Загрузка документа…
| КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 7-июлундагы № 340 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-майындагы № 267 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин "Алдын алуучу медицина" илимий-өндүрүштүк бирикмесинин УСТАВЫ
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-майындагы № 280, 2020-жылдын 13-ноябрындагы № 554 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин "Алдын алуучу медицина" илимий-өндүрүштүк бирикмеси (мындан ары - "ААМ" ИӨБ) коомдун саламаттыгы жана саламаттык сактоо көйгөйлөрү боюнча медицина жаатында илим-изилдөө ишин жүргүзүүчү үчүнчүлүк деңгээлдеги саламаттык сактоонун мамлекеттик илимий мекемеси болуп саналат.
2. "ААМ" ИӨБ мекеменин уюштуруучулук-укуктук формасында түзүлүүчү юридикалык жак болуп саналат.
3. "ААМ" ИӨБдүн уюштуруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Өкмөтү саналат.
4. "ААМ" ИӨБ өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, саламаттык сактоонун илимий уюмдарынын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, ушул Уставды, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин (мындан ары - Саламаттык сактоо министрлиги), Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин (мындан ары - Билим берүү жана илим министрлиги) буйруктарын жетекчиликке алат.
5. "ААМ" ИӨБдүн иши Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган учурда жана тартипте аккредитацияланууга жатат.
6. "ААМ" ИӨБ финансылык-чарбалык жана укуктук өз алдынчалыкка, обочолонгон мүлккө ээ, өз алдынча балансы, финансылык-насыялык мекемелерде алыш-бериш жана башка эсептери, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү, штампы жана фирмалык бланкы, эмблемасы жана товардык белгиси бар.
7. "ААМ" ИӨБ өзүнүн милдеттерин жана функцияларын аткаруу үчүн жарандык мыйзамдарда белгиленген чектерде, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен макулдашуу боюнча ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө укугун жүзөгө ашырган мүлктү ыкчам башкаруу укугунда пайдаланат.
8. "ААМ" ИӨБ мыйзамдарда каралган жарандык-укуктук бүтүмдөрдү ишке ашырат, сотто доогер жана жоопкер катары чыгат, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген укуктарга жана милдеттерге ээ.
9. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин "Алдын алууну медицина" илимий-өндүрүштүк бирикмесинин расмий аталышы:
- мамлекеттик тилде - "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин "Алдын алуучу медицина" илимий-өндүрүштүк бирикмеси";
- расмий тилде - "Научно-производственное объединение "Профилактическая медицина" Министерства здравоохранения Кыргызской Республики";
кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде - "ААМ" ИӨБ";
- расмий тилде - "НПО "ПМ".
10. "ААМ" ИӨБдүн юридикалык дареги: 720005, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Байтик Баатыр көчөсү, 34.
2. "ААМ" ИӨБдүн максаты жана милдеттери
11. "ААМ" ИӨБдүн ишинин максаты коомдун саламаттыгы жана саламаттык сактоо жаатында медицина боюнча илим-изилдөө жана өндүрүштүк ишти жүргүзүү болуп саналат.
12. "ААМ" ИӨБ милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- себептик-натыйжалык байланыштарды жана тобокелдик факторлорун эске алуу менен, көйгөйлүү кырдаалдарды аныктоону кошкондо, калктын саламаттыгын жана айлана-чөйрөнүн абалын баалоонун көрсөткүчтөрүн иштеп чыгуу, илимий негиздөө жана мониторинг жүргүзүү;
- калктын жугуштуу жана жугуштуу эмес ооруларынын алдын алуунун илимий негизделген чараларын иштеп чыгуу жана кабыл алуу үчүн региондордун социалдык-экономикалык жана экологиялык өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен Кыргыз Республикасынын калкынын саламаттыгынын көрсөткүчтөрүн баалоо;
- иштелип чыгуучу алдын алуу иш-чараларынын натыйжалуулугун жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын аймагында эпидемиологиялык, гигиеналык абал боюнча географиялык маалымат тутумун илимий-практикалык моделдөө, болжолдоо жана түзүү;
- коомдун саламаттыгынын жана саламаттык сактоонун артыкчылыктуу багыттары боюнча илимий изилдөөлөрдү жана иштеп чыгууларды пландоо;
- саламаттык сактоодо лабораториялык изилдөөлөрдүн сапатын, дарылоо-дарт аныктоочу иммундук-биологиялык препараттардын колдонулушун контролдоону ишке ашыруу.
3. "ААМ" ИӨБдүн функциялары
13. "AAM" ИӨБ жүктөлгөн милдеттерине ылайык төмөнкү функцияларды аткарат:
- айлана-чөйрөнү коргоо, эмгек медицинасы, эпидемиология жана коомдун саламаттыгы жана саламаттык сактоо жаатында илим-изилдөө иштерин жүргүзөт;
- саламаттык сактоо кызматтарынын иммуно-биологиялык препараттарынын жана тест-тутумдарынын, лабораториялык-дарт аныктоочу иштеринин сапатына баалоо жүргүзөт;
- экология жана айлана-чөйрө, эмгек медицинасы, эпидемиология көйгөйлөрү боюнча эксперттик комиссиялардын ишине катышат;
- Кыргыз Республикасынын калкынын санитардык-эпидемиологиялык саламаттыгын камсыз кылуу үчүн коомдун саламаттыгы жана саламаттык сактоонун приоритеттүү көйгөйлөрү боюнча программаларды ишке ашырат;
- илимий кадрларды даярдоону жүзөгө ашырат, саламаттык сактоо кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу боюнча билим берүү программаларына катышат;
- илимий-практикалык семинарларды, конференцияларды, съезддерди уюштурат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка иштин түрлөрүн аткарат;
- илимий кадрларды даярдоону (изденүүчүлүк, аспирантура, докторантура), анын ичинде коммерциялык негизде жүзөгө ашырат;
- медицина кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу боюнча билим берүү программаларына катышат.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-майындагы № 280 токтомунун редакциясына ылайык)
4. "ААМ" ИӨБдүн укуктары жана милдеттери
14. "ААМ" ИӨБ төмөнкүлөргө укуктуу:
- башка илимий уюмдар, анын ичинде чет өлкөлүк уюмдар менен байланыштарды өнүктүрүүгө, белгиленген тартипте келишимдерди түзүүгө;
- илимий эмгектерди басып чыгарууга, илимий-техникалык маалыматтар базасын түзүүгө, илимий конференцияларды жана башка илимий иш-чараларды жүргүзүүгө;
- "ААМ" ИӨБдүн тематикасы менен байланышкан айрым маселелерди чечүү жана иштеп чыгууларды жүргүзүү үчүн, анын ичинде чет өлкөлүк өнөктөр менен белгиленген тартипте туруктуу же убактылуу илимий жана илим-изилдөө жамааттарын уюштурууга;
- "ААМ" ИӨБдүн медициналык жана илимий кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатууга;
- коомдун саламаттыгы жана саламаттык сактоо жаатындагы мамлекеттер аралык илимий-техникалык программаларга катышууга;
- мамлекеттик, коомдук жана жеке менчик уюмдарга консультативдик жардам көрсөтүүгө;
- "ААМ" ИӨБ тарабынан иштелип чыккан технологияларды республиканын ичинде жана чет өлкөдө сатууга;
- "ААМ" ИӨБдүн ишин камсыз кылуу үчүн чет өлкөдөн алдыңкы техниканын, технологиялардын жана жабдуулардын үлгүлөрүн сатып алууга жана саламаттык сактоо практикасына киргизүүгө;
- келишимдик негизде адистерди ишке тартууга;
- илимий иштин багыттарын аныктоого;
- басып чыгаруу ишин жүргүзүүгө;
- Саламаттык сактоо министрлигине негизги фонддорду капиталдык куруу, реконструкциялоо, ошондой эле капиталдык жана учурдагы оңдоо маселелери боюнча сунуштарды киргизүү;
- акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүүгө жана түшкөн кирешелерди материалдык-техникалык базаны өнүктүрүүгө, инфратүзүмдөрдү күтүүгө, илимий изилдөөлөрдү колдоого, кадрларды даярдоого, "ААМ" ИӨБдүн кызматкерлерин социалдык коргоого жана анын материалдык-техникалык базасын чыңдоого пайдаланууга;
- тармактар аралык илимий-техникалык комплекстердин, ассоциациялардын (союздардын), коомдук уюмдардын курамына кирүүгө жана алардын иштерине катышууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген ишти жүзөгө ашырууга.
15. "ААМ" ИӨБ төмөнкүлөргө милдеттүү:
- лабораториялык-дарт аныктоочу каражаттарга, приборлорго сыноолорду жүргүзүүгө жана аларды саламаттык сактоо практикасына киргизүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө корутунду берүүгө;
- Билим берүү жана илим министрлигинин, Саламаттык сактоо министрлигинин тапшырмалары боюнча билим берүүнү, илимди жана практикалык саламаттык сактоону өнүктүрүү жана интеграциялоо боюнча аналитикалык маалымкаттарды жана сунуштарды даярдоого;
- бюджеттик каражаттарды жүгүртүүнүн казыналык жол-жоболорунун жана мамлекеттик бюджеттин каражаттары боюнча отчетторду берүү регламентин сактоого;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бухгалтердик эсепти жана отчеттуулукту жүргүзүүгө;
- белгиленген тартипте бекитилген отчеттордун бардык түрлөрүн берүүгө;
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык финансы каражаттарын максаттуу багыты боюнча пайдаланууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка иш-чараларды жүргүзүүгө.
5. "ААМ" ИӨБдүн түзүмү
16. "ААМ" ИӨБдүн түзүмү Саламаттык сактоо министрлиги, Билим берүү жана илим министрлиги менен макулдашуу боюнча "ААМ" ИӨБдүн окумуштуулар кеңешинин чечими менен "ААМ" ИӨБдүн директору тарабынан бекитилет.
6. "AAM" ИӨБ ишин башкаруу
17. "AAM" ИӨБдүн ишин директор жетектейт.
18. "ААМ" ИӨБ директору кызмат ордуна Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы мамлекеттик органдын жетекчисинин сунушу жана Кыргыз Республикасынын илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан 70 жаш курактан ашпаган, тиешелүү багыттагы илимдин доктору окумуштуу даражасы бар адистердин ичинен 5 жылдык мөөнөткө дайындалат. Тиешелүү багыттагы илимдин доктору окумуштуу даражасы бар адис жок учурда тиешелүү багыттагы илимдин кандидатын дайындоого жол берилет.
Бир эле адам "ААМ" ИӨБ директору кызматына катары менен экиден ашык мөөнөткө дайындала албайт.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-ноябрындагы № 554 токтомунун редакциясына ылайык)
19. "ААМ" ИӨБдүн директорунун ыйгарым укуктары төмөнкү учурларда мөөнөтүнөн мурда токтотулушу мүмкүн:
- жеке арызынын негизинде;
- "ААМ" ИӨБдүн окумуштуулар кеңешинин мүчөлөрүнүн тизмелик курамынын кеминде үчтөн экиси тарабынан демилгеленип чакыртып алуунун негизинде;
- оорусунан улам кызматтык милдеттерин аткарууга мүмкүн болбой калганда;
- соттун айыптоочу өкүмү күчүнө киргенде;
- каза болгон учурда.
20. Саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси "ААМ" ИӨБ директорунун кызмат орду бош болсо, анын милдеттерин аткарууну "ААМ" ИӨБ директорунун орун басарына үч айдан ашпаган мөөнөткө жүктөйт.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-ноябрындагы № 554 токтомунун редакциясына ылайык)
21. "ААМ" ИӨБдүн директору:
- өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Саламаттык сактоо министрлигинин, Билим берүү жана илим министрлигинин буйруктарын, ички эмгек тартибинин эрежелерин жана ушул Уставды жетекчиликке алат;
- жеке башчылык принциптеринде "ААМ" ИӨБдү башкарат жана "ААМ" ИӨБдүн максаттарынын, милдеттеринин жана функцияларынын ишке ашырылышы, финансылык тартиптин сакталышы, бухгалтердик эсептин жана отчеттуулуктун жүргүзүлүшү, "ААМ" ИӨБдүн ыкчам башкаруусундагы мүлктүн жана башка материалдык баалуулуктардын сакталышы, "ААМ" ИӨБдүн кызматкерлеринин укуктарынын сакталышы, мамлекеттик сырды түзгөн маалыматтардын корголушу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын сакталышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
- кызматкерлерди ишке кабыл алат жана бошотот, алардын кызматтык милдеттерин аныктайт;
- "ААМ" ИӨБдүн айырмаланган кызматкерлерин сыйлайт жана тартиптик жаза чараларын көрөт;
- финансылык каражаттарды тескейт;
- банк мекемелеринде улуттук жана чет өлкөлүк валютада алыш-бериш жана башка эсептерди ачат;
- өзүнүн компетенциясына кирген маселелер боюнча чечимдерди кабыл алат.
22. "ААМ" ИӨБдүн директорунун илимий иштер боюнча орун басары Билим берүү жана илим министрлиги, клиникалык иштер боюнча орун басары Саламаттык сактоо министрлиги менен макулдашуу боюнча директор тарабынан дайындалат жана өздөрүнүн ыйгарым укуктарын кызматтык нускамаларга ылайык жүзөгө ашырышат.
7. "ААМ" ИӨБдүн окумуштуулар кеңеши
23. "ААМ" ИӨБдүн окумуштуулар кеңеши сунуштама берүүчү коомдук-кесиптик орган болуп эсептелет. "ААМ" ИӨБдүн окумуштуулар кеңешинин мүчөлөрү жогорку медициналык, фармацевттик жана биологиялык билими бар илимий кызматкерлердин, адистердин жана административдик-башкаруу персоналынын жалпы чогулушунда, "AM" ИӨБдүн директорунун сунушу боюнча жашыруун добуш берүү менен 3 жылдык мөөнөткө шайланат. Жалпы чогулуш эгерде ага эмгек жамаатынын курамынын жарымынан көбү катышса, чечим кабыл алууга укуктуу болот.
"ААМ" ИӨБдүн окумуштуулар кеңешинин курамына "ААМ" ИӨБдө иштебеген жетектөөчү окумуштуулар жана адистер, ошондой эле Саламаттык сактоо министрлигинин, Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрү кириши мүмкүн.
24. Окумуштуулар кеңеши эгерде жыйынга анын курамынын үчтөн экисинен кем эмеси катышса, чечим кабыл алууга укуктуу болот.
Окумуштуулар кеңешинин чечимин жактап, эгерде аларга добуш берүүгө катышкан окумуштуулар кеңешинин мүчөлөрүнүн жарымынан көбү добуш берсе, кабыл алынды деп эсептелет.
25. "ААМ" ИӨБдүн директору окумуштуулар кеңешинин төрагасы болуп саналат.
8. "ААМ" ИӨБдүн каржылоо булактары
26. "ААМ" ИӨБдү каржылоо төмөнкүлөрдүн эсебинен жүргүзүлөт:
- мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын;
- милдеттүү медициналык камсыздандыруу каражаттарынын;
- кошо төлөөдөн түшкөн каражаттардын;
- атайын каражаттардын;
- эл аралык уюмдардын гранттарынын;
- жеке жана юридикалык жактардын ыктыярдуу чегерүүлөрүнүн жана салымдарынын;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактардын.
27. "ААМ" ИӨБдүн илим-изилдөө иштерин бюджеттик каржылоо төмөнкү жолдор менен жүргүзүлөт:
- "ААМ" ИӨБ тарабынан жүргүзүлгөн фундаменталдык изилдөөлөрдү колдоо каражаттары катары базалык каржылоо;
- илимий-техникалык программалардын артыкчылыктуу багыттары боюнча илимий изилдөөлөрдү жана иштеп чыгууларды максаттуу каржылоо;
- гранттар тутуму боюнча айрым изилдөөлөрдү жана иштеп чыгууларды контракттык каржылоо.
28. Мамлекеттер жана тармактар аралык илимий-техникалык макулдашуулардын негизинде түзүлгөн жана ишке ашырылуучу илимий изилдөөлөрдү жана илимий-техникалык программаларды каржылоону келишимдик негизде үлүштүк катышуу тартибинде кызыкдар тараптар жүргүзүшү мүмкүн.
29. "ААМ" ИӨБдүн ишин контролдоо ушул Уставда жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте ишке ашырылат.
9. "ААМ" ИӨБдүн ишин токтотуу жана кайра уюштуруу
30. "ААМ" ИӨБдүн иши Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте жоюлган учурда токтотулушу мүмкүн.
"ААМ" ИӨБдү кайра уюштуруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен ишке ашырылат.
31. "ААМ" ИӨБдүн документтери "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.