана фирмалык лентаны чечүү жолу аркылуу таңгактын ичин текшерүү мүмкүндүгү берилет. Товардын аэрозолдук таңгакчасы сатып алуучунун катышуусунда аэрозолдук таңгакча саткан адам тарабынан текшерилет.
5. Жеңил автомобилдерди, мототехниканы, чиркегичтерди жана номурдук агрегаттарды соодалоо эрежелери
105. Ушул Эрежелер автомобилдердин, автобустардын, мотоциклдердин, чиркегичтердин, жарым чиркегичтердин жана мотоколяскалардын, башка транспорттук каражаттарынын (мындан ары - транспорттук каражаттар) бардык типтеринин, маркаларынын жана моделдеринин жаңы, колдонулбаган жана катталбаган жана ошондой эле колдонууда болгон катары, ошондой эле кыймылдаткычтар, шасси, кузовдор, аларга рамалар (мындан ары - номурдук агрегаттар) жана запастык бөлүктөр менен жаңы, колдонулбаган жана катталбаган, ошондой эле колдонулган катары чекене сооданы уюштуруу боюнча негизги талаптарды регламенттейт.
106. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында колдонууга тыюу салынган транспорттук каражаттарды сатууга уруксат берилбейт.
107. Эрежелер транспорттук каражаттар, номурдук агрегаттар жана алардын запастык бөлүктөрү менен соода кылган соода субъекттерине таркатылат.
108. Жеке жактар тарабынан аларга менчик укугунда таандык болгон жаңы жана колдонулган транспорт каражаттарын жана номерлүү агрегаттарды коммерциялык эмес максатта сатуу соода объекттери аркылуу, ошондой эле бүтүмгө катышкан тараптардын келишими боюнча белгиленген тартипте соода-сатыкты тариздөө менен жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
109. Кыргыз Республикасынын аймагына сатуу үчүн ташылып келинген транспорттук каражаттар Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген бажылык таризделүүгө жатат.
Эгерде жеке жак Кыргыз Республикасынын аймагына транспорттук каражаттарды коммерциялык иш максатында алып келсе, ал жашаган жеринде салык органдардан каттоодон өтүшү зарыл.
110. Жаңы жана колдонулган транспорттук каражаттарды жана номерлүү агрегаттарды сатуу белгиленген тартипте катталган соода объекттери: транспорттук каражаттарды сатуу үчүн салондору бар (мындан ары - автодүкөндөр) адистештирилген дүкөндөр жана автоборборлор, соода үйлөрү, соода борборлору, ошондой эле адистештирилген, белгиленген тартипте катталган авторыноктор аркылуу жүзөгө ашырылат, ушул Эрежелердин 108-пунктунда көрсөтүлгөндөн тышкары.
111. Транспорттук каражаттарды жана номерлүү агрегаттарды сатууну жүзөгө ашыруучу соода объекттери тийиштүү сактоо шартына ээ болууга жана соода-технологиялык, өрткө каршы жана мындай түрдөгү соода объекти үчүн белгиленген башка талаптарга жооп берүүгө тийиш.
112. Авто өндүрүүчүнүн дилердик тармактары аркылуу сатылуучу жаңы транспорттук каражаттар жана алардын номерлүү агрегаттарынын түрлөрү жана көлөмү даярдоочу менен келишим боюнча аныкталуучу сатуу алдындагы даярдыктан өткөрүлөт.
113. Авто дүкөндөрдөгү сатуу алдындагы даярдык транспорттоо, сактоо жана колдонууга даярдоодо пайда болгон кемчиликтерди, бузуктарды табуу жана жокко чыгаруу боюнча контролдоо-кароо түрүндө ишке ашырылат. Товардын сервистик китебинде же аны алмаштыруучу документте сатуучу ушундай даярдыкты жүргүзгөндүгү жөнүндө белги коюлат.
114. Товарды сатып алуучуга берүүдө өндүрүүчү тарабынан демилгеленген шаймандар комплекти жана документтер, сервистик китеп же аны алмаштыруучу документ, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген тартипте мамлекеттик каттоодон өтүү үчүн транспорттук каражатка карата менчик укугун далилдеген документ берилет.
115. Сатуучу товарды берүүдө сатып алуучунун көзүнчө товарды сатуу алдында даярдоо боюнча аткарылган иштердин сапатын, ошондой эле транспорттук каражаттардын комплекттүүлүгүн текшерет.
116. Авто дүкөндүн сатуучу-консультанттары тиешелүү техникалык даярдыкка ээ болушу, транспорттук каражаттарды колдонуунун технологиясын билиши керек.
117. Сатуучу-консультант төмөнкүлөргө милдеттүү:
- маркалар жана моделдер боюнча транспорттук каражатка кыскача мүнөздөмө берүүгө, техникалык абалынын акты менен тааныштырууга (комиссиялык сатууда);
- сатып алуучу тандап алган транспорттук каражаттын ишке жарактуулугун айкын көрсөтүүгө;
- сатып алуучуну автотранспортту колдонуунун эрежелери менен тааныштырууга;
- сатып алуучуну ченемдик жана укуктук документтерге негизделген укуктары жана милдеттери менен тааныштырууга;
- сатып алуучуга сатуу алдында жүргүзүлгөн иштердин сапатын текшерүүгө, авто унаанын салонун карап чыгууга, аны кызыктыруучу түйүндөрдү жана агрегаттардын абалын текшерүүгө, квалификациялуу консультация алууга, авто унаанын жүрүшүнүн сапатын сынап көрүү мүмкүндүгүн ж.б. сунуштоого.
118. Сатып алуу-сатуу бүтүм катталгандан жана акча төлөнгөндөн кийин сатып алуучуга өндүрүүчү-заводдун ченемдик-техникалык документтерине ылайык комплекттелген транспорттук каражат жана тиешелүү документтер берилет.
119. Номурдук агрегатты сатууда (кыймылдаткыч, шасси, кузов, рама) сатып алуучуга:
- акы төлөнгөндүгүн ырастоочу документ;
- өндүрүүчү-завод тарабынан каралган техникалык документтер;
- мамлекеттик каттоо органдарында аны каттоо үчүн негиз болгон, белгиленген формадагы маалымат-эсеп берилет.
120. Транспорттук каражатты сатып алуунун маалымат-эсеби сатып алуучу тарабынан жоготулган учурда авто дүкөн күбөлөндүрүлгөн дубликатты берет.
121. Авто дүкөн сатып алуучуга, сатып алуучунун макулдугу менен техникалык тейлөө, сактоо, транспорттук каражаттарга май куюу жана майлоочу майлар менен жабдуу, коррозияга каршы иштетүү, дайындалган жерге ташуу ж.б.у.с. боюнча кошумча акы төлөнүүчү кызматтарды сунуш кылат, ошондой эле кошумча товарларды (шаймандарды, чехолдорду ж.б.) сатууну ишке ашыра алат.
122. Колдонууда болгон транспорттук каражаттар жана алардын номурдук агрегаттары 250 х 600 см эсебинде бир автомобилди көрсөтүү үчүн соода аянтына ээ болгон жана өзүнүн аймагында автотранспорт каражаттарын токтотуу үчүн аянт менен камсыз болгон атайын авто базарларында сатылат.
123. Сатууга сунуш кылынган товарды демонстрациялоодо сатып алуучунун товарга эркин жетүүсү камсыз кылынат. Транспорттук каражаттын баасы тараптардын макулдугу боюнча белгиленет,
124. Мурда колдонууда болгон транспорттук каражаттар мамлекеттик каттоо органдарында катталышы, мамлекеттик номурдук белгиге жана техникалык паспортко ээ болушу керек.
125. Жол кыймылына жана жарандардын жашоосуна коркунуч келтирген кемтиктерге ээ болгон транспорттук каражаттарды сатууда, соода ишинин субъекти сатып алуучуну орун алган кемтиктер жана алар жоюлганга чейин транспорттук каражатты пайдалануунун мүмкүн эместиги жөнүндө маалымдоого милдеттүү.
126. Сатуучунун товар даярдоочу жөнүндө талаптагыдай эмес маалымат берүү, талаптагыдай эмес сапаттагы товарды сатуу, ошондой эле сатып алуучунун талаптарын канааттандырбагандыгы үчүн жоопкерчилиги Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныкталат.
127. Ушул Эрежелердин талаптарын сактабаган соода ишинин субъекттери жана жарандар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
6. Аудиовизуалдык продукцияларды, фонограммаларды, электрондук эсептөөчү машиналар үчүн программаларды жана маалыматтар базаларын соодалоо эрежелери
128. Материалдык ар кандай чагылдыруудагы аудиовизуалдык чыгармаларды, фонограммаларды, электрондук эсептөөчү машиналар үчүн программаларды жана маалыматтык базаларды сатуу "Автордук жана чектеш укуктар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жана чыгармалардын укук ээлеринин бул продукцияларды сатып жаткан сатуучулар менен макулдашууларынын негизинде автордук жана (же) чектеш укуктарды сактоо менен жүргүзүлөт.
129. Аудиовизуалдык чыгармалардын, фонограммалардын, электрондук эсептөөчү машиналар үчүн программалардын жана маалыматтар базаларынын нускаларын чекене сатуу адистешкен атайын чекене соода жайларында жүргүзүлөт.
Адистешкен атайын чекене сатуу жайлары болуп стационардык соода тармактары. азык-түлүк жана азык-түлүк эмес товарлардын көп түрдүү ассортименти менен соода объектилеринин атайын адистешкен бөлүмдөрү жана секциялары (супермаркеттин, гипермаркеттин жана соода комплекстин), ошондой эле сатуунун атайын адистешкен майда чекене сатуу пункттары (күркөлөр, павильондор, контейнерлер) эсептелет.
130. Аудиовизуалдык чыгармалардын нускаларын, фонограммаларды, электрондук эсептөө машиналары үчүн программаларды жана маалымат базаларын сатууда сатуучу товар жана даярдоочу жөнүндө маалыматтар менен бирге сатып алуучуга сунушталган товардын, ар бир нускасында (таңгакчада) төмөнкүлөрдүн болушу милдеттүү болуп саналган маалыматты берүүгө милдеттүү:
- аудиовизуалдык чыгармалардын нускаларын, фонограммаларды, электрондук эсептөө машиналары үчүн программаларды жана маалыматтар базаларын, даярдоочунун аталышы, жайгашкан жери;
- булактын техникалык мүнөздөмөлөрү, ошондой эле аудиовизуалдык чыгарманын, фонограмманын, электрондук эсептөө машиналары үчүн программалардын жана маалыматтар базаларынын жазылышы;
- аудиовизуалдык чыгармалардын нускаларына, фонограммаларга, электрондук эсептөө машиналары үчүн программаларга жана маалыматтар базаларына автордук укуктун жана/же чектеш укуктардын ээси тууралуу маалымат;
- эгерде алар катталса электрондук эсептөө машиналар үчүн программалардын же маалыматтар базалардын каттоо номери.
Аудиовизуалдык чыгармаларга (фильм) карата сатуучу каралган маалыматтардан тышкары, сатып алуучуга төмөнкүдөй маалыматтарды берет:
- фильмдин аталышы, фильм тартылган өлкөлөр жана студия, ал чыгарылган жыл;
- негизги фильмографиялык маалыматтар (жанр, аннотация, сценарийдин автору, режиссер, композитор, башкы ролдорду аткаруучулар жөнүндө маалымат ж.б.);
- фильмдин узактыгы (мүнөт менен);
- прокаттык күбөлүккө (алар болсо) ылайык көрүүчү аудиторияны жашы боюнча чектөө сунуштары.
131. Аудиовизуалдык чыгармалардын, фонограммалардын. электрондук эсептөө машиналары үчүн программалардын жана маалыматтар базаларынын нускаларын, товардын ар бир бирдигинин таңгагын карап жана бүтүндүгүн текшерүү менен кошо, товар жөнүндө жана анын даярдоочу тууралуу маалыматтын бар экендигин сатуучу сатуунун алдында даярдаш керек. Бул маалыматтын жоктугу сатуучунун ушул Эрежелердин 130-пунктунда каралган талаптарды толук көлөмдө аткаруусуна тоскоолдук кылат.
132. Сатып алуучуга акысы төлөнгөн товарды берүүдө сатуучу анын тангагынын бүтүндүгүн текшерет, ал эми сатып алуучунун талабы боюнча аудиовизуалдык чыгармалардын, фонограммалардын, электрондук эсептөө машиналары үчүн программалардын жана маалыматтар базасынын фрагменттери менен таанышууга мүмкүндүк берет. Соода залдары сатып алуучуга сатып алган аудиовизуалдык чыгармалардын, фонограммалардын, электрондук эсептөө машиналары үчүн программалардын жана маалыматтар базасынын сапатын текшерүүгө мүмкүнчүлүк берүү үчүн техникалык жактан жабдылууга тийиш.
133. Аудиовизуалдык чыгармалардын нускалары, фонограммалары, электрондук эсептөө машиналары үчүн программалары жана маалыматтар базалары даярдоочунун таңгакчасында гана сатылат.
Материалдык булактардын кайсы гана түрүндө болбосун аудиовизуалдык чыгармалардын, фонограммалардын көчүрмөлөрүн, электрондук эсептөөчү машиналар үчүн программаларды жана маалыматтык базаларды сатууда таңгакта жана (же) жабыштыргычта (наклейка) чыгаруунун: продукциянын көчүрмөсүн өндүрүүчүнүн (импортердун) аталышы жана жайгашкан орду, автордук жана (же) чектеш укуктардын ээси тууралуу маалыматтары болгон учурда гана уруксат берилет.
134. Эротикалык маанидеги товарларды сатууга, мындай маанидеги товарды сатууну жүргүзгөн атайын адистешкен дүкөндөрдө гана жол берилет.
135. Көрүүчү аудиториянын жаш өзгөчөлүгүн чектеген продукция продукциянын таңгагында көрсөтүлгөн жашка жеткен адамдарга гана көрсөтүлөт жана сатылат.
7. Коомдук тамак-аш продукцияларын өндүрүү жана соодалоо эрежелери
136. Коомдук тамак-аш продукциясын өндүрүүнү жана соодалоону ишке ашыруучу соода объекттери (мындан ары - коомдук тамак-аш объекттери) менчигинин түрүнө карабастан, коомдук тамак-аш объекттеринин тамак-аш залында. өздөрүнүн залынан тышкары да Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган уруксат берүүчү документтери бар болсо, өз ишин ишке ашырат.
Турак үйлөрдө коомдук тамак-аш объектилери Кыргыз Республикасынын турак-жай Кодексинде белгиленген тартипке ылайык жайгаштырылат.
Коомдук тамак-аш объекттери экологиялык жактан коркунучтуу зонада жайгаштырылбашы керек.
137. Турак жай имараттарында жайгашкан коомдук тамак-аш объекттеринин имараттын турак жай бөлүгүнөн өзүнчө бөлүнгөн, кирүүчү жана эвакуациялык чыгуучу жерлери болушу керек. Турак үйдүн батирлеринин терезелери жана эшиктери жайгашкан короо тараптан чийки азык-түлүктөрдү жана тамак-аштарды кабыл алууга жол берилбейт. Жүктөөлөрдү терезелери жок, имараттын жолго жакын капталынан, жүктөөчү атайын жайлары болгон учурда аткаруу керек.
138. Коомдук тамак-аш объекттери төмөнкүдөй типтерге бөлүнөт: ресторан, кафе, бар, ашкана, тез татым ж.б.
Технологиялык жана муздаткыч жабдыктары технологиялык процесстин ырааттуулугун, чийки заттардын, полуфабрикаттардын, даяр продукциянын, ашкананын таза жана кир идиш-аяктарынын утурлама жана кайчылаш агымдары болбогондой, ошондой эле аларга оңой жетүү мүмкүндүгүн жана иш жайларында санитардык талаптардын жана техникалык коопсуздуктун талаптарынын сакталышын камсыз кылууну эске алуу менен жайгаштырат.
Бир учурда колдонулуучу ашкана идиштеринин жана приборлорунун саны ишкананын муктаждыгын камсыз кылууга тийиш. Иш күнүнүн аягында ишкананын бардык идиш-аяктары жана приборлору уруксат берилген каражаттар менен, аларды колдонуу боюнча нускамага ылайык дезинфекциялоодон өтөт.
139. Өндүрүүчү жана сатуучу жайларга, жабдууларга, мүлктөргө, көрсөтүлүүчү кызматтардын тизмеси, продукция өндүрүүнүн технологиялык режимдери коомдук тамак-аш ишканалары үчүн санитардык ченемдердин, техникалык коопсуздук эрежелеринин, өрткө каршы жана башка талаптардын мамлекеттик стандарттары тарабынан белгиленет.
140. Коомдук тамак-аш объектилеринде колдонулуучу өлчөөчү приборлор (таразалар, таразанын ташы жана башкалар) он абалда күтүлүп, текшерүү жөнүндө күбөлүккө ээ болуп жана белгиленген тартипте текшерүүгө берилип турушу керек.
141. Коомдук тамак-аш объекттери тейлөө үчүн пайыздарды кошпогондо, келүүчүлөр үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген кошумча шарттарды өз алдынча белгилей алат.
Тапшырыктын негизги наркынан бөлөк тейлөөчү персоналдын тейлөө, тамак берүү, сервировкалоо же башка иш-аракеттери үчүн акы алуусуна жол берилбейт.
Коомдук тамактануу кызмат көрсөтүүлөрүнүн бардык түзүмүнүн наркы менюда, прайс-баракчада же тапшырык берилгенге чейин керектөөчүгө жеткиликтүү болгон башка документте көрсөтүлгөн баага киргизилүүгө тийиш.
Төлөмдүн акыркы суммасы ачык сунушталган прейскуранттын негизинде эсептелген суммадан айырмаланбашы керек.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-октябрындагы № 663 токтомунун редакциясына ылайык)
142. Коомдук тамак-аш объекттери объектинин аталышы, түрү, классы, анын дареги (жайгашкан орду), сунушталуучу продукциянын ассортименти, көрсөтүлүүчү кызматтын түрлөрү, ушул Эрежелердин керектөөчүлөрдүн укуктарына тиешелүү айрым жоболорунун мазмуну, ошондой эле келүүчүлөр үчүн кошумча шарттар тууралуу көрсөтмөлүү жана түшүнүктүү түрдө керектөөчүлөргө керектүү жана ачык маалыматты жеткирүүгө милдеттүү.
143. Коомдук тамак-аш объекттеринин иш режими ишкердин укук тартибинин талаптары сакталган шартта өз алдынча белгиленет.
144. Турак үйдө жайгашкан коомдук тамак-аш объектилеринин иштөө сааты тургундардын көпчүлүгүнүн пикирин эске алуу менен белгиленет.
145. Коомдук тамак-аш ишканаларынын иш орундарында ызы-чуунун жана титирөөнүн жол берилген деңгээли иш орундарындагы ызы-чуунун жана титирөөнүн деңгээлинин гигиеналык ченемине ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан белгиленет. Музыкалык коштоонун жол берилген режими тиешелүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан белгиленет.
146. Продукцияны өндүрүү жана сатуу менен түздөн-түз байланышкан коомдук тамак-аш объектилеринин кызматкерлери менчиктин түрүнө карабастан, атайын даярдыкка ээ болууга тийиш.
7.1. Коомдук тамак-аш объекттеринин керектөөчүлөрдү тейлөөсүн жана алар менен өз ара мамилелерин уюштуруу
147. Керектөөчүлөрдү тейлөөнүн түрлөрү жана методдору коомдук тамак-аш объекттеринин ушундай түрлөрүнө карата белгиленген ченемдик талаптарга ылайык ишкердик субъекти тарабынан аныкталат.
148. Айкалыштырылган тейлөөдө коомдук тамак-аш объектинин залында керектөөчүлөр тарабынан өз алдынча муздак жеңил тамактарды, суусундуктарды, десерттерди тандап алууга продукцияларды берүүчү зона бөлүнөт же бул продукциялар бармен (буфетчи) тарабынан сатылат.
149. Официанттары бар коомдук тамак-аш объекттерине жабылууга 30 мүнөт калганга чейин, ал эми өзүн-өзү тейлөө ыкмасы боюнча иштеген коомдук тамак-аш объекттерине жабылууга 15 мүнөт калганга чейин келүүчүлөрдүн кирүүсүн чектөөгө жол берилет.
150. Коомдук тамак-аш объекттеринде тамак-аш үчүн эсептешүүнүн ар кандай: алдын ала, тамак тандалгандан кийин төлөө, тамак ичилип бүткөндөн кийин төлөө түрлөрү колдонулат. Тамак-аш үчүн эсеп-кысаптын тейлөө ыкмаларына, тейленүүчү контингенттин өзгөчөлүгүнө, коомдук тамак-аш объекттеринин түрүнө жана анын адистешкендигине жараша аныкталат.
151. Бардык коомдук тамак-аш объекттеринде керектөөчү менен эсеп-кысап жүргүзүүдө кассалык чек берилет, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык контролдук-кассалык машиналарды колдонбостон калк менен акчалай эсептөөлөрдү жүзөгө ашыра ала турган уюмдардын же жеке жактардын тизмесинен тышкары.
152. Официанттар аркылуу тейлөө ишке ашырылуучу жерде. берилген тамактарга акы төлөө официант берген эсеп боюнча кардарга контролдук кассалык машинанын чектик берүү менен жүргүзүлөт.
153. Келүүчүлөрдүн туруктуу контингентин (жумушчулар, кызматчылар, студенттер, окуучулар ж.б.) тейлөөчү ашканаларда жеке же топтук абонементтер боюнча эсеп-кысап колдонулушу мүмкүн.
154. Коомдук тамак-аш объекттери өзүнүн негизги иши менен катар эле, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген кошумча жекече тизме боюнча кызматтарды көрсөтүүгө акылуу.
155. Кошумча кызматтардын наркы менюда жана прейскуранттарда көрсөтүлүшү керек.
156. Түштөнүү залдарына келүүчүгө милдеттүү түрдө тамактардын жана даяр азыктардын түрлөрүнүн наркы, алкоголдук ичимдиктердин бөтөлкөсүнүн көлөмү, бардык көлөмдүн, алкоголдук ичимдиктин 50 жана 100 граммынын баасы жөнүндө маалымат берилет. Келүүчүлөрдүн туруктуу контингентин (жумушчулар, кызматчылар, студенттер, окуучулар ж.б.) тейлөөчү ашканаларда менюда мындан тышкары кулинардык азыктын чыгышы көрсөтүлөт, ал эми башка типтеги коомдук тамак-аш объекттеринде келүүчүлөрдүн өтүнүчү боюнча бул маалыматтар тейлөөчү персоналдар тарабынан берилет.
157. Ишкердик субъектти өз алдынча санитардык жана технологиялык талаптарды, ошондой эле ушул ишкананын тиби жана классы үчүн стандарттарды толук сактоону эске алуу менен тамак аштардын, даяр азыктардын, суусундуктардын түрлөрүнүн тизмесин иштеп чыгат.
158. Коомдук тамак-аш соода объекттеринде даяр продукцияны бөлүштүрүүнүн жана чыгышынын белгиленген ченемдери сакталышы керек.
159. Коомдук тамак-аш объекттери менчиктин кайсы түрүндө экендигине карабастан керектөөчүгө ага сатылган кулинардык продукциянын, товардын ченемин жана салмагын текшерүү мүмкүндүгүн берүүгө милдеттүү.
160. Кулинардык продукциянын (кызматтардын) сапатынын жетишсиздиги. кем тартуу же кем эсептеп берүү аныкталганда ишкердик субъекти керектөөчүнүн тандоосу боюнча төмөнкүлөргө милдеттүү:
- белгиленген кемчиликтерди акысыз четтетүүгө;
- кулинардык продукция (кызматтар) үчүн төлөөнүн көлөмүн азайтууга;
- кошумча төлөөсүз ошондой тамактын түрүн, кулинардык даяр продукцияны даярдоого (кызматты кошумча аткаруу);
- сапатсыз кулинардык продукцияны сатып алуу менен байланышкан керектөөчүнүн чыгымдарынын ордун толугу менен толтурууга.
161. Тейлөөгө алдын ала тапшырык кабыл алууда ишкердик субъекти аны өз ара милдеттенменин белгиленген мөөнөтүндө аткарууга кепилдик бериши керек.
162. Ишкердик субъекти иш-чара жүргүзүлө турган күнү келип түшкөн тейлөөдөн тапшырыкчы өз демилгеси боюнча баш тарткан учурда, башка керектөөчүгө сатууга мүмкүн болбогон продукцияны (товарды) сатып алууга милдеттүү.
7.2. Коомдук тамак-аш объекттери тарабынан продукцияны өндүрүүнү жана сатууну уюштуруу
163. Продукция даярдоо учурунда коомдук тамак-аш ишканалары коомдук тамак-аш ишканалары үчүн медициналык кароолорду системалуу түрдө жүргүзүүнү, жумушчулардын санитардык билимин жогорулатуу боюнча иш-чараларды көрүүнү кошо, санитардык эрежелерди сактоого милдеттүү. Медициналык кароолордун жыштыгы иш берүүчү жана саламаттык сактоо органы менен бирдикте белгиленет.
Коомдук тамак-аш ишканаларында пайдаланылган чийки заттар жана азык-түлүктөр коопсуздукту жана сапатты ырастаган документтердин милдеттүү болушу жөнүндө тиешелүү талаптарга ылайык болушу керек.
164. Ишкердик субъекттер коомдук тамак-аш продукциясын жана кызматтарын сатууну, коомдук тамак-аш объектинин тибине ылайык бекитилген менюга же продукциянын ассортименттик тизмесине ылайык ишке ашырат.
165. Меню жана продукциянын ассортименттик тизмеси кардарга эркин тандоону сунуштаган тамак-аштын, азыктардын аталыштарынын, санын аныктайт. Менюда продукциянын бирдигинин, порциянын баасы, порциянын граммдап чыгышы көрсөтүлөт.
166. Берилген продукция үчүн керектөөчүлөр керектөөчүнү тейлеп жаткан адамдын өзүнө же кассирге акы төлөшөт.
167. Коомдук тамак-аш объекти тапшырыктын төмөнкү чегин аныктоого жана керектөөчүгө продукциянын милдеттүү ассортиментин сунуштоого укуктуу эмес.
168. Аныкталган тартипте жол-жоболоштурулган алдын ала тапшырыктарды (үйлөнүү тою, банкеттер ж.б.) тейлөөдө, эгер коомдук тамак-аш объекти ага таандык эмес себептерден улам шартталган убакта тейлөөнү уюштура албаган учурда, администрация бул жөнүндө тапшырык берүүчүгө белгиленген күнгө чейин кеминде 7 күн мурда билдирүүгө милдеттүү.
169. Сапатсыз же технологиясын бузуу менен даярдалган тамак-ашты (тамакты) коомдук тамак-аш объекти алмаштырууга же анын наркын керектөөчүгө төлөп берүүгө милдеттүү.
170. Коомдук тамак-аш объекти керектөөчүнүн буюмдарын гардеробдо сактоону камсыз кылышы керек. Керектөөчүнүн оокаттарынын гардеробдон жоголгондугу үчүн ишкана Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине ылайык жоопкерчилик тартат.
171. Тартип бузган адамдарды коомдук тамак-аш объектинин кызматкерлери тейлебей коюу укугуна ээ. Коомдук тамак-аш объектинин мүлкүнүн бузулушуна жол берген керектөөчү, келтирилген зыяндын ордун толтурат.
8. Чакан чекене соода тармагынын иш эрежелери жана чакан чекене сооданы ишке ашыруунун тартиби
172. Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын имараттарынын, маданият эстеликтеринин, сыйынуу курулмаларынын жанында, автожолдордун өтүү бөлүгүндө, тротуарларда, токтотмолордо, сейил бактарда, гүлбакчаларда, жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун бөлүнгөн тилкесинде (бөлүүчү тилкеде) жана жол жээгиндеги тилкеде товарлардын жана продукциялардын кайсы болбосун түрүн чакан чекене сатууга уруксат берилбейт. Мындай талапты бузуу Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинде каралган чараларды көрүүгө алып келет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-октябрындагы № 606 токтомунун редакциясына ылайык)
173. Чакан чекене соода тармагынын пункттары үчүн иш режими чарба субъекттери тарабынан өз алдынча белгиленет жана бекитилген тартипке туура келиши керек.
174. Чакан чекене соода тармагынын пункттары сооданы Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык контролдук-кассалык машиналарды колдонуу менен же колдонбостон жүргүзөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-октябрындагы № 606 токтомунун редакциясына ылайык)
175. Стационардык чакан чекене пункттары эмгекти, саламаттыкты сактоо, өрткө каршы коопсуздуктун талаптарына жана тиешелүү ченемдик укуктук актыларда каралган башка талаптарга ылайык жабдылат.
176. Стационардык чакан чекене тармак пункттарында (чатырларда, күркөлөрдө, ларектордо, жайкы кафелерде, чакан кафелерде, соода автоматтарында), көчмө соода пункттарында аталышы, таандыгы (менчик ээси), иштөө режими көрсөтүлгөн көрнөк болушу керек.
177. Чекене соода тармагынын ар бир пункту тиешелүү инвентарь жана жабдуу менен, чакан чекене соода тармагынын стационардык ишканасы - санитардык-гигиеналык жабдуу (жуунгуч, жуугуч каражаттары, сүлгү, таштандылар үчүн чака) менен, ал эми тез бузулуучу продуктуларды соодалаган ишканалар муздатуу каражаттары менен камсызданышы керек.
178. Таразалар метрология боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан текшерилиши жана сатып алуучулар үчүн көрүнүктүү жерде турушу керек.
179. Сатуучулар сатуучу товарларга карата, аларда жабдып туруучунун реквизиттерин, келип түшкөн товардын санын, баасын, жалпы суммасын жана ошондой эле шайкештиги милдеттүү далилдөөгө жаткан бардык сатылуучу продукцияларга карата белгиленген үлгүдөгү шайкештик жөнүндөгү шайкештик сертификатын же декларацияны көрсөтүү менен киреше документтерине (товардык-транспорттук коштомо кагаздары, киреше-чыгашалык коштомо кагаздар, квитанциялар, келишимдер) ээ болушу керек. Жогоруда көрсөтүлгөн документтер чакан чекене соода кылган жумушчуларда болот жана керектөөчүнүн же контролдоочу органдын талабы боюнча көрсөтүлөт.
180. Тиешелүү документтери таризделбестен келип түшкөн товарларды кабыл алууга жана сатууга тыюу салынат.
181. Стационардык чакан чекене соода тармагында сатуудагы товарлардын бардык үлгүлөрү товардын аталышы, сорту жана баасы көрсөтүлгөн баалардын жарлыгы менен жабдылышы керек.
182. Жумушчулар сатуу мөөнөттөрүн, сатуу эрежелерин так сактоого жана инвентарды (кычкач, ачакей, калак) жана упаковка материалдарын колдонушу керек.
183. Шайкештиги милдеттүү далилденүүгө жаткан азык-түлүк, парфюмердик товарлар, тиричилик химия товарлары, синтетикалык жуугуч каражаттары жана балдар тиричилигинин товарлары шайкештик жөнүндө шайкештик сертификаттары же декларациялары болгон учурда гана сатылат.
184. Өзгөчө тез бузулуучу тамак-аш продуктуларына карата даярдоочунун реквизиттеринен тышкары документтерде продукция иштелип чыккан дата, саат, сактоо шарттары, сатуу мөөнөттөрү көрсөтүлүшү керек.
185. Сапатсыз товарларды сатуу үчүн жоопкерчиликти чакан чекене сооданы ишке ашырган субъект тартат.
186. Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан сатууга тыюу салынган товарларды чакан чекене соода тармагы аркылуу сатууга тыюу салынат.
187. Чакан чекене соода тармагы аркылуу сатып алынган товарлар үчүн эсептешүүдө (ларектук соодадан тышкары) сатуучу сатып алуучуга сатып алынган буюм менен бирге кассалык чекти берүүгө милдеттүү.
188. Азык-түлүк товарларын сатуу боюнча чакан чекене соода тармагынын жумушчулары белгиленген тартипке ылайык медициналык текшерүүдөн өтүүгө жана санитардык китепчеге ээ болууга милдеттүү.
189. Чакан чекене соода тармагында өнөр-жай таңгагы бар гана тамак-аш продуктуларын сатууга жол берилет.
Сатуучу тамак-аш продуктуларын булгануудан сактоого милдеттүү.
Тамак-аш продуктуларын полго коюуга уруксат берилбейт, бул максаттарда атайын койгучтар колдонушу керек.
190. Чакан чекене соода тармагынын сатуучусу чакан чекене пункттун, ошондой эле чектеш аймакты тазалыкта кармоого, таза санитардык кийимге ээ болууга, жеке гигиенанын эрежелерин так сактоого милдеттүү.
191. Алкоголсуз, алкоголу аз суусундуктар жана куюлуп сатылуучу ширелерди сатууда көп жолу колдонуучу стакандарды, бокалдарды жууп-тазалап санитардык эрежелерде жазылган талаптарга жооп бериши керек.
Стакандарды, бокалдарды жууп-тазалоо үчүн шарттар болбосо, алкоголсуз, алкоголу аз суусундуктарды, ширелерди бир жолку колдонуудагы стакандарда сатууга уруксат берилет. Бир жолку колдонуудагы стакандарды экинчи ирет колдонууга катуу тыюу салынат.
9. Ушул Эрежелердин сакталышына контролдук жүргүзүү
192. Ушул Эрежелердин талаптарынын сакталышы контролдук ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жана башка жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан алардын компетенциясынын чегинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
193. Ушул Эрежелердин талаптарын бузган ишкердик субъекттер жана жактар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.