Загрузка документа…
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-майындагы № 248 токтомуна) |
Кыргыз Республикасында маркалоонун жана маркаланган товарларга байкоо жүргүзүүнүн улуттук системасынын операторун (администраторун) тандоо боюнча жобо
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 2-октябрындагы № 514 , КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 1-августундагы № 452, 2026-жылдын 13-майындагы № 335 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул жобо маркалоо системасынын иштөөсүн жана маркаланган товарларга байкоо жүргүзүүнү, Кыргыз Республикасында Евразия экономикалык бирлигине (мындан ары - ЕАЭБ) мүчө мамлекеттердин башка улуттук операторлорунун (администраторлорунун) суроо-талабы боюнча маркалоо коддорун берүүнү камсыз кылуучу Кыргыз Республикасында маркалоонун жана маркаланган товарларга байкоо жүргүзүүнүн улуттук системасынын операторун (администраторун) (мындан ары - улуттук оператор) тандоо тартибин аныктайт.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 2-октябрындагы № 514 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Улуттук операторду тандоо курамы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу ведомстволор аралык комиссия тарабынан жүргүзүлөт.
Ыйгарым укуктуу салык органынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен мамлекеттик орган же менчигинде мамлекеттин үлүшү бар уюм улуттук оператор болуп аныкталган учурда тандоо жүргүзүлбөйт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 13-майындагы № 335 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Ушул жободо төмөнкүдөй терминдер жана аныктамалар колдонулат:
1) товарларды маркалоонун мамлекеттик автоматташтырылган маалыматтык системасы ("Товарларды маркалоо" АМС) - маркаланууга тийиш товарды санариптик идентификациялоо каражаттары менен камсыз кылуучу маалыматтык система;
2) тандоонун катышуучусу - менчигинде мамлекеттин үлүшү бар уюм;
3) тандоого катышуу үчүн өтүнмө - катышуучунун сунуштарын, ошондой эле тандоонун катышуусуна коюлуучу талаптарга катышуучунун шайкеш келүүсүн ырастоочу маалыматтарды камтыган документтердин пакети.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 2-октябрындагы № 514 токтомунун редакциясына ылайык)
3-1. (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 13-майындагы № 335 токтомунун редакциясына ылайык күчүн жоготту)
2-глава. Улуттук операторду тандоо боюнча ведомстволор аралык комиссия
4. Улуттук операторду тандоо боюнча ведомстволор аралык комиссия (мындан ары - Комиссия) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана ушул жобону жетекчиликке алат.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 2-октябрындагы № 514 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Комиссиянын мүчөлөрү Комиссиянын ишинин жыйынтыгында алынган маалыматтарды жайылтпоо жөнүндө милдеттенмеге кол коюшат.
6. Комиссия төрага, төраганын орун басары, мүчөлөрү жана Комиссиянын катчысынан турат. Комиссиянын катчысы добуш берүү укугуна ээ эмес.
7. Комиссиянын катчысы болуп ыйгарым укуктуу салык органынын жооптуу кызматкери эсептелет.
8. Комиссиянын төрагасы Комиссиянын ишине жетекчилик кылат, Комиссиянын жыйынына төрага болот жана анын күн тартибин бекитет.
9. Комиссиянын төрагасы жок учурда, анын милдеттерин Комиссиянын төрагасынын орун басары аткарат. Комиссиянын төрагасы жана төраганын орун басары жок болгон учурда, Комиссиянын төрагасы болуп Комиссиянын мүчөлөрүнүн арасынан анын милдеттерин аткаруучу дайындалат.
10. Комиссиянын катчысы Комиссиянын жыйынын даярдоо жана өткөрүү боюнча иштерди аткарат, Комиссиянын жыйынынын протоколун жүргүзөт.
11. Комиссиянын төрагасы:
1) Комиссиянын ишине жетекчилик кылат жана аны уюштурат;
2) Комиссиянын жыйынын өткөрүү күнүн, жерин жана күн тартибин аныктайт;
3) Комиссиянын мүчөлөрүнүн сунуштарын жана чечимдердин долбоорлорун добушка коет;
4) добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгарат жана кабыл алынган чечимдерди жарыялайт.
12. Комиссиянын катчысы:
1) улуттук операторду тандоо жөнүндө жарыяны жарыялайт;
2) улуттук операторду тандоонун катышуучуларынын өтүнмөлөрүн кабыл алат жана каттайт;
3) жыйындын күн тартиби боюнча зарыл болгон документтерди (материалдарды) даярдайт;
4) Комиссиянын мүчөлөрүнө жыйындын өтө турган күнүн кабарлайт жана аларга жыйындын материалдарын жиберет;
5) жыйындын протоколун жана Комиссиянын чечимин даярдайт;
6) "Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Комиссиянын документтерин эсепке алууну жана сактоону камсыз кылат.
13. Комиссиянын төрагасы тандоого катышуу өтүнмөсүн даярдоо процессинде тандоонун катышуучуларынын суроо-талаптарына жазуу жүзүндөгү жооптуу Комиссиянын мүчөлөрүнө алдын ала билдирүү менен электрондук почта аркылуу 3 (үч) календардык күндөн кечиктирбестен берет.
14. Комиссиянын иши коомдук башталышта ишке ашырылат.
15. Комиссиянын жалпы курамынын 2/3 бөлүгүнөн ашуун катышса, Комиссиянын жыйыны ыйгарым укуктуу болуп саналат.
16. Комиссия төмөнкүлөргө укуктуу:
1) тандоо өткөрүүгө тиешелүү документтерди жана маалыматтарды сурап алууга. Тандоонун катышуучулары Комиссияга берген документтер жана маалыматтар купуя болуп саналат.
2) программалоо, сервердик жабдууну техникалык колдоо жана аудит чөйрөлөрүндөгү эксперттерди жана консультанттарды тартуу.
17. Алынган документтерди (алардын көчүрмөлөрүн) же маалыматтарды тандоонун башка катышуучуларын кошкондо, үчүнчү жактарга берүүгө же ушул документтерди (алардын көчүрмөлөрүн) же маалыматтарды тандоонун жүрүшүндө алынган сунуштарды баалоодон башка максаттарда пайдаланууга Комиссиянын мүчөлөрүнө жана Комиссиянын катчысына тыюу салынат.
18. Комиссиянын чечими ачык добуш берүү аркылуу жыйынга катышкан Комиссия мүчөлөрүнүн санынан добуштардын жөнөкөй көпчүлүгү менен кабыл алынат.
19. Добуштар тең болуп калган учурда Комиссиянын жыйынында төрагалык кылуучунун добушу чечүүчү болуп саналат.
20. Комиссиянын көпчүлүк добуш менен кабыл алынган чечимине макул болбогон Комиссиянын мүчөлөрү чечимге өзгөчө ой-пикирин жазуу жүзүндө тиркөөгө укуктуу.
21. Комиссия Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн улуттук операторду аныктоо жөнүндө чечими кабыл алынгандан кийин жоюлат.
22. Комиссиянын ишин уюштуруу-техникалык жана башка жактан камсыз кылуу Комиссиянын катчысы тарабынан жүзөгө ашырылат.
3-глава. Тандоону өткөрүү тартиби
23. Тандоо жөнүндө жарыя Комиссияда төрагалык кылуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтында жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун расмий сайтына тандоого катышуу өтүнмөлөрүн кабыл алуу башталганга чейин 10 (он) календардык күндөн кечиктирбестен жарыяланат.
24. Тандоо жөнүндө жарыя төмөнкүдөй маалыматтарды камтууга тийиш:
- өтүнмөнү берүү жери (аталышы, жайгашкан жери, почта дареги, электрондук почтасы жана Комиссиянын катчысынын байланыш телефону);
- өтүнмөнү берүү мөөнөтү;
- ушул жобого ылайык тандоону өткөрүү тартиби.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 2-октябрындагы № 514 токтомунун редакциясына ылайык)
25. Тандоонун катышуучулары өтүнмөлөрдү ачуу датасына чейин 3 (үч) жумуш күндөн кеч эмес мөөнөттө тандоого катышуу жөнүндө түшүндүрмөлөрдү алуу үчүн Комиссияга кайрылууга укуктуу. Тандоого катышуу жөнүндө түшүндүрмөгө суроо-талаптар Комиссиянын катчысына жазуу жүзүндө жөнөтүлөт.
26. Тандоонун ар бир катышуучусу бир гана өтүнмө бере алат. Тандоого катышуу өтүнмөсү кагаз түрүндө чапталган конвертте, ушул жобонун 1-тиркемесине ылайык формада катышуучу тарабынан берилет.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 2-октябрындагы № 514 токтомунун редакциясына ылайык)
27. Тандоого катышуу өтүнмөсү тандоо жөнүндө жарыяда көрсөтүлгөн мөөнөт аяктаганга чейин кабыл алынат.
28. Катышуучунун берилген өтүнмөгө өзгөртүүлөрдү киргизүүгө укугу жок.
29. Катышуучу берген өтүнмөнүн көчүрмөсүнө Комиссиянын катчысы бул өтүнмөнүн номерин көрсөтүү менен өтүнмө берилген күнү жана убакыты жөнүндө белги коёт. Документтердин факсимилдик көчүрмөлөрү кабыл алынбайт жана жараксыз болуп эсептелет. Комиссияга берилген өтүнмө берилген күнүн жана так убактысын (сааты жана мүнөтү) көрсөтүү менен катардык номери коюлуп, өтүнмөлөр журналына катталууга тийиш.
30. Тандоого катышуу өтүнмөсү төмөнкүдөй маалыматтарды жана документтерди камтышы керек:
- ушул жобонун 1-тиркемесине ылайык өтүнмөнүн толтурулган формасы;
- ушул жобонун 2-тиркемесине ылайык тандоонун катышуучуларына коюлган талаптарга катышуучунун шайкеш келүүсүн ырастаган документтер.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 2-октябрындагы № 514 токтомунун редакциясына ылайык)
31. Өтүнмөлөрдү берүү мөөнөтү аяктагандан кийин Комиссиянын катчысына тапшырылган өтүнмө менен конверт аны тапшырган катышуучуга кайтарылат, мында өтүнмөнү кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө белги өтүнмөгө коюлат.
32. Тандоого катышуу өтүнмөсү аталган документтердин мазмунуна, курамына жана таризделишине карата ушул жободо белгиленген талаптарга ылайык таризделиши керек.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 2-октябрындагы № 514 токтомунун редакциясына ылайык)
33. Өтүнмөлөр тандоо жөнүндө жарыяда аныкталган мөөнөттө жана жерде ачылат. Өтүнмө берүүнүн акыркы мөөнөтү жана өтүнмөлөрдү ачуу даталары дал келбеши керек. Өтүнмөлөрдү ачуу өтүнмө берүүнүн акыркы мөөнөтүнөн кийинки күнү жүзөгө ашырылышы керек.
34. Тандоого катышуу өтүнмөлөрүн кароо өтүнмөлөрдү ачкан күндөн тартып 7 (жети) календардык күндөн ашпаган мөөнөттө ишке ашырылат.
35. Тандоого катышуу өтүнмөлөрүн кароо өзүнө төмөнкүдөй этаптарды камтыйт:
- талап кылынган документтердин толуктугу;
- белгиленген талаптарга шайкештиги;
- жеңүүчүнү аныктоо.
36. Комиссия тандоонун катышуучусун төмөнкү учурларда катышуудан четке кагат:
- катышуучу курамы (мазмуну) жана (же) формасы боюнча талаптарга жооп бербеген тандоого катышуу өтүнмөсүн берсе;
- катышуучуга карата банкроттук, жоюу же кайра уюштуруу жол-жоболору өткөрүлүп жатса;
- катышуучуга карата жазык иши боюнча сотко чейинки өндүрүш жүргүзүлсө.
37. Тандоонун жеңүүчүсү ушул жобонун 2-тиркемесине ылайык улуттук операторго коюлуучу талаптарга өзүнүн шайкештигин ырастаган катышуучулардын арасынан Комиссиянын мүчөлөрү тарабынан ачык добуш берүү жолу менен аныкталат.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 2-октябрындагы № 514 токтомунун редакциясына ылайык)
38. Эгерде өтүнмөнү кароонун жыйынтыгы боюнча Комиссия тарабынан бир да өтүнмө белгиленген талаптарга ылайык келбей тургандыгы жөнүндө чечим кабыл алынса - тандоо болбой калды деп таанылат.
39. Тандоого катышуу өтүнмөлөрүн кароонун жыйынтыгы боюнча Комиссия чечим кабыл алат. Аталган чечим тандоо жүргүзүүнүн жыйынтыгы жөнүндө протокол менен таризделет.
40. Комиссия тандоонун натыйжалары жөнүндө протоколго кол коюлган күндөн тартып 3 (үч) календардык күндүн ичинде тандоого катышкан катышуучуларды кабыл алынган чечим жөнүндө Комиссияда төрагалык кылган мамлекеттик органдын расмий сайтына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун расмий сайтына жарыялоо жолу менен кабарлайт.
41. Тандоонун натыйжалары жөнүндө жарыяда тандоонун жеңүүчүсү - уюмдун аталышы же тандоону өтпөй калды деп жарыялоо тууралуу чечим, ошол чечимди негиздөө менен көрсөтүлөт.
|
| Кыргыз Республикасында маркалоонун жана маркаланган товарларга байкоо жүргүзүүнүн улуттук системасынын операторун (администраторун) тандоо боюнча жобого 1-тиркеме |
Форма
Катышуучунун фирмалык бланкы
20__-жылдын "__" ____________ № ____
Тандоого катышуу өтүнмөсү
Кыргыз Республикасында маркалоонун жана маркаланган товарларга байкоо жүргүзүүнүн улуттук системасынын операторуна (администраторуна) коюла турган талаптар менен таанышып
_____________________________________________________________________________________________
(катышуучунун толук аталышы)
"Товарларды маркалоо" мамлекеттик автоматташтырылган маалыматтык системасын толуктап иштеп чыгууну, коштоону жана зарыл болгон каржылоону ишке ашыруу, ошондой эле
_____________________________________________________________________________________________
(катышуучунун аталышы)
тандоонун жеңүүчүсү болуп таанылса, ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу түзүү милдетин алат.
Ушуну менен 2020-жылдын "__" __________ (өтүнмө берилген айга чейинки айдын 1ине карата) уюм кайра уюштуруу, жоюу, банкроттук процессте эместигин жана чарба иштерин жүргүзүүгө чектөөлөрү жок экенин ырастайбыз.
Расмий макулдашууну даярдоого жана тариздөөгө чейин бул Өтүнмө тараптар аткарууга милдеттүү болгон Макулдашуу менен бирдей күчкө ээ.
Жогоруда көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле берилген документтердин аныктыгын ырастайм.
Датасы 2020-жылдын __________ күнү ___________ айы
Аты-жөнү ________________________________________________
Колу: __________________________________
Кызмат орду: _________________________________________________________________________________
(катышуучунун жетекчиси же ишеним кат берилген жак, № жана берилген күнү көрсөтүлөт)
|
| Кыргыз Республикасында маркалоонун жана маркаланган товарларга байкоо жүргүзүүнүн улуттук системасынын операторун (администраторун) тандоо боюнча жобого 2-тиркеме |
Тандоонун катышуучуларына коюлган талаптар
№ | Талаптар | Ырастоочу документтер |
1 | Менчигинде мамлекеттин үлүшү бар уюм | 1) Юридикалык жакты мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүк; 2) устав же жобо; 3) уюштуруу келишими (бар болсо); 4) юридикалык жактын (1-жактын) аткаруу органын шайлоо/дайындоо жөнүндө протокол/чечим |
2 | Штатта төмөнкүдөй IT адистердин болушу: - маалыматтар базасын башкаруу боюнча, 3 адамдан кем эмес; - тармактык инфратүзүмдү башкаруу боюнча, 3 адамдан кем эмес; - маалыматтык коопсуздук боюнча, 3 адамдан кем эмес; - программалык камсыздоону иштеп чыгуу боюнча, 3 адамдан кем эмес | Талап кылынган багытта окуганын ырастоочу дипломдордун, сертификаттардын, эмгек келишимдеринин көчүрмөлөрүн тиркөө керек |
3 | Конфигурацияда 80ден кем эмес сервердин болушу: - эки процессор менен, - Westmere процесстеринин микроархитектурасынан төмөн эмес муун же ага окшош | Аталган серверлердин менчигинде бар экендигин ырастаган документ |
4 | Кардарларды аралыктан күнү-түнү колдоо боюнча 30 адамдан кем эмес кызматкерлердин штатта болушу | Тиешелүү түзүмдүк бөлүмдүн болушу жөнүндө документтин көчүрмөсүн жана эмгек келишимдеринин көчүрмөлөрүн тиркөө керек |
5 | Кыргыз Республикасынын облустук маанидеги шаарларында кардарларды тейлөө борборлорунун болушу | Менчик укугун ырастаган документтердин же жайларды ижарага алуу келишимдеринин көчүрмөлөрүн көрсөтүү керек |
6 | Бюджетке салыктар жана социалдык чегерүүлөр боюнча карыздын жоктугу | Карыздын жоктугу жөнүндө маалымкатты көрсөтүү керек |
7 | Маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча түзүмдүк бөлүмдүн болушу | Тиешелүү түзүмдүк бөлүмдүн бар экендигин ырастаган документтин көчүрмөсүн тиркөө керек |
8 | Акыркы 3 жылда эч кандай зыян тартпаганы | 2017, 2018 жана 2019-жылдарга бухгалтердик баланстын көчүрмөсүн көрсөтүү керек |