Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 16-декабры № 705
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин салыктык башкаруу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-августундагы № 533 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 26-июлундагы № 250 "Чакан жана орто ишкердик субъекттерин колдоо жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу, контролдук-кассалык машиналарды колдонуу боюнча Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын талаптарын аткаруу маселелери боюнча ишкердик субъекттерине колдоо көрсөтүү жана патенттин негизинде иш жүргүзгөн субъекттерге салык салууну оптималдаштыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 99, 110-115, 128, 414-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-февралындагы № 84 "Иштин түрлөрү боюнча патенттин негизинде салыктын базалык суммасын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган токтомдун 1, 2-тиркемелери ушул токтомдун 1, 2-тиркемелерине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-февралындагы № 93 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 99, 100, 120, 125, 302 жана 324-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Салык отчетун электрондук документ түрүндө берүү тартиби жөнүндө жана салык отчетун кагаз түрүндө берүүнүн өзгөчөлүктөрү тууралуу жободо:
- 5, 6-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасы аркылуу салык отчетун электрондук документ түрүндө берүү үчүн салык төлөөчү жөнөкөй же квалификацияланган электрондук колтамга аркылуу авторизациядан өтүүгө милдеттүү.
Уюмдар жана жеке ишкерлер квалификациялуу электрондук колтамганы колдонуу менен салык отчетун ыктыярдуу тартипте электрондук документ түрүндө бере алышат.
6. Жеке ишкерлерди кошпогондо, жеке жактар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан салык отчетун электрондук документ түрүндө милдеттүү түрдө берүүгө өтүү мөөнөтү белгиленгенге чейин ыктыярдуу тартипте электрондук документ түрүндө салык отчетун бере алышат.";
- 13-пункттун 2-пунктчасындагы "электрондук колтамганы текшерүү ачкычынын сертификатынын ээсинин -" деген сөздөр алып салынсын.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-февралындагы № 95 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 59, 85, 127, 130, 131, 329, 414 жана 415-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Салык постун орнотуу тартибинде:
- 4-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4.Салык посту орнотулуучу субъекттердин тизмеси акциздик продукцияны өндүрүүчү субъекттерден тышкары, субъекттин салыктык (эсептик) каттоо жери боюнча салык кызматы органынын буйругу менен бекитилет.
Салык посту орнотулуучу акциздик продукцияны өндүрүүчү субъекттердин тизмеси ыйгарым укуктуу салык органынын буйругу менен бекитилет.".
4. (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-августундагы № 533 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-мартындагы № 134 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын алдындагы "Салык Сервис" мамлекеттик мекемеси жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын алдындагы "Салык Сервис" мамлекеттик мекемеси жөнүндө жободо:
- 7-пункттагы ", андан ары өзүн-өзү каржылоого өтүү менен 2022-жылы" деген сөздөр алып салынсын;
- 10-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 4-пунктча менен толукталсын:
"4) калкка, мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, менчигинин уюштуруу-укуктук формасына карабастан юридикалык жактарга жана жеке ишкерлерге өз компетенциясынын чегинде белгиленген тартипте акы төлөө негизинде кызмат көрсөтүү.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 101-пункт менен толукталсын:
"101. "Салык сервиси" ММ ыйгарым укуктуу салык органынын тапшырмасы боюнча ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системаларынын жана техникалык каражаттарынын операторунун функцияларын жүзөгө ашырат.";
- 11-пунктта:
3-пунктча төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:
"- салык отчетторун жана башка документтерди түзүү жана берүү боюнча кызмат көрсөтүү;";
4-пунктчанын сегизинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- санариптик трансформациялоо процессинде, ошондой эле программалык продуктуларды, анын ичинде контролдук-кассалык машиналарды жайылтууда калкка, мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, менчигинин уюштуруу-укуктук формасына карабастан юридикалык жактарга жана жеке ишкерлерге кызмат көрсөтүүнүн инновациялык методдорун, техникалык чечимдерин жана ыкмаларын киргизүү;";
- 12-пункттун 11-пунктчасындагы "жана жарандарга" деген сөздөр "жана жеке ишкерлерге акы төлөө негизинде" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
6. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги № 193 "Контролдук-кассалык машиналарды киргизүү боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-пунктта:
- 1-пунктчадагы "1-майынан" деген сөздөр "31-декабрынан" деген сөздөргө алмаштырылсын жана "тартып" деген сөздөн кийин "кайра каттоо жана/же оңдоо учурларын кошпогондо," деген сөздөр менен толукталсын;
- 2-пунктчадагы "2022-жылдын 31-декабрына" деген сөздөр "2023-жылдын 1-мартына" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 3-пунктчадагы "январынан" деген сөз "апрелинен" деген сөзгө алмаштырылсын;
- 4-пунктчадагы "2022-жылдын 1-августунан тартып" деген сөздөр "2023-жылдын 1-апрелинен тартып" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген контролдук-кассалык машиналарды каттоо жана колдонуу тартибинде:
- 4-пунктта:
2-пунктчанын экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- толук эсептешүү;";
төмөнкүдөй мазмундагы 3-пунктча менен толукталсын:
"3) төлөмдүн түрлөрүн:
- накталай эсептешүү;
- накталай эмес эсептешүү.";
- 5-пункттагы "Сатуу жана сатып алуу операциялары" деген сөздөр "Толук эсептешүү эсептешүүнүн түрү менен операциялар" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 7-пункттагы "алдын ала төлөө (аванс) таризделген чектин катар номерин көрсөтүү менен" деген сөздөр алып салынсын;
- 9-пункттагы "кийин төлөө (кредит) таризделген чектин катар номерин көрсөтүү менен" деген сөздөр алып салынсын;
- 16-пункттун 1-пунктчасы "кассалык чектерди" деген сөздөрдөн кийин ", анын ичинде чектин QR-кодун" деген сөздөр менен толукталсын;
- 18-пункт "оңдой албаса, анда" деген сөздөрдөн кийин "программалык ККМдин ТТБсын кошпогондо," деген сөздөр менен толукталсын;
- 19-пунктта:
1-пунктчадагы "сатып алууга жана" деген сөздөр алып салынсын;
4-пунктча "учурда гана" деген сөздөрдөн кийин "аппараттык" деген сөз менен толукталсын;
10-пунктча "ККМ уурдалган" деген сөздөрдөн мурда "Аппараттык" деген сөз менен толукталсын;
11-пунктчадагы "бир күн мурда" деген сөздөр "үч күн мурда" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 22-пунктта:
6-пунктча "эсептешүү" деген сөздөн мурда "кассалык" деген сөз менен толукталсын;
төмөнкүдөй мазмундагы 6-1-пунктча менен толукталсын:
"6-1) эсептешүү түрү;";
7-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7) кайтаруу таризделген контролдук-кассалык чектин фискалдык документинин номери жана ФМ номери;";
14-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"14) төлөмдүн түрү (накталай же накталай эмес);";
- 31-пунктта:
2-пунктча "салык органына" деген сөздөрдөн кийин ", ТТБ же ФМО" деген сөздөр менен толукталсын;
4-пунктчада "контролдук-кассалык чектерди" деген сөздөрдөн кийин "же контролдук-кассалык чек түрүндө субъекттин ишин автоматташтырууга арналган программалык каражаттардан басылып чыгарылган контролдук-кассалык чектин реквизиттерин, анын ичинде QR-кодун көрсөтүү менен товардык чектерди" деген сөздөр менен толукталсын;
- 33-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"33. ККМди АМСте каттоо, кайра каттоо жана каттоодон чыгаруу, анын ичинде субъекттен документтерди кабыл алуу салык органдары же ТТБ же ФМО аркылуу акысыз негизде ишке ашырылат.
ККМди АМСте каттоонун, кайра каттоонун жана каттоодон чыгаруунун тартиби ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан белгиленет.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 331, 332-пункттар менен толукталсын:
"331. Аппараттык ККМди каттоо үчүн ТТБ же ФМО ыйгарым укуктуу салык органынан смарт-картада ФМны алууга милдеттүү.
332. Программалык ККМди каттоо үчүн ыйгарым укуктуу салык органы ТТБга же ФМОго булуттук ФМга кошулуу мүмкүнчүлүгүн берет.";
- 34, 35 жана 36-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"34. ККМди салык органы аркылуу каттоодо салык органы акысыз негизде:
1) аппараттык ККМди каттоо үчүн субъектке смарт-картада ФМны берет;
2) ыйгарым укуктуу салык органы ээси болуп саналган программалык ККМди каттоодо субъектке булуттук ФМге кошулуу мүмкүндүгүн берет.
35. ККМди ТТБ же ФМО аркылуу каттоодо, ТТБ жана ФМО акысыз негизде:
1) субъектке смарт-картада ФМди берет, аппараттык ККМди АМСте каттайт жана фискалдаштырат;
2) булуттук ФМге кошуу жолу менен программалык ККМди фискалдаштырат жана субъектти программалык ККМде каттайт.
36. Смарт-картада ФМди алгандан кийин аппараттык ККМди каттоо үчүн субъект өз алдынча же ТТБ аркылуу, же ФМО аркылуу ККМди АМСте каттоого жана фискалдаштырууга укуктуу. ККМди фискалдаштырууда ТТБ жана ФМО ККМге санкцияланбаган кирүү мүмкүндүгүнөн коопсуздукту камсыз кылууга милдеттүү.";
- 43-пункттагы "жана/же ФМОго" деген сөздөр алып салынсын;
- 44-пункт "чыгарылган," деген сөздөн кийин "аппараттык" деген сөз менен толукталсын;
- 46-пункт "салык органы" деген сөздөрдөн кийин "субъекттин арызысыз" деген сөздөр менен толукталсын;
3) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Өзүнүн ишинин спецификасына же жайгашкан жеринин өзгөчөлүгүнө жараша контролдук-кассалык машиналарды колдонбостон акчалай эсептешүүлөрдү жүргүзө алган субъекттердин тизмесинде:
- 2-пунктта:
2-пунктча күчүн жоготту деп таанылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы 19-24-пунктчалар менен толукталсын:
"19) алкоголдук продукцияны жана тамеки буюмдарын кошпогондо, гезиттерди жана журналдарды, ошондой эле коштоочу товарларды гезит-журнал күркөлөрүндө сатуу;
20) кол арабаларды, көчмө прилавкаларды, күркөлөрдү жана ларекторду пайдалануу менен гүл өстүрүү продукциясын, айыл чарба продукциясын, нан азыктарын, улуттук жана сергитүүчү суусундуктарды чекене сатуу;
21) цистерналардан/челектерден квас, сүт, улуттук жана сергитүүчү суусундуктарды чекене сатуу;
22) окуу жайларында жайгашкан ашканаларда жана буфеттерде көрсөтүлүүчү коомдук тамактануу кызматтары;
23) мындай программалык каражатты фискалдык модуль менен милдеттүү интеграциялоо жана контролдук-кассалык чектин милдеттүү реквизиттерине ылайык келген реквизиттерге ээ документтер берилген шартта субъекттин ишин автоматташтырууга арналган товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү эсепке алуунун программалык каражатын пайдалануу менен товарларды сатуу, кызматтарды көрсөтүү же жумуштарды аткаруу (субъекттин жана объектинин маалыматтары; операцияны каттоонун номери, датасы жана убактысы; товар, кызмат көрсөтүү же жумуш жөнүндө маалыматтар; операциянын жыйынды суммасы; төлөмдүн түрү; чектин QR-коду жана башкалар);
24) камсыздандыруу боюнча, анын ичинде камсыздандыруу агенттеринин жана камсыздандыруу брокерлеринин кызмат көрсөтүүлөрү.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 21-пункт менен толукталсын:
"21. Ушул Тизменин 2-пунктунун 5-10, 19-22-пунктчаларында көрсөтүлгөн иштин түрлөрүн жүргүзүүчү субъекттер патенттин негизинде иш жүргүзгөн шартта ККМди колдонуудан бошотулат.";
- 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Белгилүү мөөнөткө чейин ККМди колдонбостон акчалай эсептешүүлөрдү жүргүзүүгө укуктуу субъекттердин тизмеси жана ККМди колдонуудан бошотуу мөөнөттөрү төмөнкү таблицада берилген.
Таблица
№ | Субъекттер тарабынан патенттин негизинде жүргүзүлүүчү иштин түрлөрү | Бошотуу мөөнөттөрү | |
Бишкек жана Ош шаарларында | башка административдик аймактык бирдиктерде | ||
1 | Соода борборлорунда жана үйлөрүндө жайгашкан, аянты 10 (он) кв. метрге чейинки түйүндөрдө товарларды сатуу, кызматтарды көрсөтүү же жумуштарды аткаруу | 2023-жылдын 1-апрелине чейин | 2023-жылдын 1-апрелине чейин |
2 | Убактылуу түйүндөрдү (павильондорду, боз үйлөрдү, бастырмаларды, башка убактылуу курулмаларды) пайдалануу менен коомдук тамактануу түйүндөрүндө кызматтарды көрсөтүү | 2023-жылдын 1-апрелине чейин | 2023-жылдын 1-апрелине чейин |
3 | Алкоголдук продукцияны жана тамеки буюмдарын кошпогондо, товарларды соода залынын аянты 20 (жыйырма) кв. метрге чейинки павильондордо, контейнерлерде, башка убактылуу курулмаларда сатуу | 2023-жылдын 1-апрелине чейин | 2023-жылдын 1-апрелине чейин |
4 | Ушул Тизменин 2-пунктунун 7-пунктчасында көрсөтүлгөн кызмат көрсөтүүлөрдү кошпогондо, жеңил транспортто жүргүнчүлөрдү ташуу (такси кызмат көрсөтүүлөрү) жана курьерлер тарабынан товарларды жеткирүү боюнча кызматтарды көрсөтүү | 2024-жылдын 1-январына чейин | 2024-жылдын 1-январына чейин |
5 | Калктан айнек идиштерди, утилдештирилүүчү сырьену жана металлдын сыныктарын кабыл алуу | 2023-жылдын 1-апрелине чейин | 2023-жылдын 1-апрелине чейин |
6 | Алкоголдук продукцияны, тамеки буюмдарын, дары каражаттарын, медициналык буюмдарды, баалуу металлдардан жана таштардан жасалган ювелирдик буюмдарды кошпогондо, базарларда, кичи базарларда, жарманкелерде жана көргөзмөлөрдө товарларды сатуу, кызматтарды көрсөтүү же жумуштарды аткаруу, алардын аймагында жайгашкан төмөнкүлөр кирбейт: - соода залынын аянты 50 кв. метр жана андан жогору болгон дүкөндөр; - агайын жабдылган жана соода жүргүзүүгө арналган имараттарда жана курулмаларда жайгашкан, алардын жайгашкан, жайгашкан жеринин туруктуулугу менен мүнөздөлгөн, соода залынын аянты 50 кв. метр жана андан жогору болгон стационардык соода объекттери; - соода залынын аянты 50 кв. метр жана андан жогору болгон, окшош жабдылган жана товарды көрсөтүүнү жана сакталышын камсыз кылуучу павильондор, контейнерлер жана башка стационардык эмес соода түйүндөрү | 2023-жылдын 1-апрелине чейин | 2023-жылдын 1-апрелине чейин |
7 | Тамак-аш продуктуларынан тышкары, эл керектөөчү товарларды аянты 7 (жети) кв. метрге чейинки күркөлөрдө жана ларектордо чекене сатуу | 2023-жылдын 1-апрелине чейин | 2023-жылдын 1-апрелине чейин |
";
- төмөнкүдөй мазмундагы 4, 5-пункттар менен толукталсын:
"4. Интернет тармагында товарларды сатуу, кызматтарды көрсөтүү же жумуштарды аткаруу боюнча иш жүргүзгөн субъекттер калк менен эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө накталай акча менен эсептешүүлөрдү жүргүзүү учурун кошпогондо, 2023-жылдын 1-апрелине чейинки мөөнөттө ККМди колдонбоого укуктуу.
5. Ушул Тизмеге киргизилген иштерди жүргүзүүчү субъекттер ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасында ККМди ыктыярдуу тартипте каттоого жана колдонууга укуктуу.";
4) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Контролдук-кассалык машиналарга карата техникалык корутунду берүү жана контролдук-кассалык машиналардын реестрин түзүү тартибинде:
- 5-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 9-пунктча менен толукталсын:
"9) программалык ККМ менен иштөө мүмкүндүгүнө ээ түзүлүштөрдүн, анын ичинде чектердин принтерлеринин аталыштары, моделдери жана версиялары.";
- 10-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 6-пунктча менен толукталсын:
"6) программалык ККМ менен иштөө мүмкүндүгүнө ээ түзүлүштөрдүн, анын ичинде чектердин принтерлердин аталыштары, моделдери жана версиялары.";
5) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Контролдук-кассалык машиналарды пайдалануунун типтүү эрежелеринде:
- 19-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"19. Сатып алуучулар (кардарлар) менен эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө:";
- 21-пункттагы "чектин катар номерин" деген сөздөр "фискалдык документтин жана чектин негизинин фискалдык модулунун номерлерин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 25-пункттагы "салыктык катталган" деген сөздөр "ККМдин катталган" деген сөздөргө алмаштырылсын;
6) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Фискалдык маалыматтардын операторуна карата талаптарда:
8-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 13-пунктча менен толукталсын:
"13) ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилген фискалдык маалыматтардын форматына жана маалыматтарды берүү протоколуна ылайык келген фискалдык маалыматтарды топтоону жана ыйгарым укуктуу салык органына корголгон берүүнү камсыз кылуучу программалык камсыздоого ээ болуу.";
- 9-пунктта:
8-пунктчанын экинчи сүйлөмү алып салынсын;
төмөнкүдөй мазмундагы 10-13-пунктчалар менен толукталсын:
"10) ТТБны жана субъекттерди ККМдин ишине күнү-түнү мониторинг жүргүзүү жана фискалдык маалыматтарды ыйгарым укуктуу салык органына берүү жөнүндө маалыматты алуу үчүн ФМОнун маалыматтык системасына кирүүнү камсыз кылууга;
11) ФМОнун ишин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарды сактоо боюнча ФМОнун ишине мониторинг жүргүзүү жана баалоо үчүн ФМОнун техникалык каражаттарына ыйгарым укуктуу салык органынын тоскоолдуксуз кирүүсүн камсыз кылууга;
12) ыйгарым укуктуу салык органынан ушул Талаптарды бузуулардын бар экендиги жөнүндө кабарлоо алган учурда аларды четтетүү боюнча толук чараларды 3 календардык күндүн ичинде көрүүгө;
13) ушул Талаптарды жана Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын талаптарын аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу салык органынын жазуу жүзүндөгү талаптарын аткарууга, ошондой эле субъекттердин, ТТБ жана ФМОнун ишин контролдоо үчүн зарыл болгон бардык маалыматты 10 жумуш күндөн ашпаган мөөнөттө берүүгө.";
- 10-пункттун 4-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4) көрсөтүлгөн кызматтар үчүн акы алууга, алардын өлчөмү ФМО кызматтарын көрсөтүүгө сарпталган иш жүзүндөгү чыгымдардын өлчөмүнөн ашпоого тийиш. ФМОнун кызмат көрсөтүүлөрүнүн өлчөмү монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча белгиленет;";
- 11-пункттун 3-пунктчасы "мамлекетке" деген сөздөн кийин ", ТТБга" деген сөз менен толукталсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 13-пункт менен толукталсын:
"13. Ыйгарым укуктуу салык органы менен макулдашуу бузулган учурда ФМО төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) фискалдык маалыматтарды чогултууга жана берүүгө макулдашуулар/келишимдер түзүлгөн ТТБга жана колдонуучуларга ТТБнын реестринен ТТБнын чыгарылышы жөнүндө ыйгарым укуктуу салык органынын тиешелүү кабарлоосун алган күндөн тартып 24 сааттан кечиктирбестен кабарлоого;
2) ыйгарым укуктуу салык органынан макулдашууну бузуу жөнүндө кабарлоону алган күндөн тартып жаңы макулдашууларды/келишимдерди түзүүнү токтотууга;
3) ыйгарым укуктуу салык органы менен макулдашуу бузулган күндөн тартып 3 календардык күндүн ичинде бардык алынган фискалдык маалыматтарды өткөрүп берүүнү жана маалыматты алып жүрүүчүлөрдү жок кылууну камсыз кылууга;
4) ыйгарым укуктуу салык органы менен макулдашуу бузулган күндөн тартып фискалдык маалыматтарды чогултууну токтотууга.";
7) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Контролдук-кассалык машиналарды техникалык тейлөө борборлоруна карата талаптарда:
- төмөнкүдөй мазмундагы 31-пункт менен толукталсын:
"31. Ыйгарым укуктуу салык органынын ККМди пайдаланууга даярдоо, каттоо жана тейлөө боюнча субъекттерге кызматтарды көрсөтүүчү ТТБ ыйгарым укуктуу салык органы же ал тарабынан аныкталган анын аймактык жана/же ведомстволук органдары (мындан ары - ыйгарым укуктуу салык органынын ТТБсы) болуп саналат.";
- 4-пункт "ТТБнын" деген сөздөн мурда "Ыйгарым укуктуу салык органынын ТТБсын кошпогондо," деген сөздөр менен толукталсын;
- 6-пункттагы "же ФМОго бул уюм менен мындай келишим түзүүгө ыйгарым укук берет" деген сөздөр алып салынсын;
- 8-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 6-пунктча менен толукталсын:
"6) электрондук дареги ТТБга таандык домендик аталышты камтыган жана ТТБнын жана анын филиалдарынын жана өкүлдөрүнүн аталышы, алардын жайгашкан жери, электрондук почтасынын дареги жана күнү-түнү режиминде жеткиликтүү болгон байланыш телефонунун номери жөнүндө так маалыматтар, ошондой эле ТТБ тейлеген ККМ моделдери жөнүндө маалыматтар жана аларды пайдалануу боюнча окутуучу материалдар, анын ичинде окутуучу видео материалдар жайгаштырылган Интернет тармагынын сайты.";
- 9-пунктта:
2-пунктчадагы "жана ФМО" деген сөздөр алып салынсын;
4-пунктчадагы "ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасы аркылуу" деген сөздөр алып салынсын;
7-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7) белгиленген мөөнөт ичинде бузулган аппараттык ККМди оңдоо мүмкүн болбогон учурда, АМСте каттоого жана оңдоо мезгилине бузулган ККМдин ордуна окшош техникалык мүнөздөмөлөрү менен башка бирдей, оң абалдагы аппараттык ККМди субъектке акысыз берүүгө. Программалык ККМ кызматтарын көрсөтүүчү ТТБлар резервдик байланыш каналдарына жана электрдик кубаттандыруу булактарына ээ болууга милдеттүү, ошондой эле программалык ККМдин үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыз кылууга милдеттүү;";
8-пунктчадагы "жана ЫСО операторуна" деген сөздөр алып салынсын;
11-пунктчадагы "ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилген ККМге карата техникалык талаптарга чейин, анын ичинде алдын ала төлөө (аванс) жана кийин төлөө (кредит) сыяктуу эсептешүүнүн түрү менен кассалык эсептешүү операцияларын жүргүзүү боюнча ККМге карата талаптарды аткаруу бөлүгүндө акысыз негизде 2023-жылдын 1-январына чейинки мөөнөттө" деген сөздөр "ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилген ККМге карата техникалык талаптар өзгөргөн учурда" деген сөздөргө алмаштырылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы 12-14-пункттар менен толукталсын:
"12) субъекттерди ККМди пайдалануу боюнча акысыз негизде окутууну туруктуу негизде камсыз кылууга;
13) ККМди техникалык, гарантиялык жана сервистик тейлөөгө субъекттер менен келишимдердин эсебин жүргүзүүгө, аталган келишим бузулган күндөн тартып бир жумуш күндүн ичинде ыйгарым укуктуу салык органына аны бузуу жөнүндө кабарлоого;
14) субъекттерге программалык ККМ менен иштөө мүмкүндүгүнө ээ түзүлүштөрдү, анын ичинде чектердин принтерлерин тандоодо жана сатып алууда көмөк көрсөтүүгө.";
- 12-пункттун 4-пунктчасындагы "АМСке кирүүгө" деген сөздөр "смарт-картада фискалдык модулду же булуттук фискалдык модулга тиешелүү кирүү мүмкүндүгүн алууга" деген сөздөргө алмаштырылсын.
7. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 236 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин ченемдеринин, ошондой эле Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин 18-тиркемесинин ченемдеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
преамбула "258," деген цифралардан кийин "269," деген цифралар менен толукталсын.
8. Ушул токтомдун 1-пункту күчүнө киргенге чейин берилген патенттер алардын колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин колдонулат деп белгиленсин.
9. 2023-жылдын 1-февралынан тартып күчүнө кирүүчү 1-пунктун кошпогондо, бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У.Жапаров |
|
|
1-тиркеме |
|
|
Жеке ишкердик иши үчүн патенттин негизинде салыктын БАЗАЛЫК СУММАСЫ
№ | Иштин түрүнүн аталышы | ЭИМК боюнча коду | Салыктын базалык суммасы (30 күнгө сом менен) |
1 | Айыл чарба жаныбарларынан тышкары үй жаныбарларын (иттерди, мышыктарды, канаттууларды, хомяктарды жана башка үй жаныбарларын) багуу жана сатуу | 01.49.0 | 500 |
2 | Соода залынын аянты 30 кв.м чейинки күркөлөрдү, павильондорду, контейнерлерди, вагончолорду, лотокторду, прилавкаларды, палаткаларды, боз үйлөрдү, колго сүйрөп жүрүүчү арабаларды, бастырмаларды жана башка темир конструкцияларды пайдалануу менен автомобилдерге запастык бөлүктөрдү жана материалдарды базарлардан тышкары сатуу | 45.32.0 | 6000 |
3 | Соода залынын аянты 30 кв.м чейинки дүкөндөрдө пиротехникалык буюмдардан тышкары товарларды чекене сатуу (жайгашкан жерине, дүкөндүн аянтына жана иштин түрүнө жараша) | 47.19.0 | 20000 |
4 | Соода залынын аянты 30 кв.м чейинки соода түйүндөрүн пайдалануу менен соода борборлорунда товарларды чекене сатуу (соода борборуна, соода түйүнүнүн аянтына жана иштин түрүнө жараша) | 47.19.0 | 20000 |
5 | Базарларда жана чакан базарларда цементтен жана пиротехникалык буюмдардан тышкары төмөнкүлөрдү чекене сатуу (базарга, соода түйүнүнүн аянтына жана иштин түрүнө жараша): |
|
|
а) азык-түлүк товарларын | 47.81.0 | 15000 | |
б) азык-түлүк эмес товарларды | 47.82.0 | ||
6 | Дүкөндөрдөн, соода борборлорунан жана базарлардан тышкары төмөнкүлөрдү чекене сатуу (жайгашкан жерине, соода түйүнүнүн аянтына жана иштин түрүнө жараша): | 47.99.0 |
|
1) төмөнкүлөрдү пайдалануу менен цементтен, пиротехникалык буюмдардан тышкары товарларды: | |||
а) соода залынын аянты 30 кв.м чейинки күркөлөрдү, павильондорду, контейнерлерди, вагончолорду, палаткаларды, боз үйлөрдү, ларекторду, көчмө прилавкаларды жана убактылуу темир курулмаларды; | 10000 | ||
г) соода автоматтарын; | 3000 | ||
2) газ баллондорундагы газды, үйдө мүшөктөрдөгү көмүрдү жана отунду | 1500 | ||
7 | "Тез тамактануу" тармагынын (фаст-фуд) продукцияларын сатуу: | 56.10.0 |
|
а) хот-дог; гамбургер (чизбургер), шаурма жана "тез тамактануу" тармагынын башка тамактары | 10000 | ||
б) пирожки, самсы, манты жана чебурек | 2000 | ||
8 | Нан өндүрүү (1 тандыр үчүн) | 10.71.0 | 5000 |
9 | Мехтен жасалган кийимдерден тышкары даяр текстилдик буюмдарды, кийимдерди жана баш кийимдерди өндүрүү: | 13.92.0 14.00.0 |
|
- 10 бирдикке чейинки негизги технологиялык жабдуунун санына | 2000 | ||
- 10 бирдиктен жогору, негизги технологиялык жабдуунун ар бир кийинки 10 бирдиги үчүн | 1000 | ||
10 | Ат жабдыктарын - ээр токум буюмдарын өндүрүү | 15.12.9 | 1000 |
11 | Керамикалык, декоративдик буюмдарды жана чопо буюмдарын өндүрүү | 23.41.0 | 1500 |
12 | Үйдө кум блокторду, шлак блокторду жана брусчаткаларды өндүрүү (1 станок үчүн) | 23.61.0 | 15000 |
13 | Өзү жасаган кол өнөрчүлүк ишинин (элдик-көркөм кол өнөрчүлүк) продукттарын сатуу | 47.89.0 | 800 |
14 | Мүрзөгө коюлуучу эстеликтерди, постаменттерди жана коштоочу элементтерди жасоо, сатуу | 23.70.0 | 2000 |
15 | Калктан бодо малдын чийки сүтүн сатып алуу | 46.33.0 | 2000 |
16 | Үйдө менчик инкубаторлордун кызмат көрсөтүүлөрү | 01.47.0 | 2000 |
17 | Кызматтарды көрсөтүү: |
|
|
а) мал союу боюнча | 10.11.1 | 2000 | |
б) үйдөгү малдын терилерин жана жүнүн даярдоо боюнча | 10.11.9 | 5000 | |
18 | Төмөнкүлөрдүн иши: |
|
|
- менчик тегирмендердин, эгин тазалагычтардын | 10.61.2 | 2500 | |
- май чыгаруучулардын | 10.41.1 | ||
- күрүч актагычтардын | 10.61.1 | ||
19 | Төмөнкүлөр боюнча кызмат көрсөтүүлөр: - кебез тытуу; - жүн тытуу | 13.99.0 10.11.9 | 5000 |
20 | Жыгачты иштетүү, карагайларды жана ламинатты тилүү боюнча кызмат көрсөтүүлөр - 1 станок үчүн | 16.10.0 | 1500 |
21 | Автомобилдерди техникалык тейлөө жана оңдоо: | 45.20.1 45.20.9 |
|
а) автомобилдерди техникалык тейлөө жана май алмаштыруу боюнча кызмат көрсөтүүлөр (1 машиналык орун үчүн (көтөргүч, чуңкур) | 3000 | ||
б) кузовдорду оңдоо жана транспорт каражаттарын сырдоо боюнча кызмат көрсөтүүлөр | 10000 | ||
в) дөңгөлөктөрдү балансировкалоону кошкондо шиналарды оңдоо боюнча кызмат көрсөтүүлөр | 3000 | ||
г) автоэлектр приборлорун жана датчиктерди оңдоо боюнча кызмат көрсөтүүлөр | 2000 | ||
д) автомобилдин компьютердик системасын диагноздоо жана оңдоо боюнча кызмат көрсөтүүлөр | 5000 | ||
22 | Деңиз транспортунда (катерлерде, теплоходдордо, яхталарда) жүргүнчүлөрдү сейилдетүү боюнча кызмат көрсөтүүлөр | 50.10.0 | 50000 |
23 | Мейманканалардын кызмат көрсөтүүлөрү, жайгашкан жерине жараша (1 койка-орун үчүн) | 55.90.0 | 4000 |
а) курорттук зоналардын аймагында 20 койка-орунга чейинки; | |||
б) республиканын калган аймагында 10 койка-орунга чейинки | |||
24 | Коомдук тамактануу түйүндөрүнүн кызмат көрсөтүүлөрү: |
|
|
а) заводдордо, мамлекеттик мекемелерде, кеңселерде жана жогорку окуу жайларында кызмат көрсөткөн ашканалардын жана буфеттердин кызматтары (1 стол үчүн) | 56.29.0 | 1000 | |
б) убактылуу түйүндөрдү пайдалануу менен (павильондор, контейнер, боз үйлөр, бастырмалар, палатка): | 56.10.0 |
| |
- 4 отуруучу оруну менен 1 стол үчүн | 1500 | ||
- 4төн көп отуруучу оруну менен 1 стол үчүн (тапчан) | 2000 | ||
в) мектептерде жайгашкан (ар бир 1000 окуучу үчүн) | 56.29.0 | 4000 | |
г) курорттук зоналарда жайгашкан жана курорттук сезондо иштеген (4 отуруучу оруну менен 1 стол үчүн) | 5000 | ||
25 | Кыймылсыз мүлктү жалдоо, ижарага берүү: | 68.20.0 |
|
1) турак жай аянтын батирге берүү (1 кв.м үчүн); |
| ||
а) көп батирлүү үйлөрдө; | 30 | ||
б) жеке турак үйлөрдө; | 40 | ||
2) 1 кв.м үчүн турак эмес аянт | 50 | ||
26 | Эс алуу жана спорт үчүн жаныбарларды жана товарларды прокатка берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөр, 1 бирдик үчүн: | 77.21.0 |
|
- жылкылар жана башка жаныбарлар | 5000 | ||
- суу мотоциклдери, катамарандар, кайыктар, парашюттар | 25000 | ||
- лыжалар (сноуборддор), роликтер, конькилер, велосипеддер, эс алуу жана спорт үчүн башка товарлар | 5000 | ||
27 | Материалдарды компьютер жана ксерокөчүрмө менен иштеп чыгуу боюнча кызмат көрсөтүүлөр (тексттерди терүү, басып чыгаруу, сканерлөө) | 82.19.0 | 1000 |
28 | Спорт талааларынын кызмат көрсөтүүлөрү (футбол, баскетбол, волейбол, теннис), 1 талаа үчүн | 93.11.0 | 10000 |
29 | Аттракциондордун иши (1 аттракцион үчүн); | 93.21.0 |
|
а) Бишкек шаарында | 5000 | ||
б) курорттук зоналардын аймагында | 50000 | ||
в) республиканын калган аймактарында | 4000 | ||
30 | Эс алууну жана көңүл ачууну уюштуруу боюнча кызмат көрсөтүүлөр; |
|
|
а) акы төлөнүүчү стол үстүндөгү оюндар (теннис, шахматтар, нардалар жана башка стол үстүндөгү оюндар) 1 стол/такта үчүн | 93.12.0 | 1000 | |
б) оюн приставкаларынын кызмат көрсөтүүлөрү (1 приставка үчүн) | 92 | 300 | |
в) компьютердик оюндардын кызмат көрсөтүүлөрү (1 компьютер үчүн) | 92 | 500 | |
31 | Алмашуу бюролорунун кызмат көрсөтүүлөрү | 66.12.9 | 20000 |
32 | Автотранспорт каражаттарын жуу боюнча кызмат көрсөтүүлөр (1 жуучу орун үчүн) | 45.20.0 | 4000 |
33 | 3кө чейинки отургучту колдонуу менен жеке менчик стоматология кызматтары (1 отургуч үчүн) | 86.23.0 | 10000 |
34 | Сауна кызматтары (кызмат көрсөтүүнүн наркына жараша) | 96.04.0 | 50000 |
Эскертүү:
1. Соода залы - соода операцияларында, кызматтарды көрсөтүүдө же жумуштарды аткарууда сатып алуучуларды (кардарларды) тейлөөгө арналган жайдын атайын жабдылган негизги бөлүгү.
2. Бир соода түйүнүндө ишти жүзөгө ашырууга иштин ушул түрү үчүн каралган бир патентти сатып алуу менен гана жол берилет.".
|
| 2-тиркеме |
|
|
Жеке эмгек иши боюнча патенттин негизинде салыктын БАЗАЛЫК СУММАСЫ
№ | Иштин түрүнүн аталышы | ЭИМК боюнча коду | Салыктын базалык суммасы (30 күнгө сом менен) |
1 | Металл жана металлдан жасалган буюмдар менен иштөө боюнча кызмат көрсөтүүлөр: |
|
|
а) ширетүү иштери боюнча кызмат көрсөтүүлөр | 25.62.0 | 1000 | |
б) токардык буюмдарды жасоо боюнча кызмат көрсөтүүлөр | 25.94.0 | 4000 | |
в) үйдө каңылтырдан төмөнкү буюмдарды жасоо боюнча кызмат көрсөтүүлөр: |
|
| |
- тосмолорду, бастырмаларды, калиткаларды | 25.11.0 | 3000 | |
- дарбазаларды | 25.12.0 | 6000 | |
- буу менен жылытуучу мештерди | 25.21.0 | ||
2 | Ачкычтарды жана кулпуларды жасоо жана оңдоо | 25.72.0 | 500 |
3 | Жасалма гүлдөрдү жана аза гүлчамбарларын жасоо | 32.99.9 | 1000 |
4 | Калктын малын кайтаруу боюнча кызмат көрсөтүүлөр | 01.62.0 | 1500 |
5 | Жеке издөөчүлөр тарабынан чачынды алтынды казып алуу | 07.29.4 | 3000 |
6 | Атайын медициналык техниканы оңдоо жана техникалык тейлөө | 33.13.2 | 1000 |
7 | Кайра пайдаланылуучу чийки затты алуу үчүн калдыктарды үйдөн кабыл алуу боюнча кызмат көрсөтүүлөр: | 38.32.0 |
|
а) металлдын сыныгын | 10000 | ||
б) айнек идиштерин | 500 | ||
в) жараксыз кагаздарды | 1000 | ||
г) желим (полиэтилен) буюмдарын | 5000 | ||
8 | Атайын курулуш иштери, анын ичинде оңдоо иштери | 43.00.0 | 6000 |
9 | Дизайнердик жасалгалоо боюнча кызмат көрсөтүүлөр | 74.10.0 | 15000 |
10 | Фотография жаатындагы иш: | 74.20.0 |
|
а) фотосүрөттөрдү өңүнө чыгаруу жана басып чыгаруу менен сүрөткө тартуу | 3000 | ||
б) фотосүрөттөрдү дароо, тез өңүнө чыгаруу жана басып чыгаруу менен сүрөткө тартуу | 5000 | ||
в) кардарлар тарткан фотосүрөттөрдөн жана негативдерден фотосүрөттөрдү өңүнө чыгаруу, басып чыгаруу жана чоңойтуу | 3000 | ||
11 | Котормочунун кызмат көрсөтүүлөрү (жазуу жүзүндө жана оозеки которуу): - чет тилден которуу; - кыргыз тилинен которуу | 74.30.0 | 2000 |
- сурдокотормочу | 300 | ||
12 | Жеке ветеринарлардын кызмат көрсөтүүлөрү | 75.00.0 | 3000 |
13 | Товарларды (жүктөрдү) таңгактоо боюнча кызмат көрсөтүүлөр | 52.29.0 | 2000 |
14 | Билим берүү чөйрөсүндөгү иш: | 85.59.0 |
|
а) чет тилдерге, компьютердик техникага, бухгалтердик эсепке, автотранспортту айдоого, бычууга, тигүүгө, токууга жана иштин башка түрлөрүнө окутуу | 2000 | ||
б) репетитордук жана тренингдер иретинде сабактарды өткөрүү | 600 | ||
15 | Дарылык укалоо жана ийне терапиясы боюнча кызмат көрсөтүүлөр | 86.90.0 | 5000 |
16 | 1-топтогу майыптыгы бар адам тарабынан дарылоочу укалоо кызмат көрсөтүүлөрү | 86.90.0 | 1000 |
17 | Компьютерлерди жана байланыш жабдууларын оңдоо боюнча кызмат көрсөтүүлөр: | 95.11.0 |
|
а) компьютерлерди, ноутбуктарды, принтерлерди жана башка кеңселик жабдууларды | 5000 | ||
б) телефондорду, уюлдук телефондорду, факстарды, байланыш үчүн модемдерди жана навигаторлорду | 95.12.0 | 4000 | |
18 | Жеке пайдалануу предметтерин жана тиричилик товарларын оңдоо боюнча кызмат көрсөтүүлөр: | 95.21.0 |
|
а) телевизорлорду, радиоприемниктерди, видеокамераларды, магнитофондорду, CD, DVD оңдоо боюнча | 3000 | ||
б) кесүүчү шаймандарды оңдоо жана курчутуу боюнча | 95.29.0 | 2000 | |
в) муздаткычтарды, микротолкундуу плиталарды, жуучу жана үтүктөөчү машиналарды, кондиционерлерди жана башка тиричилик товарларын оңдоо боюнча | 95.22.0 | 1000 | |
г) бут кийимдерди жана булгаарыдан жасалган башка буюмдарды оңдоо боюнча | 95.23.0 | 1000 | |
д) эмеректи оңдоо жана реставрациялоо боюнча | 95.24.0 | 3000 | |
е) сааттарды жана зер буюмдарын оңдоо боюнча | 95.25.0 | 1000 | |
ж) жеке пайдалануудагы башка предметтерди (велосипед, кийим, аң-тери, тигилген, токулган жана галантереялык буюмдар, китептер, музыкалык аспаптар, оюнчуктар) оңдоо боюнча | 95.29.0 | 1500 | |
з) айнектерди кесүү |
| 2000 | |
19 | Жеке тейлөө кызмат көрсөтүүлөрү: | 96.09.0 |
|
а) акы төлөнүүчү дааратканалардын кызмат көрсөтүүлөрү (1 орун үчүн) | 200 | ||
б) кол араба менен жүк ташуу боюнча кызмат көрсөтүүлөр | 150 | ||
в) базарларда жана эл көп топтолгон башка жерлерде радио аркылуу жарыялоолорду берүү кызмат көрсөтүүлөрү | 1000 | ||
г) телевизиондук антенналарды, видео байкоолорду орнотуу боюнча кызмат көрсөтүүлөр | 800 | ||
д) үй шартында кир жуу боюнча кызмат көрсөтүүлөр | 96.01.0 | 500 | |
20 | Гувернанттардын, бала багуучулардын, багбанчылардын жана үй кызматкерлеринин кызмат көрсөтүүлөрү | 97.00.0 | 500 |
21 | Укук жаатындагы иш | 69.10 | 10000 |
22 | Шайлоо кампанияларын жүргүзүү мезгилинде шайлоо алдындагы үгүттөө иштерин жүргүзүү боюнча саясий партиялардын жана талапкерлердин атынан чыгуучу байкоочулар, ыйгарым укуктуу өкүлдөр, ишенимдүү адам катары иштерди аткаруучу жеке жактардын кызмат көрсөтүүлөрү | 94.92.0 | 700 |
23 | Бөтөн адамдын кароосуна жана көзөмөлүнө дайыма муктаж болгон ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү баланы жана/же адамды караган жеке ассистенттин кызмат көрсөтүүлөрү | 88.99.0 | 300 |
24 | Кыргыз Республикасынын жарандары жалдаган, Кыргыз Республикасынын аймагында жеке эмгек ишин жүргүзгөн эмгек мигранттарынын кызмат көрсөтүүлөрү: |
|
|
а) өсүмдүк өстүрүү жаатында | 01.61.9 | 800 | |
б) курулуш жаатында | 43.99.9 | ||
в) мал чарба жаатында | 01.62.0 | ||
г) жекече тейлөө боюнча башка кызмат көрсөтүүлөр | 96.09.0 | ||
25 | Курьердик ишин кызмат көрсөтүүлөрү | 53.20.0 | 1000 |
26 | 0 (нөл) пайыз ставкасы менен бирдиктүү салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы боюнча иш жүргүзгөн жеке ишкерлерде иштеген жалданма кызматкерлердин кызмат көрсөтүүлөрү | 96.09.0 | 700 |
27 | Сүрөтчүлөрдүн иши, анын ичинде сүрөттөрдү жана портреттерди сатуу | 90.03.0 | 1000 |
28 | Салтанаттарды жана ырым-жырымдарды тейлөө боюнча кызмат көрсөтүүлөр (музыканттар, тамадалар, бий жана актердук топтор жана башка сценалык өнөр көрсөтүүлөр) | 90.01.0 | 4000 |
29 | Кызмат көрсөтүүлөр: |
| 1500 |
- үн жазуу | 59.20.0 | ||
- видео тартуу | 59.11.0 | ||
30 | Үйдө иш жүргүзгөн тигүүчүнүн кызмат көрсөтүүлөрү | 96.09.0 | 700 |
31 | Визажисттердин, чач тарачтардын, маникюр жана педикюр адистеринин кызмат көрсөтүүлөрү | 96.02.0 | 2000 |
32 | Үйлөрдөгү аянты 100 кв.м чейинки жеке мончолордун кызмат көрсөтүүлөрү (аянтына жана жайгашкан жерине жараша) | 96.04.0 | 10000 |
33 | Жерде жүрүүчү транспорттун иши: |
|
|
а) 18 адамга чейин отуруучу орундугу бар микроавтобустарда жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча кызмат көрсөтүүлөр | 49.31.0 | 2000 | |
б) 33 адамга чейин отуруучу орундугу бар автобустарда жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча кызмат көрсөтүүлөр | 49.31.0 | 3000 | |
в) 33 адамдан жогору отуруучу орундугу бар автобуста жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча кызмат көрсөтүүлөр | 49.31.0 | 4000 | |
г) жеңил транспортто жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча кызмат көрсөтүүлөр (таксинин кызмат көрсөтүүлөрү) | 49.32.0 | 1000 | |
д) транспорт каражаттарында салтанаттарды жана ырым-жырымдарды тейлөө боюнча кызмат көрсөтүүлөр | 49.39.0 | 4000 | |
е) автотранспорт каражатын ижарага берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөр (1 автомашина үчүн) | 77.11.0 | 2000 | |
ж) жүк көтөрүмдүүлүгү 1 тоннага чейинки транспорт каражаттарында жүк ташуу боюнча кызмат көрсөтүүлөр | 49.42.0 | 2000 | |
з) жүк көтөрүмдүүлүгү 1ден 8 тоннага чейинки транспорт каражаттарында жүк ташуу боюнча кызмат көрсөтүүлөр | 49.42.0 | 4000 | |
и) жүк көтөрүмдүүлүгү 8ден 15 тоннага чейинки транспорт каражаттарында жүк ташуу боюнча кызмат көрсөтүүлөр | 49.42.0 | 6000 | |
к) жүк көтөрүмдүүлүгү 15тен 25 тоннага чейинки транспорт каражаттарында жүк ташуу боюнча кызмат көрсөтүүлөр | 49.42.0 | 5000 | |
л) жүк көтөрүмдүүлүгү 25 тоннадан жогору транспорт каражаттарында жүк ташуу боюнча кызмат көрсөтүүлөр | 49.42.0 | 6000 | |
м) айыл чарба техникасынын (трактордун, комбайндын жана башка айыл чарба техникаларынын) кызмат көрсөтүүлөрү | 01.61.9 | 2000 | |
н) курулуш техникасынын (автокран, экскаватор, автомиксер, бульдозер, цемент ташыгыч, башка курулуш техникасы) кызмат көрсөтүүлөрү | 43.99 | 8000 | |
о) башка атайын техниканын (эвакуатор, ассенизатор, башка атайын техника) кызмат көрсөтүүлөрү | 49.41.0 | 6000 |
Эскертүү:
Жеке эмгек иши - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу жеке адамдын өз алдынча жана жалданма эмгекти тартуу укугусуз жүзөгө ашырылуучу иш.".