Загрузка документа…
|
| 3-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-февралындагы № 79 токтомуна) |
Бажы контролунда турган товарларды убактылуу сактоо жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-июлундагы № 406 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 95 жана 97-беренелерине ылайык иштелип чыккан жана товарларды чыгарууга чейин аларды убактылуу сактоочу жерлер өзгөргөн учурларын, башка жерлерге товарларды убактылуу сактоого уруксат берүү шарттарын жана тартибин, ошондой эле товарларды убактылуу сактоо кампаларына жана товарларды убактылуу сактоо үчүн башка жерлерге жайгаштырууда бажы органына документтерди жана маалыматтарды берүүнүн тартибин, товарларды убактылуу сактоо кампасына (кампасынан) жана товарларды убактылуу сактоочу башка жерлерге, анын ичинде транспорттун түрүнө жараша жайгаштыруунун (берүүнүн) тартибин аныктайт.
2. Ушул Жободо колдонулуучу түшүнүктөр Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодексинде (мындан ары - Кодекс), Евразия экономикалык бирлигинин укугун түзүүчү, бажылык укуктук мамилелерди жөнгө салуучу эл аралык келишимдерде жана актыларда (мындан ары - бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдер жана актылар) жана "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында (мындан ары - Мыйзам) белгиленген маанилерде баяндалган.
Бул Жободо бажы органы деп убактылуу сактоо кампасынын иштешине контроль жүргүзүүчү бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ведомстволук бөлүмү (ушул Жободо аныкталган товарларды убактылуу сактоочу жерлер) саналат.
3. Кодексте белгиленген учурларда убактылуу сактоо бажы жол-жобосу өзгөрүп жаткан товарларга колдонушу мүмкүн.
4. Бажы контролунда убактылуу сактоодо турган товарларга карата товарлар убактылуу сактоо кампасына иш жүзүндө жайгаштырылгандыгына же ушул Жобонун 6-главасында аныкталган жайларда, ушул максатта атайын бөлүп берилген жана жайгаштырылган убактылуу сактоо кампасында тургандыгына карабастан бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдердин, актылардын, товарларды чыгарганга жана тескөөгө алганга чейин аларды жайгаштыруунун, сактоонун жана товарлар менен операцияларды жүргүзүүнүн тартибин камсыз кылуу боюнча Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын талаптары сакталууга тийиш.
Бажы органдарына документтерди жана маалыматтарды берүү, бул маалыматтарды жана документтерди бажы органдары тарабынан каттоо, бажы органдары тарабынан ырастоолорду, уруксаттарды жана башка документтерди берүү, бажы органдары тарабынан ушул Жобого ылайык журналдарды түзүү жана жүргүзүү бөлүгүндө ушул Жобо менен белгиленген учурларды кошпогондо, бажы операцияларын жүргүзүү убактылуу сактоодо турган товарларды контролдоо жана эсепке алуу үчүн арналган программалык каражаттарды пайдалануу менен электрондук түрдө автоматтык (автоматташтырылып) жүзөгө ашырылат.
5. Бажы контролунда турган товарларды убактылуу сактоо төмөнкүдөй түрдө болушу мүмкүн:
- Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык аныкталган бажылык контролдоо зоналарында бажы контролунда болушу;
- убактылуу сактоо кампасында болушу;
- ушул Жободо аныкталган башка жайларда болушу.
6. Товарларды башка жерлерде сактоо ушул Жободо каралган талаптар сакталган шартта жана учурларда жол берилет.
2. Транспорттун ар кандай түрлөрү менен ташылуучу товарларды убактылуу сактоо кампасына жайгаштыруу жана убактылуу сактоодо турган товарлар менен операцияларды жүргүзүү тартиби
7. Товарлар жиберилген бажы органына келген учурда ташуучу же Кодекстин 83-беренесинде көрсөтүлгөн башка жак (мындан ары - жак) Кодексин 88-беренесинин 5-пункту менен белгиленген мөөнөттө товарларды убактылуу сактоого жайгаштыруу менен байланышкан бажы операцияларын жүргүзөт.
Бажы транзитинин бажы жол-жобосу аяктаганда товарларды убактылуу сактоого жайгаштыруу менен байланышкан бажы операциялары жак тарабынан Кодекстин 152-беренесинин 1-пунктунун 1-пунктчасында белгиленген мөөнөттө жүргүзүлөт.
Аба же темир жол транспорту менен ташылуучу товарларга карата товарларды убактылуу сактоого жайгаштыруу менен байланышкан бажы операциялары аэропорттун же темир жол станциясынын технологиялык процесси (графиги) менен белгиленген убакыттын ичинде, бирок баруучу бажы органы тарабынан берилген документтерди каттагандан кийин он эки сааттан кечиктирбестен, ал эми жүктү түшүрүүнү (кайра жүктөөнү) ишке ашырган учурда товарларды түшүрүү (кайра жүктөө) менен байланышкан операциялар аяктагандан кийин он эки сааттан кечиктирбестен жүргүзүлөт.
Товарларды убактылуу сактоого иш жүзүндө жайгаштырганга чейин товарларды сактоого карата эл аралык келишимдерде жана бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү актыларда белгиленген шарттарды сактабагандыгы жана талаптарды аткарбагандыгы үчүн жоопкерчиликти ташуучу тартат.
8. Товарларды убактылуу сактоого жайгаштыруу үчүн жак бажы органына товарларды ташуу (транспорттоо) жүзөгө ашырылып жаткан транспорттун түрүнө жараша Кодекстин 100-беренесинде каралган документтерди жана маалыматтарды, анын ичинде сактоо келишими жөнүндө маалыматтарды берет жана (же) электрондук документ түрүндө берилген транзиттик декларациянын каттоо номери жөнүндө маалыматтарды камтыган документтерди берет.
Мындай документтер бажы органына электрондук түрдө, ал эми ушул главада каралган учурларда кагаз жүзүндө берилет.
Эгерде ушул пункттун биринчи абзацында көрсөтүлгөн документтер жана маалыматтар бажы органына товарлар келгенде же транзиттик декларацияны электрондук түрдө түзүүдө берилсе, мындай документтер бажы органына берилбейт.
Мындай учурда товарларды убактылуу сактоого жайгаштыруу үчүн берилген документтердин катталгандыгы жөнүндө ырастоону алуу максатында жак бажы органына товарлар келгенде же транзиттик декларацияны түзүүдө бажы органына берилген документтердин реквизиттерин камтыган кабарлоону электрондук түрдө берет.
Ушул пункттун биринчи абзацында көрсөтүлгөн маалыматтарды өз убагында алуу максатында убактылуу сактоо кампасынын ээси (ушул Жобого ылайык убактылуу сактоочу башка жерде убактылуу сактоого уруксат алган жак) бажы органына алар түзгөн бардык сактоо келишимдери жөнүндө алдын ала маалымдайт.
9. Техникалык бузулуулар, байланыш каражаттарынын иштөөсүндө бузуулар (телекоммуникациялык тармактар жана Интернет тармагы), электр энергиясын өчүрүүнүн натыйжасында бажы органдары колдонуучу маалымат системасынын бузулушуна байланыштуу жана жак же убактылуу сактоо кампасынын ээси (ушул Жобо менен аныкталган убактылуу сактоочу жерде товарларды убактылуу сактоону жүзөгө ашырган жак) тарабынан бажы органына электрондук түрдө документтерди жана маалыматтарды берүүгө тоскоолдук жараткан кырдаалдар пайда болгон учурда бул жактар тарабынан уюмдун жетекчисинин (жеке жактын) же ал ыйгарым укуктарды берген жактын колу жана мөөрү (бар болсо) менен күбөлөндүрүлгөн документтерди кагаз жүзүндө берүү менен бажы операциялары жүргүзүлөт.
Ушул пункттун биринчи абзацында көрсөтүлгөн кырдаалдарды жойгондон кийин жак же убактылуу сактоо кампасынын ээси (ушул Жобо менен аныкталган убактылуу сактоочу жерде товарларды убактылуу сактоону жүзөгө ашырган жак) бул документтерди бажы органына берет.
10. Товарларды убактылуу сактоо кампасына (убактылуу сактоочу башка жерге) жайгаштыруу жак товарларды убактылуу сактоого жайгаштыруу үчүн берилген документтердин бажы органы тарабынан катталгандыгы жөнүндө ырастоону алгандан кийин, ошондой эле убактылуу сактоо кампасынын ээси (ушул Жобо менен аныкталган убактылуу сактоочу жерде товарларды убактылуу сактоону ишке ашырган жак) товарларды убактылуу сактоого жайгаштыруу үчүн берилген документтердин бажы органы тарабынан катталгандыгы жөнүндө маалыматты алгандан кийин жүргүзүлөт.
Товарларды убактылуу сактоочу жер убактылуу сактоо кампасынын ээси убактылуу сактоо кампасынын ээлеринин реестринен чыгарылган жана анын иштөөсү токтотулган, товарларды убактылуу сактоочу башка жерде убактылуу сактоого уруксат жокко чыгарылган же товар үчүн талап кылынган сактоо шарттары (температура, нымдуулук) жана жүк орундарын ачуу үчүн орун жок болгон учурда (товардын маркалоосун текшерүү, кайра сорттоону, таңгактын бүтүндүгүн, контролдук таразалоону аныктоо максатында), ошондой эле ыйгарым укуктуу жактын бажы органына жүйөлөштүрүлгөн кайрылуусу боюнча өзгөртүлүшү мүмкүн.
Товарларды убактылуу сактоочу башка жерге ташуу Кодекстин 341, 342, 343, 345 жана 349-беренелерине ылайык бажы контролун жүргүзүүнү камсыз кылуучу чараларды колдонуу менен жүзөгө ашырылат.
11. Убактылуу сактоо кампасынын ээси (ушул Жободо аныкталган убактылуу сактоочу жерде товарларды убактылуу сактоону ишке ашырган жак) убактылуу сактоо кампасына товарларды иш жүзүндө жайгаштырган учурдан тартып (ушул Жободо аныкталган товарларды убактылуу сактоочу жерде) товарларды сактоого карата бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдерде жана актыларда белгиленген шарттарды сактабагандыгы жана талаптарды аткарбагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын жазык-процесстик мыйзамдарына же Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
Ташып келүү бажы алымдарын, салыктарды, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө боюнча убактылуу сактоо кампасынын ээсинин (ушул Жободо аныкталган убактылуу сактоочу жерде товарларды убактылуу сактоону ишке ашырган жактын) милдети Кодекстин 103-беренесинде белгиленген тартипте жана шарттарда аткарылууга тийиш.
Эгерде товарларды сактоого кабыл алуу процессинде же товарларды убактылуу сактоо процессинде убактылуу сактоо кампасынын ээси (ушул Жободо аныкталган убактылуу сактоочу жерде товарларды убактылуу сактоону ишке ашырган жак) тарабынан товарларды бүлдүрүү же бузуу, ошондой эле транспорттук же коммерциялык документтерде көрсөтүлгөн аталышына жана санына, жүк салуучу орундарынын санына, таңгактоо жана маркалоо мүнөзүнө жана ыкмаларына, брутто салмагына (килограмм менен) же болбосо көлөмүнө (куб метр менен) ылайык келбөө фактылары белгиленсе, убактылуу сактоо кампасынын ээси (ушул Жободо аныкталган убактылуу сактоочу жерде товарларды убактылуу сактоону ишке ашырган жак) Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 903, 904-статьяларына ылайык ушул Жобого 1-тиркемеге ылайык форма боюнча актыны берүү аркылуу бажы органына билдирет. Көрсөтүлгөн документтер алар таризделген учурдан тартып алты сааттын ичинде бажы органына берилет.
Бажы органына ушул пункттун биринчи абзацында көрсөтүлгөн документтер убактылуу сактоо кампасынын ээсинин (ушул Жободо аныкталган убактылуу сактоочу жерде товарларды убактылуу сактоону ишке ашырган жактын) электрондук кол тамгасы менен күбөлөндүрүлгөн электрондук түрдө берилген учурда бул документтер бажы органынын маалыматтык системасында белгиленет.
Эгерде бажы контролун жүргүзүүдө товарларды убактылуу сактоого жайгаштырууда убактылуу сактоо кампасынын ээси (ушул Жобо менен аныкталган убактылуу сактоочу жерде товарларды убактылуу сактоону ишке ашырган жак) алган маалыматтар бажы контролунун натыйжаларына ылайык келбестигин күбөлөндүрүүчү маалыматтар аныкталса, анда бажы органы тарабынан түзүлгөн жана бул жагдайларды белгилеген документтердин көчүрмөлөрү алар таризделген учурдан тартып 3 саат жумуш убактысынан кечиктирбестен ушул Жобонун 8-пунктуна ылайык товарларды убактылуу сактоого жайгаштырууда берилген документтерге тиркелет.
Ушул пункттун экинчи абзацында көрсөтүлгөн документтерде камтылган маалыматтар убактылуу сактоо кампасынын ээсине (ушул Жободо аныкталган убактылуу сактоочу жерде товарларды убактылуу сактоочу жакка) жиберилет.
12. Товарларды чыгарганга чейин аларды убактылуу сактоочу жерди өзгөртүүгө бажы органынын уруксаты менен төмөнкү учурда жол берилет:
1) убактылуу сактоо кампасынын ээси убактылуу сактоо кампасынын ээлеринин реестринен чыгарылганда жана анын иштеши токтогондо;
2) товарларды убактылуу сактоочу башка жерлерге убактылуу сактоого уруксат берүү жөнүндө бажы органынын чечими жокко чыгарылганда;
3) товар үчүн талап кылынган сактоо шарттарынын жоктугу (температура, нымдуулук);
4) кызыкдар жактын жүйөлөнгөн кайрылуусу.
Товарларды убактылуу сактоочу жерди өзгөртүүгө уруксат алуу үчүн жак бажы органына эркин формада түзүлгөн жана ташуучу, транзиттик декларациянын каттоо номери, товарларды убактылуу сактоочу жерди өзгөртүү зарылдыгын шарттаган жагдайлар жөнүндө, товарларды убактылуу сактоо болжолдонгон жер жөнүндө, товарларды убактылуу сактоо болжолдонгон убактылуу сактоо келишими жөнүндө, товарлардын турган жери (убактылуу сактоо кампасында жайгашкан (ушул Жободо аныкталган товарларды убактылуу сактоочу жерде) же болбосо бажы контролунун зонасында турган) жөнүндө маалыматтарды камтыган электрондук түрдөгү арызды бажы органына жөнөтөт.
Арыз келип түшкөн бажы органы арыз катталган күндөн кийинки күндөн кечиктирбестен товарларды убактылуу сактоочу жерди өзгөртүү жөнүндө же болбосо товарларды убактылуу сактоочу жерди өзгөртүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимди кабыл алат.
Арыз келип түшкөн бажы органы төмөнкү учурларда товарларды убактылуу сактоочу жерди өзгөртүүдөн баш тартат:
а) товарлар жана транспорт каражаты ишинин регионунда жайгашпаган бажы органына келип түшсө;
б) арыз ыйгарым укуктуу эмес жак тарабынан берилсе;
в) арыз ушул пункттун 1) - 4) пунктчаларында көрсөтүлгөн маалыматтарды камтыбаса;
г) товарларды убактылуу сактоо каралган убактылуу сактоого түзүлгөн келишимдин жоктугу.
Товарларды убактылуу сактоочу жерди өзгөртүү жөнүндө же товарларды убактылуу сактоочу жерди өзгөртүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим бажы органы тарабынан электрондук түрдө кабарлоо формасында каттоо номерин ыйгаруу менен төмөнкүдөй схема боюнча таризделет:
ХХХХXXXX/DDMMYY/YYYYYY,
мында:
ХХХХХХХХ - товарларды убактылуу сактоочу жерди өзгөртүүгө уруксат берүү же товарларды убактылуу сактоочу жерди өзгөртүүдөн баш тартуу жөнүндө кабарлоону каттоону жүзөгө ашыруучу бажы органынын коду;
DDMMYY - документтерди каттоо күнү, айы жана жылы;
YYYYYY - бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилүүчү товарларды убактылуу сактоого жайгаштыруу үчүн берилген документтерди каттоо журналынан пайдаланылуучу кабарлоонун катар номери.
Бажы органынын электрондук түрдө кабарлоо формасында түзүлгөн, электрондук колу коюлган жана жакка жөнөтүлгөн чечими кабарлоонун датасы жана каттоо номери, түзүлгөн убактылуу сактоо келишимине ылайык товарлардын убактылуу сактоочу жерди өзгөртүүгө уруксат жөнүндө маалыматтарды, ал эми товарларды убактылуу сактоочу жерди өзгөртүүгө уруксат берүүдөн баш тартылган учурда - ушул пунктта каралган баш тартуунун себептеринин негиздерин камтууга тийиш.
Товарларды убактылуу сактоочу жер арыз келип түшкөн бажы органынын иш регионунан айырмаланып өзгөргөн учурда товарларды убактылуу сактоо орду өзгөргөндүгү тууралуу маалымат товарларды убактылуу сактоо болжолдонгон региондогу бажы органына жиберилет.
Товарларды убактылуу сактоочу башка жерге ордун которуу, эгерде бул товарлар арыз келип түшкөн бажы органынын иш регионунда убактылуу сактоого коюлса, Кодекстин 341, 342, 343, 345 жана 349-беренелерине ылайык бажы контролун жүргүзүүнү камсыз кылган чараларды колдонуу менен жүргүзүлөт.
Товарлар башка бажы органынын иш регионунда жайгашкан убактылуу сактоочу башка жерге орду которулган учурда, мындай ордун которуу бажы транзитинин бажы жол-жоболоруна ылайык жүзөгө ашырылат.
13. Башка товарларга зыян келтирген же сактоонун өзгөчө шарттарын талап кылган товарлар убактылуу сактоо кампасынын атайын ылайыкташтырылган жайларында (идиштерде) сакталууга тийиш.
Кодекстин 51-главасына ылайык бажы органдары тарабынан кармалган, Кыргыз Республикасына ташып кирүүгө тыюу салынган товарлар токтоосуз ташып кетүү мүмкүн болбогон же ишке ашырылбаган учурда убактылуу сактоо кампаларына же товарларды түшүрбөстөн ушул Жободо аныкталган бажы контролунун зонасы болуп саналган жерлерге Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык товарларды ташуучу жактардын эсебинен жайгаштырылышы мүмкүн.
14. Темир жол транспорту менен ташып келинген товарларды убактылуу сактоого жайгаштырууда төмөнкү өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен жүргүзүлөт:
1) карамагында темир жол участогу жана/же контейнердик аянтча жайгашкан адамдын суроо-талабы боюнча темир жол транспорту менен ташып келинген товарларды темир жолдо жана/же контейнердик аянтчада турган транспорт каражаттарына түздөн-түз ташып түшүргөнгө чейин жайгашкан жери бажы органдары менен макулдашылган, убактылуу сактоо кампасы болуп эсептелбеген жерлерде убактылуу сактоого уруксат берилет.
Аталган жерлер бажылык контролдоо зонасы болуп эсептелет. Карамагында темир жол участогу жана/же контейнердик аянтча болгон жак товарлардын сакталышын жана аларга бөтөн адамдардын жетпей тургандыгын камсыз кылууга, ошондой эле бажылык контролдоо зонасы болуп эсептелген жерлерди бажылык контролдоо зонасын түзүү жана белгилөө тартибинде каралган белгилер менен белгилөөгө милдеттүү;
2) темир жолдо бажылык контролдоо зонасында турган транспорт каражаттарында сактоодо турган товарлар бажы максаттары үчүн убактылуу сактоодо турган катары каралат. Товарларды түшүрүүгө жана аларды кандай болбосун башка жерге которууга бажы органынын уруксаты менен жол берилет;
3) товарларды алуучуга темир жол станциясынан товарларга болгон документтерди берүү станциянын товардык конторасы тарабынан электрондук формада документтерди жана маалыматтарды берүү аркылуу бажы органы кабарлагандан кийин жол берилет. Маалыматтарды берүү фактысы станциянын товардык конторасынын кызмат адамдары тарабынан журналда чагылдырылат, анын формасы бажы органы жана темир жол станциясы тарабынан белгиленет;
4) бажы органынын кызмат адамы ушул Жобого ылайык станциянын товардык конторасы тарабынан берилген документтерди жана маалыматтарды каттоону жүргүзөт;
5) бажы органдарынын түзүмдүк бөлүмдөрү жок болгон темир жол станцияларында ташуучу товарлардын келгендиги тууралуу бажы органдарына кабарлоого милдеттүү.
15. Аба транспорту менен ташылуучу товарларды убактылуу сактоого жайгаштыруу төмөнкүдөй өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен жүргүзүлөт:
1) товарлар аба кемеси менен келгенде товарларды аэропорттун аймагында уюштурулган убактылуу сактоо кампасына жайгаштыруу жана аларды убактылуу сактоо кампасынан берүү ыйгарым укуктуу кызматтар жана убактылуу сактоо кампасынын ээлери менен биргеликте бажы органы тарабынан жүзөгө ашырылат;
2) аэропортто аба транспорту менен алып келинген товарлардын кыймылын эсепке алуу максатында, авиатранспорт келгенде аэропорттун администрациясынын кызматкерлери бажы органынын кызмат адамына кабарлагандан жана документтерди бергенден кийин бажы органынын кызматкери тарабынан ушул Жобого ылайык аэропорттун кызматы (администрациясы) берген документтерди жана маалыматтарды каттоо жүргүзүлөт.
16. Убактылуу сактоодо турган товарларга карата ыйгарым укугу бар жактар мындай товарлардын абалын өзгөртпөй сакталышын камсыз кылуу үчүн зарыл болгон операцияларды жүргүзүүгө, анын ичинде товарларды кароого жана өлчөөгө, аларды убактылуу сактоочу жердин чегинде ордун которууга укуктуу.
Ушул пункттун биринчи абзацында көрсөтүлгөн операциялар, анын ичинде товарлардын сынамын жана (же) үлгүсүн алуу, бузулган таңгактарды оңдоо, товарлардын санын жана (же) мүнөздөмөсүн аныктоо үчүн таңгактарды ачуу, ошондой эле товарларды кийинки ташууга (транспорттоого) даярдоо үчүн зарыл болгон операциялар бажы органынын уруксаты менен жасалат.
Ушул пункттун экинчи абзацында операцияларды жүргүзүүгө уруксат пландалган операцияда көрсөтүлгөн электрондук түрдөгү арызды, ошол эле учурда бул жөнүндө убактылуу сактоо кампасынын ээсине (ушул Жободо аныкталган убактылуу сактоочу жерде товарларды убактылуу сактоону жүзөгө ашырган жакка) маалымдоо менен бажы органынын дарегине жөнөткөн учурда бажы органы тарабынан берилет.
Арызды кароо жана чечимди кабыл алуу мөөнөтү бажы органы тарабынан аны алган учурдан тартып үч саат жумуш убактысынан ашпоого тийиш.
Эгерде мындай операцияларды жүргүзүү товарлардын жоголушуна же алардын абалынын өзгөрүшүнө алып келсе, бажы органы мындай операцияларды жүргүзүүгө уруксат берүүдөн баш тартат.
Уруксат (уруксат берүүдөн баш тартуу) бажы органы тарабынан электрондук түрдө кабарлоо формасында каттоо номерин ыйгаруу менен төмөнкүдөй схема боюнча таризделет:
ХХХХXXXX/DDMMYY/YYYYYY,
мында:
ХХХХХХХХ - убактылуу сактоодо турган товарлар менен операция жүргүзүүгө уруксат берүү (уруксат берүүдөн баш тартуу) жөнүндө кабарлоону каттоону жүзөгө ашыруучу бажы органынын коду;
DDMMYY - кабарлоону каттоо күнү, айы жана жылы;
YYYYYY - убактылуу сактоодо турган товарлар менен операцияларды жүргүзүүгө уруксаттарды берүү тууралуу (уруксаттарды берүүдөн баш тартуу тууралуу) 000001 номеринен башталган жана жылдын чегинде өтмө номерлерине ээ болгон программалык каражаттарды пайдалануу менен ушул Жобого 6-тиркемеге ылайык форма боюнча кабарлоолорду каттоо журналында түзүлүүчү кабарлоонун катар номери.
Электрондук түрдө кабарлоо формасында түзүлгөн, электрондук колу коюлган жана жакка жана убактылуу сактоо кампасынын ээсине (ушул Жободо аныкталган убактылуу сактоочу жерде товарларды убактылуу сактоону жүзөгө ашырган жакка) жөнөтүлгөн бажы органынын чечими кабарлоонун датасы жана каттоо номери, пландалган операцияларга уруксаттар жөнүндө маалыматтарды, ал эми ушул пункттун бешинчи абзацы менен каралган негиздер боюнча уруксат берүүдөн баш тартылган учурда - кабыл алынган чечимдин кыскача негиздемесин камтууга тийиш.
3. Бажы органы тарабынан товарларды убактылуу сактоого жайгаштыруу жана аларды каттоо тууралуу ырастаманы берүү үчүн берилген документтерди каттоо менен байланышкан бажы операцияларын жүргүзүү тартиби
17. Товарларды убактылуу сактоого жайгаштыруу үчүн берилген документтерди каттоону жана документтердин катталгандыгы жөнүндө ырастаманы берүүнү ушул Жобонун 8-пунктунда каралган документтер жана маалыматтар берилген бажы органы аларды бажы органына берген учурдан тартып бир сааттан кечиктирбестен ишке ашырат.
Бажы органынын кызмат адамы товарларды убактылуу сактоого жайгаштыруу үчүн берилген документтерди бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекиткен форма боюнча документтерди каттоо журналында каттагандан кийин электрондук түрдө кабарлоону түзүүнү жана мындай документке төмөнкүдөй түзүм боюнча каттоо номерин ыйгарууну жүзөгө ашырат:
ХХХХХХХХ/DDMMYY/CC/NNNNNN,
мында:
ХХХХХХХХ - товарларды убактылуу сактоого жайгаштыруу үчүн берилген документтерди каттоону жүзөгө ашыруучу бажы органынын коду;
DDMMYY - товарларды убактылуу сактоого жайгаштыруу үчүн берилген документтерди каттоо күнү, айы жана жылы;
СC - Товарлардын жайгаштыруу жеринин классификаторуна ылайык цифралык коду:
"11" - Убактылуу сактоо кампаларынын ээлеринин реестрине киргизилген товарларды убактылуу сактоо кампаларына жайгаштыруу үчүн берилген документтерди каттоодо башка жерлерде товарларды убактылуу сактоого жайгаштырууга ылайык келген Бажы бирлигинин Комиссиясынын 2010-жылдын 20-сентябрындагы № 378 чечими менен бекитилген Товарлардын жайгаштыруу жеринин классификаторуна ылайык цифралык коду (№ 24 тиркеме);
"99" - Убактылуу сактоо кампаларынын ээлеринин реестрине киргизилген товарларды убактылуу сактоо кампаларына жайгаштыруу үчүн берилген документтерди каттоодо башка жерлерде товарларды убактылуу сактоого жайгаштырууга ылайык келген Бажы бирлигинин Комиссиясынын 2010-жылдын 20-сентябрындагы № 378 чечими менен бекитилген Товарлардын жайгаштыруу жеринин классификаторуна ылайык цифралык коду (№ 24 тиркеме);
NNNNNN - бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген форма боюнча товарларды убактылуу сактоого жайгаштыруу үчүн берилген документтерди каттоо журналына документтерди каттоодо түзүлүүчү кабарлоонун катар номери, ал жылдын чегинде өтмө номерленет жана 000001 номеринен башталат.
Товарларды убактылуу сактоого жайгаштыруу үчүн берилген документтердин катталгандыгын ырастоо жөнүндө кабарлоодо товарлар, товарларды жөнөтүүчү жана алуучу, аларды жөнөткөн өлкө жана жөнөтүлгөн өлкө, жүк орундарынын саны, брутто/нетто салмагы, товарлардын наркы, убактылуу сактоо мөөнөттөрү жөнүндө маалыматтар камтылууга тийиш.
Товарларды убактылуу сактоого жайгаштыруу үчүн берилген документтердин катталгандыгын ырастоо жөнүндө кабарлоо мындай документтерди берген жакка бажы органынын маалыматтык системасын пайдалануу менен жиберилет.
Ушул Жобонун 9-пунктуна ылайык жагдайлар пайда болгон учурда товарларды убактылуу сактоого жайгаштыруу үчүн берилген документтерди каттоону ырастоо жөнүндө кабарлоо бажы органынын кызмат адамынын өздүк номердик мөөрүнүн оттискин коюу менен кагаз жүзүндө жөнөтүлөт (тапшырылат).
18. Ушул Жобонун 17-пунктунда көрсөтүлгөн документтерди каттоо фактысы жөнүндө маалымат жана алар жөнүндө маалыматтар убактылуу сактоо кампасынын ээсинин (ушул Жободо аныкталган убактылуу сактоочу жерде товарларды убактылуу сактоону жүзөгө ашырган жакка) маалымат системасына берилет.
Товарларды убактылуу сактоого жайгаштыруу үчүн берилген документтер бажы органы тарабынан катталган күндөн тартып товарлар убактылуу сактоодо турган болуп эсептелет.
4. Товарларды убактылуу сактоо мөөнөтү
19. Товарларды убактылуу сактоо мөөнөтүн эсептөө бажы органы товарларды убактылуу сактоого жайгаштыруу үчүн берилген документтерди каттагандан кийинки күндөн башталат.
20. Товарларды убактылуу сактоо мөөнөтү Кодекстин 101-беренесинде аталган учурларды кошпогондо, төрт айды түзөт.
Убактылуу сактоо кампасынын ээси (ушул Жободо аныкталган убактылуу сактоочу жерде товарларды убактылуу сактоону жүзөгө ашырган жак) убактылуу сактоо кампасында жайгашкан (ушул Жобо менен белгиленген башка жерлерде) товарларды убактылуу сактоо мөөнөтү аяктаганга чейин бажы органына маалымдайт.
21. Убактылуу сактоо мөөнөтү аяктаган күндөн кийинки күнү бажы органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы ушул Жобонун 2-тиркемесине ылайык форма боюнча убактылуу сактоо мөөнөтү аяктаган факты жазылган актынын таризделишин (эки нускада) камсыз кылат. Актынын экинчи нускасы товарлардын ээсине (эгер ушул адам бажы органы тарабынан аныкталса) кол коюлуп, жеке өзүнө же почта аркылуу жөнөтүү жолу менен (тапшыгандыгы жөнүндө кабарлоо менен) тапшырылууга тийиш. Актынын көчүрмөсү убактылуу сактоо кампасынын ээсине (ушул Жобонун 6-главасында аныкталган убактылуу сактоочу жерде убактылуу сактаган жак) кол коюлуп берилет.
22. Убактылуу сактоо мөөнөтү өткөн товарлар Кодекстин 51-главасына ылайык бажы органы тарабынан кармалат. Кодекстин 379-беренесинде каралган учурларда товарларды сактоо Кодекстин 380-беренесинде көрсөтүлгөн мөөнөттө жүзөгө ашырылат.
23. Кодекстин 51-главасына ылайык кармалган (Кодекстин 101-беренесинин 3-пунктунда көрсөтүлгөн учурларды кошпогондо) жана кийин аларды бажы жол-жобосуна жайгаштыруу үчүн убактылуу сактоого кайтарылган товарлардын убактылуу сактоо мөөнөтү ушул товарлар кармалды деп саналган мөөнөттү эсепке албастан эсептелет.
24. Бажы органдары тарабынан Кодекстин 379-беренесинде белгиленген негиздер боюнча кармалган жана Кодекстин 380-беренесинин 1 жана 2-пункттарында каралган мөөнөттө Кодекстин 381-беренесинде көрсөтүлгөн адамдар тарабынан талап кылынбаган товарларды тескөө алардын сактоо мөөнөтү өткөндөн кийин Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
5. Убактылуу сактоо кампасынан товарларды берүү
25. Убактылуу сактоо кампасынан (товарларды ушул Жобо менен аныкталган убактылуу сактоочу жерден) товарлар төмөнкү учурларда берилет:
а) товарларды бажы жол-жобосуна жайгаштырууда;
б) товарлардын үлгүлөрүн жана сынамдарын алууда;
в) кылмыш-жаза иши жана бузуулар жөнүндө иш боюнча өндүрүштүн алкагында процесстик аракеттерди жүзөгө ашырууда;
г) Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасы аркылуу алып өтүүгө тыюу салынган товарларды кайра ташып чыгууда;
д) Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынан товарларды ташып чыгууда, эгерде ушул товарлар Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына келгенден кийин Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасы аркылуу товарларды алып өтүү жеринен чыкпаса;
е) товарларды башка убактылуу сактоо кампасына же башка убактылуу сактоочу жерге которгондо;
ж) көчмө бажылык текшерүүнү жүргүзгөн бажы органынын кызмат адамы алынган товарларды кайтарып берүү жөнүндө чечим чыгарганда;
з) Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарында каралган башка учурларда.
26. Бажы органы ушул Жобонун 25-пунктунда көрсөтүлгөн максаттарга ылайык документтерди тариздеген учурдан тартып 1 сааттын ичинде убактылуу сактоо кампасынын ээсине (ушул Жободо аныкталган убактылуу сактоочу жерде товарларды убактылуу сактоону жүзөгө ашырган жакка) убактылуу сактоо кампасынан (убактылуу сактоочу башка жерден) товарларды берүүгө уруксат болуп саналган жана документтерди тариздөө фактысы жөнүндө маалыматты камтыган каттоо номери, көрсөтүлгөн документтердин реквизиттери, ошондой эле берилүүгө тийиш болгон товарлар жөнүндө маалыматтарды (товардын аталышы, товардын коду, жүк салуучу жерлердин саны, брутто/нетто салмагы, товарлардын наркы, транспорттук (коммерциялык) документтин номери) камтыган электрондук түрдө кабарлоону жөнөтөт.
Кабарлоонун каттоо номери төмөнкү схема боюнча түзүлөт:
ХХХХХХХХ /DDMMYY/NNNNNN,
мында:
ХХХХХХХХ - бажы органынын коду;
DDMMYY - кабарлоону каттоо күнү, айы жана жылы;
NNNNNN - бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген форма боюнча товарларды убактылуу сактоо кампасынан берүү жөнүндө кабарлоолорду каттоо журналында каттоодо түзүлүүчү кабарлоонун катар номери, ал жылдын чегинде өтмө номерленет жана 000001 номеринен башталат.
27. Убактылуу сактоо кампасынын ээси (ушул Жободо аныкталган убактылуу сактоочу жерде товарларды убактылуу сактоону жүзөгө ашырган жак) ушул Жобонун 26-пункту менен каралган кабарлоодо камтылган маалыматка ылайык товарлардын (товардын бөлүктөрүн) берүүнү жүзөгө ашырат.
28. Товарларды убактылуу сактоо кампасынын аймагынан (ушул Жобо менен аныкталган товарларды убактылуу сактоочу жерден) берүү товарларды ташууга даярдоо үчүн зарыл болгон убакыт өткөндөн кийин ишке ашырылат.
Убактылуу сактоочу жер аэропорттун же темир жол станциясынын аймагында жайгашкан товарларга карата убактылуу сактоо кампасынын аймагынан (ушул Жобо менен аныкталган товарларды убактылуу сактоочу жер) берүү аэропорттун же темир жол станциясынын технологиялык процесси (графиги) менен белгиленген убакыттын ичинде ишке ашырылат.
29. Убактылуу сактоо кампасынан (ушул Жобо менен аныкталган товарларды убактылуу сактоочу жерден) Мыйзамдын 189-беренесинде көрсөтүлгөн товарларды берүү Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
30. Убактылуу сактоо кампасынын аймагынан (ушул Жобонун 6-главасында аныкталган товарларды убактылуу сактоочу жерден) кылмыш-жаза иштери жана бузуулар жөнүндө иштер боюнча өндүрүштүн алкагында тийиштүү процесстик аракеттерди жүргүзүү үчүн товарларды берүү Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза процесстик мыйзамдарына же Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
6. Убактылуу сактоо кампаларынын ээлеринин реестрине киргизбестен убактылуу сактоочу жерлерде товарларды убактылуу сактоо
31. Убактылуу сактоо кампаларынын ээлеринин реестрине киргизбестен убактылуу сактоочу жерлер төмөнкүлөр болуп саналат:
1) сактоонун өзгөчө шарттарын талап кылуучу, мындай товарларды сактоо үчүн ылайыкташтырылган, товарларды убактылуу сактоо жайлары;
2) эгерде мамлекеттик органдар товарларды алуучу болуп саналса, товарларды убактылуу сактоочу жерлер;
3) ыйгарым укуктуу экономикалык оператордун жайы, ачык аянтчасы жана башка аймагы;
4) эл аралык почталык алмашуу жерлериндеги айрым жайлар;
5) жүргүнчүнү авиациялык же темир жол аркылуу ташуу келишиминин алкагында ташылуучу, алына элек же талап кылынбаган жүктү сактоочу жер;
6) аэропорттун режимдик аймагынын чегинде чет элдик товарларды түшүрүүнүн жана кайра жүктөөнүн (которуп жүктөөнүн) атайын жабдылган жери, мындай товарларды Кыргыз Республикасына ташып келүү жери жана Кыргыз Республикасынан ташып чыгуу жери дал келген шартта;
7) темир жол станцияларынын чегинде бажы органдары менен макулдашылган жерлерде жайгашкан жана товарларды транспорт каражаттарынан түшүрбөстөн убактылуу сактоо үчүн арналган темир жолдор жана контейнер аянттары;
8) Кодекстин 259-беренесинин 2-пунктунда көрсөтүлгөн жеке жактардын турак жайлары;
9) эркин кампалардын, эркин экономикалык зоналардын аймактары;
10) бажы органынын уруксаты менен башка жерлер.
32. Ушул Жобонун 31-пунктунун 1, 2, 4-8-пунктчаларында белгиленген жерлерде (мындан ары - башка жерлер) товарларды убактылуу сактоо бажы органынын уруксаты менен жүргүзүлөт.
Башка жерлерде товарларды убактылуу сактоо жөнүндө чечим кызыкдар жактын бажы органына берген арызынын негизинде бажы органы тарабынан кабыл алынат.
Убактылуу сактоочу башка жерлерде товарларды убактылуу сактоого арыз ушул Жобонун 3-тиркемесине ылайык форма боюнча электрондук түрдө арыз ээсинин электрондук колу коюлуп берилет.
33. Кызыкдар жактын товарларды убактылуу сактоого уруксат алуу жөнүндө арызы төмөнкүдөй маалыматтарды камтууга тийиш:
1) жактын аталышы, анын уюштуруу-укуктук формасы, юридикалык жана почта даректери;
2) башка жерлерде товарларды убактылуу сактоо үчүн негиздер;
3) товарларды убактылуу сактоо үчүн болжолдонгон жайлардын (ачык аянтчалардын) жайгашкан жери;
4) тиешелүү укук белгилөөчү документтердин реквизиттерин көрсөтүү менен товарларды убактылуу сактоо үчүн болжолдонгон жайларга (ачык аянттарга) ээлик кылуу формасы;
5) товарларды сактоо мөөнөтү жөнүндө тиешелүү негиздеме жана маалымат;
6) убактылуу сактоо болжолдонгон жердин материалдык-техникалык жабдылышы.
34. Арызга төмөнкүдөй документтер тиркелет:
1) товарларды убактылуу сактоо үчүн болжолдонгон (темир жолдордо убактылуу сактоо учурларын кошпогондо) жайларга (ачык аянтчаларга) ээлик кылууну ырастаган документтер;
2) товарларды убактылуу сактоо болжолдонгон жердин планы жана чиймеси;
3) товарларды убактылуу сактоо болжолдонгон жердин материалдык-техникалык жабдылышын ырастаган документтер;
4) транспорттук жана коммерциялык документтер - эгерде кайрылуу Кыргыз Республикасынын аймагына товарлар келгенге чейин же бажы органы жайгашкан жердеги жеткирүү жерине транспорт каражаты келгенге чейин товарлардын партиясына бир жолку уруксатка берилсе.
Ушул Жобонун 9-пунктуна ылайык жагдайлар келип чыккан учурда арыз жана ага тиркелген документтер кагаз жүзүндө берилет.
Ушул пункттун алтынчы абзацында көрсөтүлгөн кырдаалдар жоюлгандан кийин кызыкдар жак бажы органына ушул пунктта көрсөтүлгөн документтердин электрондук көчүрмөлөрүн берет.
35. Кодекстин 259-беренесинин 2-пунктунда көрсөтүлгөн жактар товарларды турак жайда сактаган учурда арызда товарларды сактоо пландалган жайдын жайгашкан жери жөнүндө маалымат көрсөтүлөт, ага жактын ким экендигин күбөлөндүргөн жана туруктуу же убактылуу жашаган жерин ырастаган документтердин көчүрмөлөрү тиркелет.
36. Ага карата товарларды башка жерлерде убактылуу сактоо жөнүндө чечим кабыл алынган жакка товарлардын сакталышын камсыз кылуу жана бажы органдарынын уруксатысыз товарлар менен операцияларды жүргүзбөө боюнча милдеттер жүктөлөт. Бажы органдары товарларды алмаштыруунун же алар менен уруксат берилбеген операцияларды жүргүзүүнүн алдын алуу максатында товарлардын таңгагына же алар сакталуучу жайларга идентификациялоо каражаттарын коет.
37. Арыз жана ага тиркелген документтер бажы органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамдарынын кароосу үчүн бажы органынын маалыматтык системасына жайгаштырылат. Кызыкдар жактын арызын бажы органы тарабынан кароо жана убактылуу сактоонун башка жеринде убактылуу сактоо жөнүндө чечимди кабыл алуу мөөнөтү мындай арыз катталган күндөн тартып эки жумуш күндөн ашпоого тийиш.
38. Чечим төмөнкү түзүм боюнча каттоо номерин ыйгаруу менен электрондук кабарламаны түзүү аркылуу таризделет:
ХХХХХХХХ/DDMMYY/NNNNNN/99,
мында:
ХХХХХХХХ - убактылуу сактоонун башка жеринде товарларды убактылуу сактоо жөнүндө кабарламаны каттоону жүргүзгөн бажы органынын коду;
DDMMYY - убактылуу сактоонун башка жеринде товарларды убактылуу сактоо жөнүндө кабарламаны каттоо күнү, айы жана жылы;
NNNNNN - ушул Жобонун 4-тиркемесине ылайык форма боюнча убактылуу сактоочу кампалар болуп саналбаган жерлерде товарларды убактылуу сактоого уруксаттар журналында каттоодо түзүлүүчү кабарламанын катар номери, ал жыл чегинде өтмө номерге ээ болот жана 000001 номеринен башталат;
"99" - башка жерлерде товарларды убактылуу сактоого коюуга шайкеш келген Бажы бирлигинин Комиссиясынын 2010-жылдын 20-сентябрындагы № 378 чечими менен бекитилген Товарлардын жайгашкан жеринин классификаторуна ылайык санариптик код (№ 24 тиркеме). Бажы алымдарын, салыктарды төлөөнү камсыз кылуунун зарылдыгы жөнүндө чечим кабыл алынган учурда: "Бажы алымдарын, салыктарды төлөө камсыз кылынган шартта уруксат берем" деп көрсөтүлөт.
39. Ушул Жобонун 38-пунктунда көрсөтүлгөн, бажы органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын электрондук кол тамгасы коюлган жана кабарламанын каттоо номери, товарларды убактылуу сактоо үчүн болжолдонгон жерлерде товарларды сактоого уруксатты, ошондой эле товарларды сактоо мөөнөтү жөнүндө маалыматтарды камтыган бажы органынын чечими кызыкдар жакка жиберилет.
40. Терс чечим кабыл алынган учурда бажы органы ушул Жобонун 37-пунктунда каралган мөөнөттө кызыкдар жакка баш тартуунун себептери жөнүндө электрондук формада жүйөлүү маалымдайт.
41. Эгерде товарларды башка жерге сактоого кабыл алуу процессинде (товарларды убактылуу сактоо процессинде) ушул Жобонун 11-пунктунда каралган фактылар белгиленсе, ушул Жободо аныкталган убактылуу сактоочу жерде товарларды убактылуу сактоочу жак, ошондой эле бажы органы ушул Жобонун 11-пунктунда белгиленген иш-аракеттерди жүргүзөт.
42. Бажы органы ушул жак бажы органына кайрылган күнгө чейин бир жылдын ичинде бир нече ирет (эки же андан көп жолу) бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү бузуулар үчүн жоопкерчиликке тартылган учурда, бул жакка башка жерлерде товарларды убактылуу сактоого чечимди берүүдөн баш тартат.
43. Товарларды убактылуу сактоо жөнүндө чечим аталган юридикалык жактын жоюлгандыгына байланыштуу, ошондой эле аталган жактын ушул Жобонун 36-пунктунда каралган милдеттерди аткарбагандыгынын жана (же) ушул Жобонун 42-пунктунда белгиленген тартиптегидей бузуулар үчүн бир нече ирет жоопкерчиликке тартылгандыгынын натыйжасында ага карата товарларды убактылуу сактоо жөнүндө чечим кабыл алынган жактын арызынын негизинде бул чечимди кабыл алган бажы органы тарабынан жокко чыгарылууга тийиш.
7. Алуучунун кампасында товарларды убактылуу сактоо
44. Алуучунун кампасына убактылуу сактоо үчүн товарларды коюу ушул Жобонун 6-главасына ылайык жүргүзүлөт.
45. Алуучунун кампасына товарларды коюунун максатка ылайыктуулугу төмөнкү шарттар аткарылганда аныкталат:
1) арыз ээси тарабынан ташып келинген товарларды чоочун адамдардын контролсуз алуусун жойгон шарттардын түзүлүшү;
2) бажы органдарынын кызматкерлеринин тоскоолдуксуз кирүүсүн камсыз кылуучу шарттарды түзүү;
3) мындай жайларга бажылык идентификация каражаттарын коюу мүмкүнчүлүгү болгон учурда товарларды өзүнчө жабдылган жайга жайгаштыруу;
4) алуучунун кампасында товарларды документтик эсепке алуу;
5) товарларды идентификациялоо мүмкүндүгү.
46. Товарларды алуучунун кампасында үчүнчү жактарга тиешелүү товарларды сактоого жол берилбейт.
47. Алуучунун кампасынын жабдылышы бажылык контролдон тышкары товарлардын түшүүсү жана транспорт каражаттарынын кирүүсү жана аларды алуу мүмкүндүгүнө жол бербөөгө, ошондой эле товарлардын сакталышын жана аларга чоочун адамдардын кирүүсүнө мүмкүндүк бербөөнү камсыз кылууга тийиш.
48. Товарларды сактоого коюу ушул Жобонун 5-тиркемесине ылайык форма боюнча бажылык контролдоого сактоого өткөрүп берүү актысы менен таризделет.
49. Товарлардын эсебин алуу убактылуу сактоого уруксат берген бажы органы тарабынан жүргүзүлөт. Бажы алымдарын төлөө жоопкерчилиги товарларды жана транспорт каражаттарын мындай жерлерде сактоо мүмкүнчүлүгү берилген жакка жүктөлөт.
8. Убактылуу сактоо кампасында сакталуучу товарларды эсепке алуу жана отчеттуулук
50. Убактылуу сактоодогу товарлар маалыматтык системаларды колдонуу менен милдеттүү эсепке алынууга тийиш.
51. Бажы органынын жазуу жүзүндөгү талабы боюнча убактылуу сактоо кампасынын ээси же товарларына карата башка жерлерде убактылуу сактоо жөнүндө чечим кабыл алынган жак сактоодо турган же бажы органы тарабынан аныкталган мезгилдин ичинде сактоодо турган товарлар жөнүндө отчетту бажы иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген формалар боюнча берүүгө тийиш.
52. Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын маалыматтык системасына ылайык келген товарларды сактоого карата товарларды эсепке алуунун автоматташтырылган системасын колдонуучу убактылуу сактоо кампасынын ээси (ушул Жободо аныкталган убактылуу сактоочу жерде товарларды убактылуу сактоочу жак) бажы органдарына мындай системага кирүү мүмкүнчүлүгүн берет.
53. Бажы органы убактылуу сактоо кампасында сакталуучу товарларды инвентаризациялоого укуктуу.
|
| Бажы контролунда турган товарларды убактылуу сактоо жөнүндө жобого 1-тиркеме |
Форма
Товарлардын бузулуусу (жараксыз болуусу), аталышынын жана санынын шайкеш эместигин аныктоо жөнүндө №____ АКТ
__________________________________ (акт түзүлгөн жер) |
| 20___-жылдын "___" __________ |
Бул акт транспорттук (ташуучу) жана/же бажы документи боюнча __________________________
__________________________________________________________________________________ (документтин түрү, аталышы, номери жана датасы)
________________________________________________________________ ташуучу тарабынан (уюмдун аталышы, жеке жактын аты-жөнү)
________________________________________________________________________ алуучунун (уюмдун аталышы, жеке жактын аты-жөнү)
дарегине ташып келинген жана 20___-жылдын "____" ______________ ____________________
_________________________________________________________________________________, (убактылуу сактоо кампасынын аталышы)
убактылуу сактоо кампасына убактылуу сактоого жайгаштырылган,
20__-жылдын "____" ____________ № _____ Убактылуу сактоо кампасынын ээлеринин
реестрине киргизүү жөнүндө күбөлүгү бар, (убактылуу сактоочу башка жер)
_________________________________________________________________________________ (уюмдун аталышы, жеке жактын аты-жөнү)
товарларга карата түзүлгөн, бажы органынын 20___-жылдын "___" ______________ № ______
чечимине ылайык төмөнкүлөр белгиленген:
1) товарларды кароо учурунда товардын, таранын (таңгактын) абалы, тышкы маркалоонун
мазмуну ________________________________________________________________________;
2) транспорттук же коммерциялык документтерге ылайык жүктөө жерлеринин саны
________________________________________________________________________________;
3) транспорттук же коммерциялык документтерге ылайык убактылуу сактоо кампаларына
коюлган товарлардын аталышы жана саны:
Товардын аталышы | Өлчөө бирдиги (ДЕИ) | Орундун саны | Товардын салмагы | ДЕИ саны | Баасы | Саны | ||
Документтер боюнча | Иш жүзүндө | Айырма | ||||||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
____________________________ | _________________ | ________________________________ |
(кызмат орду) | (колу) | (инициалы, фамилиясы) |
|
| Бажы контролунда турган товарларды убактылуу сактоо жөнүндө жобого 2-тиркеме |
Форма
_______________________________________________________________________________ (бажы органынын аталышы)
_________________________________ № ___________________________________________ (дата)
Убактылуу сактоо мөөнөтүнүн бүткөндүгү жөнүндө АКТ
Бул акт 20___-жылдын "___" ______________ № ________ транзиттик декларациянын
(Эл аралык жол аркылуу ташуу китепчеси)
________________________________________________________________________________ (документтин түрү)
транспорттук документи боюнча ташуучу тарабынан
________________________________________________________________________________ (уюмдун аталышы, жеке жактын аты-жөнү)
_____________________________________________________________________ алуучунун (уюмдун аталышы, жеке жактын аты-жөнү)
дарегине ташып келинген жана 20___-жылдын "___" ___________________ (дата)
________________________________________________________________________________ (убактылуу сактоо кампасынын аталышы)
убактылуу сактоо кампасына коюлган, 20___-жылдын "____" ____________ № ___________
Убактылуу сактоо кампасынын ээлеринин реестрине киргизүү жөнүндө күбөлүгү бар
(убактылуу сактоочу башка жер) ___________________________________________________ (уюмдун аталышы, жеке жактын аты-жөнү)
товарларды убактылуу сактоо мөөнөтү бажы органынын 20__-жылдын "____" ____________
№ _____ чечимине ылайык аяктагандыгы жөнүндө түзүлдү.
___________________________ | _________________ | _______________________________ |
(кызмат орду) | (колу) | (инициалы, фамилиясы) |
|
| Бажы контролунда турган товарларды убактылуу сактоо жөнүндө жобого 3-тиркеме |
Форма
|
| Бажы органынын начальнигине |
___________________________________________________________________ (бажы органынын аталышы)
Башка сактоо жерлеринде товарларды убактылуу сактоого уруксат алуу жөнүндө АРЫЗ
_________________________________________________________________________________
_________________________________________________________________________________
______________________________________________________________________ байланыштуу (башка убактылуу сактоочу жерде убактылуу сактоонун зарылдыгын негиздөө)
_________________________________________________________________________________
_________________________________________________________________________________
дареги боюнча убактылуу сактоого уруксат берүүңүздү суранабыз.
Уюм жөнүндө маалыматтар ________________________________________________________
_________________________________________________________________________________ (уюмдун толук аталышы, жеке жактын аты-жөнү, юридикалык жана почта даректери)
Тийиштүү укук белгилөөчү документтердин реквизиттерин көрсөтүү менен товарларды
убактылуу сактоо үчүн болжолдонгон жайларга (ачык аянтчаларга) ээлик кылуу жөнүндө
маалыматтар:
_________________________________________________________________________________
_________________________________________________________________________________
Тийиштүү негиздөө менен алынуучу чечимдин статусу:
_________________________________________________________________________________
_________________________________________________________________________________
Убактылуу сактоо болжолдонгон жердин материалдык-техникалык жабдылышы:
_________________________________________________________________________________
_________________________________________________________________________________
Товарлар ________________________________________________________________________ (товарлардын аталышы)
Наркы __________________________________________________________________________ (суммасы)
Салмагы ________________________________________________________________________ (кг, даана ж.б.)
Төмөнкү документтер тиркелди: ____________________________________________________
________________________________________________________________________________
Жетекчи: | _______________________ | ______________________________________________ |
| (колу) | (аты-жөнү) |
Уюмдун мөөрү
Башкы бухгалтер ______________ ____________________________ 20___-ж. "___" __________ (колу) (аты-жөнү) (дата)
|
| Бажы контролунда турган товарларды убактылуу сактоо жөнүндө жобого 4-тиркеме |
Форма
Убактылуу сактоо кампасы болуп саналбаган жерлерде товарларды убактылуу сактоону КАТТОО ЖУРНАЛЫ
№ | Бажы органынын аталышы | Ага карата чечим кабыл алынган юридикалык жактын аталышы | Товарларды убактылуу сактоо үчүн арналган жайлардын (ачык аянтчалардын) жайгашкан жери | Транспорттук (ташуучу) жана коммерциялык документтердин реквизиттери |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 |
|
|
|
|
|
|
| Бажы контролунда турган товарларды убактылуу сактоо жөнүндө жобого 5-тиркеме |
Форма
Бажы контролу астында сактоого өткөрүп берүү АКТЫСЫ
20___-жылдын "___" ______________
Бажы органынын кызматкери ______________________________________________ тарабынан (аты-жөнү, кызмат орду)
жүк алуучунун өкүлүнүн катышуусунда _______________________________________________
_________________________________________________________________________________ (аты-жөнү, кызматы)
убактылуу сактоого келип түшкөн төмөндө саналган товарлар
________________________________________________________________________________
________________________________________________________________________________
________________________________________________________________________________ (юридикалык жактын аталышы, жеке жактын аты-жөнү)
дареги боюнча бажы контролу алдында өткөрүлүп берилди
________________________________________________________________________________
________________________________________________________________________________ (алуучунун кампасы)
№ | Товардын аталышы | Брутто салмагы (кг) | Орундардын саны | Транспорттук документтин номери | Транспорт каражатынын номери | Эскертүү |
|
|
|
|
|
|
|
_______________________________________________________________________________ (кошумча маалыматтар)
_______________________________________________________________________________ (жүк ташуучунун өкүлүнүн аты-жөнү, колу, кызмат орду)
Кабыл алды:
Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодексинин 99, 101, 102, ошондой эле
110-беренелеринин жоболору менен, ошондой эле товарларды убактылуу сактоонун
шарттары бузулгандыгы үчүн жоопкерчилик жөнүндө тааныштым.
______________________________________________________________________________ (сактоого жооптуу ыйгарым укуктуу адамдын аты-жөнү, кызмат орду, колу)
М.О. _______________
Товарларды сактоо мөөнөтү 20___-жылдын "___" __________ тартып 20___-жылдын
"___" _________ чейин.
______________________________________________________________________________ (Бажы органынын кызмат адамынын аты-жөнү, колу жана жеке номердик мөөрү)
Эскертүү: акт 2 нускада түзүлөт, алардын бири бажы органынын контролунда калат.
|
| Бажы контролунда турган товарларды убактылуу сактоо жөнүндө жобого 6-тиркеме |
Форма
Убактылуу сактоодо турган товарлар менен операцияларды жүргүзүүгө уруксат берүү жөнүндө (уруксат берүүдөн баш тартуу жөнүндө) кабарлоолорду КАТТОО ЖУРНАЛЫ
№ к/м | Каттоо датасы | Ага карата чечим кабыл алынган юридикалык жактын аталышы (жеке жактын аты-жөнү) | Товарларды убактылуу сактоочу жер | Транспорттук (ташуучу) жана коммерциялык документтердин реквизиттери | Бажы органынын чечими | |
Уруксат берилди | Баш тартылды | |||||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 |
|
|