Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-сентябрындагы № 475 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 28-январы № 35
Контролдук баалардын минималдык деңгээлин аныктоонун жана колдонуунун тартибин бекитүү жөнүндө
Кыйыр салыктарды башкаруу механизмин өркүндөтүү максатында, Товарларды экспорттоодо жана импорттоодо, жумуштарды аткарууда, кызматтарды көрсөтүүдө кыйыр салыктарды алуунун тартиби жана алардын төлөнүшүн контролдоо механизмдери жөнүндө протоколдун 18-пунктуна (Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 21-майындагы № 111 Мыйзамы менен ратификацияланган 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге № 18 тиркеме), Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 139-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Контролдук баалардын минималдык деңгээлин аныктоонун жана колдонуунун тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы контролдук баалардын минималдык деңгээлин бекитүү боюнча ыйгарым укуктуу орган болуп аныкталсын.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө" токтомунун 1-тиркемесинин 30-пункту;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-октябрындагы № 537 "Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерден Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолуучу жана Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн товарларга контролдук баалардын минималдык деңгээлин аныктоонун, колдонуунун жана контролдоонун тартибин бекитүү жөнүндө" токтому;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 8-майындагы № 241 "Ал жеткис күчтүн жагдайларына байланыштуу социалдык-экономикалык кырдаалды турукташтыруу маселелери боюнча айрым мыйзам актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомунун 8-пункту;
4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 29-майындагы № 279 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-октябрындагы № 537 "Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерден Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолуучу жана Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн товарларга контролдук баалардын минималдык деңгээлин аныктоонун, колдонуунун жана контролдоонун тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
|
Төрага |
А.У. Жапаров |
| ||
|
| Тиркеме (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-январындагы № 35 токтомуна) |
Контролдук баалардын минималдык деңгээлин аныктоонун жана колдонуунун ТАРТИБИ
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартип Евразия экономикалык бирлигине (мындан ары - ЕАЭБ) мүчө мамлекеттерден Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолуучу жана Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн товарларга контролдук баалардын минималдык деңгээлин (мындан ары - КБМД) аныктоону жана колдонууну регламенттейт.
2. Ушул Тартип Товарларды экспорттоодо жана импорттоодо, жумуштарды аткарууда, кызматтарды көрсөтүүдө кыйыр салыктарды алуунун тартиби жана алардын төлөнүшүн контролдоо механизмдери жөнүндө протоколдун 18-пунктуна ылайык иштелип чыккан, анда кыйыр салыктарды төлөөнүн толуктугун камсыз кылуу максатында ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин мыйзамдарын колдонуу мүмкүнчүлүгү каралган жана салык салуу максатында бааларды аныктоо принциптерин жөнгө салуу мүмкүнчүлүгү бар.
3. Ушул Тартипте төмөнкүдөй терминдер жана аныктамалар колдонулат:
1) импорттоочу - ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден Кыргыз Республикасынын аймагына товарларды импорттоочу салык төлөөчү;
2) өндүрүүчү - контролдук баалардын минималдык деңгээли белгиленүүчү товарды өндүрүүчү салык төлөөчү;
3) КБМД - Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолуучу жана Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн товарлардын баасы, ал ушул Тартипте аныкталган учурларда жана тартипте белгиленет;
4) арыз (FORM STI-136) - товарларды ташып келүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө арыз (FORM STI-136);
5) ЕАЭБ кошумча нарк салыгы - ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келинүүчү товарларга кошумча нарк салыгы (мындан ары - КНС);
6) расмий өкүл (дистрибьютор, дилер) - даярдоочу завод же анын соода үйү менен дистрибьютордук же дилердик макулдашуусу (контракт же ниеттер протоколу), ырастоо-каты же дистрибьютердин же дилердин статусун ырастоочу өндүрүүчүдөн сертификаты бар соода уюму.
4. Ушул Тартипте колдонулуучу терминдер жана аныктамалар ушул Тартипте жана Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде аныкталган мааниде түшүнүлөт.
5. КБМДнын өлчөмү ыйгарым укуктуу салык органы аныктаган тизмеге ылайык ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолуучу жана Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн товарларга ыйгарым укуктуу салык органынын буйругу менен белгиленет.
6. КБМД белгиленген товарлардын тизмеси (мындан ары - Тизме) ушул Тартиптин тиркемесине ылайык форма боюнча ыйгарым укуктуу салык органынын расмий сайтында жарыяланууга тийиш.
7. КБМДнын өлчөмү тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасынын (мындан ары - ЕАЭБ ТЭИ ТН) 10 орундуу цифралык коду бар товарга белгиленет.
8. Ташып келинген товар үчүн эсептөөдө колдонулган ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин валютасынын курсу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын курсу боюнча салык төлөөчү тарабынан импорттолгон товарлар эсепке алынган датага карата Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык эсептелет.
2. ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолуучу жана Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн товарларга КБМДны аныктоо
9. КБМДнын өлчөмү ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолуучу жана Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн товарларга ЕАЭБ ТЭИ ТН кодуна ылайык квартал сайын белгиленет.
10. Ыйгарым укуктуу салык органы акыркы (отчеттук) алтымыш күнгө салык төлөөчүлөр тарабынан берилген (FORM STI-136) арыздагы маалыматтардын, ошондой эле акыркы (отчеттук) алтымыш күнгө салык төлөөчүлөр тарабынан таризделген электрондук эсеп-фактуралардын маалыматтарынын негизинде квартал сайын ЕАЭБ ТЭИ ТН коддорун тандоо жолу менен ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден импорттолуучу жана Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн товарларга орточо бааны аныктайт.
11. КБМДны аныктоодо товардын орточо баасынан 30 пайызын эсептен чыгаруу менен ушул Тартиптин 11-пунктуна ылайык аныкталуучу белгилүү бир товардык позициянын орточо баасы эске алынат.
КБМД = Об - (Об * 30%)
мында: Об - ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден импорттолуучу жана/же Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн товарлардын орточо баасы.
12. Кыргыз Республикасында ЕАЭБ ТЭИ ТН тиешелүү коду менен белгилүү бир товардык позициянын өндүрүшү жана КБМДны аныктоо үчүн анын баасы жок болгон учурда, ЕАЭБ ТЭИ ТН тиешелүү коду менен Кыргыз Республикасына импорттолуучу товардык продукциянын орточо баасы эске алынат.
13. Кыргыз Республикасына ЕАЭБ ТЭИ ТН тиешелүү коду менен белгилүү бир товардык позициянын импорту жана КБМДны аныктоо үчүн анын баасы болбогон учурда, ТЭИ ТН тиешелүү коду менен Кыргыз Республикасында өндүрүлгөн товардык продукциянын орточо баасы эске алынат.
14. "Электрондук эсеп-фактура" автоматташтырылган маалыматтык системасында белгилүү бир товардык позиция жөнүндө маалымат жана арыз (FORM STI-136) жок болгон учурда, КБМД рыноктун башка булактардан алынган маалыматтын жана/же рынокко мониторингдин негизинде аныкталат.
15. Рынокко мониторинг жүргүзүүнүн жүрүшүндө же башка маалымат булактарынан билинген импорттолуучу товардык позициянын Кыргыз Республикасында өндүрүлгөн ошол эле товардык позицияга салыштырмалуу 2 эседен көп төмөндөтүлгөн учурда, КБМД башка булактардан алынган маалыматтардын жана/же рыноктун бааларына мониторингдин негизинде аныкталат.
16. КБМДнын өлчөмү математикалык тегеректөө эрежелерин эске алуу менен улуттук валютада белгиленет (көрсөткүчтөрдүн мааниси 50 тыйындан аз болсо, аз жагына тегеректелет, 50 тыйын жана андан ашык болсо, сомго чейин тегеректелет).
17. Эгерде импорттоочу Тизмеге киргизилген товарды ташып келсе жана келишимде жана товарды коштоочу документтерде товардын баасын КБМДнын белгиленген өлчөмүнөн аз көрсөтсө, ЕАЭБ КНС боюнча салыктык милдеттенме белгиленген КБМДны колдонуу жана аны КНС боюнча салык отчетунда чагылдыруу менен эсептелет.
Мисалы. Салык төлөөчү ЕАЭБге мүчө мамлекеттин аймагынан 10000 кг "шарттуу товарды" ташып келди. Келишимде (контрактта) жана товарды коштоочу документтерде 1 кг үчүн баасы 20 россия рубли өлчөмүндө көрсөтүлгөн. Импорттолгон товарларды эсепке алуунун эң акыркы датасы болуп Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасынан өткөн дата эсептелген. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасынан өткөн датага карата Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын курсу 1 россия рубли үчүн 1,06 сомду түздү. Улуттук валютага которууда 1 кг наркы - кг үчүн 21,2 сом (20 * 1,06). Тизмеге ылайык "шарттуу товарга" КБМД 1 кг үчүн 23,5 сомду түзөт. Бул учурда КБМД ташып келинген товарга карата колдонулууга жана КНС боюнча салык отчетунда чагылдырылууга тийиш.
18. Эгерде импорттоочу Тизмеге киргизилген товарды ташып келсе жана келишимде, товарды коштоочу документтерде товардын баасын КБМДнын белгиленген өлчөмүнөн жогору көрсөтсө, ЕАЭБ КНС боюнча салыктык милдеттенме келишимде жана товарды коштоочу документтерде көрсөтүлгөн баага жараша КБМДны колдонбостон эсептелет.
19. Эгер импорттоочу анын расмий өкүлүнүн (дистрибьютер же дилердин) статусун ырастаган документти берсе, ЕАЭБ КНС боюнча салыктык милдеттенме келишимде жана товарды коштоочу документтерде көрсөтүлгөн бааларга жараша, КБМДны колдонбостон эсептелет.
20. Товарларды Кыргыз Республикасынын аймагына товарды коштоочу тийиштүү документтери жок ташып келген фактылар аныкталса, ЕАЭБ КНС салык органы тарабынан КБМДны колдонуу менен эсептелүүгө тийиш.
21. Ушул Тартипте белгиленген талаптарды бузуу менен товарларды ташып келүүдө импорттоочу тарабынан ЕАЭБ КНС боюнча тийиштүү отчет берилбегендиги боюнча фактылар аныкталса, ЕАЭБ КНС Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде белгиленген тартипте эсептелүүгө тийиш жана салык төлөөчү бузуулар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
22. Эгерде Тизмеге киргизилген товарды салык салынуучу жеткирүүнү жүзөгө ашырса жана келишимде жана эсеп-фактурада товардын баасын КБМДнын белгиленген өлчөмүнөн аз көрсөтсө, КНС боюнча салыктык милдеттенме белгиленген КБДМ колдонуу жана аны КНС боюнча салык отчетунда чагылдыруу менен эсептелет.
23. Эгерде Тизмеге киргизилген товарды салык салынуучу жеткирүүнү жүзөгө ашырса жана келишимде жана эсеп-фактурада товардын баасын КМБДнын белгиленген өлчөмүнөн жогору көрсөтсө, КНС боюнча салыктык милдеттенме КБМД колдонбостон, келишимде жана эсеп-фактурада көрсөтүлгөн баага жараша эсептелет.
24. Эгерде Тизмеге киргизилген товарды салык салынуучу жеткирүүнү жүзөгө ашырса жана келишимде жана эсеп-фактурада товардын баасын КБМДнын белгиленген өлчөмүнөн аз көрсөтсө, КНС боюнча салыктык милдеттенме эгер өндүрүүчүнүн баасы мамлекет тарабынан белгиленсе же Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык монополияга каршы орган менен макулдашылса, КБМД колдонулбастан эсептелет.
25. Товарларды тийиштүү товарды коштоочу документтери жок салык салынуучу жеткирүү фактылары аныкталган учурда, КНС салык органы тарабынан КБМДны колдонуу менен Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык эсептелүүгө тийиш.
26. Товарларды импорттоочулар/өндүрүүчүлөр бүтүмдүн тараптары колдонгон товарлардын баасынын негиздүүлүгүн ырастаган документтерди салык органына берүүгө укуктуу.
Салык органы мындай документтерди Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 139-беренесинин 5-7-бөлүктөрүн эске алуу менен карап чыгат.
Эгерде салык органынын берилген ырастоочу документтерди кароосунун жыйынтыгы боюнча бүтүмдүн тараптары колдонгон товарлардын баасы негиздүү деп табылса, КНС боюнча салыктык милдеттенме келишимде жана товарды коштоочу документтерде көрсөтүлгөн баага жараша КБМДны колдонбостон эсептелет.
Эгерде салык органы берилген ырастоочу документтерди кароонун жыйынтыгы боюнча бүтүмдүн тараптары колдонгон товарлардын баасы негизсиз деп табылса, КНС салык органы тарабынан КБМДны колдонуу менен чегерилүүгө тийиш.
|
| Контролдук баалардын минималдык деңгээлин аныктоонун жана колдонуунун тартибине тиркеме |
Форма
Контролдук баалардын минималдык деңгээли белгиленген товарлардын ТИЗМЕСИ
№ | Товардын аталышы | ЕАЭБ ТЭИ ТН коду | КБМД өлчөмү |
1 |
|
|
|
2 |
|
|
|
3 |
|
|
|