Загрузка документа…
|
| 5-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 24-июнундагы № 356 токтомуна) |
Фискалдык маалыматтардын операторуна карата талаптар
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 705 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул талаптар Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 128-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык контролдук-кассалык машиналарды милдеттүү колдонуу боюнча Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын талаптарын аткарууда субъекттерге сапаттуу техникалык колдоо көрсөтүүнү камсыз кылуу, ошондой эле ыйгарым укуктуу салык органынын техникалык инфратүзүмүн ашыкча жүктөө менен байланышкан техникалык жана сервистик үзгүлтүктөрдүн келип чыгышын болтурбоо жана контролдук-кассалык машиналарды тескөөдө субъекттерди сервистик тейлөө системасын жакшыртуу максатында иштелип чыккан.
2. Ушул Талаптар фискалдык маалыматтардын операторун тандоо тартибин аныктайт жана мындай операторго милдеттүү талаптарды белгилейт.
3. Ушул Талаптарда төмөнкүдөй аныктамалар жана терминдер пайдаланылат:
1) фискалдык маалыматтардын оператору (мындан ары - ФМО) - маалыматтарды топтоонун жана корголгон түрдө ыйгарым укуктуу салык органына же Кыргыз Республикасында маркалануучу товарларды маркалоочу жана байкоо жүргүзүүчү улуттук системасынын операторуна (мындан ары - маркалоо оператору) гана берүүнүн техникалык процессин камсыз кылуучу уюм;
2) ФМО реестри - ФМО талаптарына шайкеш келген, ыйгарым укуктуу салык органы менен макулдашуу түзгөн, ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан ФМО реестрине киргизилген уюмдардын тизмеси;
3) ФМО техникалык каражаттары - ФМО менчигинде турган, ыйгарым укуктуу салык органына корголгон түрдө маалыматтарды топтоо, сактоо жана берүү процессин камсыз кылуучу бардык жабдуулар.
Ушул Талаптарда пайдаланылган башка терминдер жана аныктамалар Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасынын электрондук башкаруу жөнүндө мыйзамдарында аныкталган мааниде колдонулат.
2. ФМО реестрин тандоо жана жүргүзүү тартиби
4. ФМО реестрине киргизүүгө өтүнмө берүүгө ниеттенген уюм өтүнмө (кагаз жүзүндө) ыйгарым укуктуу салык органына берет.
5. Ыйгарым укуктуу салык органы өтүнмөнүн ушул Талаптарга шайкеш келүүсүн карайт.
6. Уюм ушул Талаптарга шайкеш келген учурда, ыйгарым укуктуу салык органы уюм менен макулдашуу түзөт жана аны ФМО реестрине киргизет.
7. ФМО милдеттенмелерди аткарбаган учурда ыйгарым укуктуу салык органы ФМО реестринен чыгарууга укуктуу. Өтүнмө экинчи жолу уюм ФМО реестринен чыгарылган учурдан тартып бир жылдан эрте эмес убакытта берилиши мүмкүн.
3. ФМО карата талаптар
8. ФМО төмөнкүдөй талаптарга шайкеш келүүгө тийиш:
1) байланыш, маалыматташтыруу жана электрондук башкаруу жаатында жана электрондук кол тамганы пайдалануу чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилүүчү телематикалык кызматтарды көрсөтүүгө лицензиясы болуу;
2) катышуунун мамлекеттик үлүшү 51 пайыздан ашкан уюштуруу укуктук формасына ээ болуу;
3) Кыргыз Республикасынын электр байланыш кызматын көрсөтүү;
4) Кыргыз Республикасынын бардык облустарында филиалдарынын жана өкүлдөрүнүн болуусу;
5) техникалык колдоонун өнүккөн тармагына ээ болуу (адистер жана техникалык база эң алыскы калктуу пункттарда жайгашкан);
6) тоолуу жерлерде маалыматтарды берүү үчүн менчик релелик жабдууларга ээ болуу;
7) менчигинде маалыматтарды берүү ылдамдыгын 200 Мбит чейин берүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу үчүн жабдууларга ээ болуу;
8) маалыматтарды иштеп чыгуу жана сактоо үчүн керектүү шаймандарга ээ болуу;
9) резервдик байланыш каналдарына жана электр булактарына ээ болуу;
10) Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан МФО операторунун техникалык каражаттары жайгаштырыла турган кыймылсыз мүлк объекттерине (имараттарга, курулмаларга, жайларга) менчик укугуна же ижара укугуна ээ болуу;
11) секундасына 30000ден ашык суроо-талапты иштеп чыгууга жөндөмдүү маалыматтарды иштеп чыгуу системасын түзүү боюнча адистердин тажрыйбасынын болушу;
12) штатында маалыматтык-коммуникациялык технологиялар чөйрөсүндөгү квалификациялуу адистердин, ошондой эле күнү-түнү техникалык колдоо кызматынын болушу;
13) ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилген фискалдык маалыматтардын форматына жана маалыматтарды берүү протоколуна ылайык келген фискалдык маалыматтарды топтоону жана ыйгарым укуктуу салык органына корголгон берүүнү камсыз кылуучу программалык камсыздоого ээ болуу.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 705 токтомунун редакциясына ылайык)
9. ФМО төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) реалдуу убакыт режиминде жана туруктуу негизде фискалдык маалыматтарды топтоону жана ыйгарым укуктуу салык органына жана маркалоо операторуна берүүнү салык органы тарабынан белгиленген тартипте жүзөгө ашырууга;
2) фискалдык маалыматтардын купуялуулугун камсыз кылууга. Мында фискалдык маалыматтарды ыйгарым укуктуу салык органына, ошондой эле маркалоо операторуна берүү купуялуулукту бузуу деп таанылбайт;
3) контролдук-кассалык машинанын колдонуучунун идентификациясын камсыз кылууга;
4) контролдук-кассалык машиналардан жана ККМ техникалык тейлөө борборлорунан (мындан ары - ТТБ) алынган фискалдык маалыматтардын жана башка маалыматтардын корголушун камсыз кылууга;
5) фискалдык маалыматтарды топтоодо жана берүүдө аларды модификациялоо (түзөтүү), атын атабоо, бөгөт коюу, өчүрүү жана жок кылуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарууга;
6) Интернет тармагында ФМОго таандык домендик аталышты камтыган сайтка, электрондук дарекке ээ болууга, анда ФМО аталышы, жайгашкан жери жөнүндө анык маалыматтар, электрондук почта дареги жана күнү-түнү жеткиликтүү болгон байланыш телефонунун номери, ошондой эле фискалдык маалыматтарды топтоого жана берүүгө ФМОго уруксат берүү жөнүндө маалыматтар жайгаштырылат;
7) ыйгарым укуктуу салык органы менен тиешелүү макулдашуу түзгөн ТТБ менен өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашырууга;
8) фискалдык маалыматтарды иштеп чыгууга келишимдерди эсепке алууну жүргүзүүгө, ТТБ менен өз ара аракеттенүү жөнүндө макулдашуу түзгөндүгү тууралуу же көрсөтүлгөн макулдашууну бузуу ниети жөнүндө ыйгарым укуктуу салык органына кабарлоого, ошондой эле көрсөтүлгөн макулдашуудагы маалыматтардын өзгөргөндүгү тууралуу билдирүүнү ыйгарым укуктуу салык органына бир жумушчу күндүн ичинде жөнөтүүгө.
9) Кыргыз Республикасынын Салык кодексине жана "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык контролдук-кассалык машиналардан алынган маалыматтарды жана башка маалыматтарды коргоону камсыз кылууга;
10) ТТБны жана субъекттерди ККМдин ишине күнү-түнү мониторинг жүргүзүү жана фискалдык маалыматтарды ыйгарым укуктуу салык органына берүү жөнүндө маалыматты алуу үчүн ФМОнун маалыматтык системасына кирүүнү камсыз кылууга;
11) ФМОнун ишин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарды сактоо боюнча ФМОнун ишине мониторинг жүргүзүү жана баалоо үчүн ФМОнун техникалык каражаттарына ыйгарым укуктуу салык органынын тоскоолдуксуз кирүүсүн камсыз кылууга;
12) ыйгарым укуктуу салык органынан ушул Талаптарды бузуулардын бар экендиги жөнүндө кабарлоо алган учурда аларды четтетүү боюнча толук чараларды 3 календардык күндүн ичинде көрүүгө;
13) ушул Талаптарды жана Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын талаптарын аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу салык органынын жазуу жүзүндөгү талаптарын аткарууга, ошондой эле субъекттердин, ТТБ жана ФМОнун ишин контролдоо үчүн зарыл болгон бардык маалыматты 10 жумуш күндөн ашпаган мөөнөттө берүүгө.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 705 токтомунун редакциясына ылайык)
10. ФМО төмөнкүлөргө укуктуу:
1) ыйгарым укуктуу салык органы менен өз ара кызматташуу жөнүндө макулдашуу түзгөн ТТБ менен өз ара аракеттенүү жөнүндө макулдашууларды түзүүгө;
2) ыйгарым укуктуу салык органынын жана ТТБ кызмат адамынан макулдашууну талаптагыдай аткарууну талап кылууга;
3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка иш менен алектенүүгө;
4) көрсөтүлгөн кызматтар үчүн акы алууга, алардын өлчөмү ФМО кызматтарын көрсөтүүгө сарпталган иш жүзүндөгү чыгымдардын өлчөмүнөн ашпоого тийиш. ФМОнун кызмат көрсөтүүлөрүнүн өлчөмү монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча белгиленет;
5) өз ара аракеттенүүнүн жүрүшүндө ыйгарым укуктуу салык органынын жана ТТБ кызмат адамдарына жеткиликтүү болгон салыктык, коммерциялык жана башка сырлардын сакталышын талап кылууга;
6) салык кызматынын органынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен ФМОнун жана субъекттердин ишине контролду жүзөгө ашырууга ыйгарым укук берилген башка мамлекеттик органдардын кызмат адамынын чечимине, аракетине же аракетсиздигине даттанууга.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 705 токтомунун редакциясына ылайык)
11. ФМО төмөнкү учурларда Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза, жарандык мыйзамдарына же Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат:
1) контролдук-кассалык машиналардан алынган фискалдык маалыматтарды жана башка маалыматтарды санкцияланбаган өзгөртүүсү үчүн;
2) ушул Талаптардын 9-пунктунда көрсөтүлгөн милдеттенмелерди жана ыйгарым укуктуу салык органы менен өз ара аракеттенүү жөнүндө макулдашууну аткарбагандыгы үчүн;
3) мамлекетке, ТТБга же субъектке зыян келтирүүчү аракети/аракетсиздиги үчүн.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 705 токтомунун редакциясына ылайык)
12. ФМО иши токтотулган, банкрот болгон, кайра уюштурулган учурда, белгиленген учурларга чейин 30 календардык күндөн эрте эмес ыйгарым укуктуу салык органына билдирүүгө жана ыйгарым укуктуу салык органынын чечими боюнча фискалдык маалыматтарды иштеп чыгууга уруксатты жокко чыгаруу жол-жобосун жүргүзүүгө милдеттүү.
13. Ыйгарым укуктуу салык органы менен макулдашуу бузулган учурда ФМО төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) фискалдык маалыматтарды чогултууга жана берүүгө макулдашуулар/келишимдер түзүлгөн ТТБга жана колдонуучуларга ТТБнын реестринен ТТБнын чыгарылышы жөнүндө ыйгарым укуктуу салык органынын тиешелүү кабарлоосун алган күндөн тартып 24 сааттан кечиктирбестен кабарлоого;
2) ыйгарым укуктуу салык органынан макулдашууну бузуу жөнүндө кабарлоону алган күндөн тартып жаңы макулдашууларды/келишимдерди түзүүнү токтотууга;
3) ыйгарым укуктуу салык органы менен макулдашуу бузулган күндөн тартып 3 календардык күндүн ичинде бардык алынган фискалдык маалыматтарды өткөрүп берүүнү жана маалыматты алып жүрүүчүлөрдү жок кылууну камсыз кылууга;
4) ыйгарым укуктуу салык органы менен макулдашуу бузулган күндөн тартып фискалдык маалыматтарды чогултууну токтотууга.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 705 токтомунун редакциясына ылайык)