Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2020-жылдын 13-февралы № 80
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине жана Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине ылайык келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-февралындагы № 58, 2026-жылдын 16-мартындагы № 179 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексинин 25-главасы менен 33-беренелеринин жана Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин ченемдерине ылайык келтирүү максатында, ошондой эле мамлекеттик бюджеттин кирешелерин башкаруу планын тактоо боюнча бюджеттик жол-жоболордун карама-каршылыктарын жоюу жана иретке келтирүүнүн алкагында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 26-августундагы № 604 "Мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүнүн долбоорун түзүү маселелерин уюштуруу жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) преамбуласындагы "Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктук негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин жана Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексинин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик бюджеттин кирешелерин болжолдоо методикасында:
- 3-пунктундагы "Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына" деген сөздөр "Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 22-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
3) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүн түзүү тартибинде:
- 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Кыргыз Республикасынын бюджетинин ресурстарынын администраторлорунун функцияларын аткаруу боюнча колдонмонун 1-тиркемесинде аталган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинин ресурстарынын администраторлору мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүн түзүүнүн катышуучулары болуп саналышат.";
31-пункту:
а) "Мамлекеттик бюджеттин ресурстарынын администраторлору" деген сөздөрдөн кийин ", жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарын кошпогондо," деген сөздөр менен толукталсын;
б) төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өзгөчө укугу болуп саналган башкарылуучу кирешелердин (ресурстардын) ар айлык планын тактоо боюнча сунуштарды учурдагы айдын 25инен кечиктирбестен киргизүүгө укуктуу.";
- Мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүн түзүү тартибинин тиркемесинде:
- 6-пунктунун "Берүү мөөнөтү" графасындагы "Ар бир айдын 20сына чейин" деген сөздөр "План бекитилген күндөн тартып 5 (беш) жумуш күндүн ичинде" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
- 7-пунктунун "Берүү мөөнөтү" графасындагы "Планды аткаруу айынын 10унан кечиктирбестен" деген сөздөр "Учурдагы айдан кийинки айдын 5инен кечиктирбестен" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
4) (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 16-мартындагы № 179 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 16-мартындагы № 179 токтомунун редакциясына ылайык)
2. (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-февралындагы № 58 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 28-февралындагы № 23 жарыяланды
Премьер-министр | М.Д. Абылгазиев |