Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 12-апрели № 178
Евразия экономикалык бирлигинин Кыргыз Республикасындагы бажы чек арасынын автомобилдик өткөрмө пункттарында санитардык-карантиндик, фитосанитардык, ветеринардык жана транспорттук контролдоону (көзөмөлдөөнү) ишке ашыруунун айрым маселелери жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-сентябрындагы № 592, 2025-жылдын 22-октябрындагы № 691 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсүн белгилөө, автомобилдик өткөрмө пункттарында мамлекеттик контролдоону ишке ашырууну оптималдаштыруу максатында, “Ветеринария жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13-беренесине, “Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесине, “Автомобиль транспорту жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине, “Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесине, “Бажылык жөнгө салуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 124-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Евразия экономикалык бирлигинин Кыргыз Республикасындагы бажы чек арасы аркылуу автомобилдик өткөрмө пункттарында мамлекеттик контролдоону (көзөмөлдөөнү) “бирдиктүү терезе” принциби боюнча ишке ашыруу тартиби 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Евразия экономикалык бирлигинин Кыргыз Республикасындагы бажы аймагынын автомобилдик өткөрмө пункттарында өтүүчү товарларга жана транспорттук каражаттарга карата санитардык-карантиндик, фитосанитардык, ветеринардык, транспорттук жана бажылык контролдоонун ишке ашырылышын жалпы координациялоо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматына жүктөлсүн.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-сентябрындагы № 592 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Төмөнкүлөр белгиленсин:
1) санитардык-карантиндик, ветеринардык жана фитосанитардык контролдоонун мамлекеттик органдары Бажы бирлигинин Комиссиясынын 2010-жылдын 28-майындагы № 299 чечими менен бекитилген Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасында жана бажы аймагында мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлгө (контролго) алынуучу продукциялардын (товарлардын) бирдиктүү тизмегине, Бажы бирлигинин Комиссиясынын 2010-жылдын 18-июнундагы № 318 чечими менен бекитилген Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасында жана Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагында карантиндик фитосанитардык контролго (көзөмөлгө) алынуучу карантиндик продукциялардын (карантиндик жүктөрдүн, карантиндик материалдардын, карантиндик товарлардын) тизмегине, Бажы бирлигинин Комиссиясынын 2010-жылдын 18-июнундагы № 317 чечими менен бекитилген Ветеринардык контролго (көзөмөлгө) алынуучу товарлардын бирдиктүү тизмегине киргизилбеген үчүнчү өлкөлөрдөн Кыргыз Республикасынын аймагына ташып киргизилген товарларга карата Кыргыз Республикасында Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасындагы автомобилдик өткөрмө пункттарында санитардык-карантиндик, фитосанитардык жана ветеринардык контролду ишке ашырбайт;
2) Кыргыз Республикасында Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасындагы автомобилдик өткөрмө пункттарында ушул токтомго ылайык мамлекеттик контролдоону (көзөмөлдөөнү) ишке ашырууда, Евразия экономикалык бирлигинин укугун түзгөн актыларда жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте электрондук түрдөгү маалыматтар жана дайындар (документтер) колдонулат;
3) саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, фитосанитардык жана ветеринардык коопсуздук жаатында көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана транспорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын электрондук түрдө берилген маалыматтары жана дайындары (документтери) электрондук кол тамга менен күбөлөндүрүлгөн аныктыгын ырастаган реквизиттерге, формаларга (форматтарга) жана жол-жоболорго, “Түндүк” ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасынын маалымат (электрондук документ) алмашуу интерфейстерине, анын ичинде “Түндүк” ачык акционердик коомунун Ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү чечимдеринин каталогунда аларды каттоого карата белгиленген талаптарга ылайык келүүгө тийиш;
4) электрондук түрдөгү маалыматты жана дайындарды (документтерди), анын ичинде маалымдамаларды жана классификаторлорду өткөрүп берүү ушул токтомго ылайык “Түндүк” ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу жүзөгө ашырылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 22-октябрындагы № 691 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым токтомдоруна ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык өзгөртүүлөр киргизилсин.
5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
1) ушул токтомдун 3-пунктуна ылайык санитардык-карантиндик, фитосанитардык жана ветеринардык контролдон өтүүгө жатпаган товарларды Евразия экономикалык бирлигинин Кыргыз Республикасындагы бажы чек арасынын автомобилдик өткөрмө пункттарынан өткөрүүдө аларга карата бажылык тариздөөнү жана бажылык контролдоону;
2) чет өлкөлүк ташуучулардын кирүүсү, чыгуусу жана транзит менен өтүүсү тууралуу маалыматты реалдуу убакыт режиминде маалымат системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине өткөрүп берүүнү.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-сентябрындагы № 592 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги 2024-жылдын 1-майына чейинки мөөнөттө:
1) Евразия экономикалык бирлигинин укугун түзгөн актыларда жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген технологияларга, реквизиттерге, түзүмдөргө жана форматтарга карата талаптарга ылайык шайкештикти баалоо жөнүндө документтерди, ветеринардык жана фитосанитардык сертификаттарды жана башка уруксат берүүчү документтерди (мындан ары – электрондук уруксат берүүчү документтер (маалыматтар), анын ичинде Евразия экономикалык бирлигинин ченемдик-маалымдама маалыматтарынын бирдиктүү системасынын ресурстарынын курамына кирген маалымдамаларды жана классификаторлорду электрондук формада берүүгө өтүүнү камсыз кылсын;
2) Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде жана Евразия экономикалык бирлигинин укугун түзүүчү актыларда жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган жоболорго ылайык электрондук уруксат берүүчү документтерге (маалыматтарга) өтүү үчүн өзүнүн маалымат системаларын ылайык келтирсин;
3) электрондук маалыматты (документтерди) өткөрүп берүү убактысын белгилөөнү, анын бүтүндүгүн жана аныктыгын камсыз кылуу менен ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүүдө электрондук маалыматты (документтерди) алуу, иштеп чыгуу жана жеткирүү механизмдерин кароо менен контролго алынуучу товарларды ташып киргизүүгө/ташып чыгарууга байланыштуу санитардык-карантиндик, ветеринардык жана фитосанитардык контролдоо максатында берилүүчү маалыматтарды жана дайындарды (документтерди) автоматташтырылган текшерүү каражаттарын түзүүнү камсыз кылсын.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
8. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып отуз күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 19-апрелиндеги № 30 (3583) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У . Жапаров |
| 2-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн,
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
айрым токтомдоруна өзгөртүүлөр
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-сентябрындагы № 592 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 7-октябрындагы № 739 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттары жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттары жөнүндө жободо:
– 1.6-пункттун алтынчы абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“– транспорттук контроль – Кыргыз Республикасында Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасы аркылуу автомобилдик өткөрүү пункттарын кошпогондо, транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга.”.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 86 “Бажы контролунун зоналарында видео байкоо тутумун жайгаштыруу боюнча талаптарды бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Бажы контролунун зоналарында видео байкоо тутумун жайгаштыруу боюнча талаптарда:
– 3-пунктта, 5-пункттун үчүнчү абзацында “Кыргыз Республикасынын” деген сөздөр “Евразия экономикалык бирлигинин” деген сөздөргө алмаштырлсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 23-сентябрындагы № 519 “Кыргыз Республикасында автоунаа транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууларды уюштуруунун эрежелерин бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында автоунаа транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууларды уюштуруунун эрежелеринде:
– 224-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“224. Транспорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, ал эми Кыргыз Республикасында Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасынын өткөрүү пункттарында – бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган жүргүнчүлөрдүн транспортун контролдоо бөлүгүндө жүзөгө ашырат:”.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 23-декабрындагы № 724 “Кыргыз Республикасынын автомобиль транспорту чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын сакталышын мамлекеттик контролдоону ишке ашыруу боюнча нускаманы бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын автомобиль транспорту чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын сакталышын мамлекеттик контролдоону ишке ашыруу боюнча нускамада:
– 15-пункттун биринчи, экинчи абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“15. Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин аймагынан келген эл аралык автомобилдик ташуулардын автотранспорт каражаттарын транспорттук контролдоо Кыргыз Республикасынын аймагында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасына жакын транспорттук контролдоонун ыйгарым укуктуу органы тарабынан жүзөгө ашырылат, ал эми Кыргыз Республикасында Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасы аркылуу автомобилдик өткөрүү пункттарында Кыргыз Республикасынын бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларынын, эл аралык автомобилдик ташуулар жаатындагы эл аралык келишимдердин талаптарына жана ушул Нускамага ылайык бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылат.
Транспорттук контролдоо органынын жана бажы органынын кызмат адамдары тарабынан эл аралык автомобилдик ташуулардын автотранспорт каражаттарынын өтүүсүн контролдоодо төмөнкүлөр текшерилет:”.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 14-сентябрындагы № 484 “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарында режимди белгилөө эрежелерин жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарында чарба жана башка иштердин түрлөрүнүн тизмесин бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарында режимди белгилөө эрежесинде:
– 12-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“12. Мамлекеттик чек арадан өтүү максатында өткөрүү пункттарына адамдардын кирүүсү (келүүсү) жана андан чыгуусу (кетүүсү), ошондой эле Мамлекеттик чек ара аркылуу өтүүчү транспорт каражаттарын, жүктөрдү, товарларды жана жаныбарларды өткөрүү пункттарына өткөрүү Кыргыз Республикасынын аймагына кирүү же Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгуу укугуна, транспорт каражаттарына, жүктөргө, товарларга жана жаныбарларга жарактуу документтер, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде жана Евразия экономикалык бирлигинин укугун түзгөн актыларда каралган башка документтер болгон учурда атайын мындай максаттар үчүн бөлүнгөн жайларда жүргүзүлөт.”;
– 15-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
“Өткөрүү пункттарында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик контролду жүзөгө ашыруучу чек ара контролунун бөлүмдөрүнүн аскер кызматчылары, бажы органдарынын кызмат адамдары өткөрүү пунктунун аймагына инсандын күбөлүгү жана тиешелүү мамлекеттик органдын жетекчилери тарабынан кол коюлган тапшырмалар (иш сапар күбөлүктөрү) боюнча киргизилет (коё берилет).”;
– 47-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“47. Автомобиль өткөрүү пункттарында чет өлкөгө бара жаткан транспорт каражаттарынын токтогон жери жана токтоо узактыгы Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген технологиялык схемалар менен аныкталат.”;
– 58-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“58. Чет өлкөгө бара жаткан транспорт каражаттары өткөрүү пунктунун аймагынан чыгып кетүү же аймакка кирүү, ошондой эле токтогон ордун алмаштыруу үчүн кыймылды бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча чек ара контролунун органдарынын уруксаты менен гана баштай алат.”.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 19-ноябрындагы № 572 “Кыргыз Республикасында Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасы аркылуу автомобилдик өткөрүү пункттарында Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын өз ара аракеттенүү тартибин бекитүү жана опурталдарды башкаруу боюнча чараларды ишке ашыруу жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
– 1-пункт күчүн жоготту деп таанылсын.
7. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 26-февралындагы № 64 “Кыргыз Республикасында Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасы аркылуу автомобилдик өткөрүү пункттарында мамлекеттик контролдун түрлөрүн жүргүзүүнүн айрым маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
– 2-пункт күчүн жоготту деп таанылсын.
8. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-сентябрындагы № 592 токтомуна ылайык күчүн жоготту)