Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2020-жылдын 13-марты № 151
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, экспорттук дараметти жогорулатуу, Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүү алкагында Кыргыз Республикасына ташып киргизүүдө (импорттоодо) товарларды эсепке алууну камсыздоо, эсепке алынган датаны аныктоо, импортко кыйыр салыктардын толук түшүүсүн, Евразия экономикалык бирлигинин укугун түзгөн эл аралык келишимдердин жана актылардын сакталышын жана товарлардын көзөмөлдө болушун камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 19-ноябрындагы № 556 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чегарасында эл аралык автомобилдик, аба жана темир жол катнашы үчүн арналган өткөрүү пункттарынын жана Кыргыз Республикасынын автомобиль жолдорундагы ички стационардык посттордун иштерин тартипке салуу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы тогузунчу абзац менен толукталсын:
"- Кыргыз Республикасынын ички стационардык темир жол постторундагы контролдоо пункттарынын тизмеги (6-2-тиркеме);";
2) ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакцияда 62-тиркеме менен толукталсын.
2. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-апрелиндеги № 221 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | М.Д. Абдылгазиев |
|
| 1-тиркеме |
|
|
Кыргыз Республикасынын ички стационардык темир жол постторундагы контролдоо пункттарынын ТИЗМЕГИ
№ | Контролдоо пунктунун аталышы | Пункттардын жайгашкан жери (облус, район, калктуу конуш) | Стационардык посттордун иштөө режими | Контролдоонун түрлөрү | |||||
Транспорттук | салыктык | карантиндик жана фитосанитардык | санитардык-эпидемиологиялык | ветеринардык | статистикалык (эсепке алуу максатында) | ||||
1 | Маймак | Талас облусу, Кара-Буура району | Күнү-түнү | + | + | + | + | + | + |