Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2020-жылдын 18-ноябры № 568
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-сентябрындагы № 648 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Соттук экспертизалар мамлекеттик борборунда Соттук экспертизалар жүргүзүү жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Соттук-эксперттик иш чөйрөсүндөгү мыйзамдардагы карама-каршылыктарды жана өксүктөрдү жоюу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-сентябрындагы № 648 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Соттук экспертизалар мамлекеттик борборунда Соттук экспертизалар жүргүзүү жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- аталышында, преамбуласында жана 1-пунктунда түрдүү жөндөмөдөгү "Юстиция министрлигинин алдындагы Соттук экспертизалар мамлекеттик борбору" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү "Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик соттук-эксперттик кызмат" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Соттук экспертизалар мамлекеттик борборунда Соттук экспертизалар жүргүзүү жөнүндө нускамада:
- аталышындагы "Юстиция министрлигинин алдындагы Соттук экспертизалар мамлекеттик борборунда" деген сөздөр "Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматта" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 1-пунктундагы "Юстиция министрлигинин алдындагы Соттук экспертизалар мамлекеттик борборунда (мындан ары - СЭМБ)" деген сөздөр "Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматта (мындан ары - МСЭК)" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 4, 6, 11-15, 20, 25, 34, 37-40, 42, 43, 46, 49-пункттарында жана 2-бөлүмүнүн аталышындагы "СЭМБ" деген аббревиатура "МСЭК" деген аббревиатура менен алмаштырылсын;
- 2-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
- 6-пунктунун экинчи абзацындагы "директору" деген сөз "жетекчиси" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 9-пунктунун "а" пунктчасы "кылмыш" деген сөздөн кийин "ишинин, жоруктар жөнүндө иштин, бузуулар жөнүндө иштин" деген сөздөр менен толукталсын;
- 11-пунктунун үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Экспертиза дайындаган адамдын жазуу жүзүндөгү талабы боюнча экспертизага берилген материалдар экспертиза жүргүзүлбөстөн кайтарылышы мүмкүн.";
-13-пунктундагы "буйрутмасын" деген сөз "тапшырмасын" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 14-пунктундагы "экспертке объектке" деген сөздөр "экспертиза объектисине эксперттин" деген сөздөр менен толукталсын;
- 17-пунктундагы "СЭМБдин директору" деген сөздөр "МСЭКтин жетекчиси" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 19-пунктунда:
экинчи абзацындагы "кошо тиркелет" деген сөздөр "кошулат" деген сөз менен алмаштырылсын;
үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Изилдөөгө алынган материалдар жана буюмдай далилдер кайтаруунун алдында таңгакталат жана мөөр басылат же тиешелүү штамп жана мөөр белгилери коюлат.";
26-пунктунун биринчи абзацындагы "СЭМБдин директору" деген сөздөр "МСЭКтин жетекчиси" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 36-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"36. МСЭКте экспертиза жүргүзүүнүн жалпы мөөнөтү белгиленген тартипте экспертке (эксперттерге) тапшырылгандан кийин 30 (отуз) календардык күндөн ашпашы керек.
Мында эксперттик түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси 5 (беш) календардык күндүн ичинде эксперттик изилдөөгө келип түшкөн материалдар менен алдын ала таанышуу өткөрөт жана алардын татаалдык даражасын аныктайт. Бул мөөнөт МСЭКте жалпы экспертизаны жүргүзүү мөөнөтүнө кошулбайт.
Экспертиза жүргүзүүнүн конкреттүү мөөнөттөрү МСЭКтин эксперттик түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери тарабынан белгиленет:
- 10 күндүн чегинде (жөнөкөй);
- 20 күндүн чегинде (орточо);
- 30 күндүн чегинде (татаал).
МСЭКтин жетекчиси экспертиза дайындаган орган (жак) менен макулдашуу боюнча төмөнкү учурларда экспертиза жүргүзүүнүн мөөнөтүн 30 (отуз) күндөн ашпаган мөөнөткө узарта алат:
- тиешелүү эксперттин ден соолугуна байланыштуу жумуш ордунда жоктугу же эмгек өргүүгө чыккандыгы;
- үч же андан көп изилдөө объектилери боюнча экспертиза жүргүзүүнүн зарылдыгы;
- эксперт тарабынан кошумча материалдарды берүү жөнүндө өтүнүч менен кайрылуусу.";
- 38-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Эгерде өтүнүч 30 календарлык күндүн ичинде канааттандырылбаса, эксперт коюлган маселелерди өзүнүн колундагы материалдар мүмкүндүк берген деңгээлде чечүүгө милдеттүү же болбосо "Соттук-эксперттик иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренесине ылайык корутунду берүүнүн мүмкүн эместиги жөнүндө билдирүүнү түзөт.";
- 39-пункту "эрежелерди кылмыш" деген сөздөрдөн кийин "иши, жоруктар жөнүндө иштер, бузуулар жөнүндө иштер" деген сөздөр менен толукталсын;
- 42-пунктунда:
биринчи абзацындагы "түзүмдүк бөлүмдө же болбосо кеңседе," деген сөздөр "кеңседе, ал эми зарыл болгон учурда - түзүмдүк бөлүмдүн жетекчисинин катышуусу менен" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын:
"Радиоактивдүү жана жарылуу коркунучу бар, айлана-чөйрөгө жана адамдын ден соолугуна коркунуч келтирген заттар сактоо жана изилдөө үчүн шарттары жок же ушул түрдөгү изилдөөлөр жүргүзүлбөгөн учурда, материалдар жана алардын объекттери, анын ичинде белгисиз өндүрүштөгүлөр экспертизага кабыл алынбайт.";
- жогоруда аталган Нускаманын 1 жана 2-тиркемесинин жогорку оң бурчундагы "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Соттук экспертизалар мамлекеттик борборунда Соттук экспертизаларды жүргүзүү жөнүндө нускамага" деген сөздөр алып салынсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 1-декабрындагы № 98 (3170) жарыяланды
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр |
А.Э. Новиков |