Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2020-жылдын 15-июну № 339
"2020-жылдын 29-майында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Германия Федеративдүү Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2019-2020-жылдарга финансылык кызматташуу жөнүндө макулдашууну жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Германия Федеративдүү Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2019-2020-жылдарга техникалык кызматташуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренесине жана 80-беренесинин 2-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:
- "2020-жылдын 29-майында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Германия Федеративдүү Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2019-2020-жылдарга финансылык кызматташуу жөнүндө макулдашууну жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Германия Федеративдүү Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2019-2020-жылдарга техникалык кызматташуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- 2020-жылдын 29-майында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Германия Федеративдүү Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2017-2018-жылдарга финансылык кызматташуу жөнүндө макулдашууга жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Германия Федеративдүү Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2017-2018-жылдарга техникалык кызматташуу жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
Караңыз:
КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 25-июнундагы № 4041-VI "2020-жылдын 29-майында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Германия Федеративдүү Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2019-2020-жылдарга финансылык кызматташуу жөнүндө макулдашууну жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Германия Федеративдүү Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2019-2020-жылдарга техникалык кызматташуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө" токтому;
КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 25-июнундагы № 4042-VI "2020-жылдын 29-майында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Германия Федеративдүү Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2019-2020-жылдарга финансылык кызматташуу жөнүндө макулдашууну жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Германия Федеративдүү Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2019-2020-жылдарга техникалык кызматташуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө" токтому;
КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 25-июнундагы № 4043-VI "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2020-жылдын 15-июнундагы № 339 токтому) "2020-жылдын 29-майында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Германия Федеративдүү Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2019-2020-жылдарга финансылык кызматташуу жөнүндө макулдашууну жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Германия Федеративдүү Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2019-2020-жылдарга техникалык кызматташуу жөнүндө макулдашууну ратификация тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу жөнүндө" токтому;
КР 2020-жылдын 1-августундагы № 106 "2020-жылдын 29-майында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Германия Федеративдүү Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2019-2020-жылдарга финансылык кызматташуу жөнүндө макулдашууну жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Германия Федеративдүү Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2019-2020-жылдарга техникалык кызматташуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Мыйзамы
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен жогоруда аталган мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын Экономика министри, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри, Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Баштапкы кесиптик билим берүү агенттигинин директору аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлдөрү болуп дайындалышсын.
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр |
К.А. Боронов |
| Долбоор |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2020-жылдын 29-майында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Германия Федеративдүү Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2019-2020-жылдарга финансылык кызматташуу жөнүндө макулдашууну жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Германия Федеративдүү Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2019-2020-жылдарга техникалык кызматташуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене.
2020-жылдын 29-майында Бишкек шаарында кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Германия Федеративдүү Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2019-2020-жылдарга финансылык кызматташуу жөнүндө макулдашуу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Германия Федеративдүү Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2019-2020-жылдарга техникалык кызматташуу жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги германия тарабына көрсөтүлгөн макулдашуулардын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 15-июнундагы № 339 токтому менен жактырылган |
2020-жылдын 29-майында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Германия Федеративдүү Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2019-2020-жылдарга финансылык кызматташуу жөнүндө макулдашууга жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Германия Федеративдүү Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2019-2020-жылдарга техникалык кызматташуу жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Германия Федеративдүү Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2019-2020-жылдарга финансылык кызматташуу жөнүндө макулдашуу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Германия Федеративдүү Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2019-2020-жылдарга техникалык кызматташуу жөнүндө макулдашуу (мындан ары - макулдашуулар) Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана мыйзамдарынын ченемдерине шайкеш келет жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге каршы келбейт.
Макулдашуулардын долбоорлоруна кол коюлганга чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитеттери: Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети, Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети менен макулдашылган жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 29-майындагы № 195-б буйругу менен жактырылган.
Кол коюлган макулдашууларга ылайык Германия Федеративдүү Республикасынын Өкмөтү эки тараптуу финансылык жана техникалык кызматташуу үчүн 2019-2020-жылдар мезгилинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө 41,8 млн. евро өлчөмүндө гранттык каражаттарды берүүгө милдеттенди. Бул суммадан 21,8 млн. евро техникалык кызматташуунун долбоорлоруна, ал эми 20,0 млн. евро финансылык кызматташуунун алкагында берилүүдө.
Финансылык каражаттар гранттык негизде берилгендигине байланыштуу, Кыргыз Республикасы тарабынан кандайдыр бир финансылык милдеттенмелер каралбайт, тиешелүү түрдө республикалык бюджеттен кошумча каржылоо талап кылынбайт. Каражаттар экономиканы туруктуу өнүктүрүү жана социалдык сектор чөйрөсүндөгү, анын ичинде саламаттык сактоо, ошондой эле башка чөйрөлөрдөгү долбоорлорду ишке ашырууга багытталат.
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине ылайык макулдашуулар ратификациялоону талап кылат.
Макулдашууларды ратификациялоо кандайдыр бир финансы-экономикалык жана башка кесепеттерге алып келбейт.