Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-январындагы № 35 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2020-жылдын 29-майы № 279
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-октябрындагы № 537 "Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерден Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолуучу жана Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн товарларга контролдук баалардын минималдык деңгээлин аныктоонун, колдонуунун жана контролдоонун тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыйыр салыктардын толук төлөнүшүн камсыздоо максатында, Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 21-майындагы № 111 Мыйзамы менен ратификацияланган 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин 72-беренесине, Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин № 18 тиркемесинин 18-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 120-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 12-октябрындагы № 537 "Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерден Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолуучу жана Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн товарларга контролдук баалардын минималдык деңгээлин аныктоонун, колдонуунун жана контролдоонун тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтомдун тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 9-июнундагы № 44 (3116) жарыяланды
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр |
К.А. Боронов |
|
| Тиркеме |
|
|
Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерден Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолуучу жана Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн товарларга контролдук баалардын минималдык деңгээлин аныктоонун, колдонуунун жана контролдоонун тартиби
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартип Евразия экономикалык бирлигине (мындан ары - ЕАЭБ) мүчө мамлекеттерден Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолуучу жана Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн товарларга контролдук баалардын минималдык деңгээлин аныктоону, колдонууну жана контролдоону регламенттейт.
2. Ушул Тартипте төмөнкүдөй терминдер жана аныктамалар колдонулат:
1) импорттоочу - ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден Кыргыз Республикасынын аймагына товарларды импорттогон салык төлөөчү;
2) өндүрүүчү - контролдук баалардын минималдык деңгээли белгиленүүчү товарды өндүргөн салык төлөөчү.
3. Ушул Тартипте колдонулуучу терминдер жана аныктамалар ушул Тартипте, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде жана/же эл аралык келишимдерде жана ЕАЭБдин укугун түзүүчү актыларда аныкталган мааниде түшүндүрүлөт.
4. Контролдук баалардын минималдык деңгээли монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын буйругу менен ушул Тартиптин 1-3-тиркемелеринде бекитилген формалар боюнча берилген бизнес-ассоциациялардын, салык төлөөчүлөрдүн жана/же Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын арыздарынын негизинде ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолуучу жана Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн товарларга карата белгиленет.
Монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Контролдук баалардын минималдык деңгээли белгиленген товарлардын тизмегин (мындан ары - Тизмек) ушул Тартиптин 4-тиркемесинде бекитилген форма боюнча жүргүзөт.
Контролдук баалардын минималдык деңгээли тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасынын (мындан ары - ЕАЭБдин ТЭИ ТН) 10 орундуу цифралык кодуна ээ болгон товарга карата белгиленет.
Эгерде ЕАЭБдин ТЭИ ТН 10 орундуу цифралык коду маркалары, сапаттык курамы, таңгакталышы ж.б. боюнча олуттуу айырмачылыктарга ээ болгон товарлардын кеңири ассортиментине дал келсе, монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Тизмекке киргизүүгө жана арызда көрсөтүлгөн конкреттүү мүнөздөмөлөрүнө жараша товарга карата контролдук баалардын минималдык деңгээлин белгилөөгө укуктуу.
Ташып келинген товар үчүн эсептөөлөрдө колдонулуучу ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин валютасынын курстары Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 282-6 беренесине ылайык, импорттолгон товарлар салык төлөөчү тарабынан эсепке алынган датага карата Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын курсу боюнча эсептелет.
Контролдук баанын минималдык деңгээлин аныктоодо товардын өлчөө бирдиги арызда көрсөтүлөт жана ЕАЭБдин ТЭИ ТН ылайык келиши керек.
5. Тизмек, контролдук баалардын минималдык деңгээли монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, ишкердик ишти жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, ыйгарым укуктуу салык органынын расмий сайттарында жана "Эркин Тоо" гезитинде жарыяланууга тийиш.
2. ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолуучу жана Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн товарларга контролдук баалардын минималдык деңгээлин аныктоо
6. Монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бизнес-ассоциациялардын, салык төлөөчүлөрдүн жана/же Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын арыздарын кабыл алат.
7. Арызда төмөнкүдөй маалыматтар чагылдырылат:
1) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары арызда төмөнкүлөрдү көрсөтөт:
- ЕАЭБдин ТЭИ ТН кодун көрсөтүү менен контролдук баалардын минималдык деңгээлин белгилөө зарыл болгон товардын аталышын, зарыл болгон учурда товардын кошумча мүнөздөмөлөрүн;
- Кыргыз Республикасынын аймагында сатылуучу товардын орточо дүң баасы жана орточо чекене баасы жөнүндө маалыматты;
- контролдук баалардын минималдык деңгээлин колдонуунун жана Тизмекке киргизүүнүн зарылдыгын негиздөө менен контролдук баалардын минималдык деңгээлинин сунушталган өлчөмү;
- чарбалык субъекттер боюнча импорттоочулардын жана ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн дүң жана сатуу бааларын;
2) бизнес-ассоциациялар жана салык төлөөчүлөр арызда төмөнкүлөрдү көрсөтөт:
- ЕАЭБдин ТЭИ ТН кодун көрсөтүү менен контролдук баалардын минималдык деңгээлин белгилөө зарыл болгон товардын аталышын жана зарыл болгон учурда товардын кошумча мүнөздөмөлөрүн;
- Кыргыз Республикасынын аймагында сатылуучу товарлардын колдонуудагы орточо дүң жана чекене бааларын;
- контролдук баалардын минималдык деңгээлин колдонуунун жана Тизмекке киргизүүнүн зарылдыгын негиздөө менен контролдук баалардын минималдык деңгээлинин сунушталган өлчөмүн.
Берилген маалыматтын аныктыгы үчүн бизнес-ассоциациялар, салык төлөөчүлөр жана/же Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары жоопкерчилик тартат.
8. Арызда ушул Тартиптин 7-пунктунда көрсөтүлгөн маалыматтар жок болгон учурда монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган арызды кабыл алуудан баш тартат.
9. Монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган арызды кабыл алган күндөн тартып беш жумуш күндүн ичинде арызда көрсөтүлгөн товарлардын дүң жана чекене баалары тууралуу маалыматтарды берүү жөнүндө жазуу жүзүндөгү суроо-талапты төмөнкүлөргө жөнөтөт:
1) бизнес-ассоциацияларга;
2) товарларды импорттоочуларга;
3) ата мекендик товар өндүрүүчүлөргө;
4) ыйгарым укуктуу салык органына;
5) статистика чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга;
6) карамагында товарлардын баалары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында товарларды саткан импорттоочулар жана ата мекендик өндүрүүчүлөр жөнүндө маалыматтар болгон башка мамлекеттик органдарга.
Мында суроо-талап арыз берүүчүгө жөнөтүлбөйт.
10. Ушул Тартиптин 9-пунктунда көрсөтүлгөн бизнес-ассоциациялар, салык төлөөчүлөр жана мамлекеттик органдар суроо-талапты алган күндөн тартып жети жумуш күндүн ичинде монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга суроо-талапка ылайык маалыматты берет.
11. Алынган маалыматтардын негизинде монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган акыркы жазуу жүзүндөгү жоопту алган күндөн тартып жети жумуш күндүн ичинде эсептөөлөрдү жүргүзөт, товарга контролдук баанын минималдык деңгээлин белгилейт жана ушул Тартипке ылайык товарды Тизмекке киргизүү жөнүндө чечим кабыл алат.
12. Товарга контролдук баанын минималдык деңгээлинин өлчөмү чекене жана дүң баалардын негизинде төмөнкүдөй формула боюнча аныкталат:
(Сц - (Сц * 40%) + (Со - (Со * 20%)) / 2 = контролдук баанын минималдык деңгээли,
мында:
Сц - орточо арифметикалык чекене баа;
Со - орточо арифметикалык дүң баа.
13. Орточо арифметикалык баа арыз берүүчүлөрдөн алынган баа жөнүндө маалыматтардын негизинде жана ушул Тартиптин 9-пунктунда көрсөтүлгөн бизнес-ассоциациялардан, салык төлөөчүлөрдөн жана мамлекеттик органдардан алынган маалыматтарды эске алуу менен монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.
Орточо арифметикалык баа арызда көрсөтүлгөн дүң жана чекене бааларды эске алуу менен ыйгарым укуктуу салык органынан жана кеминде үч импорттоочудан жана ата мекендик өндүрүүчүдөн алынган маалыматтар болгон учурда аныкталат.
Импорттоочулардан жана ата мекендик товар өндүрүүчүлөрдөн алынган товардын баасы жөнүндө маалымат жок болгон учурда монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын аймагында иштеген чекене соода тармактарында товардын баалары жөнүндө маалыматты суратып алууга укуктуу.
Мисалы. Монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга Кыргыз Республикасынын базарында төмөндөтүлгөн баалар боюнча "шарттуу товар" сатылып жаткандыгы жөнүндө бизнес-ассоциациядан арыз келип түштү. Монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган 2 ири импорттоочуга, орто ишкердик субъектиси болуп саналган 1 импорттоочуга, 1 "шарттуу товар" өндүрүүчүгө жана 3 мамлекеттик органга, ошондой эле 2 чекене соода тармагынын субъектисине суроо-талаптарды жиберди. Жазуу жүзүндө берилген жоопторго ылайык "шарттуу товарга" болгон баа төмөнкүлөрдү түздү:
1) импорттоочулардын маалыматы боюнча - 1 кг үчүн 26, 27 жана тиешелүү түрдө 28 сом өлчөмүндө;
2) "шарттуу товар" өндүрүүчүнүн маалыматы боюнча - 1 кг үчүн 31 сом;
3) чекене тармак субъекттеринин маалыматы боюнча - 1 кг үчүн 40 жана 42 сом;
4) статистика чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалыматы боюнча - 1 кг үчүн 41 сом;
5) эки мамлекеттик органдын маалыматы жок.
Орточо арифметикалык дүң баа төмөнкүнү түзөт: (26 + 27 + 28 + 31) / 4 = 1 кг үчүн 28 сом.
Орточо арифметикалык чекене баа төмөнкүнү түзөт: (40 + 42 + 41) / 3 = 1 кг үчүн 41 сом.
Контролдук баанын минималдык деңгээлинин өлчөмү төмөнкүнү түзөт:
(41 - (41 * 40%) + (28 - (28 * 20%)) / 2 = 1 кг үчүн 23,5 сом.
14. Контролдук баалардын минималдык деңгээли математикалык тегеректөө эрежелерин эске алуу менен улуттук валютада белгиленет (50 тыйындан төмөн көрсөткүчтөрдүн мааниси аз жагына, ал эми 50 же андан жогору тыйын - сомго чейин тегеректелет).
15. Арыз берүүчү тарабынан арызда көрсөтүлгөн контролдук баалардын минималдык деңгээлинин сунушталган өлчөмү менен монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан эсептелген контролдук баалардын минималдык деңгээлинин өлчөмү 20%дан ашык айырмаланган учурда, монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган макулдашуу кеңешмесин өткөрөт, анын жыйынтыгы боюнча жөнөкөй көпчүлүк добуш менен коллегиялык чечим менен кабыл алынат.
Макулдашуу кеңешмесине контролдук баалардын минималдык деңгээлин белгилөө жөнүндө арыз менен монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кайрылган салык төлөөчүлөр, бизнес ассоциациялардын жана/же Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү, ошондой эле зарыл болгон учурда суроо-талаптар боюнча жазуу жүзүндөгү маалыматтар алынган ушул Тартиптин 9-пунктунда көрсөтүлгөн жактар катышат. Макулдашуу кеңешмесинин катышуучуларынын саны ушул Тартиптин 9-пунктуна ылайык маалыматтарды берген мамлекеттик органдардын, чарбалык субъекттердин жана бизнес-ассоциациялардын (арыз берүүчүлөрдү эске алганда) санынын 2/3 кем эмесин түзүүгө тийиш.
Макулдашуу кеңешмесине катыша албай калган учурда аталган субъекттер монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жазуу жүзүндөгү позициясын берет.
Макулдашуу кеңешмесинде материалдар каралган учурда контролдук баалардын минималдык деңгээлин белгилөө боюнча чечимди кабыл алуу мөөнөтү үч жумуш күнгө узартылат.
3. Контролдук баалардын минималдык деңгээлин колдонуу жана контролдоо
16. Эгерде импорттоочу Тизмекке киргизилген товарды ташып келсе жана келишимде, товарды коштоочу документтерде товарга карата бааны контролдук баалардын минималдык деңгээлинин белгиленген өлчөмүнөн төмөн көрсөтсө, кыйыр салыктар боюнча салыктык милдеттенме контролдук баалардын белгиленген минималдык деңгээлин колдонуу жана аны кыйыр салыктар боюнча салык отчетунда чагылдыруу менен эсептелет.
Мисалы. Салык төлөөчү ЕАЭБге мүчө мамлекеттин аймагынан 10000 кг "шарттуу товар" ташып келди. Келишимде (контрактта) жана товарды коштоочу документтерде 1 кг үчүн баасы 20 россия рубли өлчөмүндө көрсөтүлгөн. Импорттолгон товарларды эсепке алуунун эң акыркы датасы болуп Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасынан өткөн дата эсептелген. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасынан өткөн датага карата Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын курсу 1 россия рубли үчүн 1,06 сомду түздү. Улуттук валютага которууда 1 кг наркы - кг үчүн 21,2 сом (20 * 1,06). Бекитилген Тизмекке ылайык "шарттуу товарга" контролдук баанын минималдык деңгээли 1 кг үчүн 23,5 сомду түзөт. Бул учурда контролдук баалардын минималдык деңгээли ташып келинген товарга карата колдонулууга жана кыйыр салыктар боюнча салык отчетунда чагылдырылууга тийиш.
17. Эгерде импорттоочу Тизмекке киргизилген товарды ташып келсе жана келишимде, товарды коштоочу документтерде товардын баасын контролдук баалардын минималдык деңгээлинин белгиленген өлчөмүнөн жогору кылып көрсөтсө, кыйыр салыктар боюнча салыктык милдеттенме контролдук баалардын минималдык деңгээлин колдонбостон, келишимде жана товарды коштоочу документтерде көрсөтүлгөн баага жараша эсептелет.
18. Контролдук баалардын минималдык деңгээли белгиленген товарларды Кыргыз Республикасынын аймагына тийиштүү товарды коштоочу документтерисиз ташып келген фактылар аныкталган учурда, кыйыр салыктар контролдук баалардын минималдык деңгээлин колдонуу менен салык орган тарабынан эсептелүүгө тийиш.
19. Контролдук баалардын минималдык деңгээли колдонулган товарларды ташып келүүдө импорттоочу тарабынан кыйыр салыктар боюнча тийиштүү отчет берилбеген же контролдук баалардын минималдык деңгээли ушул Тартипте белгиленген талаптарды бузуу менен колдонулган фактылар аныкталган учурда, кыйыр салыктар Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде белгиленген тартипте эсептелүүгө тийиш жана салык төлөөчү Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчилик тартат.
20. Эгерде өндүрүүчү Тизмекке киргизилген товарды салык салынуучу жеткирип берүү менен ишке ашырса жана келишимде, эсеп-фактурада товардын баасын контролдук баалардын минималдык деңгээлинин белгиленген өлчөмүнөн төмөн көрсөтсө, КНС боюнча салыктык милдеттенмелер контролдук баалардын белгиленген минималдык деңгээлин колдонуу менен жана аны КНС боюнча салык отчетунда чагылдыруу менен эсептелет.
21. Эгерде өндүрүүчү Тизмекке киргизилген товарды салык салынуучу жеткирип берүү менен ишке ашырса жана келишимде, эсеп-фактурада товардын баасын контролдук баалардын минималдык деңгээлинин белгиленген өлчөмүнөн жогору көрсөтсө, КНС боюнча салыктык милдеттенмелер контролдук баалардын минималдык деңгээлин колдонбостон, келишимде жана эсеп-фактурада көрсөтүлгөн бааларга жараша эсептелет.
22. Контролдук баалардын минималдык деңгээли белгиленген товарларды тийиштүү товарды коштоочу документтерисиз салык салынуучу жеткирип берүү фактылары аныкталган учурда кыйыр салыктар Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык контролдук баалардын минималдык деңгээлин колдонуу менен салык органы тарабынан эсептелүүгө тийиш.
23. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган импорттоочу жана өндүрүүчү тарабынан ушул Тартиптин талаптары бузулган фактыларды аныктаган учурда, алар боюнча материалдар Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык чараларды көрүү үчүн салык кызматы органдарына өткөрүлүп берилет.
4. Тизмекке өзгөртүүлөрдү киргизүү тартиби
24. Тизмекке өзгөртүүлөр ушул Тартиптин 9-пунктунда көрсөтүлгөн салык төлөөчү жана/же бизнес-ассоциациялар жана/же мамлекеттик органдар монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга арыз менен кайрылган учурда киргизилет.
25. Тизмекке өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө арыз төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) товардын аталышын;
2) ЕАЭБдин ТЭИ ТН кодун;
3) Тизмекке өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылдыгына негиздемени;
4) ушул Тартиптин 7-пунктунда каралган маалыматтарды.
Берилген маалыматтын аныктыгы үчүн Тизмекке өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө арыз менен монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кайрылган салык төлөөчүлөр, бизнес-ассоциациялардын жана/же Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү жоопкерчилик тартышат.
26. Арызда ушул Тартиптин 25-пунктунда көрсөтүлгөн маалыматтар жок болгон учурда монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган арызды кабыл алуудан баш тартат.
27. Арызды кабыл алган күндөн кийинки беш жумуш күндүн ичинде монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Тизмекке өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө тийиштүү сунушту ушул Тартиптин 9-пунктунда көрсөтүлгөн салык төлөөчүлөрдүн, бизнес-ассоциациялардын жана мамлекеттик органдардын дарегине жөнөтөт.
Ушул Тартиптин 9-пунктунда көрсөтүлгөн салык төлөөчүлөр, бизнес-ассоциациялар жана мамлекеттик органдар сунушту алган күндөн тартып жети жумуш күндүн ичимде өзүнүн корутундусун, ошондой эле суроо-талапта көрсөтүлгөн товардык позициялар жөнүндө маалыматты беришет.
28. Жазуу жүзүндөгү суроо-талаптар боюнча алынган маалыматтын негизинде монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жазуу жүзүндөгү акыркы жоопту алган күндөн тартып жети жумуш күндүн ичинде ушул Тартиптин 12-пунктуна ылайык эсептешүү жүргүзөт жана келип түшкөн корутундуларды эске алуу менен Тизмекке өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө чечим кабыл алат, ушул тартипте көрсөтүлгөн жетиштүү маалыматтар жок болгон учурда арыз ээсине жүйөлүү баш тартууну жөнөтөт.
Монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган төмөнкү учурларда арыз ээсине жүйөлүү баш тартууну жөнөтөт:
- бизнес-ассоциациялар, салык төлөөчүлөр жана/же Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары ушул Тартиптин 25-пунктунун монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга арыздарды берүү бөлүгүндөгү талаптарын сактабаса;
- бизнес-ассоциациялар, салык төлөөчүлөр жана/же Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары ушул Тартиптин 10-пунктунун монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга суроо-талапка ылайык маалыматтарды берүү боюнча талаптарын сактабаса.
29. Пикир келишпестиктер болсо же болбосо арыз берүүчү тарабынан арызда көрсөтүлгөн контролдук баалардын минималдык деңгээлинин өлчөмү боюнча жана монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан эсептелген контролдук баалардын минималдык деңгээлинин өлчөмү боюнча сунушталган өзгөртүүлөр 20%дан ашык айырмаланган учурда монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган макулдашуу кеңешмесин өткөрөт (15-пунктка ылайык), анын жыйынтыгы боюнча жөнөкөй көпчүлүк добуш менен коллегиялык чечим кабыл алынат.
|
| Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерден Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолуучу жана Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн товарларга контролдук баалардын минималдык деңгээлин аныктоонун, колдонуунун жана контролдоонун тартибине 1-тиркеме |
Форма
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директору __________________________ |
Товарларды контролдук баалардын минималдык деңгээли (КБМД) белгиленүүчү товарлардын тизмесине киргизүү жөнүндө АРЫЗ
1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын аталышы, юридикалык дареги, ИНН
1.1. Маморгандын аталышы |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| |
1.2. Юридикалык дареги |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| |
1.3. ИНН |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| |
|
|
| ||||||||||||
2. КБМД белгилөө зарыл болгон товардын аталышы |
| |||||||||||||
2.1. Товардын аталышы |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| |
2.2. ЕАЭБдин ТЭИ ТН коду |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| |
|
|
| ||||||||||||
3. Товардын бирдиги үчүн |
|
| ||||||||||||
колдонуудагы орточо дүң баа |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| |
|
|
| ||||||||||||
4. Товардын бирдиги үчүн |
|
| ||||||||||||
колдонуудагы орточо чекене баа |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| |
5. _____________________________________________________________________________________________
(КБМД колдонуу жана Тизмекке киргизүү зарылдыгын негиздөө менен КБМД сунушталган өлчөмү)
_______________________________________________________________________________________________
6. Тиркеме:
_______________________________________________________________________________________________
(чарбалык субъекттер боюнча импорттоочулардын жана ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн дүң жана сатуу баалары жана товарларды Тизмекке киргизүү тууралуу талаптарды негиздөөчү башка документтер (зарыл болсо))
Берилген маалыматтардын аныктыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары жоопкерчилик тартат.
Дата _______________________ колу __________________________
|
| Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерден Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолуучу жана Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн товарларга контролдук баалардын минималдык деңгээлин аныктоонун, колдонуунун жана контролдоонун тартибине 2-тиркеме |
Форма
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директору __________________________ |
Товарларды контролдук баалардын минималдык деңгээли (КБМД) белгиленүүчү товарлардын тизмесине киргизүү жөнүндө АРЫЗ
1. Бизнес-ассоциациянын/салык төлөөчүнүн аталышы (керектүүсүнүн астын сызыңыз) юридикалык дареги, ИНН
1.1. Бизнес-ассоциациянын/салык |
|
| |||||||||||
төлөөчүнүн аталышы: |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
1.2. Юридикалык дареги |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
1.3. ИНН |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| |||||||||||
2. КБМД белгилөө зарыл болгон товардын аталышы |
| ||||||||||||
2.1. Товардын аталышы |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
2.2. ЕАЭБдин ТЭИ ТН коду |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| |||||||||||
3. Товардын бирдиги үчүн |
|
| |||||||||||
колдонуудагы орточо дүң баа |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| |||||||||||
4. Товардын бирдиги үчүн |
|
| |||||||||||
колдонуудагы орточо чекене баа |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
5. _____________________________________________________________________________________________
(КБМД колдонуу жана Тизмекке киргизүү зарылдыгын негиздөө менен КБМД сунушталган өлчөмү)
_______________________________________________________________________________________________
6. Тиркеме:
_______________________________________________________________________________________________
(чарбалык субъекттер боюнча импорттоочулардын жана ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн дүң жана сатуу баалары жана товарларды Тизмекке киргизүү тууралуу талаптарды негиздөөчү башка документтер (зарыл болсо))
Берилген маалыматтардын аныктыгы үчүн бизнес-ассоциация/салык төлөөчү жоопкерчилик тартат.
Дата _____________________ колу __________________________
|
| Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерден Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолуучу жана Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн товарларга контролдук баалардын минималдык деңгээлин аныктоонун, колдонуунун жана контролдоонун тартибине 3-тиркеме |
Форма
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директору _________________________ |
Контролдук баалардын минималдык деңгээли (КБМД) белгиленүүчү товарлардын тизмегине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө АРЫЗ
1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын, бизнес-ассоциациянын/салык төлөөчүнүн (керектүүсүнүн астын сызыңыз) аталышы, юридикалык дареги, ИНН
1.1. Кыргыз Республикасынын |
|
| |||||||||||
маморганынын/бизнес- |
|
| |||||||||||
ассоциациянын/салык |
|
| |||||||||||
төлөөчүнүн аталышы |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
1.2. Юридикалык дареги |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
1.3. ИНН |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| |||||||||||
2. Товардын аталышы |
|
| |||||||||||
2.1. Товардын аталышы |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
2.2. ЕАЭБдин ТЭИ ТН коду |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
2.3. Товарды тизмекке киргизүү |
|
| |||||||||||
жана КБМД белгилөө жөнүндө |
|
| |||||||||||
буйруктун номери жана күнү |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| |||||||||||
3. Товардын бирдиги үчүн |
|
| |||||||||||
колдонуудагы орточо дүң баа |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| |||||||||||
4. Товардын бирдиги үчүн |
|
| |||||||||||
колдонуудагы орточо чекене баа |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
5. ____________________________________________________________________________________________
(Тизмекке өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылдыгын негиздөө менен КБМД сунушталган өлчөмү)
6. ____________________________________________________________________________________________
(Тизмекке өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылдыгынын башка негиздемелери)
7. Тиркеме:
______________________________________________________________________________________________
(чарбалык субъекттер боюнча импорттоочулардын жана ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн дүң жана сатуу баалары (мамлекеттик органдар үчүн) жана Тизмекке өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу талаптарды негиздөөчү башка документтер (зарыл болсо))
Берилген маалыматтардын аныктыгы үчүн салык төлөөчүлөр, бизнес-ассоциациялардын жана/же Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү жоопкерчилик тартат.
Дата ______________________ колу _____________________________
|
| Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерден Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолуучу жана Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн товарларга контролдук баалардын минималдык деңгээлин аныктоонун, колдонуунун жана контролдоонун тартибине 4-тиркеме |
Форма
Контролдук баалардын минималдык деңгээли (КБМД) белгиленүүчү товарлардын ТИЗМЕГИ
№ | Товардын аталышы | ЕАЭБдин ТЭИ ТН коду | КБМД өлчөмү |
1 |
|
|
|
2 |
|
|
|
3 |
|
|
|