Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 162 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2020-жылдын 12-июну № 334
Кыргыз Республикасынын Бажы бирлигинин/Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регламенттерин колдонуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. (КР Министрлер кабинетинин 2021-жылдын 19-майындагы № 11 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 29-мартындагы № 184 "Кыргыз Республикасында Бажы союзунун/Евразия экономикалык союзунун техникалык регламенттерин колдонуу боюнча иш-чаралардын планы жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында Бажы союзунун/Евразия экономикалык союзунун техникалык регламенттерин колдонуу боюнча иш-чаралардын планында:
- 41-главасынын 3-пунктунун 3-пунктчасындагы "Жооптуу аткаруучулар" графасында "ССМ, Токой агенттиги," деген аббревиатура жана сөздөр "Токой агенттиги, ССМ," деген сөздөр жана аббревиатура менен алмаштырылсын;
- ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакциядагы 48-глава менен толукталсын;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регламенттеринин долбоорлору боюнча иштерди аткарууга тартылган министрликтердин жана административдик ведомстволордун иш-аракеттер планында:
- 2-главасы күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 17-июлундагы № 56 (3128) жарыяланды
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр |
К.А. Боронов |
| Тиркеме |
"
№ | Иш-чаранын аталышы | Жооптуу аткаруучулар | Аткаруунун мөөнөтү |
48. "Энергияны керектөөчү түзүлүштөрдүн энергетикалык натыйжалуулугуна талаптар жөнүндө" (048/2019 ЕАЭБ ТР) ЕАЭБ техникалык регламенттерин ишке ашыруу боюнча иш-чаралар ЕАЭБ ТР жоболорун ишке ашыруу үчүн жооптуу ыйгарым укуктуу орган - ӨЭЖМК | |||
1 | Стандарттардын тизмегин актуалдаштыруу боюнча сунуштарды ЕЭКке берүү, аларды колдонуунун натыйжасында ЕАЭБ техникалык регламентинин талаптарын, ошондой эле сыноолордун жана ченөөлөрдүн эрежелерин жана методдорун, анын ичинде БС/ЕАЭБ ТРди колдонуу, аткаруу жана продукциянын шайкештигин баалоо (тастыктоо) үчүн зарыл болгон үлгүлөрдү тандап алуунун эрежелерин сактоо ыктыярдуу негизде камсыздалат | ЭМ, ЭМ караштуу СМБ, шайкештикти баалоо боюнча органдар | Дайыма |
2 | Кыргыз Республикасынын улуттук стандарттарын Стандарттардын тизмегине киргизүү жөнүндө сунуштарды актуалдаштыруу жана ЕЭКке берүү, аларды колдонуунун натыйжасында ЕАЭБ техникалык регламентинин талаптарын, ошондой эле сыноолордун жана ченөөлөрдүн эрежелерин жана методдорун, анын ичинде ЕАЭБ техникалык регламентин колдонуу, аткаруу жана продукциянын шайкештигин баалоо (тастыктоо) үчүн зарыл болгон үлгүлөрдү тандап алуунун эрежелерин сактоо ыктыярдуу негизде камсыздалат | ЭМ караштуу СМБ | Дайыма |
3 | Төмөнкү маселелер боюнча иш жүргүзүү жана позицияларды даярдоо: |
| Дайыма |
1) өндүрүү; сатуу, сактоо, эксплуатациялоо, утилдештирүү; | ӨЭЖМК, Экотехинспекция, |
| |
2) ташуу; 3) шайкештикти баалоо; 4) көзөмөлдөө; 5) бул БС ТР талаптарын сактоо үчүн СЛ түзүү | ТЖМ; ӨЭЖМК; Экотехинспекция, ӨЭЖМК | ||
4 | БС ТР талаптарына продукциянын шайкештигин баалоочу (тастыктоочу) Сертификаттоо боюнча органдарды, сыноочу лабораторияларды (борборлорду) аккредитациялоо (аккредитациялоо жаатын кеңейтүү) | ЭМ караштуу КАБ, шайкештикти баалоо боюнча органдар | Сыноо лабораторияларынын жабдылышына жараша, эгерде аккредитациялоого/аккредитация тармагын кеңейтүүгө арыз болсо |
5 | Продукциянын ЕАЭБ техникалык регламенттеринин талаптарына шайкештигин баалоочу (тастыктоочу) Бажы союзунун сертификациялоо боюнча органдарын жана сыноо лабораторияларын (борборлорду) белгиленген тартипте Сертификациялоо боюнча органдардын жана сыноо лабораторияларынын (борборлорунун) бирдиктүү реестринин улуттук бөлүгүнө киргизүү | ЭМ, ЭМ караштуу КАБ | Сыноо лабораторияларынын жабдылышына жараша, эгерде аккредитациялоого/аккредитация тармагын кеңейтүүгө арыз болсо |
6 | ЕАЭБ техникалык регламентинин жоболорун түшүндүрүү максатында өндүрүүчүлөр менен керектөөчүлөрдүн катышуусунда "тегерек столдорду", семинарларды өткөрүү | ӨЭЖМК, ЭМ, министрликтер жана ведомстволор | Дайыма |