Загрузка документа…
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 24-июнундагы № 356 токтомуна) |
Контролдук-кассалык машиналарды каттоо жана колдонуу тартиби
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартип Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин (мындан ары - Салык кодекси) 109-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык иштелип чыккан жана контролдук-кассалык машиналарды (мындан ары - ККМ) сатуучу жана/же тейлөөчү субъекттердин жана салык органдарында ККМди каттоо учурундагы субъекттердин иш-аракеттеринин тартибин аныктайт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында накталай жана электрондук акчалар, банктык төлөм карточкалары жана башка төлөм инструменттери аркылуу соода операцияларын жүргүзүүдө же жумуштарды аткарууда жана кызматтарды көрсөтүүдө ККМди колдонуунун жалпы тартибин белгилейт.
2. Ушул Тартипте төмөнкүдөй түшүнүктөр жана терминдер колдонулат:
1) фискалдык маалыматтардын оператору (мындан ары - ФМО) - маалыматтарды топтоонун жана корголгон түрдө ыйгарым укуктуу салык органына же маркаланган товарларды маркалоо жана көзөмөлдөө улуттук системасынын операторуна гана берүүнүн техникалык процессин камсыз кылуучу уюм;
Ушул Тартиптин максатында ФМО катары фискалдык маалыматтарды топтоо жана андан ары ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилген тартипке ылайык корголгон түрдө ыйгарым укуктуу салык органына реалдуу убакыт режиминде берүү үчүн ФМОнун маалыматтык системасы менен ККМди интеграциялоо боюнча субъектке жана ККМди техникалык тейлөө борборлоруна (мындан ары - ТТБ) кызматтарды көрсөтүүчү уюм таанылат.
2) субъект - уюштуруу-укуктук формасына, ишинин түрүнө, баш ийүүсүнө жана менчигинин түрүнө карабастан экономикалык иш жүргүзгөн жана/же салык салуу объекттери бар жеке жак, жеке ишкер, уюм, обочолонгон бөлүм, туруктуу мекеме;
Ушул Тартипте колдонулуучу башка түшүнүктөр жана терминдер Кыргыз Республикасынын салык жана банк мыйзамдарында, Кыргыз Республикасынын соода ишин жөнгө салуу жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарында аныкталган мааниде колдонулат.
2. Контролдук-кассалык машиналарды колдонуу
3. Субъекттер иштерин Салык кодексине ылайык ККМди колдонуу менен жүргүзүшөт. Мында ККМ иш башталганга чейин ыйгарым укуктуу салык органынын автоматташтырылган маалыматтык системасында (мындан ары - АМС) катталышы керек.
4. ККМ сатып алуучулар же кардарлар менен накталай/электрондук акчалар, банктык төлөм карталары жана башка төлөм инструменттери аркылуу ишке ашырылуучу акчалай эсептешүүлөрдө төмөнкү кассалык эсептешүү операцияларын аткаруу менен колдонулат:
- сатуу же сатып алуу;
- алдын ала төлөө (аванс);
- алдын ала төлөөнү (авансты) жабуу;
- кийин төлөө (кредит);
- кийин төлөөнү (кредитти) жабуу;
- сатууну, сатып алууну, алдын ала төлөөнү (авансты) жана кийин төлөөнү (кредитти) кайтаруу.
5. Сатуу жана сатып алуу операциялары сатып алуучуга товар берилген, кардарга кызмат көрсөтүлгөн же жумуш аткарылган жерде жана мезгилде товарлар, кызмат көрсөтүүлөр жана жумуштар үчүн акы толук төлөнгөн учурда жүзөгө ашырылат. Сатып алуу операциясы накталай чет өлкөлүк валюта менен алмашуу операцияларын жүргүзүүдө, кийин сатуу же кайра иштетүү үчүн калктан айнек идиштерди, утилдештирилүүчү чийки затты, металл сыныктарын, айыл чарба продукцияларын жана башка товарларды кабыл алууда (сатып алууда) жүзөгө ашырылат.
6. Алдын ала төлөө (аванс) операциясы товар, кызмат көрсөтүү же жумуш үчүн акы сатып алуучуга товар берилгенге, кардарга кызматтар көрсөтүлгөнгө же жумуштар аткарылганга (алдын ала төлөө) чейин толугу менен же жарым-жартылай төлөнгөн учурда жүзөгө ашырылат.
7. Алдын ала төлөөнү (авансты) жабуу операциясы мурда түзүлгөн сатып алуу-сатуу, кызматтарды көрсөтүү же жумуштарды аткаруу келишимдери (ачык келишим) боюнча сатып алуучуга товар толук берилген, кардарга кызматтар толук көрсөтүлгөн же жумуштар аткарылган учурда, алдын ала төлөө (аванс) таризделген чектин катар номерин көрсөтүү менен жүзөгө ашырылат.
8. Кийин төлөө (кредит) операциясы товар, кызмат көрсөтүү же жумуш үчүн акы сатып алуучуга товар берилгенден, кардарга кызмат көрсөтүлгөндөн же жумуш аткарылгандан кийин (кийинки төлөм) белгилүү бир убакыттан кийин төлөнгөн учурда жүзөгө ашырылат.
9. Кийин төлөөнү (кредит) жабуу операциясы мурда түзүлгөн сатып алуу-сатуу, кызматтарды көрсөтүү же жумуштарды аткаруу келишимдери (ачык келишим) боюнча сатып алуучу товар үчүн, кардар көрсөтүлгөн кызмат же аткарылган жумуш үчүн акыны толук төлөгөн учурда, кийин төлөө (кредит) таризделген чектин катар номерин көрсөтүү менен жүзөгө ашырылат.
10. Сатууну, сатып алууну, алдын ала төлөөнү (авансты) жана кийин төлөөнү (кредитти) кайтаруу операциясы Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык сатып алуучу же кардар менен сатып алуу-сатуу, кызматтарды көрсөтүү же жумуштарды аткаруу келишимдери бузулган учурда, кайтаруу таризделген чектин катар номерин көрсөтүү менен жүзөгө ашырылат.
11. Калк менен ККМди колдонбостон акчалай эсептешүүлөрдү жүргүзүүгө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген Өз ишинин спецификасына же жайгашкан жеринин өзгөчөлүгүнө байланыштуу ККМди колдонбостон калк менен акчалай эсептешүүлөрдү жүргүзө алышкан уюмдардын жана жеке жактардын тизмесине киргизилген субъекттерге жол берилет.
12. Кыргыз Республикасынын аймагында колдонууга уруксат берилген контролдук-кассалык машиналардын реестрине (мындан ары - ККМдин реестри) киргизилген моделдеги ККМдерди гана Кыргыз Республикасынын аймагында каттоого жана субъекттердин колдонуусуна уруксат берилет.
13. Соода (вендингдик) автоматтарында жана кызматтарды көрсөтүү автоматтарында контролдук-кассалык чекти кагаз жүзүндө жана/же автоматтык окууга жарактуу түрдө түзүү жана берүү мүмкүнчүлүгү бар ККМ орнотулууга тийиш.
14. Төмөнкү ККМди колдонууга жол берилбейт:
- ККМдин реестринен чыгарылган;
- АМСте катталбаган;
- бузулган абалдагы;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте ККМге карата техникалык талаптарга ылайык жол-жоболордон өтпөстөн техникалык, анын ичинде программалык өзгөрүүлөргө учурагандар;
- фискалдык эмес режимде иштегендер.
Субъекттер тарабынан ушул пункттун аткарылбашы ККМди колдонбоого барабар болот.
15. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген ККМге карата техникалык талаптарга ылайык жол-жоболордон өтпөстөн жана ККМдин реестрине киргизбестен мындай комплекстерди пайдалануу менен сатып алуучуларга же кардарларга контролдук-кассалык чектердин көчүрмөлөрүн берүүгө жана ККМге аралыктан кошуу функциясы бар программалык-аппараттык комплекстерди колдонууга жол берилбейт.
16. Төмөнкү учурларда ККМ бузук деп саналат:
1) операцияларды аткарбаса же катачылыктар менен аткарса, кассалык чектерди жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген ККМге карата техникалык талаптарда каралган отчетторду басып чыгарбаса, түшүнүксүз басып чыгарса же толук басып чыгарбаса;
2) фискалдык маалыматтарды берүү түзүлүшүндө, фискалдык эс тутумда камтылган жана/же салык кызматы органдарынын контролдоосу үчүн зарыл болгон, зымдуу жана зымсыз байланыш каналдары боюнча берилүүчү маалыматтарды алууга мүмкүндүк бербесе;
3) провайдер (байланыш оператору) тарабынан берилүүчү байланыш жок болгон же АМС иши үзгүлтүккө учураган учурлардан тышкары, ыйгарым укуктуу салык органына жана/же ФМОго зымдуу же зымсыз байланыш каналдары боюнча реалдуу убакыт режиминде фискалдык маалыматтарды бербесе;
4) фискалдык эс тутум жана/же фискалдык маалыматтарды берүү түзүлүшү иштен чыкса;
5) ККМди иштеп чыгуучу тарабынан иштелип чыккан эксплуатациялоо эрежелеринде каралган башка бузулуулар болсо.
17. Субъекттер КММ бузулган учурда ККМ бузулган учурдан тартып ТТБга кайрылууга тийиш, ал ККМдин бузулууларын оңдоо боюнча субъекттердин кайрылууларын эсепке алуу журналына субъекттин кайрылуусу катталган учурдан тартып 72 (жетимиш эки) сааттын ичинде келип чыккан бузулууну оңдойт. Бузулуулар оңдолгондон кийин ТТБнын жооптуу адамы АМС аркылуу салык кызматына кабарлайт.
18. Эгерде ТТБ ККМдин бузулушунун себебин белгиленген мөөнөттө четтете албаса, анда ТТБ оңдоо учурунда субъектке бузулган ККМдин ордуна техникалык мүнөздөмөлөрү бирдей болгон, башка резервдеги (окшош, оң абалдагы) ККМди акысыз негизде берет.
19. Салык кодексине ылайык ишин ККМди колдонуу менен жүргүзүүгө милдеттүү болгон субъекттер төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) ишин баштоого чейин ККМди сатып алууга жана АМСте каттоого;
2) ККМди контролдук-кассалык чекти кагаз жүзүндө жана/же автоматтык окууга жарактуу түрдө берүү/жөнөтүү аркылуу сатып алуучу же кардар менен эсептешүүлөрдү жүргүзгөн жерде жана учурда колдонууга;
3) ККМди оң абалда кармоого жана ыйгарым укуктуу салык органына жана/же ФМОго реалдуу убакыт режиминде, анын ичинде байланыш кызмат көрсөтүүлөрүн өз убагында төлөө жолу менен маалыматтарды өз убагында берүүнү камсыз кылууга;
4) ТТБ кызматкерлеринин ККМди фискалдаштыруу, ошондой эле ККМ бузулган учурда гана ККМдин ички механизмдерине жана фискалдык эс тутумуна жетүүсүн камсыз кылууга;
5) квитанциялардын бланктарын жана ушул Тартиптин 1-тиркемесине ылайык форма боюнча түзүлгөн квитанциялардын бланктарын эсепке алуу китебин типографиялык ыкма менен гана өз алдынча даярдоого жана аларды салык органдарында ар бир ККМ үчүн каттоого;
6) кассалык чектерди чыгарууну жана ушул Тартиптин 20-пунктунда көрсөтүлгөн учурларда квитанциялардын бланктарын пайдалануу менен жүргүзүлгөн акчалай эсептешүүлөр боюнча маалыматтарды ыйгарым укуктуу салык органына жана/же ФМОго берүүнү камсыз кылууга;
7) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан товарлар, жумуштар жана кызмат көрсөтүүлөр боюнча маалыматтарды милдеттүү түрдө берүү жөнүндө чечим кабыл алынган товарларды сатуу, кызматтарды көрсөтүү жана жумуштарды аткаруу учурунда, товарлар, жумуштар жана кызмат көрсөтүүлөр боюнча маалыматтардын (аталышы, коду, саны, 1 (бир) бирдик үчүн баасы) кассалык чектерде көрсөтүлүшүн жана ыйгарым укуктуу салык органына жана/же ФМОго берүүнү камсыз кылууга;
8) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагында идентификациялоо каражаттары менен милдеттүү түрдө маркалоо жөнүндө чечим кабыл алынган товарларды сатуу учурунда товарларды идентификациялоо каражаттарынын коддору (товарды маркалоо) боюнча маалыматтын кассалык чектерде көрсөтүлүшүн жана ыйгарым укуктуу салык органына жана/же ФМОго берүүнү камсыз кылууга;
9) ККМдин каттоо маалыматтары өзгөргөндө ККМдин жаңы каттоо маалыматтарын АМСке киргизүүнү камсыз кылууга;
10) ККМ уурдалган, жоголгон же ал жеткис күчтүн жагдайларынын натыйжасында жараксыз абалга келген учурда 3 (үч) жумуш күндөн ашык эмес мөөнөттө аны АМСден каттоодон чыгарууга, жаңы ККМди сатып алууга жана АМСте каттоого;
11) жоюлган (иши токтотулган) же кайрадан уюшулган учурда жоюу (ишин токтотуу) же кайра уюштуруу жол-жоболору башталган күнгө чейин ККМди каттоодон чыгарууга.
20. Субъекттер акчалай эсептешүүлөрдү жүзөгө ашырууда квитанциялардын бланктарын колдонууга жана квитанциялардын бланктарын эсепке алуу китебине тиешелүү жазууларды төмөнкүдөй мөөнөттөрдө жана учурларда киргизүүгө милдеттүү:
1) ТТБ тарабынан бузулган ККМди оңдоо мезгилинде, 72 (жетимиш эки) сааттан ашпаган мөөнөттө;
2) келип чыгышы субъекттердин эркине объективдүү көз каранды болбогон ыйгарым укуктуу салык органынын жана/же ФМОнун сервери менен байланыш жок болгондуктан ККМдин иштөөсүнө бөгөт коюлганда, байланыш кайра калыбына келтирилгенге чейин;
3) Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык ал жеткис күчтүн жагдайларынын келип чыгышына байланыштуу ККМди колдонуу мүмкүн болбогондо, ал жеткис күчтүн таасири болгон мөөнөттүн ичинде.
21. ККМ ал жеткис күчтүн жагдайларынын натыйжасында жараксыз болгон, уурдалган же жоголгон учурда, субъекттер 3 (үч) жумуш күндөн ашык эмес мөөнөткө квитанциялардын бланктарын колдонууга жана квитанциялардын бланктарын эсепке алуу китебине тиешелүү жазууларды киргизүүгө милдеттүү.
22. Сатып алуучуларга же кардарларга берилүүчү квитанциянын бланкында төмөнкү реквизиттер чагылдырылууга тийиш:
1) квитанциянын сериясы жана номери;
2) субъекттин аталышы жана идентификациялык салык номери (ИСНи);
3) ККМдин моделинин аталышы;
4) ККМдин заводдук номери/версиясынын номери;
5) ККМдин каттоо номери;
6) эсептешүү операциясынын түрү;
7) алдын ала төлөөнү (аванс) же кийин төлөөнү (кредитти) кайтаруу же жабуу таризделген контролдук-кассалык чектин катар номери;
8) операция жүргүзүлгөн дата жана убакыт;
9) товардын, көрсөтүлгөн кызматтын же аткарылган иштин аталышы жана коду;
10) товарды маркалоо коду;
11) 1 бирдик үчүн баа;
12) өлчөө бирдиги;
13) товардын, көрсөтүлгөн кызматтын же аткарылган иштин саны;
14) төлөө ыкмасы (накталай же накталай эмес);
15) сатылган товарлардын, көрсөтүлгөн кызматтардын же аткарылган жумуштардын суммасынын жыйынтыгы;
16) валютанын саны, түрү жана курсу (накталай чет өлкөлүк валюта менен алмашуу операцияларын жүргүзүүдө колдонулуучу ККМ үчүн).
23. Сатып алуучуларга же кардарларга берилүүчү контролдук-кассалык чекте Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген ККМге карата техникалык талаптарга ылайык маалымат чагылдырылууга тийиш.
24. Субъекттер Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан товарлар, жумуштар жана кызмат көрсөтүүлөр боюнча маалыматтарды милдеттүү түрдө берүү жөнүндө чечим кабыл алынган товарларды саткан, кызматтарды көрсөткөн жана жумуштарды аткарган учурда контролдук-кассалык чекте товарлар, жумуштар жана кызмат көрсөтүүлөр боюнча маалыматтар (аталышы, коду, саны жана 1 (бир) бирдиги үчүн баасы) чагылдырылууга тийиш.
25. Субъекттер Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагында идентификациялоо каражаттары менен милдеттүү түрдө маркалоо жөнүндө чечим кабыл алынган товарларды саткан учурда контролдук-кассалык чекте товарды идентификациялоо каражатынын коду (товарды маркалоо) боюнча маалымат чагылдырылууга тийиш.
26. Накталай чет өлкөлүк валюта менен алмашуу операцияларын жүргүзгөн субъект тарабынан берилүүчү контролдук-кассалык чекте жогоруда саналган реквизиттерден тышкары, валютанын түрү жана курсу көрсөтүлүшү керек.
27. Банктык төлөм карталарынын, электрондук акчалардын жана башка төлөм инструменттеринин жардамы менен накталай эмес эсептешүүлөрдү жүргүзүүгө мүмкүндүк берген ККМдин моделдериндеги контролдук-кассалык чекте Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарынын талаптарына ылайык кошумча маалыматтар чагылдырылууга тийиш.
28. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарындагы алымсыз соода дүкөндөрүндө колдонулуучу ККМдин моделдериндеги контролдук-кассалык чекте Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамдарында берилген кошумча маалыматтар чагылдырылууга тийиш.
29. Субъекттер сатып алуучуларга же кардарларга контролдук-кассалык чектерди сатып алуучу же кардар толук чектин электрондук вариантын ала турган шилтемелер гана (QR-код, интернет сайты, мобилдик тиркемелер, төлөм терминалдары жана башка жолдор аркылуу чекти алуу үчүн атайын код) көрсөтүлгөн кыскартылган маалыматтар менен кагаз жүзүндө берүүгө укуктуу. Мында контролдук-кассалык чекте субъекттин жана ККМдин реквизиттери, чектин номери, катталган датасы жана убактысы, чектин жыйынтык суммасы милдеттүү түрдө көрсөтүлүүгө тийиш.
30. Субъекттер ККМди колдонууда төмөнкүлөр үчүн Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат:
1) ушул Тартиптин талаптарын бузгандыгы үчүн;
2) ККМди АМСте каттоо, кайра каттоо жана каттоодон чыгаруу учурунда туура эмес каттоо маалыматтарын АМСке киргизгендиги же ТТБга же ФМОго бергендиги үчүн;
3) АМСте катталбаган ККМди колдонуу үчүн;
4) жасалма контролдук-кассалык чектерди берүү үчүн;
5) ККМдагы фискалдык жана башка маалыматтарды санкцияланбаган өзгөртүү үчүн.
31. ККМди колдонуу тартибинин сакталышын жана түшкөн акча каражаттарынын толук эсепке алынышын салык кызматы органдары контролдошот.
3. Контролдук-кассалык машиналарды каттоо, кайра каттоо жана каттоодон чыгаруу
32. ККМди АМСте каттоо, кайра каттоо жана каттоодон чыгаруу акысыз негизде ТТБ же ФМО аркылуу же ыйгарым укуктуу салык органынын, ТТБнын же ФМОнун маалыматтык системасындагы жеке кабинети аркылуу субъекттин кагаз жүзүндөгү документ же электрондук документ түрүндөгү арызынын негизинде жүзөгө ашырылат.
33. ККМди ыйгарым укуктуу салык органынын, ТТБнын же ФМОнун маалыматтык системасындагы жеке кабинети аркылуу АМСте каттоого, кайра каттоого жана каттоодон чыгарууга "Электрондук кол тамга жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык аккредитацияланган күбөлөндүрүүчү борбор тарабынан берилген субъекттин квалификацияланган электрондук кол тамгасы коюлган электрондук документ түрүндөгү субъекттин арызынын негизинде же ККМди каттоого арыз берүүчү субъектти идентификациялоого мүмкүндүк берген аутентификациялоонун башка методдорун пайдалануу менен гана жол берилет.
34. ККМди ФМОнун же ТТБнын маалыматтык системасы аркылуу, анын ичинде ККМди колдонуу менен АМСте каттоодо, кайра каттоодо жана каттоодон чыгарууда, ТТБ жана ФМО арыз берген субъектти идентификациялоону камсыз кылууга милдеттүү. ТТБ жана ФМО мамлекетке же субъекттерге зыян келтирүүгө алып келген субъекттин анык эмес аутентификациялык маалыматтарын АМСке киргизгендиги үчүн төмөнкүлөрдүн алдында жоопкерчилик тартышат:
1) Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына жана тейлөө үчүн түзүлгөн келишимге ылайык субъекттин;
2) өз ара аракеттенүү жөнүндө түзүлгөн макулдашууга жана Кыргыз Республикасынын жоруктар жөнүндө, бузуулар жөнүндө мыйзамдарына жана жазык мыйзамдарына ылайык ыйгарым укуктуу салык органынын.
35. ТТБ же ФМО аркылуу ККМди каттоо үчүн субъект (жетекчи же ишенимдүү адам) ТТБга же ФМОго кайрылууга жана төмөнкүлөрдү берүүгө тийиш:
1) ушул Тартиптин 2-тиркемесине ылайык форма боюнча ККМди каттоо жөнүндө кагаз жүзүндөгү арызды;
2) ККМди каттоого арыз берүүчү субъекттин ким экендигин күбөлөндүрүүчү документти;
3) ККМди каттоого документтерди берүүчү адамга нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ишеним катты.
36. ТТБнын же ФМОнун жооптуу адамы ушул Тартиптин 34-пунктунда көрсөтүлгөн документтер берилген күндөн тартып бир жумуш күндүн ичинде ККМ орнотулган жер боюнча салык органын көрсөтүү менен субъект, ишкердик объекти жана ККМ жөнүндө маалыматтарды АМСке киргизүү жолу менен ККМди каттайт.
37. ТТБнын же ФМОнун жооптуу адамы тарабынан маалыматтар АМСке киргизилгенден кийин же аларды ТТБнын же ФМОнун маалымат системалары аркылуу алгандан кийин АМС маалыматтарды ыйгарым укуктуу салык органынын башка маалыматтык системалары менен реалдуу убакыт режиминде салыштырып текшерет жана ККМди каттайт же киргизилген маалыматтар дал келбеген учурда, баш тартуунун себебин көрсөтүү менен ККМди каттоодон баш тартат.
ККМди каттоодо АМС реалдуу убакыт режиминде ККМдин уникалдуу каттоо номерин ыйгарат жана ушул Тартиптин 3-тиркемесине ылайык форма боюнча ККМдин каттоо карточкасын берет.
38. ККМ ТТБ аркылуу катталган учурда, ККМдин уникалдуу каттоо номерин АМС аркылуу алууда ТТБ субъекттин каттоо маалыматтарын жана АМС аркылуу алынган ККМдин каттоо номерин киргизүү жолу менен ККМди фискалдаштырат жана маалыматтарды берүү модулун жана ККМдин каттоочу функцияларын активдештирет. ККМди фискалдаштырууда ТТБ ККМге санкцияланбаган кирүү коопсуздугун камсыз кылууга милдеттүү.
39. ККМди ФМО аркылуу же ыйгарым укуктуу салык органынын же ФМОнун маалыматтык системасындагы жеке кабинети аркылуу АМСте каттоо учурунда, субъект АМС тарабынан берилген ККМдин каттоо карточкасын алгандай кийин ТТБ аркылуу же ККМдин конкреттүү моделине карата эксплуатациялоо документтерине ылайык ККМди өз алдынча фискалдаштырууга тийиш.
40. ККМди АМСте каттоодо, АМС субъектке ККМди колдонуу менен жүргүзүлүүчү акчалай операцияларды көрүүгө салык төлөөчүнүн АМСтеги жеке кабинетине кирүү үчүн аутентификациялык маалыматтарды (логин, пароль ж.б.) берет.
41. ККМ катталгандан кийин субъект ар бир ККМге квитанциялардын бланктарын жана квитанциялардын бланктарын эсепке алуу китебин каттоо үчүн салыктык катталган жери боюнча салык органына кайрылууга тийиш. Салык органдарында квитанциялардын бланктарын жана квитанциялардын бланктарын эсепке алуу китебин эсепке алуу тартиби ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан белгиленет.
42. Субъект кайрылган учурда салык органынын кызмат адамы квитанциялардын бланктарын каттайт жана квитанциялардын бланктарын эсепке алуу китебине кол коюп жана мөөр менен күбөлөндүрөт. Квитанциялардын бланктарын эсепке алуу китебинин ар бир барагына номер коюлууга жана боо өткөрүлүп байланууга тийиш.
43. ККМди АМСте кайра каттоо субъекттин ИСНнинен тышкары, ККМдин каттоо маалыматтары өзгөргөн учурда ишке ашырылат.
44. ККМдин каттоо маалыматтары өзгөргөн учурда, субъект ТТБ, ФМО аркылуу же ыйгарым укуктуу салык органынын, ТТБнын же ФМОнун маалыматтык системаларындагы жеке кабинети аркылуу ККМдин жаңы каттоо маалыматтарын АМСке киргизүүнү камсыз кылууга тийиш.
45. ТТБ же ФМО аркылуу ККМди АМСте кайра каттоо үчүн субъект ушул Тартиптин 2-тиркемесине ылайык форма боюнча ТТБга же ФМОго ККМди кайра каттоо жөнүндө кагаз жүзүндөгү арызы менен кайрылууга жана арыз менен кошо төмөнкүлөрдү берүүгө тийиш:
1) ККМди каттоого арыз берүүчү субъекттин ким экендигин күбөлөндүрүүчү документти;
2) ККМди каттоого документтерди берүүчү адамга нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн ишеним кат.
46. ТТБнын же ФМОнун жооптуу адамы арыз берилген күндөн тартып бир жумуш күндүн ичинде ККМдин жаңы каттоо маалыматтарын АМСке киргизет.
47. ТТБнын же ФМОнун жооптуу адамы тарабынан АМСке жаңы маалыматтар киргизилгенден кийин же аларды ТТБнын же ФМОнун маалыматтык системалары аркылуу алгандан кийин, АМС маалыматтарды ыйгарым укуктуу салык органынын башка маалыматтык системалары менен реалдуу убакыт режиминде салыштырып текшерет жана ККМдин жаңы маалыматтарын каттайт же киргизилген маалыматтар дал келбеген учурларда себебин көрсөтүү менен каттоодон баш тартат.
ККМди АМСте кайра каттоо бардык фискалдык маалыматтарды ыйгарым укуктуу салык органына берген шартта гана ККМдин жаңы каттоо карточкасын берүү менен жүзөгө ашырылат.
48. ККМди ФМО аркылуу же ыйгарым укуктуу салык органынын же ФМОнун маалыматтык системасындагы жеке кабинети аркылуу АМСте кайра каттоо учурунда, субъект АМС тарабынан берилген ККМдин жаңы каттоо карточкасын алгандай кийин ТТБ аркылуу же ККМдин конкреттүү моделине карата эксплуатациялоо документтерине ылайык ККМге жаңы каттоо маалыматтарын өз алдынча киргизүүгө тийиш.
49. Башка уюмдун кошулуусу түрүндө кайра уюштурулган учурдан сырткары, уюм жоюлганда же кайра уюштурулганда, ошондой эле жеке ишкердин иши токтотулганда уюмду кайра уюштуруу же жоюу жана жеке ишкердин ишин токтотуу жол-жоболору башталган күнгө чейин ККМ АМСтен каттоодон чыгарылууга тийиш.
50. Фискалдык эс тутум жана/же фискалдык маалыматтарды берүү түзүлүшү иштен чыккан же толуп калган учурда, бардык сакталган фискалдык маалыматтар ыйгарым укуктуу салык органына берилген шартта гана ККМ АМСтен каттоодон чыгарылууга тийиш.
51. Фискалдык эс тутум жана/же фискалдык маалыматтарды берүү түзүлүшү иштен чыккандыктан улам фискалдык маалыматтарды берүү мүмкүн болбогон учурда, субъект ККМдин фискалдык отчетуна ылайык фискалдык режимге которулган учурдан тартып ККМди пайдалануу менен жүргүзүлгөн эсептик операциялардын жалпы суммалары (нөлгө айландырылбаган) боюнча маалыматтарды АМСке киргизүүнү камсыз кылууга тийиш.
52. ККМди каттоодон чыгаруу үчүн субъект (жетекчи же ишенимдүү адам) ТТБга же ФМОго төмөнкүлөрдү берүүгө тийиш:
1) ушул Тартиптин 4-тиркемесине ылайык форма боюнча ККМди каттоодон чыгаруу жөнүндө кагаз жүзүндөгү арызды;
2) ККМдин каттоо карточкасын;
3) ККМди каттоодон чыгарууга арыз берүүчү субъекттин ким экендигин күбөлөндүрүүчү документти;
4) документтерди берүүчү адамга нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ишеним катты.
53. ККМ ал жеткис күчтүн жагдайларынын кесепетинен жараксыз болушуна, ККМ уурдалганына же жоголгонуна байланыштуу каттоодон чыгарылган учурда арызга атайын далилдөө каражаттарына муктаж болбогон ал жеткис күчтүн жагдайларынан сырткары, мындай себептерди ырастаган документтер тиркелет.
54. ККМди каттоодон чыгаруу субъект ККМди каттоодон чыгаруу жөнүндө арыз берген күндөн тартып эки жумуш күндүн ичинде ККМде фискалдык отчетту түзүү жана басып чыгаруу жана анын маалыматтарын АМСке киргизүү жолу менен ТТБ же ФМО тарабынан жүргүзүлөт.
55. ККМди каттоодон чыгаруу учурунда субъект ФМО же ыйгарым укуктуу салык органынын же ФМОнун маалыматтык системасындагы жеке кабинети аркылуу ККМдин конкреттүү моделине карата эксплуатациялоо документине ылайык ККМдеги фискалдык отчетту өз алдынча түзүүгө жана басып чыгарууга жана АМСке фискалдык отчеттун маалыматтарын киргизүүнү камсыз кылууга тийиш.
56. Маалыматтар киргизилгенден кийин, АМС реалдуу убакыт режиминде АМСтин жана ККМдин маалыматтарын салыштырып текшерет жана бардык фискалдык маалыматтар ыйгарым укуктуу салык органына берилген шартта гана ККМди каттоодон чыгарат же киргизилген маалыматтар дал келбеген учурда себебин көрсөтүү менен ККМди каттоодон чыгаруудан баш тартат.
57. АМСтеги жана ККМдеги маалыматтар айырмалангандыктан улам ККМди каттоодон чыгаруудан баш тартылган учурда, субъект салыктык катталган жери боюнча салык органына кайрылууга жана ККМди, ошондой эле ККМди каттоо жана колдонуу боюнча бардык тиешелүү документтерди берүүгө тийиш.
58. Салык органы субъекттин кайрылуусу боюнча ТТБ жана/же ФМО менен бирдикте АМСтеги, ККМдеги маалыматтарды жана тиешелүү документтерди салыштырып текшерүүгө жана АМСтеги, ККМдеги маалыматтардын айырмаланышынын себебин четтеткенден жана алардын шайкештигин камсыздагандан кийин гана ККМди каттоодон чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алууга тийиш.
59. ККМдин реестринен чыгарылган ККМ субъекттерге, ТТБга жана ФМОго 10 (он) жумуш күн мурда алдын ала кабарлоо менен 30 (отуз) календарлык күндүн ичинде ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан АМСтеги каттоодон чыгарылууга тийиш.
60. Салыктык контролдоонун жүрүшүндө ККМди колдонууга карата талаптарды, анын ичинде ККМди эксплуатациялоонун типтүү эрежелерин бузуу аныкталган учурда салык органы ККМдин иштешине убактылуу бөгөт коюуга же ККМди АМСтен каттоодон чыгаруу үчүн чараларды көрүүгө укуктуу.
61. ККМди АМСте каттоо, кайра каттоо жана каттоодон чыгаруу тартиби ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан белгиленет.
|
| Контролдук-кассалык машиналарды каттоо жана колдонуу тартибине 1-тиркеме |
Форма
Квитанциялардын бланктарын эсепке алуу КИТЕБИ
Субъекттин аталышы ________________________________________________________ ИСНи __________________________________
(Уюмдун аталышы, жеке ишкердин аты-жөнү)
ККМдин моделинин аталышы _________________ ККМдин заводдук номери/версиясынын номери ________ ККМдин каттоо номери _______
Датасы жана убактысы | Квитанциянын сериясы жана номери | Операциянын түрү (сатуу/сатып алуу/алдын ала төлөө/кийин төлөө/жабуу/кайтаруу) | Алдын ала төлөнү/кийин төлөөнү кайтаруу/жабуу таризделген кассалык чектин катар номери | Акы төлөөнүн түрү (накталай/накталай эмес) | Сумма | ККМ аркылуу чыгарылган жана квитанциянын бланкы боюнча сатып алуучуга/кардарга берилген кассалык чектин номери | Кассир-операционисттин колу |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| Контролдук-кассалык машиналарды каттоо жана колдонуу тартибине 2-тиркеме |
Форма
|
| Контролдук-кассалык машиналарды техникалык тейлөө борборунун директору/Фискалдык маалыматтардын оператору |
|
| ________________________________________ |
|
| ________________________________________ |
|
| ________________________________________ |
|
| (жетекчи же ишенимдүү адам) |
Контролдук-кассалык машинаны каттоо/кайра каттоо жөнүндө АРЫЗ
АМСте ККМди каттоону/кайра каттоону суранам:
1) | Субъекттин аталышы |
|
2) | Субъекттин ИСНи |
|
3) | Субъекттин юридикалык дареги |
|
4) | Салыктык катталган жери |
|
5) | Субъект тарабынан колдонулуучу салык режими (жалпы же атайын салык режими) |
|
6) | Субъекттин байланыш телефон номери |
|
7) | Объекттин түрү |
|
8) | Объекттин аталышы |
|
9) | Объекттин жайгашкан жеринин дареги |
|
10) | Объекттин жайгашкан жеринин географиялык координаттары (узундугу жана кеңдиги) |
|
11) | Субъекттин ишинин түрү |
|
12) | ККМдин модели |
|
13) | ККМдин заводдук номери/версиясынын номери |
|
14) | ККМдин техникалык паспортунун номери |
|
15) | Фискалдык маалыматтарды/фискалдык эс тутумду берүү түзүлүшүнүн номери |
|
Жетекчи/субъекттин ишенимдүү адамы: | ________________ | __________________________ |
| (колу) | (аты-жөнү) |
М.O.
|
| Контролдук-кассалык машиналарды каттоо жана колдонуу тартибине 3-тиркеме |
Форма
Контролдук-кассалык машинаны КАТТОО КАРТОЧКАСЫ
QR-код
| ККМди баштапкы каттоо |
|
|
| ККМди кайра каттоо |
№ | ККМди каттоо параметрлеринин аталышы | Ыйгарым укуктуу салык органынын автоматташтырылган системасындагы каттоо маалыматтары |
Контролдук-кассалык машина жөнүндө маалыматтар | ||
1 | ККМдин каттоо номери |
|
2 | ККМди аутентификациялоо коду |
|
3 | ККМдин катталган датасы |
|
4 | ККМдин модели |
|
5 | ККМдин заводдук номери/версиясынын номери |
|
6 | Фискалдык маалыматтарды/фискалдык эс тутумду берүү түзүлүшүнүн номери |
|
Ишкердик субъект жөнүндө маалыматтар | ||
7 | Субъекттин аталышы |
|
8 | Субъекттин ИСНи |
|
9 | Субъекттин юридикалык дареги |
|
10 | Салыктык катталган жери боюнча салык органынын аталышы жана коду |
|
11 | Субъект тарабынан колдонулуучу салык режими (жалпы же атайын салык режими) |
|
Ишкердик объект жөнүндө маалыматтар | ||
12 | Объекттин түрү |
|
13 | Объекттин аталышы |
|
14 | Объекттин жайгашкан жеринин дареги |
|
15 | Субъекттин ишинин түрү (негизги) |
|
16 | Субъекттин ишинин түрү (кошумча) |
|
17 | Объекттин жайгашкан жери боюнча салык органынын аталышы жана коду |
|
Каттоо карточкасын берген орган жөнүндө маалыматтар | ||
18 | Уюмдун аталышы |
|
19 | Уюмдун ИСНи |
|
20 | Уюмдун жетекчисинин аты-жөнү |
|
|
| Контролдук-кассалык машиналарды каттоо жана колдонуу тартибине 4-тиркеме |
Форма
|
| Контролдук-кассалык машиналарды техникалык тейлөө борборунун директору/фискалдык маалыматтардын оператору |
|
| ________________________________________ |
|
| ________________________________________ |
|
| ________________________________________ |
|
| (жетекчи же ишенимдүү адам) |
Контролдук-кассалык машинаны каттоодон чыгаруу жөнүндө АРЫЗ
Контролдук-кассалык машинаны каттоодон чыгарууну суранам:
1) | Субъекттин аталышы |
|
2) | Субъекттин ИСНи |
|
3) | Субъекттин юридикалык дареги |
|
4) | Салыктык катталган жери |
|
5) | Субъекттин байланыш телефон номери |
|
6) | ККМдин каттоо номери |
|
7) | ККМдин модели |
|
8) | ККМдин заводдук номери/версиясынын номери |
|
9) | Фискалдык маалыматтарды/фискалдык эс тутумду берүү түзүлүшүнүн номери |
|
10) | ККМ катталган дата |
|
11) | ККМди каттоодон чыгаруунун себеби |
|
Жетекчи/субъекттин ишенимдүү адамы: | ________________ | __________________________ |
| (колу) | (аты-жөнү) |
М.O.