Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2020-жылдын 11-майы № 248
Кыргыз Республикасында маркалоонун жана маркаланган товарларга байкоо жүргүзүүнүн улуттук системасынын операторун (администраторун) тандоо боюнча жобону бекитүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 2-октябрындагы № 514 токтомунун редакциясына ылайык)
2018-жылдын 2-февралында Алматы шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин алкагында товарларды идентификациялоо каражаттары менен маркалоо жөнүндө макулдашуунун талаптарын, ошондой эле 2019-жылдын 8-августундагы № 72 "Бут кийим товарларына маркалоону киргизүү жөнүндө" Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин чечимин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасында маркалоонун жана маркаланган товарларга байкоо жүргүзүүнүн улуттук системасынын операторун (администраторун) (мындан ары - улуттук оператор) тандоо боюнча жобо 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 2-октябрындагы № 514 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Улуттук операторду тандоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын курамы (мындан ары - ведомстволор аралык комиссия) 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Ведомстволор аралык комиссия:
- ушул токтомдун 1-пунктунда аталган жобого ылайык улуттук операторду тандоону өткөрсүн;
- тандоонун жыйынтыгы боюнча 3 (үч) жумуш күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине улуттук операторду аныктоо тууралуу чечимди жөнөтсүн.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 2-октябрындагы № 514 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги улуттук операторду аныктоо тууралуу чечимди алган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына улуттук операторду аныктоо тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин долбоорун киргизсин.
5. Улуттук оператор белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги менен макулдашуу боюнча идентификациялоо каражаттарын жеткирүүнүн, ошондой эле маркалоо коддорун берүү жана генерациялоо боюнча кызматтарды көрсөтүүнүн наркын белгилесин.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 2-октябрындагы № 514 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
7. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
(В редакции постановления Правительства КР от 2 октября 2020 года № 514)
Опубликован в газете "Эркин Тоо" от 19 мая 2020 года № 39 (3111)
Премьер-министр | М.Д. Абылгазиев |
|
| 2-тиркеме |
Кыргыз Республикасында маркалоонун жана маркаланган товарларга байкоо жүргүзүүнүн улуттук системасынын операторун (администраторун) тандоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын курамы
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын орун басары.
Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары;
бизнес-ассоциациянын өкүлү (макулдашуу боюнча);
бизнес-ассоциациянын өкүлү (макулдашуу боюнча).