Загрузка документа…
| 1-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-февралындагы № 79 токтому менен бекитилди) |
|
Айрым бажы жол-жоболорун колдонуу боюнча
нускама
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-июлундагы № 406, 2025-жылдын 2-сентябрындагы № 552, 2025-жылдын 19-сентябрындагы № 592, 2026-жылдын 29-июнундагы № 444 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Айрым бажы жол-жоболорун колдонуу боюнча нускама "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 110-беренесине ылайык (мындан ары - Мыйзам) иштелип чыккан жана төмөнкүдөй бажы жол-жоболорун колдонуунун өзгөчөлүктөрүн жөнгө салат:
- бажы аймагында кайра иштетүү;
- бажы аймагынан тышкары кайра иштетүү;
- ички керектөө үчүн кайра иштетүү;
- бажы кампасы;
- жок кылуу;
- мамлекеттин пайдасына баш тартуу;
- алымсыз соода.
2. Ушул Нускамада колдонулган түшүнүктөр Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодексинде (мындан ары - Кодекс), бажылык укук мамилелерин жөнгө салуучу эл аралык келишимдерде, Евразия экономикалык бирлигинин укугун түзгөн актыларда (мындан ары - эл аралык келишимдер жана бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү актылар) жана бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген маанилерде колдонулат.
3. Бажы аймагында кайра иштетүү, бажы аймагынан тышкары кайра иштетүү, ички керектөө үчүн кайра иштетүү шарттары жөнүндө документ бажы органынын төмөнкүлөргө карата уруксаты болуп эсептелет:
- ушул Нускаманын 1-тиркемесине ылайык форма боюнча таризделген товарларды бажы аймагында кайра иштетүүгө;
- ушул Нускаманын 2-тиркемесине ылайык форма боюнча таризделген товарларды бажы аймагынан тышкары кайра иштетүүгө;
- ушул Нускаманын 3-тиркемесине ылайык форма боюнча таризделген товарларды ички керектөө үчүн кайра иштетүүгө.
4. Товарларды бажы аймагында кайра иштетүү: бажы аймагынан тышкары кайра иштетүү; ички керектөө үчүн кайра иштетүү сыяктуу бажы жол-жоболоруна жайгаштырууда товарларды бажы аймагында кайра иштетүүгө, товарларды бажы аймагынан тышкары кайра иштетүүгө, товарларды ички керектөө үчүн кайра иштетүүгө уруксаттама (мындан ары - кайра иштетүүгө уруксаттама) бажы органдары тарабынан берилет.
Товарларды жок кылуу жана мамлекеттин пайдасына баш тартуу бажы жол-жобосуна жайгаштыруу жөнүндө чечим бажы органдары тарабынан кабыл алынат.
2. Бажы аймагында кайра иштетүү, бажы аймагынан тышкары кайра иштетүү, ички керектөө үчүн кайра иштетүү бажы жол-жоболорун колдонуу өзгөчөлүгү
5. Ушул главада төмөнкү терминдер жана аныктамалар колдонулат:
- кайра иштетүү объектилери - кайра иштетүү үчүн товарлар жана кайра иштетүүгө тийиш болгон, колдонулган товарлар;
- товарларды кайра иштетүү - кайра иштетүү продуктуларын (товардык продукция) алуу максатында чет өлкөлүк товарларга жана Евразия экономикалык бирлигинин (мындан ары - Бирлик) товарларына карата технологиялык жана өндүрүш процесстерин аткаруу;
- өндүрүш процесси - товардык продукцияны даярдоо жана/же оңдоо үчүн зарыл эмгек куралдарынын жана жактардын аракетинин жыйындысы;
- технологиялык процесс - кайра иштетүү объектисин өзгөртүү жана андан ары абалын аныктоо боюнча максаттуу багытталган таасир этүүнү камтыган өндүрүш процессинин бөлүгү;
- чет өлкөлүк товарлар - Кодекстин 2-беренесинин 1-пунктунун 12-пунктчасында аталган товарлар;
- эквиваленттик товарлар - өзүнүн сүрөттөлүшү, сапаты жана техникалык мүнөздөмөсү боюнча чет өлкөлүк товарлар менен дал келген Бирликтин товарлары;
- эквиваленттик чет өлкөлүк товарлар - өзүнүн сүрөттөлүшү, сапаты жана техникалык мүнөздөмөсү боюнча кайра иштетүү продуктулары менен дал келген чет өлкөлүк товарлары;
- өндүрүштүн калдыктары - товардык продукцияны өндүрүштүк процесс учурунда аргасыз пайда болгон жана арыз ээси колдонбогон товарлар (материалдар, заттар, буюмдар ж.б);
- өндүрүштүк жоготуулар - товардык продукцияны даярдоодо өндүрүштүк процесстин жыйынтыгында пайда болгон жана/же кайтарымсыз жоголгон заттар, материалдар ж.б.
- калдыктар - товардык продукцияны даярдоого колдонулбай калган кайра иштетүү үчүн товарлардын калган бөлүгү жана Евразия экономикалык бирлигинин Тышкы экономикалык ишинин товардык номенклатурасы (мындан ары - ТЭИ ТН) боюнча кайра иштетүү үчүн товарлар сыяктуу эле 10дук маанидеги товардык позицияда классификацияланат;
- кайра иштетүү продуктулары - товардык продукцияны жана өндүрүш калдыктарын, өндүрүш жоготууларды өзүнө камтыган товарларды кайра иштетүүнүн жыйынтыгында алынган товарлар;
- кайра иштетүү продуктуларынын бажы максаттарында чыгуу саны - жак тарабынан көрсөтүлгөн өндүрүш процессине ылайык товарларды кайра иштетүүнүн жыйынтыгында пайда болгон кайра иштетүү продуктуларынын саны;
- арыз ээси - бажы органына бажы аймагында кайра иштетүү, бажы аймагынан тышкары кайра иштетүү, ички керектөө үчүн кайра иштетүү бажы жол-жобосун колдонууга арыз берген, товарларды кайра иштетүүгө жайгаштырган жана бажы жол-жоболорунун шарттары катуу жана өз убагында аткарылышына жана анын аякташына толук көлөмдө жоопкерчилик тарткан, товарларды кайра иштетүү үчүн өткөрүүчү жак болуп эсептелген ата мекендик жак;
- кайра иштетүүчү - кайра иштетүү объекттерин өндүрүш процессинде колдонууну түздөн-түз ишке ашырган жак.
1-§. Бажы аймагында кайра иштетүү бажы жол-жобосу
6. Бажы аймагында кайра иштетүү бажы жол-жобосу - бул чет өлкөлүк товарларга карата колдонулуучу бажы жол-жобосу, ага ылайык товарларды бажы аймагында кайра иштетүү бажы жол-жобосуна жайгаштыруу шарттарын сактаган учурда мындай чет өлкөлүк товарларга карата ташып кирүү бажы алымдарын, салыктарды, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдар төлөнбөстөн, Бирликтин бажы аймагынан кийин чыгарып кетүү үчүн арналган, аларды кайра иштетүү продуктуларын алуу максатында мындай товарларга карата Бирликтин бажы аймагында кайра иштетүү боюнча операциялар жүргүзүлөт.
7. Товарларды бажы аймагында кайра иштетүү бажы жол-жобосуна жайгаштыруу шарттары төмөнкүлөр:
1) бажы органы берген бажы аймагында товарларды кайра иштетүүгө уруксаттаманын болушу. Эгерде бажы аймагындагы кайра иштетүүнүн бажы жол-жобосун колдонуунун максаты товарларды оңдоо болуп саналса, ошондой эле Евразия экономикалык комиссиясы тарабынан аныкталган башка учурларда мындай документ катары товарларга декларация колдонулушу мүмкүн;
2) Кодекстин 172-беренесине ылайык мындай чет өлкөлүк товарлар эквиваленттүү товарлар менен алмаштырылган учурлардан тышкары, бажы аймагында кайра иштетүүнүн бажы жол-жобосуна жайгаштырылган чет өлкөлүк товарларды бажы органы тарабынан алардын кайра иштетүү продуктуларына идентификациялоо мүмкүнчүлүгү;
3) Кодекстин 7-беренесине ылайык тыюу салууларды жана чектөөлөрдү сактоо.
8. Товарларды бажы аймагында кайра иштетүү мөөнөтү 3 жылдан же товарлардын айрым категориялары үчүн Евразия экономикалык комиссиясы тарабынан аныкталган мөөнөттөн ашпоого тийиш.
9. Бажы максаттарында кайра иштетүү продуктуларынын чыгуу санын белгилөө үчүн жак кайра иштетүү продуктуларынын чыгуу санынын ченемине жараша пайда болгон кайра иштетүү продуктуларынын санынын эсебин бажы органына берет. Кайра иштетүү продуктуларынын чыгуу санынын ченемин белгилөө ушул Нускаманын 4-тиркемесинде белгиленген тартипте ишке ашырылат.
10. Белгилүү сандагы (саны же пайыздык катышы) чет өлкөлүк товарларды кайра иштетүүнүн жыйынтыгында пайда болгон кайра иштетүү продуктуларынын чыгуу ченеми бажы аймагында товарларды кайра иштетүүгө уруксат алган жак тарабынан ал ишке ашырылган иш жүзүндөгү шарттарды эске алуу менен белгиленет.
11. Бажы аймагынан кайра иштетүү продуктуларын ташып чыкканга чейин бажы аймагында товарларды кайра иштетүүгө уруксат берген бажы органы менен кайра иштетүү продуктуларынын чыгуу ченеми макулдашылат.
12. Бажы органы тарабынан кайра иштетүү продуктуларынын чыгуу ченемин аныктоо жана макулдашуу декларант тарабынан берилген кайра иштетүүнүн технологиялык процесси жөнүндө маалымдарды камтыган документтердин негизинде жүргүзүлөт. Чыгуу ченемин белгилөөдө бажы органдары тарабынан кайра иштетүүнүн конкреттүү технологиялык процессине негизделген эксперттик уюмдардын корутундулары эске алынат.
13. Зарыл учурда кайра иштетүү продуктуларынын чыгуу ченемдеринин жыйынтыгына жараша ушул Нускаманын 75-пунктуна ылайык бажы аймагында товарларды кайра иштетүү уруксаттамасына өзгөртүүлөр киргизилет.
Ушуну менен бирге, жак кайра иштетүү продуктуларынын чыгуу ченеминин өзгөртүлгөнүн тастыктаган кайра иштетүүнүн технологиялык процесси жөнүндө маалымдарды камтыган документтерди, ошондой эле кайра иштетүүнүн конкреттүү технологиялык процессине негизделген эксперттик уюмдардын корутундусун бажы органына берет.
2-§. Бажы аймагынан тышкары кайра иштетүү бажы жол-жобосу
14. Бажы аймагынан тышкары кайра иштетүү бажы жол-жобосу - Бирликтин товарларына карата колдонулуучу бажы жол-жобосу, ага ылайык товарларды бул бажы жол-жобосуна жайгаштыруу жана ушул бажы жол-жобосуна ылайык колдонуу шарттарын сактаган учурда, Бирликтин мындай товарларына карата ташып чыгуу бажы алымдары төлөнбөстөн, кийин бажы аймагына ташып кирүү үчүн арналган, аларды кайра иштетүү продуктуларын бажы аймагынан тышкары кайра иштетүү боюнча операцияларды жасоонун жыйынтыгында алуу максатында мындай товарлар бажы аймагынан ташып чыгарылат.
15. Товарларды бажы аймагынан тышкары кайра иштетүү бажы жол-жобосуна жайгаштыруу шарттары Кодекстин 177-беренесинин 1-пункту менен аныкталган.
16. Товарларды колдонуу жана (же) ээлик кылуу боюнча чектөөлөр менен коштолгон бажы алымдарын, салыктарды төлөө боюнча жеңилдиктерди берүү менен ички пайдалануу үчүн чыгаруу бажы жол-жобосуна жайгаштырылган товарлар аларды оңдоо боюнча операцияларды жасоо үчүн бажы аймагынан тышкары кайра иштетүү бажы жол-жобосуна жайгаштырылышы мүмкүн.
17. Товарларды бажы аймагынан тышкары кайра иштетүү мөөнөтү 2 жылдан ашпоого тийиш.
18. Жак бажы максаттары үчүн кайра иштетүү продуктуларынын чыгуу санын белгилөө үчүн кайра иштетүү продуктуларынын чыгуу ченемине жараша пайда болгон кайра иштетүү продуктуларынын санынын эсебин бажы органына берет. Кайра иштетүү продуктуларынын чыгуу ченемин белгилөө ушул Нускаманын 4-тиркемесинде белгиленген тартипте ишке ашырылат.
19. Ташып чыгарылган товарлардын белгилүү санын кайра иштетүүнүн жыйынтыгында пайда болгон кайра иштетүү продуктуларынын чыгуу ченеми (саны же пайыздык мазмуну) алар ишке ашырылган иш жүзүндөгү шарттарды эске алуу менен бажы аймагынан тышкары товарларды кайра иштетүүгө уруксат алган жак тарабынан белгиленет.
20. Кайра иштетүү продуктуларын бажы аймагына ташып киргенге чейин товарларды бажы аймагынан тышкары кайра иштетүүгө уруксат берген бажы органы менен кайра иштетүү продуктуларынын чыгуу ченеми макулдашылат.
21. Бажы органы тарабынан кайра иштетүү продуктуларынын чыгуу ченемин аныктоо жана макулдашуу декларант тарабынан берилген кайра иштетүүнүн технологиялык процесси жөнүндө маалымдарды камтыган документтердин негизинде жүргүзүлөт. Чыгуу ченемин белгилөөдө бажы органдары тарабынан кайра иштетүүнүн конкреттүү технологиялык процессине негизделген эксперттик уюмдардын корутундулары эске алынат.
22. Зарыл учурда кайра иштетүү продуктуларынын чыгуу ченемдеринин жыйынтыгына жараша ушул Нускаманын 75-пунктуна ылайык бажы аймагынан тышкары товарларды кайра иштетүү уруксаттамасына өзгөртүүлөр киргизилет.
Муну менен бирге, жак кайра иштетүү продуктуларынын чыгуу ченеминин өзгөртүлгөнүн тастыктаган кайра иштетүүнүн технологиялык процесси жөнүндө маалымдарды камтыган документтерди, ошондой эле кайра иштетүүнүн конкреттүү технологиялык процессине негизделген эксперттик уюмдардын корутундусун бажы органына берет.
23. Кайра иштетүү продуктуларынын белгиленген чыгуу ченеминен ашык санда кайра иштетүү продуктту ташып кирүүдө ташып кирүү алымдары, салыктар, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдар алынат.
24. Кодекске ылайык бажы алымдарынын, салыктардын суммасын эсептөө максаттары үчүн товарлардын санын аныктоо методикасы (кайра иштетүү продуктулары) кайра иштетүүнүн конкреттүү технологиялык процесси боюнча эксперттик уюмдардын корутундуларын эске алуу менен, эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аталган товарлар Кыргыз Республикасына милдеттүү түрдө кайра ташып кирүүгө жатса, кайра иштетүү продуктуларынын чыгуу ченемине негизделет.
3-§. Товарларды бажы аймагында кайра иштетүүдө Бирликтин товарларына эквиваленттүү чет өлкөлүк товарларга алмаштыруу жана товарларды бажы аймагынан тышкары кайра иштетүүдө чет өлкөлүк товарларга эквиваленттүү кайра иштетүү продуктуларына алмаштыруу эрежеси
25. Ушул параграф бажы аймагында кайра иштетүү бажы жол-жобосун колдонууда чет өлкөлүк товарларды Бирликтин товарларына (эквиваленттүү товарлар) алмаштыруу шарттарын жана тартибин, ошондой эле бажы аймагынан тышкары кайра иштетүү бажы жол-жобосун колдонууда, эгерде бажы аймагынан тышкары кайра иштетүү боюнча операциялар оңдоо болуп эсептелген учурда, ошондой эле эгерде бажы аймагынан тышкары кайра иштетүү боюнча операциялар кубур түтүк транспорту аркылуу өткөрүлүүчү товарларга карата ишке ашырылган учурда кайра иштетүү продуктуларын чет өлкөлүк товарлар (эквиваленттүү чет өлкөлүк товарлар) менен алмаштыруу эрежесин аныктайт.
26. Эквиваленттүү товарлар деп өзүнүн сыпатталышы, сапаты жана техникалык мүнөздөмөсү боюнча чет өлкөлүк товарлар менен дал келген товарлар эсептелет.
27. Эквиваленттүү чет өлкөлүк товарлар деп өзүнүн сыпатталышы, сапаты жана техникалык мүнөздөмөсү боюнча Бирликтин товарларынын кайра иштетүү продуктулары менен дал келген чет өлкөлүк товарлар эсептелет.
28. Кодекстин 172 жана 183-беренелеринин жоболоруна ылайык, чет өлкөлүк товарларды эквиваленттүү товарлар менен алмаштыруу жана кайра иштетүү продуктуларын эквиваленттүү чет өлкөлүк товарлар менен алмаштыруу бажы органынын уруксаты менен жол берилет.
29. Чет өлкөлүк товарларды эквиваленттүү товарлар менен алмаштырууга жана кайра иштетүү продуктуларын эквиваленттүү чет өлкөлүк товарлар менен алмаштырууга бажы органынын уруксаты (мындан ары - алмаштыруу) бажы аймагында товарларды кайра иштетүүгө жана бажы аймагынан тышкары товарларды кайра иштетүүгө уруксаттаманы берүү менен бир убакта, же болбосо кайра иштетүүгө уруксаттаманы бергенден кийин берилиши мүмкүн.
30. Кайра иштетүүгө уруксат алган жак алмаштырууга уруксаттама алуу үчүн бажы аймагында товарларды кайра иштетүү жана бажы аймагынан тышкары кайра иштетүү жөнүндө арызга төмөнкү маалымдарды билдирет:
1) эквиваленттүү товарлардын аталыштарын (же эквиваленттүү чет өлкөлүк товарлар), бирдиктүү ТЭИ ТН ылайык алардын коду жана саны;
2) товарларды оңдоо боюнча операцияларды жасаган учурда аларды даярдоо датасын кошо эсептегенде, эквиваленттүү товарлардын сыпатталышы, сапат жана техникалык мүнөздөмөсү (же эквиваленттүү чет өлкөлүк товарлар).
31. Кайра иштетүүгө уруксат алган жак төмөнкү шарттар сакталганын тастыктаган документтерди берген учурда бажы органы алмаштырууга уруксат берүү жөнүндө чечимди кабыл алат:
1) сыпатталышы, сапат жана техникалык мүнөздөмөсү:
- чет өлкөлүк товарлар эквиваленттүү товарлар менен дал келет (товарлар бажы аймагында кайра иштетилген учурда);
- Бирликтин товарларынын кайра иштетүү продуктулары эквиваленттүү чет өлкөлүк товарлар менен дал келет (товарларды бажы аймагынан тышкары кайра иштетүү);
2) товарларды оңдоо боюнча операцияларды ишке ашырган учурда:
- бажы аймагында кайра иштетүү учурунда мурда пайдаланылган чет өлкөлүк товарларды мурда пайдаланылган эквиваленттүү товарлар менен алмаштырууга болот;
- мурда колдонулган Бирликтин товарларын бажы аймагынан тышкары кайра иштетүүдө алардын кайра иштетүү продуктуларын мурда пайдаланылган эквиваленттүү чет өлкөлүк товарлар менен алмаштырууга болот;
3) чет өлкөлүк товарларды эквиваленттүү товарлар менен алмаштыруу жана кайра иштетүү продуктуларын эквиваленттүү чет өлкөлүк товарлар менен алмаштыруу мүмкүнчүлүгү кайра иштетүү боюнча кызмат көрсөтүү жөнүндө келишимде каралган;
4) товарларды кайра иштетүүдө:
- бажы аймагында чет өлкөлүк товарлар товарларды бажы аймагында кайра иштетүүгө берилген уруксатка ылайык кайра иштетүү боюнча операцияларды түздөн-түз жасаган жактын продукту болуп эсептелген эквиваленттүү товарлар менен алмаштырууга болот;
- бажы аймагынан тышкары кайра иштетүү продуктулары товарларды бажы аймагынан тышкары кайра иштетүүгө берилген уруксатка ылайык кайра иштетүү боюнча операцияларды түздөн-түз жасаган жактын продукту болуп эсептелген эквиваленттүү чет өлкөлүк товарлар менен алмаштырууга болот.
32. Арыз ээси кайра иштетүүгө уруксат алган учурда, алмаштырууга уруксат берүү жөнүндө чечим кайра иштетүүгө уруксаттаманын тийиштүү пунктунда ушундай алмаштырууга уруксат берилгендигин көрсөтүү менен бажы органы тарабынан кабыл алынат.
33. Чет өлкөлүк товарларды эквиваленттүү товарларга жана кайра иштетүү продуктуларын эквиваленттүү чет өлкөлүк товарларга алмаштыруу (оңдоого мүмкүн болбогон учурда) зарылдыгы жаралган учурда кайра иштетүүгө уруксаттама алгандан кийин бул жак ушул Нускаманын 30 жана 31-пункттарында каралган маалыматтарды көрсөтүү жана ушул маалыматтарга документтерди берүү менен эркин формада түзүлгөн, кайра иштетүү продуктуларын эквиваленттүү чет өлкөлүк товарларга алмаштыруу жөнүндө арызын кайра иштетүүгө уруксаттама берген бажы органына берет. Алмаштырууга уруксат берүү жөнүндө чечимди кабыл алууда бажы органы кайра иштетүүгө уруксаттамага тиешелүү толуктоолорду киргизет.
34. Алмаштырууга уруксат берүү жөнүндө чечим бажы органы тарабынан кабыл алынат:
1) товарларды бажы аймагында жана бажы аймагынан тышкары кайра иштетүү жөнүндө арызды кароо менен бир убакта алмаштырууга уруксат берүү жөнүндө маселе каралган учурда - ушул Нускаманын 52-пунктунда белгиленген мөөнөттө;
2) товарларды бажы аймагында жана бажы аймагынан тышкары кайра иштетүүгө уруксат бергенден кийин чет өлкөлүк товарларды эквиваленттүү товарларга жана кайра иштетүү продуктуларын эквиваленттүү чет өлкөлүк товарларга алмаштыруу жөнүндө арыз каралган учурда - ушул Нускаманын 52-пунктунда белгиленген мөөнөттө.
35. Ушул Нускаманын 30 жана 31-пункттарынын жоболору сакталбаган учурда кайра иштетүүгө уруксат алып жаткан (алган) арыз ээси бажы органы тарабынан ушул Нускаманын 52-пунктунда белгиленген мөөнөттө жазуу жүзүндө алмаштырууга уруксат берүүдөн баш тартуу жөнүндө кабарландырылат.
36. Бажы органынын алмаштырууга уруксат берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечими негиздүү жана жүйөлүү болууга тийиш.
4-§. Ички керектөө үчүн кайра иштетүү бажы жол-жобосу
37. Ички керектөө үчүн кайра иштетүү бажы жол-жобосу - бул чет өлкөлүк товарларга карата колдонулуучу бажы жол-жобосу, ага ылайык товарларды ушул бажы жол-жобосуна сактоо шарттары сакталган жана аларды ушундай бажы жол-жобосуна ылайык колдонгон учурда, мындай чет өлкөлүк товарларга карата ташып кирүү бажы алымдары төлөнбөстөн, ички керектөө үчүн кайра иштетүү бажы жол-жобосуна кийин жайгаштыруу үчүн арналган кайра иштетилген продуктту алуу максатында ички керектөө үчүн кайра иштетүү боюнча операциялар жасалат.
38. Ички керектөө үчүн кайра иштетүү бажы жол-жобосу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген товарлардын тизмегине карата колдонулат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-сентябрындагы № 592 токтомунун редакциясына ылайык)
39. Ички керектөө үчүн кайра иштетүү бажы жол-жобосуна товарларды жайгаштыруу шарттары Кодекстин 189-беренесинин 1-пунктунда белгиленген.
40. Ички керектөө үчүн товарларды кайра иштетүү мөөнөтү Кодекстин 193- беренесинин 3-пунктунда белгиленген мөөнөттөн ашпоого тийиш.
41. Бажы максаттары үчүн кайра иштетүү продуктуларынын чыгуу санын белгилөө үчүн пайда болгон кайра иштетүү продуктуларынын санынын эсеби кайра иштетүү продуктуларынын чыгуу ченемине жараша бажы органына арыз ээси тарабынан берилет. Кайра иштетүү продуктуларынын чыгуу ченемин белгилөө ушул Нускаманын 4-тиркемесине ылайык тартипте жүргүзүлөт.
42. Белгилүү сандагы чет өлкөлүк товарларды кайра иштетүүнүн жыйынтыгында пайда болгон кайра иштетүү продуктуларынын чыгуу ченеми (саны же пайыздык мазмуну) алар жүзөгө ашырылган иш жүзүндөгү шарттарды эсепке алуу менен ички керектөө үчүн товарларды кайра иштетүүгө уруксат алган арыз ээси тарабынан белгиленет.
43. Кайра иштетүү продуктуларынын чыгуу ченеми ички керектөө үчүн товарларды кайра иштетүүгө уруксат берген бажы органы менен кайра иштетүү продуктуларын бажы аймагына чыгарганга чейин макулдашылат.
44. Бажы органы тарабынан кайра иштетүү продуктуларынын чыгуу ченемин аныктоо жана макулдашуу декларант тарабынан берилген кайра иштетүүнүн технологиялык процесси жөнүндө маалымдарды камтыган документтердин негизинде жүргүзүлөт. Чыгуу ченеми белгиленген учурда бажы органы тарабынан кайра иштетүүнүн конкреттүү технологиялык процессине негизделген эксперттик уюмдардын корутундулары эсепке алынат.
45. Зарыл учурда, кайра иштетүү продуктуларынын чыгуу ченеминин жыйынтыктарына жараша ушул Нускаманын 75-пунктуна ылайык ички керектөө үчүн товарларды кайра иштетүүгө уруксаттамага өзгөртүүлөр киргизилет.
Ушуну менен бирге, жак кайра иштетүү продуктуларынын чыгуу ченеминин өзгөрүшүн тастыктаган кайра иштетүүнүн технологиялык процесси жөнүндө маалымдарды камтыган документтерди жана кайра иштетүүнүн конкреттүү технологиялык процессине негизделген эксперттик уюмдардын корутундусун бажы органына берет.
5-§. Бажы органдарынын бажы аймагында кайра иштетүүгө, бажы аймагынан тышкары кайра иштетүүгө жана ички керектөө үчүн кайра иштетүүгө уруксат берүү, кайра сурап алуу жана калыбына келтирүү менен байланышкан аракеттерди жүзөгө ашыруу тартиби
46. Ушул параграф бажы аймагында кайра иштетүүгө, бажы аймагынан тышкары кайра иштетүүгө жана ички керектөө үчүн кайра иштетүүгө уруксат берүүдө (мындан ары - кайра иштетүүгө уруксат), кайра чакыртып алууда (жокко чыгаруу) бажы органдарынын кызматтык адамдарынын аракетин, жана ошондой эле кайра иштетүүгө уруксаттаманын аракетин калыбына келтирүүдө бажы органдарынын кызмат адамдарынын аракетин аныктайт.
47. Милдетине кайра иштетүүгө уруксаттаманы берүү, кайра сурап алуу (жокко чыгаруу), аны башка жакка берүү, ага өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жана товарларды кайра иштетүү мөөнөтүн узартуу жана макулдашуу, кайра иштетүүгө уруксаттаманын аракетин калыбына келтирүү маселеси кирген бажы органынын кызмат адамдары кайра иштетүү бажы жол-жобосуна товарларды жайгаштыруу шарттарын сактоого жалпы контролду ишке ашырат
48. Бажы аймагында кайра иштетүү, бажы аймагынан тышкары кайра иштетүү, ички керектөө үчүн кайра иштетүү бажы жол-жобосун колдонуу үчүн арыз ээси кайра иштетүүгө уруксат алуусу зарыл, кайра иштетүүгө уруксат катары товарларга декларация колдонулушу мүмкүн болгон учурлар Евразия экономикалык комиссиясы тарабынан белгиленгенден тышкары.
49. Товарларды кайра иштетүүгө уруксат алуу үчүн арыз ээси арызы менен ишмердик регионунда Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык өзү салык төлөөчү катары катталган бажы органына кайрылат.
50. Арызда төмөнкү маалыматтар көрсөтүлөт:
1) арыз ээси жөнүндө;
2) кайра иштетүүчү жөнүндө;
3) кайра иштетүү үчүн арналган товарлар жөнүндө (аталышы, ТЭИ ТН ылайык код, саны, наркы);
4) кайра иштетүү продукттун (продуктулардын) чыгуу санына ылайык (сандары) кайра иштетүү продуктулары жөнүндө:
- товардык продукция (даяр буюм) (аталышы, ТЭИ ТН ылайык код, саны, наркы);
- чет өлкөлүк товарларды кайра иштетүү учурунда операцияларды аткарууда пайда болгон өндүрүш жоготуулары, таштандылары жөнүндө (аталышы, ТЭИ ТН ылайык код, саны, наркы);
- товардык продукцияны даярдоо үчүн колдонулбаган чет өлкөлүк товарлардын калдыктары жөнүндө (аталышы, ТЭИ ТН ылайык код, саны, наркы);
5) товарларды кайра иштетүү боюнча операциялар, анын ичинде аларды аткаруу технологиясы жана мөөнөттөрү жөнүндө;
6) өндүрүштүк кубаттуулуктары турган жер жөнүндө, аларды колдонуу менен товарларды кайра иштетүү боюнча операциялар аткарылат;
7) кайра иштетүү продуктуларынын чыгуу ченеми;
8) кайра иштетүү продуктуларында ташып киргизилген/ташып чыгарылган товарларды идентификациялоонун сунушталган ыкмасы жөнүндө;
9) ички керектөө үчүн кайра иштетүү бажы жол-жобосунан тышкары, чет өлкөлүк товарларды эквиваленттүү товарларга, кайра иштетүү продуктуларын чет өлкөлүк эквиваленттүү товарларга алмаштыруу жөнүндө;
10) таштандыларды андан ары коммерциялык пайдалануу мүмкүнчүлүгү жөнүндө;
11) товарларды кайра иштетүү мөөнөтү жөнүндө.
51. Бажы аймагында товарларды кайра иштетүүгө берилген арызга анда көрсөтүлгөн маалымдарды тастыктаган документтер тиркелет.
52. Бажы органы товарларды кайра иштетүүгө берилген арызды жана ага тиркелген документтерди аларды кабыл алган күндөн тартып 10 (он) күндүн ичинде карап чыгат. Эгерде ушул Нускаманын 72-пунктунда көрсөтүлгөн документтер жана маалыматтар чечим кабыл алуу үчүн толук болбосо, бажы органы жактан жана мамлекеттик органдардан документтерди жана кошумча маалымдарды жазуу жүзүндө сурайт. Арызды кароо мөөнөтү бажы органы сураган документтер жана кошумча маалыматтар берилгенге чейин токтотула турат.
53. Кайра иштетүүгө берилген уруксаттамага кайра иштетүүгө уруксат алган арыз ээсинин жазуу жүзүндөгү арызы боюнча, Кодекске, бажы иши чөйрөсүндөгү эл аралык актыларга, келишимдерге, бажы иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Нускамага карама-каршы келбеген өзгөртүүлөр жана толуктоолор бажы органынын уруксаты менен киргизилиши мүмкүн.
54. Кайра иштетүүгө уруксат берген бажы органы арызды 10 (он) жумуш күндүн ичинде карап чыгат. Кайра иштетүүгө өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө бажы органынын баш тартуусу негиздүү жана жүйөлүү болууга тийиш. Бажы органы товарларды кайра иштетүүгө уруксат алган жакка баш тартуу жөнүндө жазуу жүзүндө кабарлайт.
55. Товарларды кайра иштетүүгө уруксат берүү жөнүндө чечимди кабыл алууда милдетине бажы алымдарын, салыктарды эсептөөнү контролдоо кирген бажы органынын тийиштүү бөлүнүштөрү менен кызмат адамы уруксат берүүнү макулдашат.
56. Кайра иштетүүгө уруксаттаманын "Бажынын өзгөчө белгилери" пунктунда кызмат адамы тарабынан төмөнкү жазуу жүзөгө ашырылат: "Зарыл маалыматтар жана документтер толук көлөмдө берилди жана текшерилди, товарларды кайра иштетүү бажы жол-жобосуна жайгаштырууга болот (бажы аймагында, бажы аймагынан тышкары жана ички керектөө үчүн)", өзүнүн колун, датасын жана жеке номерлүү мөөрдү коёт.
57. Тандалган кайра иштетүү бажы жол-жобосуна жараша кызмат адамы кайра иштетүүгө уруксаттаманын эки нускасын ушул Нускаманын 1, 2 жана 3-тиркемелеринде келтирилген формада толтурат, алар төмөнкүдөй бөлүнөт:
- кайра иштетүүгө уруксаттаманын биринчи нускасы кайра иштетүүгө уруксат алган арыз ээсине, же болбосо анын ишеним кат боюнча өкүлүнө берилет;
- кайра иштетүүгө уруксаттаманын экинчи нускасы кайра иштетүүгө уруксат берген бажы органы тарабынан кайра иштетүү бажы жол-жобосун колдонууга бажылык контролдоо үчүн колдонулат.
58. Кызмат адамы "№ __________ кайра иштетүүгө уруксаттаманын аткарылышын контролдоо" контролдук ишин түзөт (мындан ары - контролдук иш).
59. Кайра иштетүүгө берилген уруксаттамага бажы органынын башчысы же анын ордун ээлеген жак кол коёт, датасы жана бажы органынын мөөрү коюлат, жана бажы аймагында товарларды кайра иштетүүгө берилген уруксаттамаларды эсепке алуу китепчесине катталат (мындан ары - Эсепке алуу китепчеси), анын үлгүсү ушул Нускаманын 5-тиркемесинде берилген.
60. Кайра иштетүүгө уруксаттаманы алууда арыз ээси же болбосо анын ишеним кат боюнча өкүлү Эсепке алуу китепчесинин 4-графасында өзүнүн колун жана датаны коёт.
61. Кайра иштетүү үчүн ташылып келген же ташылып чыккан товарларды же болбосо аларды кайра иштетүү продуктуларын, калдыктарды, таштандыларды чыгаргандан кийин кызмат адамы товарларга декларациянын, аларга документтердин көчүрмөсүн контролдук ишке көктөйт.
62. Кайра иштетүүгө уруксаттаманы берүүдөн баш тарткан учурда бажы органы баш тартуунун себебин негиздүү жана жүйөлүү баяндоо менен бул жөнүндө арыз ээсине кат жүзүндө кабарлайт.
6-§. Кайра иштетүү мөөнөтүн, аны узартууну жана бажы аймагында кайра иштетүүгө, бажы аймагынан тышкары кайра иштетүүгө жана ички керектөө үчүн кайра иштетүүгө уруксаттамага өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү макулдашууда кызмат адамдарынын аракети
63. Бажы органы товарларды: бажы аймагында, бажы аймагынан тышкары жана ички керектөө үчүн кайра иштетүүгө уруксатты алуу үчүн арызды кароо учурунда товарларды кайра иштетүү мөөнөтүн макулдашууда кызмат адамы ушул мөөнөттө кайра иштетилүүсү мүмкүн болгон товарлардын билдирилген санын эсепке алып, кайра иштетүүнүн технологиялык процесси жөнүндө маалыматтарды камтыган документтерди, ошондой эле кайра иштетүү продуктуларын иш жүзүндө ташып чыгуу жана ташып кирүү үчүн зарыл убакытты жана кайра иштетүү продуктуларына карата бажы операцияларын аткарууну карайт.
64. Кызмат адамы товарларды кайра иштетүү мөөнөтүнүн башталышын товарлардын (товарлардын биринчи партиясын) кайра иштетүү бажы жол-жобосуна жайгаштырылганын тастыктаган товарларга декларациянын нускасынын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн алгандан кийин каттоого алат. Ал үчүн кайра иштетүүгө уруксаттаманын тийиштүү пунктунда кызмат адамы тарабынан "Кайра иштетүү мөөнөтү 20___-жылдын "___" __________ тартып 20___-жылдын "___" ___________ чейин" деген жазуу жазылат, кол тамга, дата коюлат жана жеке номерлүү мөөр басылат.
65. Эгерде кайра иштетүүгө уруксат алган арыз ээси Кодексте, ушул Нускамада белгиленген талаптарды жана шарттарды бузбастан кайра иштетүү бажы жол-жобосун белгиленген мөөнөттө андан көз каранды болбогон себептер боюнча бүткөрүп бере албаса товарларды кайра иштетүүнүн баштапкы белгиленген мөөнөтү жактын жүйөлүү кайрылуусу боюнча Кодекстин 168, 181, 193-беренелеринин жоболорунда белгиленген мөөнөттөрдүн чегинде узартылышы мүмкүн.
66. Бажы органынын товарларды кайра иштетүү мөөнөтүн узартууну кароосу кайра иштетүүгө уруксат алган арыз ээсинин жазуу жүзүндөгү арызынын негизинде жүргүзүлөт.
67. Бажы органы тарабынан товарларды кайра иштетүү мөөнөтүн узартуу жөнүндө арыз 10 (он) жумуш күндүн ичинде каралат жана товарларды кайра иштетүүгө уруксат алган арыз ээсине кайра иштетүү мөөнөтү узартылганы же мындай узартуудан баш тартылганы жөнүндө кабарланат.
68. Товарларды бажы аймагында, бажы аймагынан тышкары жана ички керектөө үчүн кайра иштетүү мөөнөтүн узартууда бажы жол-жобосун колдонуунун белгиленген мөөнөтү бүткөндөн кийин ал 10 (он) жумуш күндөн кечиктирбестен узартылышы мүмкүн.
69. Товарларды кайра иштетүү мөөнөтүн узартууда кызмат адамы тарабынан бажы органынын башчысына же болбосо аны алмаштырган адамга кайра иштетүү мөөнөтүн узартуу мүмкүндүгү жөнүндө билдирме киргизилет.
70. Товарларды кайра иштетүү мөөнөтүн узартуу мүмкүндүгү жөнүндө чечимди бажы органынын башчысы же болбосо аны алмаштырган адам тарабынан кабыл алынат. Товарларды кайра иштетүү мөөнөтүн узартуу мүмкүндүгү жөнүндө чечим бажы органынын башчысынын (же анын ордун алмаштырган жактын): "Кайра иштетүү мөөнөтү ________________ чейинки мөөнөткө узартууга уруксат берилди" резолюциясын арызга жазуу жолу менен таризделет, ага дата жана кол коюу менен күбөлөндүрүлөт. Узартуу мөөнөтү толук календардык айларга көрсөтүлөт.
71. Товарларды кайра иштетүү мөөнөтүн узартуу жөнүндө чечимди кабыл алгандан кийин бажы органынын кызматтык жагы тарабынан кайра иштетүүгө уруксаттаманын биринчи жана экинчи нускаларынын "Кайра иштетүү мөөнөтү" пунктуна: "Кайра иштетүү ____________ айга (айларга) узартылды. Кайра иштетүүнүн жалпы мөөнөтү ________________ айды (айларды) түзөт" жазуусу киргизилет, кол тамга, дата коюлат жана бажы органынын мөөрү басылат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-июнундагы № 444 токтомунун редакциясына ылайык)
72. Кызмат адамы тарабынан бажынын башчысынын же аны алмаштырган адамдын резолюциясы менен товарларды кайра иштетүү мөөнөтүн узартуу жөнүндө арыз ээсинин арызынын негизинде кайра иштетүү мөөнөтү узартылган документтер контролдук ишке кошулат.
73. Эгерде арыз ээси тарабынан Кодексте, бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдерде, актыларда жана ушул Нускамада белгиленген товарларды кайра иштетүү бажы жол-жобосунун талаптары жана шарттары сакталбаган учурда бажы органы тарабынан бажы аймагында товарларды кайра иштетүү мөөнөтүн узартуудан баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынат.
74. Бажы органы кайра иштетүүгө уруксат алган арыз ээсине аталган баш тартуу жөнүндө жазуу жүзүндө кабарлайт. Бажы органынын бажы аймагында товарларды кайра иштетүү мөөнөтүн узартуудан баш тартуусу негиздүү жана жүйөлүү болууга тийиш.
75. Товарларды кайра иштетүүгө уруксат алган арыз ээсинин жазуу жүзүндөгү арызы боюнча бажы органынын уруксат менен кайра иштетүүгө берилген уруксаттамасына Кодекске, бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдерге, актыларга жана ушул Нускамага карама-каршы келбеген өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн.
Кайра иштетүүгө уруксаттамага өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө арыз кайра иштетүү бажы жол-жобосуна товарларды жайгаштыруу шарттарын жана ушундай бажы жол-жобосуна ылайык пайдалануу шарттарын сактоону контролдогон бажы органына ушундай уруксаттама алган жак тарабынан тапшырылат.
76. Кайра иштетүүгө уруксат берген бажы органы 10 (он) жумуш күндүн ичинде арызды карап чыгат.
77. Кайра иштетүүгө уруксаттамага өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө чечимди бажы органынын башчысы же анын ордун алмаштырган жак кабыл алат.
78. Кайра иштетүүгө уруксаттамага өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө чечимди кабыл алуу негиздүү болууга тийиш жана өзгөртүү киргизилген кайра иштетүүгө уруксаттамадагы графаны көрсөтүү менен эркин формада таризделет.
79. Кайра иштетүүгө уруксаттамага өзгөртүү жана/же толуктоо киргизүүдөн баш тартуу тууралуу чечим кабыл алынган учурда бажы органы баш тартуунун себебин негиздүү жана жүйөлүү баяндоо менен баш тартуу чечимин кайра иштетүүгө уруксат алган арыз ээсине жазуу жүзүндө жөнөтөт.
7-§. Товарларды бажы аймагында кайра иштетүүгө, товарларды бажы аймагынан тышкары кайра иштетүүгө жана товарларды ички керектөө үчүн кайра иштетүүгө уруксаттаманы чакыртып алуу жана жокко чыгаруу учурунда кызмат адамдарынын аракеттери
80. Кайра иштетүүгө берилген уруксаттама бажы органы тарабынан чакыртылышы мүмкүн.
81. Кайра иштетүүгө берилген уруксаттама бажы органы тарабынан төмөнкү учурларда чакыртып алынат:
- Евразия экономикалык комиссиясынын кабыл алынган чечимине ылайык кайра иштетүү бажы жол-жобосуна товарларды жайгаштырууга жол берилбесе;
- аларды алган учурда билдирүүсү бажы төлөмдөрдүн суммасын төмөндөтүүгө алып келген чет өлкөлүк товарларга, аларды кайра иштетүү продуктуларына, калдыктарына жана таштандыларына карата маалыматтар билдирилсе;
- билдирүүсү бажы төлөмдөрдүн суммасын төмөндөтүүгө алып келген кайра иштетүү ишке ашырылган иш жүзүндөгү шарттарды эске алуу менен кайра иштетүү продуктуларынын чыгуу ченеми арыз ээси тарабынан билдирилсе.
82. Ушул Нускаманын 81-пунктунун үчүнчү жана (же) төртүнчү абзацтарына ылайык кайра иштетүүгө уруксаттаманы чакыртып алуу жөнүндө чечими кабыл алынган учурда бажы органы себебин көрсөтүү менен кайра иштетүүгө уруксаттаманы чакыртып алуу мүмкүндүгү жөнүндө жазуу жүзүндөгү кабарламаны жакка жөнөтөт. Эгерде товарларды кайра иштетүүгө уруксаттама алган жак кабарламаны алган күндөн тартып 10 (он) жумуш күндүн ичинде кайра иштетүүгө уруксаттаманы чакыртып алуу себебин жоюу боюнча чараларды кабыл албаган учурда, мындай кайра иштетүүгө уруксаттама бажы органы тарабынан чакыртып алынат.
83. Ушул Нускаманын 81-пунктунун экинчи абзацына ылайык кайра иштетүүгө уруксаттаманы чакыртып алуу жөнүндө бажы органы тарабынан кабыл алынган чечим Евразия экономикалык комиссиясынын кайра иштетүү бажы жол-жобосуна товарларды коюуга тыюу салуу жөнүндө чечими күчүнө кирген күндөн тартып колдонулат.
84. Ушул Нускаманын 81-пунктунун үчүнчү жана (же) төртүнчү абзацтарына ылайык кабыл алынган кайра иштетүүгө уруксаттаманы чакыртып алуу жөнүндө бажы органынын чечими бажы органынын кайра иштетүүгө уруксаттаманы чакыртып алуу жөнүндө чечими кабыл алынган күндөн тартып колдонулат.
85. Кайра иштетүүгө уруксаттаманы чакыртып алган учурда кайра иштетүү бажы жол-жобосуна чет өлкөлүк жана ата мекендик товарларды жайгаштыруу чакыртып алынган чечимге ылайык жол берилбейт.
86. Кайра иштетүүгө уруксаттаманы чакыртып алганга чейин кайра иштетүү бажы жол-жобосуна жайгаштырылган товарларга карата Кодекстин 24, 25 жана 26-главаларынын жоболоруна ылайык аталган бажы жол-жобосун аяктоого жол берилет.
87. Ушул Нускаманын 81-пунктунун үчүнчү жана (же) төртүнчү абзацтарына ылайык кабыл алынган кайра иштетүүгө уруксаттаманы чакыртып алууда бажы аймагында кайра иштетүү бажы жол-жобосуна жайгаштырылган чет өлкөлүк товарларга жана бажы аймагында товарларды кайра иштетүүгө уруксаттаманы чакыртып алган күнү реэкспорт бажы жол-жобосуна жайгаштырылбаган кайра иштетүү продуктуларына карата Кодекстин 175- беренесинин жоболоруна ылайык бажы алымдары, салыктар төлөнөт.
88. Ушул Нускаманын 81-пунктунун үчүнчү жана (же) төртүнчү абзацтарына ылайык кайра иштетүүгө уруксаттаманы чакыртып алууда ички керектөө үчүн кайра иштетүү бажы жол-жобосуна жайгаштырылган чет өлкөлүк товарларга жана ички керектөө үчүн товарларды кайра иштетүүгө уруксаттаманы чакыртып алган күнү ички керектөө үчүн чыгаруу бажы жол-жобосуна жайгаштырылбаган кайра иштетүү продуктуларына карата Кодекстин199 жана 200 -беренелеринин жоболоруна ылайык бажы алымдары, салыктар төлөнөт.
Ушул пункттун биринчи абзацына ылайык кайра иштетүүгө уруксаттаманы чакыртып алууда бажы органы кайра иштетүүгө уруксаттаманы алган арыз ээсине чакыртып алуу себебин негиздүү жана жүйөлүү баяндоо менен жазуу жүзүндө кайра сурап алуу жөнүндө чечимди жөнөтөт.
89. Эгерде кайра иштетүүгө уруксаттаманы алган учурда билдирүүсү бажы төлөмдөрдүн суммасын төмөндөтүүгө алып келген товарларга, аларды кайра иштетүү продуктуларына, калдыктарына жана таштандыларына, чыгуу ченемине карата атайын анык эмес маалыматтар билдирилсе ал бажы органы тарабынан жокко чыгарылат.
90. Кайра иштетүүгө уруксаттаманы жокко чыгаруу жөнүндө бажы органынын чечими кайра иштетүүгө уруксаттаманы берген датадан тартып күчүнө кирет.
91. Кайра иштетүүгө уруксаттаманы жокко чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып кайра иштетүүгө уруксаттаманы жокко чыгарууга байланыштуу бажы органдары чет өлкөлүк жана ата мекендик товарларга, кайра иштетүү продуктуларына, калдыктарга жана таштандыларга карата бажы операцияларын аткарууну токтотушат.
92. Кайра иштетүүгө уруксаттаманы жокко чыгарууда жокко чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып 10 (он) күндүн ичинде төмөнкүлөр төлөнүүгө тийиш:
- Кодекстин 175- беренесинде белгиленген тартипте бажы аймагында кайра иштетүү бажы жол-жобосуна жайгаштырылган чет өлкөлүк товарларга карата бажы алымдары, салыктар, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдар;
- Кодекстин 199 жана 200-беренелеринин жоболорунда белгиленген тартипте ички керектөө үчүн кайра иштетүү бажы жол-жобосуна жайгаштырылган чет өлкөлүк товарларга карата бажы алымдары;
- реэкспорт бажы жол-жобосуна жайгаштырылган кайра иштетүү продуктуларына карата ташып кирүү бажы алымдары;
- жокко чыгарылган бажы аймагынан тышкары товарларды кайра иштетүүгө берилген уруксаттамага ылайык бажы аймагынан тышкары кайра иштетүү бажы жол-жобосуна жайгаштырылган Бирликтин товарларына карата ташып чыгуу бажы алымдары;
- жокко чыгарылган бажы аймагынан тышкары товарларды кайра иштетүүгө берилген уруксаттамага ылайык бажы аймагына ташылып келген кайра иштетүү продуктуларынын санына же бажы наркына жараша толук көлөмдө ташып кирүү бажы алымдары, салыктар, атайын демпингге каршы, компенсациялык алымдар.
93. Бажы органы ушул Нускаманын 6-тиркемесинде келтирилген форма боюнча кайра иштетүүгө уруксаттамасын чакыртып алууну (жокко чыгаруу) эки нускада тариздейт.
Кайра иштетүүгө уруксаттаманы чакыртып алуунун (жокко чыгаруунун) биринчи нускамасы бажы органында калат, экинчи нускамасы кайра иштетүүгө уруксаттама алган арыз ээсине эркин формада түзүлгөн бажынын коштомо каты менен кайра иштетүүгө уруксатгама алган арыз ээсине жөнөтүлөт.
94. Кайра иштетүүгө уруксаттаманы чакыртып алууда (жокко чыгаруу) кызмат адамы кайра иштетүүгө уруксаттаманын экинчи нускамасына "Бажынын өзгөчө белгилери" пунктуна төмөнкүлөрдү жазат: "Уруксаттама ____________ негизинде ____________ күндөн тартып кайра чакыртып алынды (жокко чыгарылды)", өзүнүн колун коёт, датаны жана өздүк номерлүү мөөрдү басат.
95. Каттоо журналынын 8-графасында бажы органынын кызматтык жагы кайра иштетүүгө уруксаттаманы чакыртып алуу (жокко чыгаруу) датасын көрсөтүү менен кайра иштетүүгө уруксаттаманы чакыртып алуу (жокко чыгаруу) жөнүндө жазат.
3. Бажы кампасы бажы жол-жобосун колдонуу өзгөчөлүгү
96. Өздөрүнүн тыш өлчөмдөрүнүн чоңдугунан же жүктөөнүн, кайра түшүрүүнүн жана (же) сактоонун өзгөчө шарттарынан улам бажы кампасына жайгаштырууга мүмкүн болбогон товарларга карата бажы кампасынын бажы жол-жобосун колдонууга жол берилет.
97. Бажы кампасы болуп саналбаган жерлерде товарларды сактаган учурда бажы кампасы бажы жол-жобосуна товарларды жайгаштыруу ишмердик регионунда товарлар иш жүзүндө турган бажы органында жүргүзүлөт.
98. Товарларды сактоо ушул главага ылайык кабыл алынуучу мындай жерлерде сактоого бажы органынын чечими болгон учурда бажы кампасы болуп саналбаган жерлерде ишке ашырылышы мүмкүн.
99. Чечимди алуу үчүн декларант эркин формада түзүлгөн жазуу жүзүндөгү арызын берет, анда ТЭИ ТН боюнча товарлардын кодунун аталышын, алардын санын, наркын, турган жерин, товарлардын документтеринин тиркемеси менен бажы компасында товарларды сактоону декларант ишке ашырбай калуу себебин кыскача баяндоо көрсөтүлөт.
100. Бажы жол-жобосун контролдоону ишке ашыруу функционалдык милдетине кирген бажы органынын түзүмдүк бөлүнүштөрү товарларды бажы кампасы бажы жол-жобосуна жайгаштырууга декларанттын арызын жана аларга тиркелген документтерди карап чыгат, товарларды бажы кампасы бажы жол-жобосуна жайгаштырууну караган каттарды же болбосо товарларды бажы кампасы бажы жол-жобосуна жайгаштыруудан баш тартуу катын бажы органынын расмий бланкасына даярдайт.
Бажы органынын башчысы же болбосо аны алмаштырган адам товарларды бажы кампасы бажы жол-жобосуна жайгаштыруу же товарларды бажы кампасы бажы жол-жобосуна жайгаштыруудан баш тартуу жөнүндө чечимди кабыл алат.
101. Товарларды бажы кампасы бажы жол-жобосуна жайгаштыруу же мындай жайгаштыруудан баш тартуу жөнүндө бажы органынын чечими декларантка жөнөтүлөт.
102. Декларанттын арызын кароо мөөнөтү арызды кабыл алган күндөн тартып 10 (он) календардык күндү түзөт.
103. Бажы органынын талабы боюнча товарларды бажы кампасы бажы жол-жобосуна жайгаштыруу жөнүндө чечимди кабыл алган бажы органына декларант отчёт берет.
104. Экспорт бажы жол-жобосуна жайгаштырылган Бирликтин товарларын бажы кампасына алты айга чейинки мөөнөткө сактоого жол берилет.
Бажы органынын уруксаты менен бажы кампасынын бажы жол-жобосуна жайгаштырылган товарларды, бажы кампасынын бажы жол-жобосун аяктабастан, аларды көргөзмөлөрдө жана жарманкелерде көрсөтүү максатында, алар өткөрүлө турган убакытка бажы кампасынын аймагынан алып чыгууга жол берилет.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-июнундагы № 444 токтомунун редакциясына ылайык)
31. Жеке жактарга сатууга арналган электрондук соода
товарларына карата бажы кампасынын бажы жол-жобосун
колдонуунун өзгөчөлүктөрү
(Глава Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-июнундагы № 444 токтомунун редакциясына ылайык)
1041. Бажы кампасынын бажы жол-жобосу Кодекстин 23-главасында белгиленген тартипте жана шарттарда, Кодекстин 3096-беренесинде жана ушул главада каралган өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен жеке жактарга сатуу үчүн арналган электрондук соода товарларына карата колдонулат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-июнундагы № 444 токтомунун редакциясына ылайык)
1042. Бажы кампасынын бажы жол-жобосуна жайгаштырылган жеке жактарга сатуу үчүн арналган электрондук соода товарларын мындай товарларды алуучу болгон жеке жакка жеткирүү үчүн ушул Кодекстин 3096-беренесинин 4-пунктунун 1-пунктчасына ылайык бажы кампасынын бажы жол-жобосунун колдонулушу аяктаганга чейин бажы органына кабарлама жибергенден кийин электрондук соода кампасынан чыгарууга жол берилет.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-июнундагы № 444 токтомунун редакциясына ылайык)
1043. Кабарлама деп жеке жактарга сатуу үчүн арналган электрондук соода товарларын сатуу жөнүндө маалыматтарды камтыган (ырастаган) электрондук документ түшүнүлөт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-июнундагы № 444 токтомунун редакциясына ылайык)
1044. Кабарлама электрондук соода оператору, анын ишинин регионунда электрондук соода кампасы жайгашкан бажы органына бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалыматтык системасы менен өз ара аракеттенүү аркылуу электрондук документ түрүндө берилет.
Кабарламаны кагаз түрүндөгү документ түрүндө берүүгө төмөнкү учурларда жол берилет:
– электрондук соода кампасынын аймагында бажы органы жайгашкан учурда;
– эгерде бажы органында бажы органдары тарабынан колдонулуучу маалыматтык системалардын жеткире иштелип чыгышына (модернизацияланышына), ошондой эле техникалык бузулуулардан, байланыш каражаттарынын (телекоммуникациялык тармактардын жана Интернет тармактарынын) иштешиндеги бузуулардан, электр энергиясынын өчүрүлүшүнөн улам мындай системалардын бузулушуна байланыштуу электрондук формада кабарламаны берүүнү ишке ашырууну камсыз кылуу мүмкүнчүлүгү жок болсо.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-июнундагы № 444 токтомунун редакциясына ылайык)
1045. Кабарлама бажы органдары тарабынан аны каттоо боюнча бажы операциялары аткарылгандан кийин берилди деп эсептелет.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-июнундагы № 444 токтомунун редакциясына ылайык)
1046. Кабарламада төмөнкүлөр жөнүндө маалыматтар көрсөтүлүшү керек:
– электрондук соода оператору (күбөлүк);
– товарларды алуучу жеке жактар (ИСН);
– товарлар (аталышы, сыпаттамасы, саны, салмагы, ТЭИ ТН ылайык коду, наркы);
– товарлар бажы кампасынын бажы жол-жобосуна ылайык жайгаштырылган бажы декларациясынын номерлери;
– товарлардын идентификациялык белгилери;
– Интернет тармагынын ресурстарын колдонуу менен электрондук соода аянтчаларында товарларды сатуу (заказдын номери, артикул, шилтемелер);
– кабарламаны толтурган жак;
– бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген башка маалыматтар.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-июнундагы № 444 токтомунун редакциясына ылайык)
1047. Кабарламанын формасы жана толтуруу тартиби, ошондой эле берилген кабарламаны каттоо же каттоодон баш тартуу менен байланышкан бажы операциялары бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-июнундагы № 444 токтомунун редакциясына ылайык)
1048. Электрондук соода аянтчаларында электрондук соода товарларын сатууда аларды сатып алгандан кийин кайтарып берүү мүмкүнчүлүгү каралган учурда, электрондук соода оператору Евразия экономикалык комиссиясы тарабынан аныкталуучу тартипте аларды идентификациялоо шартында Кодекстин 3096-беренесинин 13-пунктунда белгиленген электрондук соода товарларына декларация берүү мөөнөтү аяктаган күнгө чейин мындай товарларды кайтарып берүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылат.
Жеке адамдарга сатууга арналган электрондук соода товарларынын мүнөзүнө жараша бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталуучу мындай товарларды идентификациялоонун башка ыкмалары колдонулушу мүмкүн.
Кайтарылган электрондук соода товарлары товарлардын кайтарылышын ырастаган документтерди тариздеген күндөн тартып 3 жумуш күндүн ичинде курулмаларга (жайларда, аянттарда) жайгаштырылууга тийиш.
Электрондук сооданын товарларын кайтарып берүүнү тариздөө тартиби жана мындай документтин формасы электрондук соода оператору тарабынан ушул главанын жоболорун эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жана жарандык укуктук мамилелер чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык аныкталат.
Электрондук соода товарларын кайтарып берүүнү ырастаган документ төмөнкүлөр жөнүндө маалыматтарды камтышы керек:
– электрондук соода оператору (күбөлүк);
– жеке жактар, товарларды алуучулар (ИСН);
– товарлар (аталышы, сыпаттамасы, саны, салмагы, ТЭИ ТН ылайык коду, наркы);
– товарлардын идентификациялык белгилери;
– товарларды кайтарып берүү себептери;
– документтин таризделген датасы жана убактысы;
– электрондук соода оператору аныктаган башка маалыматтар.
Электрондук соода товарларын кайтарып берүү жөнүндө кабарлама электрондук соода оператору тарабынан Кодекстин 3096-беренесинин 11-пунктунун үчүнчү абзацында белгиленген мөөнөттөрдө, ошондой эле ушул пунктка ылайык форма жана тартип боюнча жүзөгө ашырылат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-июнундагы № 444 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Товарларды алымсыз соода бажы жол-жобосуна жайгаштыруунун жана алымсыз соода дүкөнүн уюштуруунун өзгөчөлүгү
105. Алымсыз соода бажы жол-жобосу - чет өлкөлүк товарларына жана ЕАЭБдин товарларына карата колдонуучу бажылык жол-жобо, ага ылайык бул бажылык жол-жоболордун алдына товарларды жайгаштыруунун жана андай бажылык жол-жоболорго ылайык аларды пайдалануунун шарттарын сактоодо алып келүүнүн бажы алымдары, салыктары, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдары чет өлкө товарларына карата төлөөсүз, андай товарлар алымсыз соода дүкөндөрүнө коюлат жана чекене сатып өткөрүлөт.
106. Алымсыз соода дүкөндөрүндө товарларды сатууга укугу бар жактарга карата алар төмөнкүлөргө бөлүнөт:
- Кыргыз Республикасынын аймагынан Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынан тышкары чыккан жеке жактарга товарларды саткан алымсыз соода дүкөнү;
- дипломатиялык өкүлчүлүктөр, консулдук мекемелер, эл аралык уюмдарга караштуу мамлекеттердин өкүлчүлүктөрү, эл аралык уюмдар же Бирликтин бажы аймагында жайгашкан алардын өкүлчүлүктөрү, ошондой эле дипломатиялык өкүлчүлүктүн дипломатиялык персоналынын мүчөлөрү, консулдук кызмат адамдары жана алар менен бирге жашаган алардын үй-бүлө мүчөлөрү, эл аралык уюмдарга караштуу мамлекеттердин өкүлчүлүктөрүнүн персоналдары (кызматкерлери, кызмат адамдары), эл аралык уюмдар же алардын өкүлчүлүктөрүнө (мындан ары - дипломатиялык корпус) товарларды саткан алымсыз соода дүкөнү.
107. Алымсыз соода дүкөнүнүн ээси катары ишмердик жүргүзүүгө (мындан ары - дүкөндүн ээси) бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдерге, актыларга жана бажы иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алымсыз соода дүкөнүнүн ээлеринин реестрине кирген ата мекендик юридикалык жактарга уруксат берилет.
108. Бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдерге жана актыларга жана бажы иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алымсыз соода дүкөнү бажы жол-жобосуна жайгаштыруу үчүн тыюу салынган товарларды алымсыз соода дүкөнүндө сатууга жол берилбейт.
109. Дүкөндүн ээси Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген форма боюнча отчёт берет.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-сентябрындагы № 592 токтомунун редакциясына ылайык)
1-§. Алымсыз соода дүкөндөрүн уюштуруу жана аларды жайгаштырууга, жасалгалоого жана жабдууга коюлуучу талаптар
110. Алымсыз соода дүкөндөрү бажы чек арасында жайгашкан Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрмө пункттарында жана дипломатиялык корпус болгон шаарларда ачылышы мүмкүн.
111. Бажы чек арасында жайгашкан Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрмө пункттардагы алымсыз соода дүкөнүнүн турган орду анын ээси тарабынан мамлекеттик чек араны коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылууга тийиш.
112. Дипломатиялык корпус үчүн алымсыз соода дүкөнүнүн турган орду жана дипломатиялык корпус үчүн мындай дүкөндү ачуу зарылдыгы анын ээси тарабынан бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылууга тийиш.
113. Алымсыз соода дүкөнүнүн жайы бажы контролунун зонасы болуп саналат. Алымсыз соода дүкөнүнүн жайлары бажы контролунун зонасынын чегинде жайгашкан соода залдарынан, көмөкчү жайлардан, кампалардан турушу мүмкүн.
114. Алымсыз соода дүкөндөрүнүн жайларын ыңгайлаштыруу жана жабдуу төмөнкү талаптарга ылайык келиши керек:
- жайлар товарларды сатуу алымсыз соода дүкөнүнүн соода залдарында гана жүргүзүүнү, ошондой эле товарлардын сакталышын жана аларга карата бажы контролун жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылгандай таризде жабдылууга тийиш;
- алымсыз соода дүкөндөрүнүн көмөкчү жайлары жана кампа бул жайларда турган товарларга тиешеси жок жактар (алымсыз соода дүкөнүнүн жумушчулары болуп эсептелбеген, товарларга карата укукка ээ эмес же болбосо укукка ээ жактардын өкүлү болуп эсептелбеген жактар) жетпегидей, ошондой эле аталган жайларга бажылык идентификациялоо каражаттарын коюу мүмкүндүгүн камсыздоо менен ыңгайлаштырылышы жана жабдылышы керек;
- алымсыз соода дүкөнүнүн кампасы болуп жайлар гана эсептелет. Алымсыз соода дүкөнүнүн кампасы катары ачык аянттарды колдонууга жол берилбейт;
- алымсыз сооданын бажы жол-жобосуна берилбеген товарларды сактоо жана сатуу үчүн соода залдарын, көмөкчү жайларды жана дүкөндүн кампаларын пайдаланууга жол берилбейт;
- алымсыз соода дүкөндөрүнүн жайларында акыркы беш календарлык күндүн ичинде болуп өткөн окуялар жөнүндө видео маалыматтарды көрүүнү жүзөгө ашырууга мүмкүндүк берүүчү, күнү-түнү иштеген режимдеги Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрмө пункттарда видео байкоолордун болушу;
- дипломатиялык корпус үчүн товарларды саткан алымсыз соода дүкөндөрү үчүн акыркы отуз календарлык күндүн ичинде болуп өткөн окуялар жөнүндө видео маалыматтарды көрүүнү жүзөгө ашырууга мүмкүндүк берүүчү, күнү-түнү иштеген режимдеги видео байкоолордун болушу;
- бажы органдарынын маалыматтык системасы менен техникалык биргелешкен, бажы контролу астында турган товарларды эсепке алуу жана контролдоо маалыматтык системанын болушу.
Көңүл буруңуз:
КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-февралындагы № 79 токтомунун 8-пунктуна ылайык 114-пункттун сегизинчи абзацы берилген токтом күчүнө кирген күндөн тартып эки жыл өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2-§. Алымсыз соода бажы жол-жобосуна товарларды жайгаштыруу жана алымсыз соода бажы жол-жобосунун аракетинин аяктоо тартиби
115. Алымсыз соода дүкөнүндө чет өлкөлүк жана Бирликтин товарлары сатылуусу мүмкүн, буга төмөнкүлөр кирбейт:
- тыюу жана чектөө салынган товарлар;
- Кыргыз Республикасынын аймагында жүгүртүүгө тыюу салынган товарлар;
- алымсыз сооданын бажы жол-жобосуна коюлууга тийиш эмес товарлар.
116. Алымсыз сооданын бажы жол-жобосуна үчүнчү өлкөлөрдөн, эркин экономикалык зоналардын аймагынан ташып киргизилген чет өлкөлүк товарлар, Бирликтин товарлары, ошондой эле алымсыз соода бажы жол-жобосуна коюу жолу менен алардын аяктоосу мүмкүн болгон бажы жол-жоболоруна мурда жайгаштырылган чет өлкөлүк товарлар жайгаштырылуусу мүмкүн.
117. Алымсыз соода дүкөндөрүнө товарларды үчүнчү өлкөлөрдөн, эркин экономикалык зоналардын аймагынан, эркин кампалардан жана бажы кампаларынан ташып киргизүү бажы контролу менен жүргүзүлөт.
118. Бирликтин бажы аймагы боюнча алымсыз соода дүкөндөрүнө жайгаштырууга арналган чет өлкөлүк товарларды алып өтүү бажы транзитинин бажы жол-жобосуна жайгаштыруу менен жүргүзүлөт.
119. Сатуу үчүн алымсыз соода дүкөндөрүнө жеткирилген Бирлигинин товарлары алардын келип чыгышы жөнүндө документтердин негизинде алымсыз сооданын бажы жол-жобосунда жайгаштырылат.
3-§. Алымсыз соода дүкөнүндө товарларды сатуу тартиби
120. Алымсыз соода дүкөндөрүндө товарлар Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында, АКШ долларында жана/же евродо жана башка чет өлкөлүк валютада чекене сатылат жана көрүнүктүү жерге коюлат.
121. Товардын сатылган фактысын ырастоочу документ болуп фискалдык эс тутуму жана фискалдык маалыматтарды онлайн режиминде кагаз тасмасында берүү функциясы бар эсептешүү операциясын жүргүзүүдө накталай акча менен эсептешүүнү жана/же төлөм карталарын колдонуу менен эсептешүүнүн катталышын ырастаган контролдук-кассалык машинада басылган контролдук-кассалык чек (кассалык чек) эсептелет.
122. Кассалык чекте чек арадан авиакаттам менен өткөн адамдын аты-жөнү, атасынын аты (чет өлкөлүк паспорт көрсөтүлгөн учурда атасынын аты көрсөтүлбөйт), ошондой эле рейсинин номери көрсөтүлөт, же чек арадан автожол транспорту менен өткөн адамдар үчүн чет жакка чыгып жаткан сатып алуучунун паспортунун номери көрсөтүлөт.
123. Кассалык чек сатып алуучуга берилет, сатып алуучу жана сатылган товар жөнүндө маалыматтар алымсыз соода дүкөндөрүндө сакталууга тийиш болгон сатылгандарды эсепке алуу журналына киргизилет.
124. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген маалыматтардан тышкары Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасынын өткөрмө пункттарындагы алымсыз соода дүкөндөрүндө берилүүчү чектер (кассалык чектер) төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
- алымсыз соода дүкөнүнүн ээсинин аталышын, анын юридикалык дарегин;
- чектин номери (кассалык чектин) - ар бир календардык жылдын 1-январынан тартып өсүүчү тартипте берилүүчү номер;
- сатылган товарлар жөнүндө маалымат (аталышы, саны, бирдиктин наркы, жалпы наркы) жана алымсыз соода дүкөнүндө колдонулуучу каттоо системасы боюнча товарлардын номери;
- сатып алуучунун аты-жөнү, чет өлкөгө чыгуу үчүн документтин номери (эгерде конуу талонуна бир нече жактар киргизилген болсо);
- авиакаттамдын номери (Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасынын өткөрмө пункттарындагы алымсыз соода дүкөндөрү үчүн гана);
- сатуу датасы.
125. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген маалыматтардан тышкары дипломатиялык корпусту тейлөө боюнча алымсыз соода дүкөндөрү тарабынан берилүүчү чектер (кассалык чектер) төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
- алымсыз соода дүкөнүнүн ээсинин аталышын, анын юридикалык дарегин;
- чектин номери (кассалык чектин) - ар бир календарлык жылдын 1-январынан тартып өсүүчү тартипте берилүүчү номер;
- сатылган товарлар жөнүндө маалымат (аталышы, саны, бирдиктин наркы, жалпы наркы) жана алымсыз соода дүкөнүндө колдонулуучу эсепке алуу системасы боюнча товардын номери;
- тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген кызматкердин же анын үй-бүлө мүчөсүнүн аккредитациялык карточкасы тууралуу маалымат;
- сатып алуучунун товарды сатып алгандыгын ырастоочу аты-жөнү, колу;
- сатуу датасы.
Чектерде (кассалык чектерде) төмөнкүдөй текст басылат: "Дипломатиялык өкүлчүлүктөр жана алардын персоналдары гана пайдалануучу товарлар.".
126. Текст кыргыз, орус жана/же англис тилдеринде жазылат.
127. Алымсыз соода дүкөндөрүндө дипломатиялык корпус үчүн товарларды сатып алуу айрыкча төмөнкүлөргө жүргүзүлөт:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-сентябрындагы № 659 токтому менен бекитилген Чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин кызматкерлерин, ошондой эле эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнүн жана Кыргыз Республикасынын аймагында иштеп жаткан аларга теңдештирилген башка өкүлчүлүктөрдүн кызматкерлерин аккредитациялоонун тартиби жөнүндө жобого ылайык берилген аккредитациялык карточкаларды көрсөткөн учурда дипломатиялык корпустун кызматкерлерине;
- дипломатиялык корпус тарабынан ыйгарым укук берилген жактарга (мындан ары - ыйгарым укуктуу жактар).
128. Тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга аккредитациялык карточкалардын үлгүлөрүнүн тизмесин берет.
129. Дипломатиялык корпус бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга чет мамлекеттердин дипломатиялык корпустун муктаждыктары үчүн ыйгарым укуктуу жактар алымсыз соода дүкөнүнөн сатып алуу укугуна ээ экендигин расмий кат менен ырастайт.
130. Ыйгарым укуктуу жактар үч нускада түзүлгөн тапшырыктын негизинде дипломатиялык корпусту тейлөө үчүн алымсыз соода дүкөндөрүнөн товарларды сатып алуусу мүмкүн.
131. Тапшырык төмөнкүдөй элементтерди камтууга тийиш:
- дипломатиялык корпустун аталышын;
- ыйгарым укуктуу жактын аталышы;
- ушул нускаманын 129-пунктунда белгиленген каттын № (көчүрмөсүн тиркөө менен);
- сатып алууга билдирилген товарлардын аталышын, өлчөөнүн бирдигин жана санын;
- тапшырыктын түзүлгөн датасын;
- дипломатиялык корпустун башчысынын колун.
132. Тапшырыкты толук аткаргандан кийин, тапшырыктын нускалары ыйгарым укуктуу жакка төмөнкүдөй бөлүштүрүлөт:
- биринчи нуска алымсыз соода дүкөнүндө сакталат;
- тапшырыктын экинчи нускасы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген форма боюнча отчёт менен бирге алымсыз соода дүкөнүнүн товарларына контролдоо жүргүзгөн бажы органына берилет;
- үчүнчү нуска дипломатиялык корпуска кайтарылып берилет.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-сентябрындагы № 592 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Бажы органы тарабынан жок кылуу бажы жол-жобосуна товарларды жайгаштырууга уруксаттамаларды берүү тартиби
133. Товарларды жок кылуу бажы жол-жобосуна жайгаштыруу үчүн бажы органынын уруксаты зарыл.
134. Товарларды жок кылуу бажы жол-жобосуна жайгаштыруу үчүн декларант бажы органына кат жүзүндө арыз берет, анда себебин кыскача баяндоо менен жок кылууга тиешелүү ТЭИ ТН боюнча товарлардын коду жана аталаштары, алардын саны, наркы, турган жери, болжолдонгон ыкмасы, жери жана жок кылуу датасы көрсөтүлөт.
135. Жок кылуу бажы жол-жобосуна товарларды жайгаштыруу жөнүндө чечимди айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жок кылуу мүмкүндүгү, товарды жок кылуу ыкмасы жана жери жөнүндө корутундусунун негизинде бажы органынын башчысы, же анын ордун алмаштырган жак кабыл алат, буга авариянын же ал жеткис күчтүн натыйжасында товарлар кайтарылгыс жоголгон учурлар кирбейт.
136. Чечим декларанттын арызына бажы органынын башчысынын же аны алмаштырган адамдын "Товарларды жок кылууга уруксат берем" резолюциясын коюу жолу менен таризделет, ага датасы жана колу коюлат.
137. Жок кылуу бажы жол-жобосуна товарларды жайгаштыруу үчүн товарларга декларацияны берүү жана аны чыгаруу жөнүндө чечим товарларды жок кылуу бажы жол-жобосуна жайгаштыруу мүмкүндүгү жөнүндө бажы органынын чечими кабыл алынгандан кийин жүргүзүлөт, буга авариянын же ал жеткис күчтүн натыйжасында товарлар кайтарылгыс жоголгон учурлар кирбейт.
138. Жок кылуу мөөнөтү декларант жана жок кылуу процессине тартылган мамлекеттик органдар, ведомстволор менен макулдашуу боюнча бажы орган тарабынан аныкталат.
139. Товарларды жок кылуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте ишке ашырылат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-сентябрындагы № 592 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Мамлекеттин пайдасына баш тартуу бажы жол-жобосун колдонуу жана мамлекеттин пайдасына баш тартуу бажы жол-жобосуна жайгаштырылган товарлар менен бажы органдарынын аракетинин тартиби
140. Товарларды мамлекеттин пайдасына баш тартуу бажы жол-жобосуна жайгаштыруу товарлар иш жүзүндө турган бажы органында жүргүзүлөт.
141. Мамлекеттин пайдасына баш тартуу бажы жол-жобосун колдонуу үчүн бажы органынын корутундусу зарыл.
142. Товарлардын декларанты корутунду алуу үчүн ишмердик регионунда товарлар иш жүзүндө турган бажы органына эркин формада түзүлгөн жазуу жүзүндөгү арызды берет, анда товарлардын аталышы, ТЭИ ТН боюнча товарлардын коду, алардын саны, наркы, турган жери көрсөтүлөт, ошондой эле декларант мамлекеттин пайдасына товардан баш тартуусунун себебин кыскача баяндайт.
143. Функционалдык милдетине бажы жол-жоболоруна контроль жүргүзүү кирген бажы органынын түзүмдүк бөлүнүшү (мындан ары - бажы органынын түзүмдүк бөлүнүшү) товарларды мамлекеттин пайдасына баш тартуу бажы жол-жобосуна жайгаштырууга берилген арызды жана ага тиркелген документтерди карайт жана товарларды мамлекеттин пайдасына баш тартуу бажы жол-жобосуна жайгаштыруу же болбосо мындай жайгаштыруудан баш тартуу жөнүндө корутундуну арызды кабыл алган күндөн тартып 5 (беш) жумуш күндүн ичинде чыгарат. Арыз эркин формада даярдалат.
144. Ушул Нускаманын 143-пунктунда көрсөтүлгөн мөөнөт аяктаганга чейин бажы органынын башчысы же аны алмаштырган адам бажы органынын тиешелүү түзүмдүк бөлүнүшүнүн товарларды мамлекеттин пайдасына баш тартуу бажы жол-жобосуна жайгаштыруу же болбосо товарларды мамлекеттин пайдасына баш тартуу бажы жол-жобосуна жайгаштыруудан баш тартуу жөнүндө корутундусунун негизинде чечим кабыл алат.
145. Товарларды мамлекеттин пайдасына баш тартуу бажы жол-жобосуна жайгаштырууга бажы органынын чечими бажы органынын тиешелүү түзүмдүк бөлүмүнүн корутундусуна бажы органынын башчысынын же аны алмаштырган адамдын "Мамлекеттин пайдасына баш тартуу" резолюциясын коюу жолу менен бажы органы тарабынан кабыл алынат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-июлундагы № 406 токтомунун редакциясына ылайык)
146. Бажы органы коштомо кагаз менен товарларды мамлекеттин пайдасына баш тартуу бажы жол-жобосуна жайгаштыруу же болбосо мындай жайгаштыруудан баш тартуу жөнүндө корутундуну арыз ээсине жөнөтөт.
147. Товарларды мамлекеттин пайдасына баш тартуу бажы жол-жобосуна жайгаштыруу төмөнкү учурларда жол берилбейт:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүгүртүүгө тыюу салынган;
- товарларды мамлекеттин пайдасына баш тартуу бажы жол-жобосуна жайгаштыргандан кийин акыркы керектөө мөөнөтү үч айдан кийин бүтсө;
- бажы аймагына ташып кирүүгө тыюу салынган;
- мамлекеттин пайдасына баш тартуу бажы жол-жобосуна жайгаштыруу мамлекет үчүн кандайдыр бир чыгымды талап кылса;
- сатуу менен байланышкан бажы органынын чыгымдарын алардын наркы жаппаса;
- бажы орган тарабынан сатууга мүмкүн болбосо;
- радиоактивдүү калдыктар;
- жардыруучу заттардын калдыктары;
- өндүрүш калдыктары;
- (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-сентябрындагы № 552 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- энергиянын электр, жылуулук жана башка түрлөрү;
- Кодекстин 7-беренесине ылайык тыюу салуулар жана чектөөлөр сакталбастан бажы чек арасы аркылуу;
- ички керектөө үчүн товарларды чыгаруу же реимпорт бажы жол-жобосуна мурда жайгаштырылган.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-сентябрындагы № 552 токтомунун редакциясына ылайык)
148. Товарларды мамлекеттин пайдасына баш тартуу бажы жол-жобосуна жайгаштыруу шарттарын аткаруу төмөнкү документтерди берүү жолу менен тастыкталат:
1) Кыргыз Республикасынын резиденттери үчүн төмөнкүлөрдү берүү менен:
а) юридикалык жак катары мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүк;
б) жеке ишкер катары мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүк;
в) жеке жактын ким экендигине тактаган документ (паспорт);
г) тийиштүү тышкы экономикалык операциялардын алкагында бажы аймагына товарларды өткөрүү жөнүндө тастыктаган тышкы соода келишимдерин (контракттарды) же башка документтерди;
2) Кыргыз Республикасынын резиденттери болуп эсептелбегендер үчүн төмөнкүлөрдү берүү менен:
а) Кыргыз Республикасында өкүлчүлүктү ачууга уруксаттаманы (аккредитациялоо), эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен мындай уруксаттама каралган болсо (аккредитациялоо);
б) жеке жактын өздүгүн тактаган документти (паспорт);
в) тийиштүү тышкы экономикалык операциялардын алкагында бажы аймагына товарларды өткөрүү жөнүндө тастыктаган келишимдерин (контракттарды) же башка документтерди;
3) иш менен алектенген регионунда товарлар иш жүзүндө турган бажы органынын түзүмдүк бөлүнүшүнүн кызматтык жагы тарабынан берилген мамлекеттин пайдасына баш тартуу бажы жол-жобосунда товарларды пайдаланууга бажы органынын корутундусун;
4) ташылып келген товарларды жана транспорттук каражаттарды бажы контролунун астында бажы кампасына жеткирүү жана жайгаштыруу фактысын тастыктаган (кабарлама) документти;
5) Кодекстин 7-беренесине ылайык тыюу салуулар жана чектөөлөр сакталганын ырастаган документтерди (зарыл болгон учурда);
6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Бирликтин укугун түзгөн эл аралык келишимдердин жана актылардын талаптарына ылайык болушу милдеттүү болгон ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген башка документтерди.
149. Товарларды бажылык текшерип кароодо (кароодо) декларант же товарларга карата ыйгарым укукка ээ жак же алардын өкүлдөрү катышууга милдеттүү. Бажылык текшерип кароонун жыйынтыгы боюнча бажылык текшерип кароонун (кароонун) актысы түзүлөт, анда товарлардын толук жана кең-кесири тизмеги, алардын ассортименттик катары, саны, сыпатталышы, жарамдуулук мөөнөтү (пайдалануу, сатуу), камтылууга тийиш.
150. Мамлекеттин пайдасына баш тартуу бажы жол-жобосуна ылайык товарларды чыгаруу жөнүндө бажы органынын чечими кабыл алынган датадан тартып товарлар мамлекеттин менчигине айландырылды деп эсептелинет.
151. Бажы алымдарын жана салыктарды төлөө боюнча жеңилдиктерди берүү менен ички керектөө үчүн чыгаруу бажы жол-жобосуна ылайык мурда чыгарылган товарлар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечиминин негизинде мамлекеттин пайдасына баш тартуу бажы жол-жобосуна жайгаштырылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-июлундагы № 406 токтомунун редакциясына ылайык)
152. Эгерде мамлекеттин пайдасына баш тартуу бажы жол-жобосуна жайгаштырылган товарларга карата мурда ички керектөө үчүн чыгарууда бажы алымдарын жана салыктарды төлөө боюнча жеңилдиктер берилген болсо аларды мамлекеттин менчигине айландырган датадан тартып мындай товарларга бажы алымдарынын жана салыктардын шарттуу эсептелген суммаларын төлөө боюнча милдеттенме токтотулат.
153. Бажы органы мамлекеттин пайдасына баш тартуу бажы жол-жобосуна жайгаштырылган товарлар жөнүндө, ошондой эле алынган, камакка алынган же мамлекеттин кирешесине айландырылган товарлар тууралуу маалыматты мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга жиберет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-июлундагы № 406 токтомунун редакциясына ылайык)
154. (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-июлундагы № 406 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
155. Мүлктү башкаруу боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органы мамлекеттин пайдасына баш тартуу бажы жол-жобосуна жайгаштырылган товарларды эсепке алуу, баалоо үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте бажы органынан кабыл алынат.
156. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен мамлекеттин менчигине айландырылган товарларды мындан ары максаттуу пайдалануу (ээлик кылууга же пайдаланууга өткөрүп берүү) жана ушул товарлар өткөрүп берилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ыйгарым укуктуу органынын аталышы аныкталат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-июлундагы № 406 токтомунун редакциясына ылайык)
|
| Айрым бажы жол-жоболорун колдонуу боюнча нускаманын 1-тиркемеси |
Товарларды бажы аймагында кайра иштетүүгө УРУКСАТТАМА
____________________________________ (бажы органынын аталышы)
Товарларды бажы аймагында кайра иштетүүгө № ____________________ уруксаттама
1. Берилди: ________________________________________________________________________
___________________________________________________________________________________
___________________________________________________________________________________
(арыз ээсинин толук аталышы, ИСН, ОКПО, турган орду жана почта дареги,
банктардын аталыштары, алыш-бериш жана валюталык эсеби, МФУ,
телефон жана уюлдук телефон номери, факс)
2. Кайра иштетүү үчүн товарлар:
Товардын (товарлардын) аталышы | ТЭИ ТН боюнча код | ТЭИ ТН боюнча ченөө бирдигиндеги саны | Наркы сом/АКШ долл. | Бажы органы |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 |
|
|
|
|
|
3. Шарттуу (пайыз менен) же абсолюттук маанидеги чыгаруу ченемдери:
___________________________________________________________________________________
___________________________________________________________________________________
4. Кайра иштетүү продуктулары:
Товардын (товарлардын) аталышы | ТЭИ ТН боюнча код | ТЭИ ТН боюнча ченөө бирдигиндеги саны | Наркы сом/АКШ долл. США | Бажы органы |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 |
|
|
|
|
|
5. Кайра иштетүү калдыктары:
Товардын (товарлардын) аталышы | ТЭИ ТН боюнча код | ТЭИ ТН боюнча ченөө бирдигиндеги саны | Наркы сом/АКШ долл. | Бажы органы |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 |
|
|
|
|
|
6. Өндүрүш жоготуулары:
Аталышы | ТЭИ ТН боюнча код | ТЭИ ТН боюнча ченөө бирдигиндеги саны <*> |
1 | 2 | 3 |
|
|
|
7. Калдыктар:
Товардын (товарлардын) аталышы | ТЭИ ТН боюнча код | ТЭИ ТН боюнча ченөө бирдигиндеги саны | Наркы сом/АКШ долл. | Бажы органы |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 |
|
|
|
|
|
8. Ташып киргизилген товарлардын кайра иштетүү продуктуларын идентификациялоо ыкмасы (ыкмалары):
___________________________________________________________________________________
___________________________________________________________________________________
9. Эквиваленттүү компенсациясына уруксат берилди:
Товардын (товарлардын) аталышы | ТЭИТН боюнча код | ТЭИ ТН боюнча ченөө бирдигиндеги саны (*) | Наркы сом/АКШ долл. |
1 | 2 | 3 | 4 |
|
|
|
|
(*) Эгерде зарыл болсо, товарлардын санын өлчөө үчүн кадимки колдонулуучу башка өлчөө бирдиктери дагы кошумча көрсөтүлүшү мүмкүн.
10. Кайра иштетүү продуктуларын алдын ала жөнөтүү:
___________________________________________________________________________________
11. Өндүрүш процессин кыскача сүрөттөө: _____________________________________________
___________________________________________________________________________________
12. Кайра иштетүүнүн мөөнөтү: _______________________________________________________
13. Уюм(дар)-кайра иштетүүчү(лөр): ___________________________________________________
___________________________________________________________________________________
___________________________________________________________________________________
(аталышы, ИСН, ОКПО, турган орду (анын ичинде өндүрүштүк кубаттуулук) почта дареги,
телефон, уюлдук телефон номери, факс)
Товардын (товарлардын) аталышы | ТЭИ ТН боюнча код | ТЭИ ТН боюнча ченөө бирдигиндеги саны | Наркы сом/АКШ долл. | Бажы органы |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 |
|
|
|
|
|
(*) Эгерде зарыл болсо, товарлардын санын өлчөө үчүн кадимки колдонулуучу башка өлчөө бирдиктери дагы кошумча көрсөтүлүшү мүмкүн.
14. Кайра иштетүү үчүн товарларды ташып кирүү жүзөгө ашырылып жаткан контракт же башка документ:
___________________________________________________________________________________
(контракттын номери жана түзүү датасы,
___________________________________________________________________________________
контракт түзүлгөн чет өлкөлүк уюмдун аталышы)
15. Калдыктар ______________________________________________________________________
__________________________________________ бажы жол-жобосуна жайгаштырылууга тийиш.
16. Бажы аймагында кайра иштетүү бажы жол-жобосуна товарларды жайгаштыруу жана ушул
бажы жол-жобосунун аяктоо болжолдонгон бажылык тариздөө жеринин аталышы ____________
17. Бажы органынын өзгөчө белгилери: _________________________________________________
___________________________________________________________________________________
___________________________________________________________________________________
Бажы органынын башчысы (аны алмаштырган адам) | _____________________________ | _____________________________ |
| (колу) | (аты-жөнү) |
Бажы органынын мөөрү
|
| Айрым бажы жол-жоболорун колдонуу боюнча нускаманын 2-тиркемеси |
Товарларды бажы аймагынан тышкары кайра иштетүүгө УРУКСАТТАМА
_____________________________________________ (бажы органынын аталышы)
Товарларды бажы аймагынан тышкары кайра иштетүүгө № ____________________ уруксаттама
1. Берилди: ________________________________________________________________________
___________________________________________________________________________________
___________________________________________________________________________________
(арыз ээсинин толук аталышы, ИСН, ОКПО, турган орду жана почта дареги,
банктардын аталыштары, алыш-бериш жана валюталык эсеби, МФУ,
телефон жана уюлдук телефон номери, факс)
2. Кайра иштетүү үчүн товарлар:
Товардын (товарлардын) аталышы | ТЭИ ТН боюнча код | ТЭИ ТН боюнча ченөө бирдигиндеги саны(*) | Наркы сом/АКШ долл. | Бажы органы |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 |
|
|
|
|
|
(*) Эгерде зарыл болсо, товарлардын санын өлчөө үчүн кадимки колдонулуучу башка өлчөө бирдиктери дагы кошумча көрсөтүлүшү мүмкүн.
3. Кайра иштетүү продуктуларынын чыгуу ченеми:
___________________________________________________________________________________
___________________________________________________________________________________
4. Кайра иштетүү продуктулары
Товардын (товарлардын) аталышы | ТЭИ ТН боюнча код | ТЭИ ТН боюнча ченөө бирдигиндеги саны(*) | Наркы сом/АКШ долл. | Бажы органы |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 |
|
|
|
|
|
(*) Эгерде зарыл болсо, товарлардын санын өлчөө үчүн кадимки колдонулуучу башка өлчөө бирдиктери дагы кошумча көрсөтүлүшү мүмкүн.
5. Товарларды кайра иштетүү боюнча операцияларды кыскача баяндоо:
___________________________________________________________________________________
___________________________________________________________________________________
6. Ташып чыгарылган товарлардын кайра иштетүү продуктуларын идентификациялоо ыкмалары:
___________________________________________________________________________________
___________________________________________________________________________________
7. Товарларды кайра иштетүү боюнча операцияларды түздөн-түз аткарган жак (жактар): _______
___________________________________________________________________________________
(толук аталышы, өндүрүштүк кубаттуулуктун турган орду, өлкөсү, дареги)
8. Тышкы экономикалык бүтүмдүн ишке ашуусун ырастаган документтердин реквизиттери
жана аталыштары, ага ылайык товарлар кайра иштетүүгө ташылып чыгат жана ташылып
чыккан товарларды кайра иштетүү боюнча операциялар түздөн-түз ишке ашырылат
(ташылып чыккан товарларга тиешеси бар толуктоолорду, өзгөртүүлөрдү кошо эсептегенде),
же болбосо тышкы экономикалык бүтүмдүн алкагынан тышкары товарларга ээлик кылуу,
пайдалануу жана (же) тескөө укугун ырастаган башка документтердин реквизиттери жана аталыштары:
___________________________________________________________________________________
___________________________________________________________________________________
9. Кайра иштетүү мөөнөтү: ___________________________________________________________
(толук календарлык айларда көрсөтүлөт)
10. Кайра иштетүү продуктуларын чет өлкөлүк товарлар менен алмаштыруу жөнүндө маалыматтар:
___________________________________________________________________________________
11. Бажы аймагынан тышкары кайра иштетүү бажы жол-жобосуна товарларды жайгаштыруу
жана ушул бажы жол-жобосунун аракети аякташы болжолдонгон бажылык тариздөө жеринин аталышы
___________________________________________________________________________________
12. Бажы органынын өзгөчө белгилери: __________________________________________________
Бажы органынын башчысы (аны алмаштырган адам | ________________ | _________________________ |
| (колу) | (аты-жөнү) |
Бажы органынын мөөрү
|
| Айрым бажы жол-жоболорун колдонуу боюнча нускаманын 3-тиркемеси |
Товарларды ички керектөө үчүн кайра иштетүүгө УРУКСАТТАМА
_______________________________________ (бажы органынын аталышы)
Товарларды ички керектөө үчүн кайра иштетүүгө № ________________________ уруксаттама
1. Берилди: ________________________________________________________________________
___________________________________________________________________________________
___________________________________________________________________________________
(арыз ээсинин толук аталышы, ИСН, ОКПО, турган орду жана почта дареги,
банктардын аталыштары, алыш-бериш жана валюталык эсеби, МФУ,
телефон жана уюлдук телефон номери, факс)
2. Кайра иштетүү үчүн товарлар:
Товардын (товарлардын) аталышы | ТЭИ ТН боюнча код | Товарлардын саны(*) | Наркы сом/АКШ долл. | Бажы органы |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 |
|
|
|
|
|
(*) ЕАЭБ ТЭИ ТН боюнча өлчөө бирдигинде көрсөтүлөт. Эгерде зарыл болсо, товарлардын санын өлчөө үчүн кадимки колдонулуучу башка өлчөө бирдиктери дагы кошумча көрсөтүлүшү мүмкүн.
3. Кайра иштетүү продуктуларынын чыгуу ченеми: ________________________________________
___________________________________________________________________________________
___________________________________________________________________________________
4. Кайра иштетүү продуктулары:
Товардын (товарлардын) аталышы | ТЭИТН боюнча код | Товарлардын саны(*) | Наркы сом/АКШ долл. | Бажы органы |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 |
|
|
|
|
|
(*) ЕАЭБ ТЭИ ТН боюнча өлчөө бирдигинде көрсөтүлөт. Эгерде зарыл болсо, товарлардын санын өлчөө үчүн кадимки колдонулуучу башка өлчөө бирдиктери дагы кошумча көрсөтүлүшү мүмкүн.
5. Кайра иштетүү калдыктары:
Товардын (товарлардын) аталышы | ТЭИ ТН боюнча код | Товарлардын саны(*) | Наркы сом/АКШ долл. | Бажы органы |
1 | 2 | 3 | 5 | 6 |
|
|
|
|
|
(*) ЕАЭБ ТЭИ ТН боюнча өлчөө бирдигинде көрсөтүлөт. Эгерде зарыл болсо, товарлардын санын өлчөө үчүн кадимки колдонулуучу башка өлчөө бирдиктери дагы кошумча көрсөтүлүшү мүмкүн.
3, 4-графалар ички керектөө үчүн чет өлкөлүк товарларды кайра иштетүүнүн жыйынтыгында пайда болгон калдыктар аларды андан ары коммерциялык пайдалануу үчүн жараксыз абалда кайра иштетилген учурда толтурулбайт.
6. Товарлардын калдыктары:
Товардын (товарлардын) аталышы | ТЭИ ТН боюнча код | Товарлардын саны (*) | Наркы сом/АКШ долл. | Бажы органы |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 |
|
|
|
|
|
(*) ЕАЭБ ТЭИ ТН боюнча өлчөө бирдигинде көрсөтүлөт. Эгерде зарыл болсо, товарлардын санын өлчөө үчүн кадимки колдонулуучу башка өлчөө бирдиктери дагы кошумча көрсөтүлүшү мүмкүн.
7. Өндүрүш процессин кыскача баяндоо: _________________________________________________
___________________________________________________________________________________
___________________________________________________________________________________
8. Кайра иштетүү боюнча операцияларды түздөн-түз ишке ашырган жак (жактар): _______________
___________________________________________________________________________________
___________________________________________________________________________________
(анын (алардын) толук аталышы, ИСН, ОКПО, турган жери, почта дареги,
өндүрүштүк кубаттуулуктун турган орду, телефон, уюлдук телефон номери, факс)
Товардын (товарлардын) аталышы | ТЭИ ТН боюнча код | Товарлардын саны (*) | Наркы сом/АКШ долл. | Бажы органы |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 |
|
|
|
|
|
(*) ЕАЭБ ТЭИ ТН боюнча өлчөө бирдигинде көрсөтүлөт. Эгерде зарыл болсо, товарлардын санын өлчөө үчүн кадимки колдонулуучу башка өлчөө бирдиктери дагы кошумча көрсөтүлүшү мүмкүн.
9. Ташып киргизилген товарлардын кайра иштетүү продуктуларын идентификациялоо
ыкмасы (ыкмалары): _________________________________________________________________
___________________________________________________________________________________
___________________________________________________________________________________
10. Тышкы экономикалык бүтүмдүн ишке ашуусун ырастаган документтердин реквизиттери жана
аталыштары, ага ылайык товарлар кайра иштетүүгө ташылып кирет жана ташылып кирген
товарларды кайра иштетүү боюнча операциялар түздөн-түз ишке ашырылат
(кайра иштетүү үчүн ташылып кирген товарларга тиешеси бар толуктоолорду,
өзгөртүүлөрдү кошо эсептегенде), же болбосо тышкы экономикалык бүтүмдүн алкагынан тышкары
товарларга ээлик кылуу, пайдалануу жана (же) тескөө укугун ырастаган башка документтердин
реквизиттери жана аталыштары: ______________________________________________________
___________________________________________________________________________________
___________________________________________________________________________________
11. Кайра иштетүү мөөнөтү: ___________________________________________________________
12. Ички керектөө үчүн кайра иштетүү бажы жол-жобосуна товарларды жайгаштыруу жана
ушул бажы жол-жобосунун аракети аякташы болжолдонгон бажылык тариздөө жеринин аталышы ____
___________________________________________________________________________________
___________________________________________________________________________________
13. Бажы органынын өзгөчө белгилери: __________________________________________________
___________________________________________________________________________________
___________________________________________________________________________________
Бажы органынын башчысы (аны алмаштырган адам | ________________ | _________________________ |
| (колу) | (аты-жөнү) |
Бажы органынын мөөрү
|
| Айрым бажы жол-жоболорун колдонуу боюнча нускаманын 4-тиркемеси |
Чыгуу ченемин белгилөө ТАРТИБИ
1. Ушул Тартип кайра иштетүү продуктуларынын товардык продукциянын жана өндүрүш жоготууларынын бирдигине чыгуу ченемин белгилөө тартибин аныктайт.
2. Товардык продукциянын бирдигине товарларды кайра иштетүү үчүн өндүрүш процессинде колдонулуучу кайра иштетилүүчү продукттун чыгуу ченеминин эсебин төмөнкү таблицага ылайык форма боюнча бажы органына арыз ээси тарабынан берилет.
3. Кайра иштетилүүчү продукттун чыгуу ченемин берүүдө кайра иштетилүүчү продукттун санын эсептөө кайра иштетүү үчүн товарлардын бирдигине жараша жүргүзүлөт. Эгерде чыгуу ченеми кайра иштетүү үчүн товарлардын химиялык курамынан же кайра иштетүү үчүн товарлардын курамына кирген компоненттеринен көз каранды болсо, эсептөө товардын курамынын орточо көрсөткүчтөрүнө жараша жүргүзүлөт, бул эсептөөдө белгиленүүгө тийиш.
4. Кайра иштетүүнүн мындай товарларынын конкреттүү партиясына карата бажы органы химиялык же анализдердин башка түрлөрү боюнча жыйынтыгын талап кылууга укуктуу. Ар бир партия боюнча химиялык курамы өзгөрүп турса, бажы органы кайра иштетүү үчүн товарлардын бир нече партиясынын ар бири боюнча анализдин жыйынтыктарын талап кылууга укуктуу.
Чыгуу ченемин эсептөө таблицасы
Аталышы | ТЭИ ТН боюнча товардын коду | 1 өлчөө бирдигинен 1 өлчөө бирдигиндеги саны |
Кайра иштетүү объекттери, анын ичинде: - кайра иштетүү үчүн товарлар; - эквиваленттүү товарлар; кайра иштетилүүчү продуктулары, анын ичинде: - товардык продукция; - калдыктар; - өндүрүштүк жоготуулар |
|
|
|
| Айрым бажы жол-жоболорун колдонуу боюнча нускаманын 5-тиркемеси |
Товарларды бажы аймагында кайра иштетүүгө, бажы аймагынан тышкары кайра иштетүүгө жана ички керектөө үчүн кайра иштетүүгө берилген уруксаттамаларды каттоо КИТЕБИ
№ | Товарларды бажы аймагында кайра иштетүүгө уруксаттаманын номери | Жактын аталышы | Алган датасы, кызыкдар жактын же алууга анын ишенимдүү өкүлүнүн колу | Кайра иштетүү мөөнөтү | Кайра иштетүү продуктуларын текшерүүнү аяктоо датасы | Бажы жол-жобосунун аяктоо датасы | Товарларды бажы аймагында кайра иштетүүгө уруксаттамаларды чакыртып алуу (жокко чыгаруу) датасы (Евразия экономикалык комиссиясынын же бажы органынын уруксаттамасынын номери жана датасы) | Бажы аймагында кайра иштетүү бажы жол-жобосунун аракетинин аяктоосу жөнүндө чечимди кабыл алган бажы органынын кызмат адамынын аты-жөнү, кызмат орду |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 |
|
| Айрым бажы жол-жоболорун колдонуу боюнча нускаманын 6-тиркемеси |
Бажы аймагында товарларды кайра иштетүүгө, бажы аймагынан тышкары кайра иштетүүгө жана ички керектөө үчүн кайра иштетүүгө уруксаттаманы чакыртып алуу, жокко чыгаруу
(бажынын расмий бланкында таризделет)
Товарларды (бажы аймагында, бажы аймагынан тышкары, ички керектөө үчүн) кайра иштетүүгө _____________
______________________________________________________________________________________________
______________________________________________________________________________________________
(уруксаттаманы чакыртып алуу, жокко чыгаруу себеби көрсөтүлөт)
______________________________________________________________________________________________
__________________________________ байланыштуу _____________________ № ________________________
товарларды кайра иштетүүгө уруксаттама __________________________________________________________
тартып чакыртып алынат, жокко чыгарылат. (күнү, айы, жылы)
Бажы органынын башчысы (аны алмаштырган адам | ________________ | _________________________ |
| (колу) | (аты-жөнү) |