Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 28-августу № 436
Укук коргоо органдарынын кызматкерлерин даярдоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдерине ылайык келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 8-майындагы № 256 "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин милициянын генерал-майору Алиев Эргеш Алиевич атындагы Академиясы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин милициянын генерал-майору Алиев Эргеш Алиевич атындагы Академиясы жөнүндө жободо:
- 1.2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1.2. Академия төмөнкүлөр боюнча мамлекеттик билим берүү мекемеси болуп саналат:
- жогорку билимдин базасында жогорку башкаруучулук-укуктук билим берүү менен ички иштер органдарынын жетекчи кадрларын даярдоо;
- жогорку билимдин базасында илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо;
- жалпы орто, жалпы кесиптик орто жана юридикалык эмес жогорку билимдин базасында жогорку юридикалык билими бар адистерди даярдоо;
- ички иштер чөйрөсүндөгү, жазаларды аткаруу чөйрөсүндөгү, бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын кызматкерлерин кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу;
- ички иштер чөйрөсүндөгү, жазаларды аткаруу чөйрөсүндөгү, бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга биринчи жолу кызматка кирген адамдарды атайын баштапкы кесиптик даярдоо;
жогорку кесиптик билим берүүнүн билим берүү программаларынын "Юриспруденция" жана "Укук коргоо иши" багыттары боюнча магистрлерди даярдоо.
Академияда адистерди даярдоо мамлекеттик жана расмий тилдерде күндүзгү жана сырттан окуу формалары боюнча (план боюнча жана контракттын негизинде) жүргүзүлөт.";
- 1.9-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1.9. Академия юридикалык жактын укуктарынан пайдаланат, Мамлекеттик гербдин сүрөтү менен жана мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы менен мөөрү, бурчтуу штамптары бар.";
- 2.1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2.1 Академия өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин ведомстволук актыларын, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.";
- 3.1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3.1. Академия төмөнкүдөй негизги милдеттерди аткарат:
- бюджеттик (курсанттарды) жана контракттык (студенттерди) негизде күндүзгү окуу формасы боюнча ички иштер органдары жана юриспруденциянын башка тармактары үчүн жогорку юридикалык билими бар кадрларды, магистрлерди (контракт), ошондой эле дистанттык технологияларды пайдалануу менен сырттан окуу формасы боюнча студенттерди (бюджет, контракт) даярдайт;
- ички иштер органдарынын жетекчи курамы үчүн кадрларды башкаруучулук-укуктук даярдоону камсыз кылат;
- адъюнктура, докторантура жана изденүүчүлүк аркылуу ИИМдин системасы үчүн илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдайт;
- ички иштер органдарынын кызматкерлерин, ошондой эле башка укук коргоо жана фискалдык органдардын, анын ичинде чет өлкөлөрдүн кызматкерлерин келишимдик негизде кайра даярдайт жана квалификациясын жогорулатат;
- мыйзамдарды өркүндөтүүгө жана ички иштер, кылмыштуулукка каршы күрөшүү органдарынын актуалдуу проблемаларын илимий изилдөөлөргө катышат;
- мамлекеттик билим берүү стандарттарына ылайык адистерди даярдоону камсыз кылуучу окуу-методикалык базаны түзөт жана өнүктүрөт, ошондой эле окуу-методикалык адабиятты иштеп чыгат жана басып чыгарат;
- ички иштер чөйрөсүндөгү, жазаларды аткаруу чөйрөсүндөгү, бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга биринчи жолу кызматка кирген адамдарды атайын баштапкы кесиптик жактан даярдайт.".
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 22-январындагы № 20 "Кыргыз Республикасынын ички иштер чөйрөсүндөгү, экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү, жазаларды аткаруу чөйрөсүндөгү, бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарына биринчи жолу кабыл алынып жаткан адамдар үчүн атайын алгачкы кесиптик даярдоону уюштуруу жана өткөрүү эрежелерин жана Кыргыз Республикасынын ички иштер чөйрөсүндөгү, экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү, жазаларды аткаруу чөйрөсүндөгү, бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын кызматкерлерин даярдоо боюнча билим берүү мекемелеринин тизмесин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) аталышындагы, 1-пункттагы ", экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү" деген сөздөр алып салынсын;
2) 2, 3-пункттар күчүн жоготту деп таанылсын;
3) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын ички иштер чөйрөсүндөгү, экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү, жазаларды аткаруу чөйрөсүндөгү, бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарына биринчи жолу кабыл алынып жаткан адамдар үчүн атайын алгачкы кесиптик даярдоону уюштуруу жана өткөрүү эрежелеринде:
- аталышындагы, 1-пункттагы ", экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү" деген сөздөр алып салынсын;
4) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын ички иштер чөйрөсүндөгү, экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү, жазаларды аткаруу чөйрөсүндөгү, бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын кызматкерлерин даярдоо боюнча билим берүү мекемелеринин тизмесинде:
- аталышындагы ", экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү" деген сөздөр алып салынсын;
- 2-пункт күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Эркин Тоо газетасынын 2023-жылдын 5-сентябрындагы № 71 (3520) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.У.Жапаров |