Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2020-жылдын 22-январы № 20
Кыргыз Республикасынын ички иштер чөйрөсүндөгү, жазаларды аткаруу чөйрөсүндөгү, бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарына биринчи жолу кабыл алынып жаткан адамдар үчүн атайын алгачкы кесиптик даярдоону уюштуруу жана өткөрүү эрежелерин жана Кыргыз Республикасынын ички иштер чөйрөсүндөгү, экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү, жазаларды аткаруу чөйрөсүндөгү, бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын кызматкерлерин даярдоо боюнча билим берүү мекемелеринин тизмесин бекитүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 3-августундагы № 105 , 2023-жылдын 28-августундагы № 436 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
"Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын ички иштер чөйрөсүндөгү, жазаларды аткаруу чөйрөсүндөгү, бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарына биринчи жолу кабыл алынып жаткан адамдар үчүн атайын алгачкы кесиптик даярдоону уюштуруу жана өткөрүү эрежелери, 1-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын ички иштер чөйрөсүндөгү, экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү, жазаларды аткаруу чөйрөсүндөгү, бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын кызматкерлерин даярдоо боюнча билим берүү мекемелеринин тизмеси, 2-тиркемеге ылайык.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-августундагы № 436 токтомунун редакциясына ылайык)
2. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-августундагы № 436 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-августундагы № 436 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. Ушул токтом расмий түрдө жарыяланууга тийиш жана 2020-жылдын 3-февралынан тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 4-февралындагы № 11(3083) жарыяланды
Премьер-министр | М.Д. Абдылгазиев |
|
| 2-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын ички иштер чөйрөсүндөгү, жазаларды аткаруу чөйрөсүндөгү, бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын кызматкерлерин даярдоо боюнча билим берүү мекемелеринин тизмеси
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 3-августундагы № 105, 2023-жылдын 28-августундагы № 436 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын билим берүү мекемелери:
- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин милициянын генерал-майору Эргеш Алиевич Алиев атындагы академиясы;
- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин милициянын генерал-майору Жапар Шабирович Шабиров атындагы Республикалык окуу борбору.
2. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-августундагы № 436 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Жазаларды аткаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын билим берүү мекемеси - Кыргыз Республикасынын жазык аткаруу системасынын кызматкерлерин даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу боюнча окуу борбору.
4. Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын билим берүү мекемелери:
- Милициянын генерал-майору Алиев Эргеш Алиевич атындагы Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин академиясы;
- Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын кызматкерлерин даярдоо жана алардын квалификациясын жогорулатуу боюнча ведомстволук бөлүм.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 3-августундагы № 105 , токтомдун редакциясына ылайык)