Загрузка документа…
Тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-сентябрындагы N 648 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Соттук-эксперттик кызматта соттук экспертизалар жүргүзүү жөнүндө НУСКАМА
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 18-ноябрындагы № 568, Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 11-октябрындагы № 213, 2021-жылдын 24-декабрындагы № 350, 2023-жылдын 12-декабрындагы № 660 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Нускама Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Соттук-эксперттик кызматта (мындан ары - СЭК) жүргүзүлө турган соттук экспертизаларды дайындоо жана жүргүзүү шарттарын жана тартибин аныктайт.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 18-ноябрындагы № 568, Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 11-октябрындагы № 213, 2021-жылдын 24-декабрындагы № 350 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1-1. СЭК төмөнкүдөй багыттар боюнча соттук экспертиза жүргүзөт:
1) автотехникалык экспертиза;
2) баллистикалык экспертиза;
3) видеотехникалык экспертиза;
4) жарылууга техникалык экспертиза;
5) компьютердик-техникалык экспертиза;
6) материалдардын, заттардын жана буюмдардын криминалистикалык экспертизасы;
7) лингвистикалык экспертиза;
8) кол жазма таануу экспертизасы;
9) өрт-техникалык экспертиза;
10) психологиялык экспертиза;
11) дин таануу экспертизасы;
12) курулуш-техникалык экспертиза;
13) документтердин техникалык экспертизасы;
14) трасологиялык экспертиза;
15) транспорттук-трасологиялык экспертиза;
16) фоноскопиялык экспертиза;
17) экономикалык экспертиза.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-декабрындагы № 660 токтомунун редакциясына ылайык)
2. (КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 18-ноябрындагы № 568 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Соттук экспертизаны (мындан ары - экспертиза) дайындоо үчүн негиз болуп ишти жана материалдарды иликтөө процессинде (караштырууда) белгиленген экспертиза формасында атайын таанымдарды пайдалануу менен жагдайларды тактоо зарылдыгынын келип чыгышы эсептелет.
4. СЭКде соттук экспертиза жүргүзүү үчүн негиз болуп соттук экспертиза жүргүзүүнү дайындоо укугуна ээ болгон органдардын (жактардын) токтомдору (аныктамалары) эсептелет.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 18-ноябрындагы № 568, Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 350 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
5. Сот экспертинин компетенциясына анын алдына коюлган маселелерди өзүнүн атайын билимдеринин негизинде чечүү үчүн экспертизага келип түшкөн материалдарды изилдөө жана корутунду берүү кирет.
6. Татаал эксперттик изилдөөлөрдү жүргүзүү зарыл болсо алар эксперттер комиссиясы (комиссиялык экспертиза) тарабынан жүргүзүлөт, ал эми эксперттик адистиктердин же даярдык түрлөрүнүн ар түрдүү түрлөрүнө тиешелүү атайын таанымдарды пайдалануунун негизинде иштин жагдайларын белгилөө үчүн СЭКде тиешелүү адистиктердеги эксперттерге тапшырылуучу комплекстүү экспертизалар жүргүзүү уюштурулат.
СЭКнын эксперттери СЭКнын жетекчиси же анын орун басары тарабынан экспертиза жүргүзүүнү дайындаган орган уюштуруучу комплекстүү ведомстволор аралык экспертизалар жүргүзүү үчүн комиссиянын курамына киргизилиши мүмкүн.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 18-ноябрындагы № 568, Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 350 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2. СЭКге экспертиза жүргүзүү үчүн жөнөтүлүүчү материалдарды тариздөө
7. Экспертиза, аны белгилеген орган (жак) тарабынан экспертизаны өткөрүү үчүн зарыл болгон материалдарды бергенден кийин жүргүзүлөт.
8. Экспертиза өткөрүү үчүн төмөнкүлөр берилиши керек:
- экспертиза дайындоо жөнүндө токтом (аныктама) коштомо каты менен, анда төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш: чыгаруу номери жана датасы; ______ барактагы тиркемеси;
- эксперттик изилдөөнүн объекттери болуп саналган предметтер жана документтер.
Зарыл болгон учурларда салыштырмалуу иликтөө үчүн үлгү болуп саналган предметтер жана документтер, ага тете эле экспертиза предметине тиешеси бар маалыматтарды камтыган документтер (карап көрүү, суракка алуу жана башка тергөө аракеттеринин протоколдору, маалымкаттар, көчүрмөлөр, фотосүрөттөр ж.б.) да берилет.
Документтердин түп нускалары жоголгон же жок кылынган учурда аталган документтердин экспертиза дайындаган орган (жак) тарабынан белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү берилет.
Эксперттик изилдөө объекттеринин аныктыгына жана жол берилгендигине экспертиза дайындаган орган (жак) кепилдик берет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-декабрындагы № 660 токтомунун редакциясына ылайык)
9. Экспертиза дайындоо жөнүндө токтомдо (аныктамада) төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
а) экспертиза дайындоо жөнүндө токтомдун (аныктаманын) датасы жана түзүлгөн орду, аны дайындаган органдын аталышы, кылмыш ишинин, жоруктар жөнүндө иштин, бузуулар жөнүндө иштин, жарандык, администрациялык, экономикалык иштин же экспертиза дайындалган аткаруучу өндүрүштүн номери;
б) экспертиза дайындоо үчүн негиздер (атайын билимдердин базасында чечүү болжолдонгон иштин маңызынын кыскача баяндамасы жана маселенин сүрөттөлүшү);
в) экспертиза жүргүзүлүүгө тийиш болгон эксперттик мекеменин аталышы же эксперттин аты-жөнү;
г) эксперттин алдына коюлган суроолор так баяндалып, ачык айкын мүнөздө болууга жана укуктук баа берүүнү талап кылбоого тийиш;
д) эксперттин колдонуусуна берилүүчү материалдар:
- эксперттик иликтөөнүн объекттери (предметтер, документтер);
- салыштырмалуу изилдөө үчүн үлгүлөр жана экспертизанын предметине тиешелүү болгон малыматтарды камтыган документтер;
- экспертизаны жүргүзүү үчүн мааниге ээ болгон башка материалдар;
е) экспертиза дайындаган адамдын аты-жөнү, кызмат орду жана колтамгасы.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 18-ноябрындагы № 568 токтомунун редакциясына ылайык)
10. Ар башка эксперттик мекемелердин штаттарында турган эки жана андан көп эксперттерди талап кылуучу экспертиза жүргүзүү үчүн токтомдо (аныктамада) бул изилдөө кандай адистиктеги эксперттер тарабынан өткөрүлүшү керектиги, кайсы эксперттик мекемеге эксперттер комиссиясынын ишин уюштуруу милдети жүктөлө тургандыгы жана кайсы эксперттик мекемеге эксперттик изилдөөнүн объектери жана башка материалдар жөнөтүлгөндүгү көрсөтүлүшү керек. Көрсөтүлгөн учурда экспертиза дайындоо жөнүндө токтомдордун (аныктамалардын) көчүрмөлөрү бул мекемелердин ар бирине жөнөтүлөт.
11. Кошумча же кайрадан экспертиза дайындалган учурда, ушул Нускаманын 8-пунктунда көрсөтүлгөн материалдардан тышкары, СЭКге мурда өткөрүлгөн экспертизалардын корутундулары (актылары) бардык тиркемелери менен (фотосүрөттөр, эксперименталдык материалдар жана башка) берилет (же болбосо корутунду берүүнүн мүмкүн эместиги тууралуу билдирүү берилет). Кошумча экспертиза дайындалганда экспертизаны белгилеген органдын колуна баштапкы корутунду берилгенден кийин (же болбосо корутунду берүүнүн мүмкүн эместиги тууралуу билдирүүдөн кийин) келип тийген экспертиза предметине тиешелүү болгон кошумча материалдар дагы берилет.
Кошумча же кайрадан экспертиза дайындоо жөнүндө токтомдо (аныктамада) милдеттүү түрдө аны дайындоонун жүйөө-себептерин жана негиздери көрсөтүлөт.
Экспертиза дайындаган адамдын жазуу жүзүндөгү талабы боюнча экспертизага берилген материалдар экспертиза жүргүзүлбөстөн кайтарылышы мүмкүн.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 18-ноябрындагы № 568, Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 11-октябрындагы № 213, 2021-жылдын 24-декабрындагы № 350 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
12. Процесстик мыйзамдардын талаптары же экспертизага жиберилген материалдарды тариздөө эрежелери сакталбаган учурда СЭКтин (анын түзүмдүк бөлүмүнүн) жетекчиси берилген материалдардагы кемчиликтерди жоюу үчүн тиешелүү материалдарды аткарбастан үч жумуш күндүн ичинде экспертизаны дайындаган органга кайтарат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 11-октябрындагы № 213, 2021-жылдын 24-декабрындагы № 350 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
3. Соттук экспертиза жүргүзүү тартиби жана алардын натыйжаларын тариздөө
13. Эксперт экспертизаны жүргүзүүдө СЭКдин (анын түзүмдүк бөлүмүнүн) жетекчисинин кат жүзүндөгү тапшырмасын экспертиза дайындоо жөнүндө токтом (аныктама) жана экспертизага келип түшкөн бардык материалдар менен бирге алгандан кийин киришет.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 18-ноябрындагы № 568, Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 350 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
14. Эгерде изилдөө объектин СЭКге ташып жеткирүү мүмкүн болбогон учурда, соттук экспертиза дайындаган орган же жак экспертти экспертиза объектине жеткирүүнү, ага тоскоолдуксуз жетүүсүн жана изилдөө жүргүзүү үчүн зарыл болгон шарттарды камсыз кылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-декабрындагы № 660 токтомунун редакциясына ылайык)
15. Экспертизанын жүргүзүү тапшырылган эксперт, ага берилген материалдарды изилдейт. Экспертиза жүргүзүү үчүн зарыл болгон материалдардын жоктугу такталган учурда, эксперт тиешелүү өтүнүч билдирет.
Өтүнүч кат эки нускада түзүлөт. Биринчи нускасы экспертиза дайындаган органга жөнөтүлөт, экинчиси СЭКде сакталат.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 18-ноябрындагы № 568, Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 350 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
16. Эгерде баштапкы экспертизаны дайындоо жөнүндө бир токтомдо (аныктамада) объекттердин өтө көп саны келип түшкөн учурда, түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси бир катар өзүнчө экспертизалар жүргүзүүнү уюштура алат, алардын ар бири белгилүү бир маселени чечүү үчүн объекттердин бөлүгүн изилдөө максатында өзүнчө экспертке тапшырылат. Өткөрүлгөн изилдөөлөрдүн натыйжалары боюнча ар бир эксперт өзүнчө алдынча корутунду берет же корутунду берүүнүн мүмкүн эместиги тууралуу билдирме түзөт.
17. Эгерде экспертиза дайындоо жөнүндөгү бир токтомдо (аныктамада) ар башка экспертизанын предметине тиешелүү болгон жана анын чечилиши үчүн ар башка адистиктердеги эксперттердин биргелешкен ишин талап кылбаган суроолор камтылса, СЭКтин (анын түзүмдүк бөлүмүнүн) жетекчиси же анын орун басары ар бири ар башка эксперттерге (же эксперттер тобуна) тиешелүү маселелерди чечүү үчүн белгилүү объекттерди изилдөө максатында тапшырыла турган бир нече экспертизаны уюштурат. Атайын таанып-билүүлөрдүн негизинде жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн натыйжалары боюнча, ар бир эксперт (эксперттер тобу) өзүнчө корутунду берет же корутунду берүүнүн мүмкүн эместиги жөнүндө билдирүү түзөт.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 18-ноябрындагы № 568, Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 11-октябрындагы № 213, 2021-жылдын 24-декабрындагы № 350 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
18. Эксперттин корутундусу экспертиза дайындаган адам үчүн айкын эмес же түшүнүксүз болгон учурларда, эксперт тиешелүү протокол түзүү менен аны түшүндүрүү үчүн суракка алынышы мүмкүн.
Экспертти суракка алуунун натыйжалары тергөөчү (сот) үчүн кошумча же кайрадан экспертиза дайындоо жөнүндө чечим кабыл алышына кызмат кылышы мүмкүн.
19. Соттук эксперттин корутундусу мамлекеттик же расмий тилдерде жазуу жүзүндө берилет жана үч бөлүктөн турат: киришүү, изилдөөчүлүк жана тыянак бөлүктөрүнөн, ошондой эле экспертке (эксперттерге) кылмыш жоопкерчилиги жөнүндө эскертилгендиги жана анын укуктары жана милдеттери түшүндүрүлгөндүгү жөнүндө кол койдурулган баракчадан турат.
Корутундунун изилдөөчү бөлүгүнүн сүрөттөлүшүн түшүндүрүүчү жана толуктоочу материалдар болгондо (фотосүрөттөр, тартылган сүрөттөр, схемалар, чиймелер, иштеп чыгуулар ж.б.), алар корутундуга кошулат.
Изилдөөгө алынган материалдар жана буюмдай далилдер кайтаруунун алдында таңгакталат жана мөөр басылат же тиешелүү штамп жана мөөр белгилери коюлат.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 18-ноябрындагы № 568 токтомунун редакциясына ылайык)
20. Корутундунун киришүү бөлүгүндө төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- экспертизанын аталышы, экспертизанын жүргүзүлгөн орду, анын катар номери, түзүлгөн датасы;
- материалдардын СЭКге экспертизага келип түшкөн датасы;
- экспертиза жүргүзүү үчүн негиз (экспертиза дайындаган органдын (жактын) чечими, чечим чыгарылган дата);
- экспертизага келип түшкөн материалдардын аталыштары, изилденген объекттерди ташып жеткирүү ыкмасы, таңгактоонун түрү жана реквизиттери;
- эксперт (эксперттер) жөнүндө маалыматтар: аты-жөнү, атасынын аты, билими, адистиги (жалпы жана эксперттик), ээлеген кызмат орду, эксперттик ишинин стажы;
- корутунду берүү үчүн маанилүү жана эксперт тарабынан баштапкы маалыматтар катары кабыл алынган иш жагдайлары;
- экспертиза жүргүзүүдө катышкан адамдар жөнүндө маалыматтар (аты-жөнү, инициалдары, процесстик абалы);
- эксперттердин чечүүсүнө коюлган маселелер;
- эгерде маселе эксперттин компетенциясынан тышкары чыга турган болсо (маселени чечүү үчүн атайын билим керектелбестен жана маселе башка адистиктеги эксперттин компетенциясына тиешелүү болгон учурда) маселе чечүү үчүн кабыл алынбайт, бул тууралуу атайын белги коюлат;
- эксперттин кошумча материалдарды берүү жөнүндөгү өтүнүч каты анын түзүлгөн жана жооп алынган датасын, аны кароонун натыйжаларын көрсөтүү менен берилет.
Эксперттин демилгеси менен көтөрүлгөн маселелер кириш бөлүктө, экспертиза дайындоо жөнүндө чечимде коюлган маселелерден кийин берилет.
Кайрадан өткөрүлгөн экспертизанын корутундусунун кириш бөлүгүндө экспертиза кайталанып жаткандыгы белгиленет, баштапкы экспертиза жөнүндө маалыматтар айтылат: корутундунун катар номери жана датасы, эксперттин аты-жөнү жана инициалдары, эксперттик мекеменин аталышы, баштапкы (алгачкы) экспертизанын тыянактары жана кайрадан экспертиза дайындоонун жүйөө-себептери.
Кошумча экспертизанын кириш бөлүгүндө экспертиза кошумча экендиги белгиленет.
Комиссиялык экспертизанын корутундусунун кириш бөлүгүндө бул экспертизаны комиссиялык экендиги көрсөтүлөт жана аны өткөрүү орду аталат.
Комплекстүү изилдөө жүргүзүшкөн эксперттердин корутундусунун кириш бөлүгүндө экспертиза комплексттүү экендиги белгиленет, аны өткөрүү орундары жана ар бир эксперт жүргүзгөн изилдөөлөр көрсөтүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 350 токтомунун редакциясына ылайык)
21. Изилдөө бөлүгүндө изилдөө процесси жана анын жыйынтыктары сүрөттөлөт, белгиленген фактыларга илимий түшүндүрмө берилет. Сүрөттөмө так, түшүнүктүү, курамы боюнча чечилип жаткан маселелерге шайкеш келиши керек. Колдонулган атайын терминдерге түшүндүрмөлөр берилет.
Изилдөө бөлүгүндө төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- эксперттик изилдөө объекттеринин абалы;
- эксперттик изилдөөнүн ыкмалары, аларды колдонуунун техникалык шарттары жана алынган натыйжалар;
- эксперттик эксперименттин максаттары, шарттары жана жыйынтыктары (эгерде мында экспертиза өткөрүлгөн болсо) жана үлгүлөрдү алуу;
- коюлган маселелерди чечүүдө эксперт жетекчиликке алган материалдарга шилтемелер, ага тете эле изилдөө жүргүзүүдө пайдаланылган адабий булактар (автору, иштин аталышы, анын басылып чыккан орду жана жылы);
- тергөө аракеттеринин натыйжалары (суракка алуулардын, карап көрүүлөрдүн, эксперименттердин ж.б.), эгерде алар корутундуларды негиздөөдө баштапкы маалыматтар маанисине ээ болсо;
- тартылган сүрөттөргө, тиркемелерге шилтемелер жана аларга тиешелүү түшүндүрмөлөр;
- изилдөөнүн айрым этаптарына жана бүтүндөй эле жалпы алынган жыйынтыктарга экспертиза боюнча тиешелүү корутундуларды чыгаруу үчүн негиздер сапатында эксперттик баа берүү.
Эгерде экспертизаны дайындаган жак тарабынан коюлган айрым маселелерге жооп берүү мүмкүн болбосо, изилдөө бөлүгүндө анын себептери көрсөтүлөт.
22. Эгерде кошумча экспертиза жүргүзүүдө ал тарабынан баштапкы экспертиза жүргүзүүдө колдонулган эле ыкмалар жана каражаттар колдонулуп, дал ошондой эле жыйынтыктарга жетишилген болсо, анда кошумча экспертизанын корутундусунун изилдөөчү бөлүгүндө эксперт изилдөөнүнү жүрүшүн жана анын натыйжаларын толук баяндалбастан, баштапкы экспертизанын корутундусунун тиешелүү бөлүктөрүнө шилтеме кыла алат.
23. Кайрадан кайталанып өткөрүлгөн экспертизанын изилдөөчү бөлүгүндө эксперт баштапкы экспертизанын тыянактары менен болгон айырмачылыктарды көрсөтөт, эгерде андай нерсе орун алган болсо.
24. Эксперттин тыянактары анын алдына коюлган маселелерге жооп түрүндө берилет.
Ар бир коюлган маселеге маңызы боюнча жооп берилет, же болбосо аны чечүүнүн мүмкүн эместигинин себеби көрсөтүлөт.
Комплекстүү экспертизаларды жүргүзүүдө эксперттердин жалпы тыянактарынан мурда өзүнчө өткөрүлгөн изилдөөлөрдүн натыйжалары боюнча айрым эксперттердин жеке тыянактары келтирилиши мүмкүн. Тыянактарды экспертиза боюнча жалпы тыянакты түзүүгө катышпаган эксперттер да түзө алышат.
Тыянактардын ирээти өткөрүлгөн изилдөөнүн тартибине шайкеш келиши керек.
Эксперттин алдына коюлбаган маселелер боюнча жагдайлар жөнүндө тыянактар, эксперт тарабынан изилдөө процессинде табылган болсо, алар корутунду жоболордо келтирилет.
Тыянактар кандай чечмелөөгө жол бербеген так жана түшүнүктүү тил менен жазылышы керек. Эгерде изилдөөчү бөлүктө келтирилген жана алдыга коюлган маселеге толук жоопту камтыган корутундуну изилдөөнүн жыйынтыктарын кеңири сүрөттөөсүз түзүүгө мүмкүн болбогон учурларда корутундунун изилдөөчү бөлүгүнө шилтемелерди келтирүүгө болот.
Тыянактар так кесер жана ыктымалдуу болушу мүмкүн. Так кесер тыянак, факты жөнүндө эксперттин ачык айкын, анык билимдерин камтыйт. Ыктымалдуу формадагы тыянак жарым-жартылай негизделет жана сот эксперти тарабынан коюлган маселени чечүүнүн мүмкүн болгон башка чечилишин көрсөтүү менен белгиленип жаткан фактынын ыктымалдуулугунун негизде түзүлөт. Ыктымалдуу тыянак өз алдынча далилдөөчү мааниге ээ болбойт.
25. Корутунду жана ага карата тиркемелер эки нускада түзүлөт, алардын биринчиси экспертиза дайындаган органга (жакка) жөнөтүлөт, экинчиси СЭКдин архивинде калат.
Корутундунун ар бир барагына эксперт (эксперттер) тарабынан кол коюлат, эксперттин (эксперттердин) колтамгасы тыянактардан кийин тиешелүү түзүмдүк бөлүмдүн же СЭМБдин тегерек мөөрү менен тастыкталат.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 18-ноябрындагы № 568, Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 350 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
26. Комиссиялык экспертизаны жүргүзүү бир адистиктеги эки же андан ашык эксперттерге тапшырылат. Мында СЭКтин жетекчиси (анын орун басары же түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчиси) комиссиянын мүчөлөрүнүн бирине башка эксперттердин ишин координациялоо милдетин жүктөйт.
Эксперттер комиссиясынын жетекчиси (жетектөөчү эксперт) мазмуну боюнча коюлган маселелерди чечүүдө башка эксперттердин жанында кандайдыр бир артыкчылыктарга ээ болбойт.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 18-ноябрындагы № 568, Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 350 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
27. Эксперттер комиссиясы мүмкүндүгүнө жараша экспертизанын материалдары менен бир эле мезгилде таанышышат, объектилерди жана үлгүлөрдү карап чыгышат. Эксперттердин ар бири толук көлөмдө берилген материалдардын бардыгына тиешелүү изилдөөлөрдү жүргүзөт, андан кийин эксперттер өз ара аткарылган иштин натыйжалары жөнүндө пикир алышышат.
28. Комплекстүү экспертизалар ар башка адистиктеги эки жана андан ашык эксперттерге тапшырылат.
Комплекстүү экспертизага катышкан эксперттердин ар бири, өзүнүн атайын билимдеринин негизинде ага берилген материалдарды тиешелүү изилдөөдөн өткөрөт жана ал изилдөөлөрдүн натыйжаларында эксперттин алдына коюлган маселеге жооп берүү үчүн негиздер катары баалайт.
29. Комиссия изилдөөгө катышкан эксперттердин ар бири аны менен макул болгон шартта жалпы корутунду берет.
Комплекстүү изилдөөнүн натыйжаларына бирдиктүү баа берүү изилдөө бөлүгүнүн акырында, түздөн-түз корутундулардын алдында берилет (жалпы синтездештирүүчү бөлүк).
Жеке изилдөөлөргө баа берүүнүн натыйжалары жана анын негизинде жасалган жеке тыянактар да өз өзүнчө келтирилет (аралык синтездештирүүчү бөлүк). Комплекстүү изилдөөнүн натыйжаларына биргелешип баа берүү изилдөө бөлүгүнүн аягында, түздөн-түз корутундуларга чейин берилет (жалпы синтездештирүүчү бөлүк).
Ар бир эксперт жалпы корутундуга же жеке өзү өткөргөн изилдөөнүн жүрүшүн жана жыйынтыктарын чагылдырган бөлүгүнө кол коюуга укуктуу.
Комплекстүү изилдөө боюнча бардык өткөрүлгөн изилдөөлөрдүн натыйжалары эксперттер тарабынан кеңешменин жүрүшүндө бааланат жана баа берүүнүн натыйжалары боюнча жалпы тыянак түзүлөт.
Комиссиянын жалпы корутундусу менен макул болбогон эксперттер, пикирлердин кайчылыгынан себептерин көрсөтүү менен өз алдынча корутунду беришет.
30. Эксперттердин корутундусунун изилдөөчү бөлүгүндө, комиссиялык экспертизанын комиссиясынын жалпы корутундусу менен макул эмес эксперттердин ар биринин изилдөөлөрү ушул Нускаманын 21-пунктунун эрежелерине ылайык өз алдынча келтирилет.
31. Экспертизаны дайындоо жөнүндө чечимде көрсөтүлгөн маселелердин бирине дагы эксперт маани-маңызы боюнча жооп бере албаса (жок дегенде бир бөлүгүнө), корутунду берүүнүн мүмкүн эместиги жөнүндө маалымат түзүлөт, ал экспертке (эксперттерге) кылмыш жоопкерчилиги жөнүндө эскертилгендиги жана ага анын укуктарын жана милдеттерин түшүндүрүлгөндүгү жөнүндө кол койдуруудан жана үч бөлүктөн: киришүү, жүйөө-себептик жана корутунду бөлүктөрдөн турат.
Киришүү бөлүгүндө ушул Нускаманын 20-пунктунда саналып өткөн маалыматтар келтирилет.
Жүйөө-себеп бөлүгүндө корутунду берүүнүн мүмкүн эместигинин себептери толук берилет.
Корутунду бөлүгүндө эксперттин алдына коюлган маселенин ар бири боюнча жооп берүүнүн мүмкүн эместиги көрсөтүлөт.
32. Эксперт, экспертиза дайындаган органга коюлган маселе боюнча корутунду берүүнүн мүмкүн эместиги тууралуу билдирет:
а) корутунду берүү үчүн экспертке берилген материалдардын жараксыздыгынан же жетишсиздигинен улам, эгерде бул тоскоолдукту четтетүүгө мүмкүн болбосо;
б) коюлган маселе эксперттин атайын билимдеринен сырткары болгон болсо;
в) эгерде изилдөө методика жана методдорунун азыркы деңгээли коюлган маселени бир беткей чечүүгө жол бербесе;
г) коюлган маселени чечүүнүн илимий жактан иштелип чыккан методикасы болбогон учурда;
д) айкындалган белгилердин тобу карама-каршылыктуу келип, маселени маңызы боюнча чечүүгө жетишсиз болсо.
33. Эгерде экспертиза дайындоо жөнүндө чечимде көрсөтүлгөн кайсы бир маселелер боюнча эксперт корутунду берсе, ал эми калгандары боюнча корутунду берүүнүн мүмкүн эместиги жөнүндө билдирме берүүгө негиздер бар болсо, бирдиктүү документ - эксперттин корутундусу түзүлөт.
Эгерде соттун отурумуна мурда тиешелүү экспертиза жүргүзгөн эксперт чакырылса жана сот тарабынан мурдагы корутундусунда эксперт тарабынан жооптор берилген маселелер боюнча суроолор берилсе, эксперт мурданы корутундуда келтирилген изилдөөнүн натыйжаларына таянып, өз алдынча корутунду түзүүгө укуктуу болот.
34. Эксперттин соттук отурумга катышуусунун бардык учурларында ал тарабынан сотто берилген корутундунун көчүрмөсү СЭКге берилет.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 18-ноябрындагы № 568, Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 350 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
35. Эксперттик изилдөөнүн объектилери болгон буюмдар жана документтер (үлгүлөрү менен кошо) эксперттин тиешелүү белги коюулары менен, жабылган жана чапталган түрдө экспертизаны дайындаган органга, корутунду же корутунду берүүнүн мүмкүн эместиги жөнүндө билдирүү менен бирге кайтарылып берилүүгө тийиш.
4. Экспертизалар жүргүзүү мөөнөттөрү
36. СЭКте экспертиза жүргүзүүнүн жалпы мөөнөтү белгиленген тартипте экспертке (эксперттерге) тапшырылгандан кийин 30 (отуз) календардык күндөн ашпашы керек.
Мында эксперттик түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси 5 (беш) календардык күндүн ичинде эксперттик изилдөөгө келип түшкөн материалдар менен алдын ала таанышуу өткөрөт жана алардын татаалдык даражасын аныктайт. Бул мөөнөт СЭКте жалпы экспертизаны жүргүзүү мөөнөтүнө кошулбайт.
Экспертиза жүргүзүүнүн конкреттүү мөөнөттөрү СЭКтин эксперттик түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери тарабынан белгиленет:
- 10 күндүн чегинде (жөнөкөй);
- 20 күндүн чегинде (орточо);
- 30 күндүн чегинде (татаал).
СЭКтин жетекчиси экспертиза дайындаган орган (жак) менен макулдашуу боюнча төмөнкү учурларда экспертиза жүргүзүүнүн мөөнөтүн 30 (отуз) күндөн ашпаган мөөнөткө узарта алат:
- тиешелүү эксперттин ден соолугуна байланыштуу жумуш ордунда жоктугу же эмгек өргүүгө чыккандыгы;
- татаал жана көп объекттик изилдөөлөр боюнча экспертиза жүргүзүүнүн зарылдыгы.
Экспертиза жүргүзүү эксперт кошумча материалдарды берүү жөнүндө өтүнүч жиберген учурда 10 (он) жумуш күндөн ашпаган мөөнөткө токтотулуп турат.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 18-ноябрындагы № 568, Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 350, 2023-жылдын 12-декабрындагы № 660 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
37. Экспертиза жүргүзүү мөөнөтү ал экспертке тапшырылган күндөн тартып эсептелет. Эгерде экспертиза жүргүзүүнүн белгиленген мөөнөтүнүн аякташы жумуш эмес күнгө туура келсе, мөөнөтү аяктаган күн болуп андан кийинки жумуш күн эсептелет.
Изилденип жаткан объектти СЭКге өткөрүп берүү мүмкүн болбогон учурда, экспертизаны өндүрүү мөөнөтү объектини карап көргөндөн кийинки күндөн тартып саналат.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 18-ноябрындагы № 568, Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 350, 2023-жылдын 12-декабрындагы № 660 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
38. СЭКде экспертиза жүргүзүү мөөнөтү төмөнкү учурларда токтотула турат:
а) экспертиза дайындаган органга төмөнкүдөй өтүнүч жөнөтүлгөндө:
- экспертиза жүргүзүү аларсыз мүмкүн болбогон кошумча материалдарды берүү жөнүндө;
- иштин чыныгы жагдайлары жөнүндөгү маселелерди жана маалыматтарды тактоо жөнүндө;
- экспертиза дайындоо жөнүндөгү токтомдо (аныктамада) аталып өткөн материалдардын бардыгы же бир бөлүгү жеткирилбегендиги жөнүндө;
- эгерде тергөөчүнүн, соттун атайын уруксаты болбогондо же берилген объекттердин толук же бир бөлүгүнүн жок кылынышына же болбосо тышкы түрүнүн же негизги сапаттарынын өзгөрүшүнө алып келиши мүмкүн болгон изилдөөлөрдүн жүргүзүү жөнүндө.
б) материалдардын (документтердин, буюм далилдеринин) өзүнчө корутунду даярдоо менен башка түрдөгү экспертиза жүргүзүп жаткан башка эксперттин (эксперттердин) колунда болушу.
Эгерде өтүнүч 30 календарлык күндүн ичинде канааттандырылбаса, эксперт коюлган маселелерди өзүнүн колундагы материалдар мүмкүндүк берген деңгээлде чечүүгө милдеттүү же болбосо "Соттук-эксперттик иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренесине ылайык корутунду берүүнүн мүмкүн эместиги жөнүндө билдирүүнү түзөт.
Эгерде өтүнүч 10 (он) жумуш күндүн ичинде канааттандырылбаса, коюлган маселелер эксперттин колундагы материалдар мүмкүндүк берген деңгээлде чечилет.
Мөөнөт агымы өтүнүч жөнөтүлгөн күндөн материалдарды алган же өтүнүч катты канааттандыруудан баш тарткандык жөнүндө билдирүү алган күнгө чейин токтотулат.
Экспертизанын мөөнөтүн узартуу жөнүндө өтүнүч эксперттин корутундусунун көчүрмөсү менен кошо сакталат.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 18-ноябрындагы № 568, Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 11-октябрындагы № 213, 2021-жылдын 24-декабрындагы № 350 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
5. Экспертизага келип түшкөн материалдарды кабыл алуу, сактоо жана кайтарып берүү
39. Кабыл алуу, сактоо жана кайтарып берүү эрежелерди кылмыш, жарандык, экономикалык жана администрациялык иштер боюнча салыштырып изилдөө үлгүлөрү катары же изилденип жаткан объекттиге жана экспертиза предметине тиешелүү болгон маалыматтарды камтыган бардык буюм далилдерине, буюмдарга жана документтерге (карап көрүү жана башка териштирүү аракеттеринин протоколдору, пландар, схемалар, фотосүрөттөр ж.б.), ошондой эле бул тартип башка жеке жана юридикалык жактар тарабынан изилдөөгө берилген документтерге таркатылат жана СЭКдин бардык кызматкерлерине жана экспертизаны дайындаган жактардын бардыгына милдеттүү болуп саналат.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 18-ноябрындагы № 568, Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 350 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
40. Экспертиза жүргүзүү үчүн буюм далилдери жана башка материалдар СЭКге почта аркылуу, атайын байланыш менен, экспертиза дайындаган жак же анын ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан түздөн-түз берилет.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 18-ноябрындагы № 568, Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 350 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
41. Изилдөөгө ташып жеткирүү мүмкүн болбогон объекттерди берүү экспертиза дайындаган адам тарабынан эксперт менен бирдикте алардын жайгашкан ордуна баруу менен жүзөгө ашырылат.
42. СЭКге экспертиза жүргүзүү үчүн келип түшкөн материалдар регламент жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмүндө, ал эми зарыл болгон учурда - түзүмдүк бөлүмдүн жетекчисинин катышуусу менен токтомдун (аныктаманын) биринчи нускасында кабыл алынгандыгы жөнүндө милдеттүү белги коюу менен кабыл алынат.
Материалдарды түзүмдүк бөлүмдө кабыл алууда берилип жаткан материалдардын экспертиза дайындоодо жөнүндө чечимде саналып өткөн материалдарга дал келиши текшерилет, ал регламент жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмүндө "Экспертизаларды каттоо китебинде" ушул Нускаманын 1-тиркемесине ылайык каттоодон өткөрүү үчүн берилет.
Материалдарды регламент жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмүндө кабыл алууда далил буюмдардын таңгактары ачылбайт жана ал бузулган учурда таңгактын түрү жана абалы гана белгиленет.
Экспертиза дайындоо жөнүндө токтом же аныктама жана коштомо документтер буюм далилдери менен бир таңгакта болгон учурларда, ал регламент жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмүндө ачылат. Далил буюмдарды экспертизага жөнөтүү үчүн таңгактоодо көрсөтүлгөн документтерди далил буюмдардын үстүнө салуу керек.
Экспертиза дайындоо жөнүндө чечимдин экинчи нускасында регламент жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмү тарабынан материалдардын каттоо номери жана келип түшкөн датасы көрсөтүлөт. Изилденип жаткан материалдар толук көлөмдө келип түшкөнгө чейин келип түшкөн объекттер изилденбейт.
Каттоодон кийин материалдар СЭКдин жетекчисинин же СЭКдин аймактык бөлүмүнүн башчысынын кароосуна берилет.
Радиоактивдүү жана жарылуу коркунучу бар, айлана-чөйрөгө жана адамдын ден соолугуна коркунуч келтирген заттар сактоо жана изилдөө үчүн шарттары жок же ушул түрдөгү изилдөөлөр жүргүзүлбөгөн учурда, материалдар жана алардын объекттери, анын ичинде белгисиз өндүрүштөгүлөр экспертизага кабыл алынбайт.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 18-ноябрындагы № 568, Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 350, 2023-жылдын 12-декабрындагы № 660 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
43. СЭКдин жетекчилиги тарабынан материалдар каралгандан кийин, алар регламент жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмү тарабынан түзүмдүк бөлүмдүн жетекчисинин кол коюусу менен ага өткөрүлүп берилет, ал эми СЭКдин аймактык бөлүмүндө - тиешелүү экспертке берилет.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 18-ноябрындагы № 568, Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 350, 2023-жылдын 12-декабрындагы № 660 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
44. Экспертизалоо үчүн бөлүмдөргө келип түшкөн материалдар "Экспертиза жүргүзүү үчүн келип түшкөн материалдарды каттоо китебинде" ушул Нускаманын 1-тиркемесине ылайык катталат жана тилкат алуу менен бул экспертизаны жүргүзүү тапшырылган экспертке өткөрүлүп берилет. Бул материалдарды алгандан кийин эксперт далил буюмдардын таңгагын ачат, анын ичинде болгон предметтердин, заттардын жана документтердин экспертиза дайындоо жөнүндө чечимдеги тизмекке дал келишин текшерет.
Далил буюмдардын таңгагы экспертизага берилген материалдардын аныктыгын тастыктаган маалыматтарды камтып турганда гана сакталат.
45. Таңгакты ачканда объекттердин экспертизасын дайындоо жөнүндө көрсөтүлгөн чечимдердин жоктугу же алар экспертизага жөнөтүлүп жаткан предметтердин тизмегине же санына дал келбей калган учурларда курамында изилдөө иши тапшырылган эксперт, жетекчи жана түзүмдүк бөлүмдүн эксперттери кирген комиссия тарабынан акт түзүлөт.
Актта төмөнкүлөр көрсөтүлүшү керек:
- экспертизаны дайындаган адамдын аты-жөнү;
- экспертиза дайындалган иштин номери;
- экспертиза дайындоо жөнүндө чечим келип түшкөн дата;
- материалдар келип түшкөн таңгактын сүрөттөлүшү;
- экспертизаны дайындоо жөнүндө чечимде көрсөтүлгөн, тиркелбеген материалдардын тизмеги.
46. Материалдар толук болбой, экспертиза дайындоо жөнүндө чечимге кошо берилген объекттердин ичинде айрым предметтер жана документтер жок болсо, СЭКдин жетекчиси (анын түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчиси) ушул Нускаманын 38-пунктуна ылайык аракеттенишет.
Алардын кошумча тариздөөсүнөн кийин келип түшкөн материалдар жалпы негизде катталат.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 18-ноябрындагы № 568, Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 350 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
47. Экспертизага берилген далил буюмдардын жана документтердин сакталышына изилдөө жүргүзгөн эксперттер жоопкерчиликтүү болушат.
48. Эксперттердин жооптуу сактоосунда болгон, алар тарабынан изилдөөгө кабыл алынган далил буюмдар жана башка материалдар мыйзамдар тарабынан каралган тартипте сакталат. Аларды алууга изилдөө жүргүзүп жаткан гана эксперт укуктуу болууга тийиш.
49. Экспертизаны аяктагандан кийин, изилденип бүткөн далил буюмдар жана документтер изилдөө жүргүзгөн эксперт тарабынан СЭКдин регламент жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмүнө өткөрүлүп берилет.
Регламент жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмүнүн шартында сактоого мүмкүн болбогон далил буюмдар, аларды экспертиза дайындаган органга кайра бергенге чейин же мазмуну боюнча чечим кабыл алынганга чейин жоопкерчиликтүү сактоодо изилдөө жүргүзгөн түзүмдүк бөлүмдө турат.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 18-ноябрындагы № 568, Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 350, 2023-жылдын 12-декабрындагы № 660 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
6. Далил буюмдарды жана документтерди кайтарып берүү
50. Далил буюмдарысыз эксперттин корутундусун жөнөтүүгө же аны экспертиза дайындаган адамга же анын ыйгарым укуктуу өкүлүнө берүүгө жол берилбейт.
51. Изилденген объекттерди таңгактоо экспертиза жүргүзгөн эксперт тарабынан жүзөгө ашырылат.
52. Экспертизанын материалдары экспертиза дайындаган адамга же анын ишенимдүү өкүлүнө түздөн-түз берилиши мүмкүн. Мында "Экспертизаларды каттоо китебинде" же "Экспертиза жүргүзүү үчүн келип түшкөн материалдарды каттоо китебинде" деп аталган каттоо китептеринде аларды алып жаткан адамдын аты-жөнү, иштеген орду, ээлеген кызматы, күбөлүгүнүн, ишеним катынын номери жана берилген датасы катталат. Мындан тышкары "өз колуна алды", "ишеним кат боюнча берилди" белгилери коюлат жана экспертизанын материалдарынын берилген дата катталат.
|
| 1-тиркеме |
Эксперттердин корутундуларын каттоо КИТЕБИ
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 18-ноябрындагы № 568 токтомунун редакциясына ылайык)
Экспертизанын катар номери жана коду | Материалдардын келип түшкөн датасы | Экспертизаны дайындаган орган | Экспертиза кайсы иш боюнча дайындаган | Материалды алган бөлүмдүн кызматкеринин колтамгасы | Корутундуну жана материалдарды өткөрүп берген күн | Экспертизаны жана материалдарды алгандыгы тууралуу белги |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 |
|
| 2-тиркеме |
Экспертиза жүргүзүү үчүн келип түшкөн материалдарды каттоо КИТЕБИ
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 18-ноябрындагы № 568, Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-декабрындагы № 660 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Катар N | Экспертизанын катар номери | Материалдардын келип түшкөн датасы | Экспертиза ким тарабынан дайындалган | Экспертиза кайсы иш боюнча дайындалган | Материалды алган эксперттин аты-жөнү жана колтамгасы | Изилдөө объектилеринин аталыштары | Татаалдык деңгээли | Сураныч (өтүнүч) | Жүргүзүү мөөнөтү | Материалдарды регламент жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмүнө өткөрүп берүү күнү. Алгандыгы жөнүндө тилкат | ||
| Берилген | Алынган | Белгиленген | Факты боюнча | ||||||||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 | 11 | 12 | 13 |