Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
ТОКТОМУ
2012-жылдын 25-сентябры № 648
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Соттук-эксперттик кызматта Соттук экспертизалар жүргүзүү жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 18-ноябрындагы № 568, КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 11-октябрындагы № 213, 2021-жылдын 30-ноябры № 285, 2023-жылдын 12-декабрындагы № 660 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Соттук-эксперттик кызматынынсоттук-эксперттик ишин андан ары өркүндөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 18-ноябрындагы № 568, КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 11-октябрындагы № 213, 2023-жылдын 12-декабрындагы № 660 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматта соттук экспертизаларды жүргүзүү жөнүндө нускама тиркемеге ылайык бекитилсин.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 18-ноябрындагы № 568, КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 11-октябрындагы № 213 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр
| Ж.Сатыбалдиев |