Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 17-декабры № 689
"Саясий партиялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.Т.Алтыбаева, Н.К.Алимбеков, М.И.Бакиров тарабынан демилгеленген "Саясий партиялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
М.Д. Абылгазиев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 17-декабрындагы № 689 токтому менен жактырылган |
"Саясий партиялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.Т.Алтыбаева, Н.К.Алимбеков, М.И.Бакиров тарабынан демилгеленген "Саясий партиялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун (мындан ары - Мыйзамдын долбоору) карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди.
1. Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 2-бөлүгү менен Кыргыз Республикасынын жарандары саясий партияларга ыктыярдуу негизде биригүүгө, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана саясий партиянын уставына ылайык партиянын ишине тең укуктуу катышууга, ошондой эле өз каалоосу боюнча саясий партиядан каалаган мезгилде чыгууга укуктуу экендиги белгиленсин.
Белгилей кетүүчү нерсе, ченемдик укуктук актылар (мыйзамдар) "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган бардык ченемдик укуктук актыларды камтыгандыктан, "мыйзамдар" түшүнүгү жалпыланган түшүнүк болуп саналат жана кеңири чечмелөөгө мүмкүндүк берүүчү жалпы мүнөзгө ээ.
Мындан сырткары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 26-июнундагы № 5389-V токтому менен бекитилген Мыйзам чыгаруу техникасы боюнча нускаманын 78-пунктуна ылайык жалпысынан мыйзамдарга карата бланкеттик шилтемелерге жол берилбейт.
Жогоруда аталган Нускаманын 77-пунктуна ылайык Мыйзамдын долбоорундагы бланкеттик аныктамалар мыйзам чыгаруу тармагына, мыйзам чыгаруу актынын түрүнө, жөнгө салуу чөйрөсүнө, белгилүү эрежелерге шилтемелерди колдонушу мүмкүн.
Ушуга байланыштуу Мыйзамдын долбоорундагы бланкеттик шилтемелер жасалган укуктук ченемдик актыларды талдап, алардын тармагын же жөнгө салуу чөйрөсүн көрсөтүү зарыл.
Мыйзамдын долбоорунун 6-беренесинин 4-бөлүгү, 7-беренесинин 5-бөлүгү, 9-беренесинин 4-бөлүгү, 11-беренесинин 1-бөлүгүнүн бешинчи жана алтынчы абзацтары, 11-беренесинин 4-бөлүгү, 12-беренесинин 1-бөлүгү, 13-беренесинин 2-бөлүгү, 14-беренесинин 1-бөлүгүнүн алтынчы абзацы, 15-беренесинин 1-бөлүгү, 15-беренесинин 4-бөлүгүнүн тогузунчу абзацы, 16-беренесинин 1-бөлүгү, 17-беренесинин 6-бөлүгү, 18-беренесинин 1 жана 2-бөлүктөрү, 18-беренесинин 3-бөлүгүнүн экинчи абзацы, 20-беренесинин 2 жана 4-бөлүктөрү боюнча да жогорудагыдай сын пикирлер.
2. Мыйзамдын долбоорунун 2-беренеси менен саясий партия - бул коомдун саясий турмушуна катышуу, мамлекеттик ишти башкарууда, анын ичинде мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү жолу менен бириккен жарандардын саясий эркин билдирүү максатында түзүлгөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын ыктыярдуу бирикмеси экендигин белгилөө сунушталууда.
Мында Мыйзамдын долбоорунун 16-беренесинин 1-бөлүгүнүн төртүнчү абзацы менен саясий партиялардын укуктарынын жана милдеттеринин тизмесинде "Кыргыз Республикасынын Президентин, Жогорку Кеңешине жана башка шайлануучу мамлекеттик жана муниципалдык органдарына шайлоого катышуу укугу да каралган".
"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесине ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын чечимдерин даярдоону жана аткарууну камсыз кылуу үчүн түзүлгөн орган. Шаарлардын мэриялары, айыл өкмөтү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары болуп саналат.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 4-беренесине ылайык "саясий партиялар жарандардын саясий эркин билдирүүгө көмөк көрсөтөт, Жогорку Кеңештин депутаттарын, Президентти, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын шайлоого катышат".
Ошентип Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 4-беренесинде саясий партиялардын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого катышуу мүмкүнчүлүгү белгиленгендигин көңүлгө алып, кайсы шайлануучу мамлекеттик органдар жөнүндө сөз болуп жаткандыгын аныктоо зарыл. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдар системасында "муниципалдык орган" деген түшүнүк жок экендигин белгилеп кетүү керек.
3. Мыйзамдын долбоорунун 6-беренеси боюнча төмөнкүлөрдү белгилейбиз.
Тексти ченем чыгаруу техникасынын талаптарына ылайык баяндоо максатында, 5-бөлүгүн төмөнкүдөй редакцияда баяндоо сунушталат:
"5. Саясий партияны каттоо юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык жүргүзүлөт.".
Мыйзамдын долбоорунун 6-беренесинин 6-бөлүгүндө саясий партияны каттоодон баш тартуу жөнүндө чечимди административдик жол-жоболор жөнүндө мыйзамдарга ылайык даттануу мүмкүнчүлүгү белгиленген.
Белгилей кетүүчү жагдай. бул жоболор "Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-беренесинде каралган.
Мамлекеттик органдардын актыларын даттануу маселелери "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен жөнгө салынгандыктан, Мыйзамдын долбоорунун 6-беренесинин 6-бөлүгүн алып салууну сунуштайбыз.
Саясий партиялардын иши жана финансылык отчеттун ачыктыгы жөнүндө калктын маалымдуулугун, ошондой эле жарандардын кайрылууларын өз убагында кабыл алууну жана алар боюнча чара көрүүнү камсыздоо максатында, 2019-жылы өлкөнү өнүктүрүүнүн санариптик негиздерин илгерилетүү башкы багыт экендигин көңүлгө алып, Мыйзамдын долбоорунун 6-беренесинде мамлекеттик каттоодон өткөндөн кийин, партиянын расмий сайтын жана электрондук почтасын түзүү жана анын иштеши боюнча ченемди белгилөө максатка ылайыктуу деп эсептейбиз.
4. Мыйзамдын долбоорунун 7-беренеси боюнча төмөнкүлөрдү белгилейбиз.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 4-беренесине ылайык саясий партиялар, кесиптик бирликтер, дагы башка коомдук бирикмелер өздөрүнүн укуктарын жана эркиндиктерин жүзөгө ашыруу жана жарандардын өз эркин коргоо, саясий, экономикалык, социалдык, эмгектик, маданий жана башка кызыкчылыктарын канааттандыруу үчүн эркин билдирүү жана кызыкчылыктарынын жалпылыгынын негизинде түзүлүшү мүмкүн.
Ушуга байланыштуу Мыйзамдын долбоорунун 1-бөлүгүн чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар саясий партиянын мүчөсү боло албайт деген ченем менен толуктоо максатка ылайыктуу.
4-бөлүгү менен саясий партиянын мүчөлөрү каалаган мезгилде өз каалоосу менен жазуу жүзүндөгү арыздын же ачык жарыялоонун негизинде партиядан чыгууга укуктуу экендигин белгилөө сунушталат.
Бирок Мыйзамдын долбоорунда саясий партиядан ачык жарыялоо менен чыгуу механизми каралган эмес.
Белгилеп кетүүчү нерсе, партиянын ыйгарым укуктуу органында каттоодон/белгилөөдөн өтпөстөн саясий партиядан ачык жарыялоо менен чыгууда кийинчерээк Мыйзамдын долбоорунун 7-беренесинин 3-бөлүгүнө каршы келген жагдай түзүлүшү мүмкүн, анда Кыргыз Республикасынын жараны Кыргыз Республикасынын аймагында бир гана саясий партиянын мүчөсү боло ала тургандыгы белгиленген.
Ушуга байланыштуу баяндалгандарды эске алуу менен Мыйзам долбоорунун 7-беренесинин 4-бөлүгүндөгү жоболорду карап чыгууну сунуштайбыз.
Ошону менен бирге партиянын мүчөсүнүн каза болгондугуна, аскердик кызматка кабыл алынгандыгына байланыштуу партиянын мүчөлүгүнөн токтотуу тартибин жана негизин белгилөөчү өз алдынча ченемди караштырууну сунуштайбыз.
5. Мыйзамдын долбоорунун 8-беренеси боюнча төмөнкүлөрдү белгилейбиз.
Аталган берене менен саясий партиянын аталышы "саясий партия" же "партия" деген сөздөрдү камтууга тийиш экендигин аныктоо сунушталган.
Ошондой эле саясий партиянын аталышы, анын кыскача аталышы жана символдору Кыргыз Республикасынын аймагында катталган башка саясий партиялардын аталыштарынан жана символдорунан айырмалана тургандыгы да белгиленген.
Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин юридикалык жактын, филиалдардын жана өкүлчүлүктөрдүн аталыштары бөлүгүнө өзгөртүү киргизилген.
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 1103-1-беренесинин 1-пунктуна ылайык фирмалык аталыш - бул юридикалык жактын толук аталышы, аны менен юридикалык жак өз ишин жүзөгө ашырат жана башка юридикалык жактан айырмаланып турат.
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 1103-1-беренесинин 3-пункту менен "юридикалык жактын фирмалык аталышы анын уюштуруу-укуктук таризин жана иштин түрүн билдирген сөздөрдөн гана турбастан, юридикалык жактын өз аталышына көрсөтмөнү камтууга тийиш" экендиги аныкталган.
Аталган Кодекстин 85-беренесинин 3-пунктуна ылайык саясий партия өз алдынча уюштуруучулук форма болуп саналат.
Ушуга байланыштуу Мыйзамдын долбоорунун 8-беренесинин 1-бөлүгүндө "же партия" деген сөздөрдү алып салууну сунуштайбыз.
Мындан тышкары берененин аталышында, ошондой эле берененин өзүндө "аталыш" жана "кыскача аталышы" деген сөздөрдү тиешелүү жөндөмөдөгү "фирмалык аталыш" деген сөздөр менен алмаштырууну сунуштайбыз.
Мыйзамдын долбоорунун 9-беренесинин 2-бөлүгүнүн экинчи абзацы боюнча да жогорудагыдай эле сын пикирлер.
Ушуга байланыштуу 4 жана 5-бөлүктөрүндөгү "саясий партия" жана "партия" деген сөздөрдү бирдей редакцияда баяндоону сунуштайбыз.
6. Мыйзамдын долбоорунун 9-беренеси боюнча төмөнкүлөрдү белгилейбиз.
2-бөлүгүнүн сегизинчи абзацы менен уставда саясий партиянын жетекчи жана аткаруу органдарынын жайгашкан жери жөнүндө жобону камтууга тийиш экендиги каралган.
Ошону менен бирге "Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине ылайык юридикалык жак, филиал (өкүлчүлүк) чечим кабыл алынган учурдан тартып 30 календардык күндүн ичинде жетекчи органдын курамы, жетекчиси, жайгашкан жери (юридикалык дареги) өзгөргөндүгү жөнүндө каттоочу органга маалымдоого милдеттүү.
Жогоруда аталган маалыматтардын өзгөрүшү юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоодон (кайра каттоодон) өтүүгө алып келбейт. Ошону менен бирге каттоочу органга юридикалык жактын, филиалдын (өкүлчүлүктүн) жетекчисинин колу коюлган тийиштүү билдирүү тапшырылат.
Сунушталган редакцияга ылайык саясий партиянын жетекчи жана аткаруу органынын жайгашкан жерин өзгөртүү саясий партиялардын уставына өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылдыгын пайда кылат, анын натыйжасында аталган Мыйзамдын 12-беренесине ылайык мамлекеттик кайра каттоодон өтүү зарыл.
Ушуга байланыштуу жогоруда аталган абзацты алып салуу максатка ылайыктуу деп эсептейбиз.
5-бөлүгүндө саясий партия иштөө принциптерин, түзүү максаттарын жана милдеттерин аныктоочу өзүнүн программасын түзөт деп сунушталууда.
Мында Мыйзамдын долбоорунун 7-беренесинин 1-бөлүгү менен партиянын уставына жана бир нече жолу колдонууга эсептелген программасына ылайык Кыргыз Республикасынын аракетке жөндөмдүү жарандары саясий партиянын мүчөсү боло алышат деп каралган.
Ушуга байланыштуу "түзүү" деген сөздү "саясий партиялардын" деген сөздөр менен алмаштырууну сунуштайбыз.
Мыйзамдын долбоорунун 10-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык саясий партиянын съездинин өзгөчө компетенциясына саясий партиянын уставын жана программасын кабыл алуу, аларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү кирет.
Аталган жоболордун кайталанышына байланыштуу, Мыйзамдын долбоорунун 9-беренесинин 7-бөлүгүн алып салуу зарыл.
7. Мыйзамдын долбоорунун 10-беренеси боюнча төмөнкүлөрдү белгилейбиз.
4-бөлүгүнүн сегизинчи абзацы менен шайлануучу кызмат орундарына талапкерлердин тизмесин иштеп чыгуу маселесин саясий партиянын съездинин өзгөчө компетенциясына киргизүү сунушталган. Ушул жоболорду талапкерлердин тизмесин бекитүү жөнүндө ченем менен толуктоону сунуштайбыз.
4-бөлүгүнүн бешинчи абзацында саясий партиянын жетекчи, аткаруу, контролдоо-ревизиялык жана башка органдарын шайлоо жана чакыртып алуу тартиби каралгандыктан, 4-бөлүгүнүн алтынчы абзацын алып салууну сунуштайбыз.
4-бөлүгү менен саясий партиянын съездинин өзгөчө компетенциясы белгиленгендиктен, он биринчи абзацты төмөнкүдөй редакцияда баяндоону сунуштайбыз:
"- партиянын башкаруучу башка органдарынын өзгөчө компетенциясына кирбеген башка маселелер.".
8. Мыйзамдын долбоорунун 11-беренеси боюнча белгилеп кетүүчү нерсе, 3-бөлүгү менен саясий партиянын 1 жылдын ичинде ар бир жарандан 500 эсептик көрсөткүчтөн жана юридикалык жактан 1000 эсептик көрсөткүчтөн жогору эмес алган кайрымдуулуктарынын жалпы өлчөмү белгиленген.
Аталган берененин 5-бөлүгүнө ылайык саясий партиялар акча каражаттарын Кыргыз Республикасынын аймагында катталган коммерциялык банктардын жана башка финансы-кредиттик мекемелердин эсептеринде гана жайгаштыра алат.
Долбоордо кайрымдуулук жана мүчөлүк акы түрүндө келип түшкөн акча каражаттарын чектөөчү механизмдер каралган эмес.
Ошондуктан 5-бөлүгүндө акча каражаттары Кыргыз Республикасынын аймагында катталган коммерциялык банктардын жана башка финансы-кредиттик мекемелердин бириндеги бир гана эсепте жайгаштырыла тургандыгын белгилөөнү сунуштайбыз.
Ошону менен бирге Мыйзамдын долбоорунун 11-беренесинин 8-бөлүгүндөгү "коммерциялык банктардан" деген сөздөрдү "жана Кыргыз Республикасынын аймагында катталган коммерциялык банктардан жана башка финансы-кредиттик мекемелерден" деген сөздөр менен алмаштырууну сунуштайбыз.
Мындан сырткары Мыйзамдын долбоорунда ашыкча келип түшкөн акча каражаттарын пайдалануу механизминин жоктугуна көңүл бурабыз.
9. Мыйзамдын долбоорунун 13-беренеси боюнча, 2-бөлүгү менен саясий партия мыйзамдарда каралган тартипте өздөрүнүн уставдык милдеттерин аткаруу максатында гана юридикалык жактын укуктарына ээ болгон ишканаларды жана мекемелерди түзө тургандыгы белгиленген.
Юридикалык жактын укуктарына ээ болгон ишканаларды жана мекемелерди түзүү саясий партиянын милдети эмес, укугу болгондуктан "түзөт" деген сөздү "түзүүгө укуктуу" деген сөздөр менен алмаштырууну сунуштайбыз.
10. Мыйзамдын долбоорунун 14-беренеси менен саясий партиялардын республикалык бюджеттен каржылануу мүмкүндүгү жана учурлары каралган.
Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин (мындан ары - Бюджеттик кодекс) 14-беренесине ылайык республикалык жана жергиликтүү бюджеттер Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетин түзө тургандыгын белгилейбиз.
Жогоруда аталган Кодекстин 10 жана 13-беренелерине ылайык республикалык бюджет - бул мамлекеттик органдардын, аларга караштуу бюджеттик мекемелердин милдеттерин жана иш-милдеттерин каржылоо үчүн арналган акча каражаттарынын жыйындысы; жергиликтүү бюджет - айылдык аймактын жана шаардын жергиликтүү жамаатынын бюджети, аны түзүүнү, бекитүүнү, аткарууну жана контролдоону жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жүзөгө ашырат.
Бюджеттик кодекстин 21-беренесинде мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарын чектөөгө ылайык сарптоо милдеттенмелерин жабуу үчүн багытталган акча каражаттары республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин чыгашалары болуп саналат деп көрсөтүлгөн.
Бюджеттик кодекстин 49-беренесине ылайык чыгаша милдеттенмелер - Өкмөттүн (жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын) милдеттенмелери, алар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тиешелүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылуучу мамлекеттик органдар (жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары) тарабынан иш-милдеттерди жана ыйгарым укуктарды аткарууда келип чыгат.
Бюджеттик кодекстин 50-беренесине ылайык республикалык бюджеттен чыгымдар жалпы мамлекеттик мааниге ээ болгон иш-чараларга сарпталат, алар боюнча жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган чыгымдарды кошуп алганда, башкаруунун тиешелүү мамлекеттик органдары аркылуу толугу менен Өкмөткө жүктөлөт. Бул категорияга төмөнкү чыгымдар кирет:
1) жалпы багыттагы мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөргө;
2) коргоого;
3) коомдук тартипке жана коопсуздукка;
4) экономикалык маселелерге;
5) айлана-чөйрөнү коргоого;
6) турак жай жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө;
7) саламаттык сактоого;
8) эс алууга, маданиятка;
9) билим берүүгө;
10) социалдык коргоого.
Ушундан улам Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарында саясий партияларды мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржылоо мүмкүндүгү каралган эмес.
Ошондуктан Мыйзамдын долбоорунун 14-беренесин алып салууну сунуштайбыз.
11-беренесинин 1-бөлүгүнүн бешинчи абзацы, 15-беренесинин 8-бөлүгү, 17-беренесинин 4-бөлүгү, 18-беренесинин 3-бөлүгү боюнча да жогорудагыдай эле сын пикирлер.
11. Техникалык жактан туура түшүнүү максатында Мыйзамдын долбоорунун 15-беренесинин 2-бөлүгүн төмөнкүдөй редакцияда баяндоону сунуштайбыз:
"- Жыл сайын, отчеттук мезгилден кийинки жылдын 1-апрелине чейин саясий партиялар өзүнүн расмий сайтына же/жана жалпыга маалымдоо каражаттарына өткөн жылдын финансылык отчетун жарыялоого тийиш.".
15-беренесинин 4-бөлүгүнүн экинчи абзацына ылайык ыйгарым укуктуу орган жылдык отчеттун формасын иштеп чыгат. Ошону менен бирге Мыйзамдын долбоорунда аталган форманы ким беките тургандыгы аныкталган эмес.
12. Мыйзамдын долбоорунун 16-беренеси боюнча төмөнкүлөрдү белгилейбиз.
Аталган берененин 2-бөлүгүн эмгек акыны, киреше салыгын жана социалдык чегерүүлөр, ошондой эле агитация учурунда саясий партияларга кызмат көрсөтүүчү мекемелер тарабынан салык жыйымдарын төлөө үчүн саясий партияларды убактылуу кызматкерлер (агитаторлор, шайлоо компаниясында партиянын иштерине тартылган башка жумушчулар) менен эмгек мамилелерин талаптагыдай түзүүгө милдеттендирүүчү ченем менен толуктоону сунуштайбыз.
Мындан сырткары ушул берененин 3-бөлүгүндө партиялардын көрсөтүлгөн жана катталган талапкерлеринин саны жөнүндө маалымат кайсы мамлекеттик органга бериле тургандыгы жөнүндө ченем менен тактоону сунуштайбыз.
13. Мыйзамдын долбоорунун 17-беренеси боюнча. 2-бөлүгү менен саясий партиялардын ишинин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына шайкештигин контролдоо боюнча ыйгарым укук юридикалык жактарды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга белгиленген.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 5-беренесине ылайык мамлекет, анын органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын кызмат адамдары Конституцияда жана мыйзамдарда аныкталган ыйгарым укуктардын чегинен чыкпоого тийиш.
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 11-беренелерине ылайык Өкмөт аталган конституциялык Мыйзамда көрсөтүлгөн ыйгарым укуктардан улам, жоболорун бекитүү менен аларды ишке ашыруу боюнча милдеттерди министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын ортосунда бөлүштүрөт.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15-декабрындагы № 764 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жөнүндө жобого ылайык Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги берилген ыйгарым укуктардын чегинде каттоо боюнча функцияларды да камсыздайт.
Саясий партияларды каттоодо (кайра каттоодо) Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги саясий партиялардын уюштуруу документтеринин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына шайкештигин контролдоосун көңүлгө алып, Мыйзамдын долбоорунда саясий партияларды каттоо (кайра каттоо) учурунда гана саясий партиялардын ишинин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына шайкештигин контролдоо функциясын Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине бекитүүчү ченемди белгилөөнү зарыл деп эсептейбиз.
Саясий партиялардын ишинин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына шайкештигин контролдоо функциясы юстиция органдарында каттоодон өткөндөн кийин саясий партияларга карата активдүү текшерүү аракеттерин жүргүзүүнү шарттайт. Мындай текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча саясий партияларга мажбурлоо мүнөзүндөгү чаралар (аткарууга милдеттүү болгон жазма буйруктар, адамдарды жоопкерчиликке тартуу ж.б.) колдонулушу мүмкүн.
Бирок Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги кандайдыр бир жазма буйруктарды киргизүүгө, мыйзамдарды бузууга жол берген адамдарды жоопкерчиликке тартууга ыйгарым укуктуу эмес, жада калса саясий партиялардын ишине документтик же көчмө текшерүүлөрдү жүргүзбөйт.
Ошондой эле "мыйзамдар" деген термин Кыргыз Республикасынын бардык ченемдик укуктук актыларын камтыгандыктан, "саясий партиялардын ишинин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына шайкештигин контролдоо" деген формулировка кеңири мааниде жана аталган функцияны Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жүктөө Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына каршы келиши мүмкүн экендигин белгилеп кетебиз.
Мисалы Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 50-беренесине ылайык салык контролун салык кызматынын органы жүргүзөт.
Ошондой эле "Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-статьясына ылайык Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыз кылуу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты жүргүзгөн жана башкарууну жүзөгө ашырган, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыз кылуу системасынын өз алдынча башкаруу принцибинде иштеген аткаруучу орган болуп саналат.
Ошону менен бирге Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине кошумча функциялар берилген учурда жогоруда аталган функцияларды толук ишке ашыруу үчүн штаттык санды көбөйтүү талап кылынат.
Ушуга байланыштуу белгилеп кетүүчү жагдай, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 5-беренесине ылайык мамлекеттин финансылык милдеттенмелерин өзгөртүү, республикалык бюджеттен каржылануучу бюджеттин чыгымдарын көбөйтүү, же болбосо анын ресурстарын кыскартуу жөнүндө мыйзамдардын долбоорлору Өкмөттүн макулдугу менен гана кабыл алынат.
Мындан сырткары Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесине ылайык мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржылануучу чыгымдарды көбөйтүүнү караштырган мыйзамдардын долбоорлору Өкмөт тарабынан каржылоо булагы аныкталгандан кийин Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынышы мүмкүн.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 25-июлундагы № 414 "Мамлекеттик органдардын штаттык санын көбөйтүүгө мораторий киргизүү жөнүндө" токтому менен 2017-2019-жылдарга министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карамагында турган уюмдардын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарынын, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынын штаттык санынын чегин көбөйтүүгө мораторий белгиленген.
Мындан сырткары 2020-жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинде Мыйзамдын долбоорунда көрсөтүлгөн кошумча функцияларды жүктөө үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин штаттык санын көбөйтүүгө каржылоо каралган эмес.
Жогоруда баяндалгандарды эске алып, Мыйзамдын долбоорунун 17-беренесинин 2-бөлүгүн, 18-беренесинин 1-бөлүгүн, 19-беренесин, 20-беренесинин 4-бөлүгүн кайрадан карап чыгуу зарыл.
Мындан сырткары 6-бөлүгү менен саясий партиялар мамлекеттик бийликтин ыйгарым укуктуу органдарынын аракеттери, чечимдери менен макул болбогон учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген тартипте сот органдарына кайрылууга укуктуу деп белгиленген.
"Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 62-беренесине ылайык административдик актыны, административдик органдын аракетин же аракетсиздигин административдик (сотко чейинки) тартипте, ал эми кийин - жогоруда аталган Мыйзамдын 44-беренесинде жана 57-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган учурларды кошпогондо, сот тартибинде даттанууга болот.
Ушуга байланыштуу жогоруда аталган бөлүктү аталган Мыйзам менен шайкештирүүнү сунуштайбыз.
14. Мыйзамдын долбоорунун 20-беренеси боюнча, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 92-беренесине ылайык юридикалык жакты ага башка юридикалык жакты кошуу менен кайра түзүү кошулган юридикалык жактын ишинин токтотулушуна алып келгендигин белгилейбиз. Ушуга байланыштуу Мыйзамдын долбоорунун 20-беренесинин 1-бөлүгүн "жоюу жолу" деген сөздөн кийин "же кайра түзүү" деген сөздөр менен толуктоону сунуштайбыз.
Мындан сырткары Мыйзамдын долбоорунун 20-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык саясий партияны мажбурлап жоюу жөнүндө арыз Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген негиздерге ылайык юридикалык жактарды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан сотко берилет.
Белгилеп кетүүчү жагдай, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 96-беренесине ылайык юридикалык жак соттун чечими боюнча ишти тиешелүү уруксатсыз (лицензиясыз) же мыйзамда тыюу салынган жолдор менен, же болбосо мыйзамдарды башкача бир нече же одоно бузуулар менен же юридикалык жактын уставдык максаттарына каршы келген ишти системалуу түрдө жүргүзсө, лицензияда белгиленген операцияларды жүргүзүү алар үчүн иштин бирден-бир уруксат берилген түрү болуп саналган банктардын, финансы-кредиттик уюмдардын жана мекемелердин лицензиясы кайтарылып алынган учурларда, ошондой эле Граждандык кодексте каралган башка учурларда жоюлушу мүмкүн.
Ошондой эле "Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесине ылайык юридикалык жак салык органына жана (же) Социалдык фонддун органына ай сайын берилүүчү отчетторду эки жыл бою бербеген учурда салык органы жана (же) Социалдык фонддун органы юридикалык жакты мажбурлап жоюу жөнүндө арыз менен сотко кайрылууга укуктуу.
Юридикалык жакты мажбурлап жоюу жөнүндө соттун белгиленген тартипте мыйзамдуу күчүнө кирген чечими каттоо органы тарабынан ишти токтотууну каттоо жөнүндө буйрук чыгаруу үчүн негиз болуп саналат.
Ошентип Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында юридикалык жакты жоюунун башка негиздери да каралган.
15. Мыйзамдын долбоорунун 21-беренесинин 1-бөлүгүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 26-июнундагы № 5389-V токтому менен бекитилген Мыйзам чыгаруу техникасы боюнча нускаманын 6-главасынын талаптарына ылайык келтирүү керек.
Жогоруда айтылгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Мыйзамдын долбоору жогоруда баяндалган сунуштарга ылайык толуктап иштеп чыгууну талап кылат деп эсептейт.