Загрузка документа…
| 1-тиркеме (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 22-январындагы № 20 токтомуна) |
|
Кыргыз Республикасынын ички иштер чөйрөсүндөгү, жазаларды аткаруу чөйрөсүндөгү, бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарына биринчи жолу кабыл алынып жаткан адамдар үчүн атайын алгачкы кесиптик даярдоону уюштуруу жана өткөрүү эрежелери
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-августундагы № 436 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул эрежелер Кыргыз Республикасынын ички иштер чөйрөсүндөгү, жазаларды аткаруу чөйрөсүндөгү, бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарына (мындан ары - укук коргоо органдары) катардагы, кенже, орто жана жогорку жетекчилик курамындагы кызматтарга биринчи жолу кабыл алынып жаткан адамдар үчүн атайын алгачкы кесиптик даярдоону уюштуруу жана өткөрүү тартибин аныктайт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-августундагы № 436 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Алгачкы атайын кесиптик окутуу (мындан ары - алгачкы окутуу) укук коргоо органдарынын билим берүү мекемесинде күндүз окутуу формасында жүргүзүлөт.
3. Укук коргоо органдарына биринчи жолу кызмат өтөөгө келген адамдар (мындан ары - талапкерлер) кесиптик жана кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон ченемдерди өздөштүрүү аркылуу билимди, көндүмдөрдү алуу үчүн, анын ичинде күчүн, атайын каражаттарды, куралды, курал-жарактарды жана согуш техникасын колдонуу үчүн алгачкы окутуудан өтүшөт.
4. Алгачкы окутуунун негизги милдеттери:
- укук коргоо органдарындагы иштин багыты (кызматтар номенклатурасы) боюнча талапкерлердин билим алышы;
- талапкерлерден жеке даярдыктын, атайын каражаттарды, куралды, курал-жарактарды жана согуш техникасын колдонуунун практикалык көндүмдөрүн жана билимдерин иштеп чыгуу;
- талапкерлерди адам укуктарын, мыйзамдуулукту жана кесиптик, кызматтык ишинде жеке коопсуздугун сактоого окутуу.
2-глава. Алгачкы окутууну уюштуруу жана өткөрүү тартиби
5. Талапкерлер укук коргоо органдарынын билим берүү мекемесинен алгачкы окутуудан милдеттүү түрдө өтүшөт.
6. Укук коргоо органдарынын кадр бөлүмдөрү талапкерлердин конкурстук тандоодон өтүүсүнүн жыйынтыгы боюнча укук коргоо органдарынын билим берүү мекемесинен алгачкы даярдоого жөнөтүү үчүн конкурстук тандоодон өткөн талапкерлердин тизмесин түзөт.
7. Талапкерлерди алгачкы окутуу графиктери укук коргоо органдарынын кадр бөлүмдөрү тарабынан муктаждыкка ылайык квартал сайын түзүлөт, билим берүү мекемеси менен макулдашылат жана укук коргоо органдарынын жетекчилиги тарабынан бекитилет.
8. Алгачкы окутуудан өтүү үчүн жолдомо укук коргоо органынын жетекчисинин буйругу менен таризделет.
9. Талапкерлер окутууга укук коргоо органынын билим берүү мекемесинин жетекчисинин буйругу менен кабыл алынат. Билим берүү мекемеси ар бир талапкер менен тараптардын милдеттери жана укуктары жөнүндө контрактты түзүшөт жана кол коюшат.
10. Окуучулардын ар бир категориясы боюнча алгачкы окутуунун мөөнөтү билим берүү мекемеси тарабынан белгиленет. Окуй турган талапкерлердин ар бир категориясы үчүн окуу-тематикалык план жана алгачкы даярдоо программасы түзүлөт, аларды билим берүү мекемесинин жетекчиси бекитет.
11. Алгачкы даярдоо программасы окуучулардын ар бир категориясы үчүн аларга коюлган квалификациялык талаптарга ылайык талапкерлердин билимди жана көндүмдөрдү алуусуна багытталган болушу керек жана теория менен практиканы байланыштыруу принциби боюнча иштелип чыгат.
12. Алгачкы даярдоо программаларынын узактыгы, түзүмү жана мазмуну, ошондой эле кара күчүн, атайын каражаттарды, куралды, курал-жарактарды жана согуш техникасын колдонуу менен байланышкан шартта талапкерлердин аракет кылууга кесиптик даярдыгын текшерүү тартиби жана контролдоо формасы билим берүү мекемесинин жетекчиси тарабынан аныкталат.
13. Практикалык көндүмдөргө ээ болуу максатында билим берүү мекемеси тарабынан төмөнкүлөр уюштурулушу мүмкүн:
- көчмө сабактар;
- практикалык кызматкерлерди жана жумушчуларды сабактарга чакыруу;
- укук коргоо органдарынын бөлүмдөрүндө практикаларды уюштуруу.
14. Алгачкы даярдоо программалары окутуу процессинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын өзгөртүү мүмкүндүгүн жана талапкерлерге карата квалификациялык талаптар өзгөрүлгөнүн эске алуу менен жакшыртылышы жана өзгөртүлүшү мүмкүн.
15. Кайсы бир предмет боюнча канааттандырарлык эмес баа алганда билим берүү мекемеси тарабынан ошол предмет боюнча консультация жана кайрадан тапшыруу уюштурулат. Кайрадан тапшырганда канааттандырарлык эмес деген баа алганда билим берүү мекемеси тарабынан ошол предмет боюнча кайрадан консультация жана комиссиялык кайрадан тапшыруу уюштурулат. Комиссиялык кайрадан тапшырууда канааттандырарлык эмес деген баа алганда талапкер окуудан чыгарылууга тийиш.
16. Талапкерди окуудан чыгаруу билим берүү мекемесинин буйругу менен таризделет.
17. Алгачкы окутуу программасын жакшы өздөштүргөн жана билим берүү мекемесиндеги контролдоонун бардык формаларын тапшырган талапкерлер алгачкы даярдоо курсун аяктагандыгын ырастаган тиешелүү сертификат алышат.
18. Талапкер алгачкы даярдоо курсун аяктагандыгы, окуудан чыгарылгандыгы жөнүндө маалымат билим берүү мекемеси тарабынан укук коргоо органынын кадр бөлүмдөрүнө жөнөтүлөт.
19. Алгачкы окутууну ийгиликтүү аяктагандыгы жөнүндө талапкерлердин сертификаттары кадр бөлүмдөрүнүн өздүк ишинин материалдарына тиркелет жана укук коргоо органдарынын кадрлар резервине жазылууга негиз болуп эсептелет.
20. Талапкерлер контрактта аталган шарттарды аткарбаганда билим берүү мекемесинен чыгарылууга тийиш. Тараптар катары контрактты түзгөн келишим билим берүү мекемеси менен талапкер кабыл алынган чечимдерге Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык даттанууга тиешелүү укуктары бар.
21. Талапкерлерди алгачкы окутуу укук коргоо органдарынын билим берүү мекемелеринде өткөрүлөт.