Загрузка документа…
| КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-августундагы № 116 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ | 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-мартындагы № 153 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Балык чарба департаменти жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Балык чарба департаментинин (мындан ары - Департамент) ишин жөнгө салат жана Департаменттин милдеттерин, функцияларын жана ишинин тартибин аныктайт.
2. Департамент Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Жайыт, мал чарба жана балык чарба департаментинин балык чарба жаатындагы укук улантуучусу болуп саналат.
3. Департамент аквакультура, балык уулоо, балык запастарын коргоо, мониторинг жүргүзүү жана көбөйтүү чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу жана мамилелерди жөнгө салуу боюнча Кыргыз Республикасында балык чарбаны башкаруу боюнча атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана мамлекеттик маанидеги балык чарба көлмөлөрүнүн негизги пайдалануучусу болуп саналат.
4. Департамент өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин (мындан ары - Министрлик) буйруктарын, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
5. Департамент мамлекеттик мекеменин уюштуруу-укуктук формасында иштеген юридикалык жак болуп эсептелет, анын өз алдынча балансы, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин казыналык системасында алыш-бериш жана атайын эсептери, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, өзүнүн аталышы мамлекеттик жана расмий тилдерде жазылган мөөрү, штамптары, фирмалык бланктары жана юридикалык жактын башка атрибуттары болот.
6. Департаменттин аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Балык чарба департаменти";
- расмий тилде: "Департамент рыбного хозяйства Министерства сельского хозяйства, пищевой промышленности и мелиорации Кыргызской Республики".
Департаменттин юридикалык дареги: 720040, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Киев көчөсү, 96 "А".
7. Департамент өз ишин аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, илимий мекемелер, коомдук уюмдар, башка юридикалык жана жеке жактар менен компетенциясынын чегинде өз ара аракеттенүү менен жүргүзөт.
2. Департаменттин максаты
8. Департаменттин максаты балык запастарын сактоонун жана көбөйтүүнүн негизинде балык тармагын туруктуу өнүктүрүү, балык азыктарын өндүрүүнү көбөйтүүгө жана Кыргыз Республикасынын калкынын сапаттуу балык азыктарына болгон ички сурамын канааттандырууга багытталган Кыргыз Республикасынын көлмөлөрүндө аквакультуранын жана балык уулоонун заманбап формаларын жана ыкмаларын активдүү өнүктүрүү болуп эсептелет.
3. Департаменттин милдеттери
9. Департамент төмөнкү милдеттерди чечет:
- көлмөлөрдө балык өстүрүүнү жана балык азыктарын өндүрүүнү көбөйтүү;
- суу биоресурстарында балык чарба ихтиологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүү, балык запастарынын абалына, санына мониторинг жүргүзүү жана талдоо, балык уулоону жөнгө салуу.
4. Департаменттин функциялары
10. Департамент төмөнкү функцияларды аткарат:
1) тармактык саясатты ишке ашыруу боюнча функциялар:
- аквакультураны, балык өстүрүүнү, балык уулоону өнүктүрүү, Кыргыз Республикасынын балык чарба көлмөлөрүндө балык запастарын мониторингдөө, коргоо жана көбөйтүү чөйрөсүндө бирдиктүү тармактык саясатты ишке ашырат;
- балык чарбасын өнүктүрүүнүн негизги багыттарын аныктайт, балык өстүрүү, балык уулоо, ихтиологиялык мониторинг жүргүзүү, балык запастарын коргоо жана көбөйтүү жаатындагы пландарды жана иш-чараларды иштеп чыгат жана ишке ашырат;
- Департаменттин компетенциясына кирген маселелер боюнча ченемдик укуктук актылардын, стандарттардын, нормативдердин, ченемдердин, эрежелердин, жоболордун, тартиптердин жана нускамалардын долбоорлорун иштеп чыгууга катышат;
- балык запастарын пайдалануу, көбөйтүү жана коргоо жаатында башкарууну ишке ашырат;
- экономикалык жана экологиялык туруктуу балык чарба ишин колдоо боюнча стратегияларды жана тармактык саясатты, көлмөлөрдө балык өстүрүүнү көбөйтүү боюнча комплекстүү иш-чараларды иштеп чыгууга катышат, балык уулоого жалпы жол берилген көлөмдөрүн белгилейт;
- Кыргыз Республикасында балык, чабак жана асыл тукум материалын өстүрүү үчүн жасалма көлмө аянттарын жана суу объекттерин натыйжалуу жана сарамжалдуу пайдалануу боюнча балык чарба субъекттеринин ишин уюштурат;
- бирдиктүү мамлекеттик балык чарба реестрин жүргүзөт;
- ышкыбоз жана спорттук балык уулоонун уюштурулган формаларын өнүктүрүүнү камсыз кылат, көлмөлөрдү жана балык уулоо участокторун ышкыбоз жана спорттук балык уулоону уюштуруу үчүн балык чарба субъекттерине жана коомдук бирикмелерге пайдаланууга берет;
- балык чарба, балык өстүрүү жана балык уулоо максатында Департаментке берилген көлмөлөрдө балык запастарын сактоо, көбөйтүү жана калыбына келтирүү боюнча иш-чараларды иштеп чыгат жана ишке ашырат;
2) жөнгө салуу функциялары:
- балык чарба жана балык коргоо ишин, Кыргыз Республикасынын балык чарба көлмөлөрүндө балык запастарын башкарат;
- илимий мекемелер менен макулдашуу боюнча балык запастарын жасалма көбөйтүү боюнча ар жылдык болжолдорун, ошондой эле балык уулоого лимиттерди жана квоталарды белгилейт, Кыргыз Республикасынын балык чарба көлмөлөрүнө чабакты жана балыкты коё берүү графиктерин бекитет;
- балык запастарын сарамжалдуу пайдаланууну камсыз кылат, аларды пайдалануу, коргоо жана көбөйтүү тартибин белгилейт;
- балыкты өнөр жайлык уулоону, ышкыбоз жана спорттук балык уулоону уюштурат, балык уулоо режимдерин белгилейт, балыкты өнөр жайлык уулоого документтерди берет, балыктын өнөр жайлык түрлөрүн уулоого жана аларды жасалма жол менен көбөйтүү максатында икра даярдоого балык уулоочу билетти, ышкыбоз жана спорттук балык уулоого карточкаларды жана билеттерди берет;
- балык чарбаларды уюштуруу жана балык уулоону жүргүзүү үчүн балык чарба көлмөлөрүн жана балык уулоочу участокторду бөлүп берет;
3) координациялоо жана мониторинг жүргүзүү функциялары:
- балык өстүрүүчү ишканалардын, балык заводдорунун, көлмөдөгү, садоктогу жана көлдөгү-товардык балык чарбалардын иштерин жалпы жетектейт жана координациялайт;
- Кыргыз Республикасынын балык чарба көлмөлөрүндөгү балык запастарын коргойт, пайдаланат, мониторинг жүргүзөт жана көбөйтөт;
- укук коргоочу, жаратылышты коргоочу органдар, башка мамлекеттик аткаруучу органдар жана муниципалдык бийлик менен бирдикте урук таштаган балыкты коргоо боюнча иш-чараларды жана браконьерликке каршы күрөшүү боюнча рейддерди уюштурат жана өткөрөт;
- балыктын баалуу өнөр жайлык түрлөрүнүн чабактарын жасалма көбөйтүү, аларды чоңойтуу жана кийин балык чарбалык маанидеги суу объекттерине коё берүү боюнча балык чарба субъекттеринин ишин уюштурат, координациялайт жана жөнгө салат;
- балык чарба субъекттери тарабынан балык запастарын көбөйтүү боюнча тапшырмалардын аткарылышына, балыкты уулоого (кармоого) белгиленген лимиттердин жана квоталардын сакталышына мониторинг жүргүзөт, көлмөлөрдө кармалган балыкты жана өнөр жайлык балыктын икрасын камдоону эсепке апат;
- ургаачы жана санын көбөйтүүчү балыктын түрлөрүн, товардык балыкты жана чабак материалын өстүрүү, икраны инкубациялоодо жана чабак өстүрүүдө балык өстүрүү-биологиялык ченемдерин сактоо боюнча балык чарба субъекттеринин ишине мониторинг жүргүзөт;
- балык чарба көлмөлөрүнө коё берилген чабактын жана балыктын биологиялык байырлашына, ошондой эле балык уулоонун жол берилген көлөмдөрүнө ар жылдык ихтиологиялык изилдөөлөрдү жүргүзөт;
- суу биоресурстарын жана алардын жашаган чөйрөсүн изилдөө, балык уулоонун жол берилген жалпы көлөмүн аныктоо боюнча жумуштарды уюштурат, ошондой эле балык запастарына мамлекеттик мониторинг жүргүзөт;
- балык уулоонун эрежелерин бузуу фактылары боюнча актыларды түзөт, аларды укук коргоо жана сот органдарына өткөрүп берет;
- ихтиологиялык материалды чогултуу жана иштетүү, балык запастарын, көлмөлөрдүн тоют базасынын абалын аныктоо жана балык уулоону жөнгө салуу максатында атайын балык кармоону уюштурат, илимий мекемелердин жана ихтиологиялык кызматтын кызматкерлерине илимий максатта балык кармоого жана балыкты контролдук кармоого балык уулоо билеттерин жана эсептик документтерди берет;
- менчигинин түрүнө карабастан балык заводдорунда, көлмөдөгү, садоктогу жана көлдөгү товардык балык чарбаларынын эсепке алуу документтерине мониторинг жүргүзөт;
- илимий жана башка уюмдар менен бирдикте балык чарба көлмөлөрүнүн фондуна киргизүү үчүн көлмөлөрдү эсепке алат, инвентаризациялайт жана паспорттоштурат;
- балык чарба маанидеги суу объекттеринде балыктын эндемикалык жана өзгөчө баалуу өнөр жайлык түрлөрүнүн жана суудагы тоют организмдеринин популяцияларынын санын аныктоо жана абалын баалоо боюнча иштерди жүргүзөт;
- балык чарба көлмөлөрүндө, балык уулоочу участоктордо пландуу балык чарба-мелиоративдик иштерди уюштурат жана өткөрөт, көлмөлөрдүн түбүн уулоочу куралдан тазалоо жумуштарды аткарууга, көлмөгө коё берилген участоктордо чабактарга, баалуу жана эндемикалык балыктардын түрлөрүнө зыян келтирүүчү жырткыч жана анча баалуу эмес балыкты кармоого уруксат жана балык уулоочу билеттерди берет;
- жер участокторуна балык өстүрүүчү көлмөлөрдү куруу мүмкүндүгү жөнүндө балык чарбалык экспертизанын корутундуларын берет;
- балыктын ылаңдарын алдын алуу максатында көлмөлөрдүн жана жасалма көлмөлөрдүн санитардык-эпизоотиялык абалына мониторинг жүргүзүүнү уюштурат;
4) кызмат көрсөтүү функциялары:
- балык өстүрүү, балык уулоо, балык көбөйтүү максатында көлмөлөрдү, балык уулоо участокторун жана жасалма көлмөлөрүн пайдаланууга берет, аларды юридикалык жана жеке жактарга бекитип берет;
- балык чарбалык маанидеги суу объекттеринде ышкыбоз жана спорттук балык уулоону уюштурат жана өткөрөт;
- кызыкдар субъекттерге суралган көлмөлөр боюнча балык чарбалык мүнөздөмөлөрдү берет;
- балык чарба жаатында мамлекеттик акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтөт;
- балык чарба жаатындагы маалыматтарды чогултат жана алмашат;
- балык уулоо жана аквакультура боюнча маалыматты жана статистиканы чогултуу, иштеп чыгуу, талдоо жана жайылтуу боюнча талаптагыдай системаны түзүүнү камсыз кылат;
- балык чарбалык маанидеги суу объекттеринде балык чарба ишин жүргүзүүгө балык өстүрүү-биологиялык негиздемелерди иштеп чыгат;
- кармап алынган урук таштоочу өнөр жайлык балыктарды, балык запастарын жасалма жол менен көбөйтүү максатында пайдалангандан кийин сатууну уюштурат;
- балык өстүрүү, балык уулоо, суу биоресурстарын көбөйтүү жана климатташтыруу боюнча маалымдама жана маалыматтык материалдарды иштеп чыгат, басып чыгарат жана ишке ашырат;
5) колдоо көрсөтүү функциялары:
- аквакультураны жана балык уулоочулукту өнүктүрүү, балык чарбасын туруктуу өнүктүрүүнү камсыз кылуучу балык запастарын көбөйтүү жана суу биоресурстарына мониторинг жүргүзүү жаатында инвестицияларды жана технологияларды тартуу боюнча Министрликке сунуштарды киргизет;
- балык азыктарына маркетингдик изилдөө жүргүзөт жана товардык балыкты өндүрүүнү көбөйтүү боюнча балык тармагынын мүмкүнчүлүктөрүн аныктайт;
- уруктандырылган икраны жана чабактарды экспорттоону жана импорттоону өнүктүрүүгө колдоо көрсөтөт;
- балык жана балык чарба жөнүндө билимдерди пропагандалоону жана жайылтууну уюштурат, аквакультура, балык уулоо, балык ресурстарын коргоо, көбөйтүү, сарамжалдуу пайдалануу жана балык чарбасын туруктуу өнүктүрүү маселелери боюнча конкурстарды, көргөзмөлөрдү, семинарларды жана тренингдерди өткөрөт;
- балык чарбаларга жана балык заводдорго товардык балык азыктарын өндүрүүдө жана чабакты ар түрдүү стадияларда өстүрүүдө практикалык жана методикалык жардам көрсөтөт, ветеринария жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен бирдикте суу объекттеринде жана балык чарбалык жасалма көлмөлөрүндө эпизоотияга каршы иш-чараларды өткөрүү боюнча чараларды көрөт;
- балык чарба субъекттерине балык тармагын өнүктүрүүгө тышкы жана ички инвестицияларды тартууга, балык өстүрүү жана балык тоютун чыгаруу боюнча жаңы технологияларды жана жабдууларды сатып алууга көмөк көрсөтөт;
- товардык балыкты жана чабак материалын өстүрүүдө чарбакер субъекттерге жардам көрсөтүү үчүн балык өстүрүүчү адистерди окутуу жана кайра окутуу системасын уюштурат;
- илимий мекемелердин сунуштары боюнча өнөр жайлык балык запастарын көбөйтүү, аларды жасалма жол менен көбөйтүү жана климатташтыруу, балык чарбалык мелиорациялоо жана көлмөлөргө чабакты жана балыкты коё берүү боюнча иштерди уюштурат.
5. Департаменттин укуктары
11. Департамент өзүнүн компетенциясынын чегинде төмөнкүлөргө укуктуу:
- аквакультура, балык уулоо, балык запастарын коргоо, мониторинг жүргүзүү, эсепке алуу жана көбөйтүү жаатында буйруктарды жана методикалык көрсөтмөлөрдү, нускамаларды, эрежелерди жана жоболорду чыгарууга;
- менчигинин түрүнө карабастан балык чарба субъекттеринен кармалган, өстүрүлгөн жана сатып өткөрүлгөн товардык балыктын жана чабак материалы жөнүндө маалыматтарды сурап алууга;
- балык өстүрүү-биологиялык негиздемелерди иштеп чыгууга жана өздөштүрүлүүчү көлмөлөрдүн балык өстүрүү-биологиялык потенциалы жана алардын тоют базасы боюнча корутунду берүүгө;
- айыл аймактарында жайгашкан балык чарбалар жана алар өндүрүүчү жана өстүрүүчү балык азыктарынын көлөмү жөнүндө маалыматты жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан сурап алууга;
- товардык балыкты өстүрүү жана балык уулоону уюштуруу максатында балык чарба көлмөлөрүн жана көлмөлөрдүн жана дарыялардын айрым участокторун балык чарбалык өздөштүрүү жана пайдалануу үчүн берүүгө;
- Департамент менен илимий мекемелердин ортосунда изилдөөлөрдү координациялоо аркылуу балык тармагында жана аквакультурада изилдөө потенциалын жакшыртуу максатында инвестициялык жана башка каражаттардын эсебинен илимий-изилдөө лабораторияларын түзүүгө;
- балык чарба фондунун курамына кирген көлмөлөрдө жана дарыяларда балык уулоо эрежелерин сактоону камсыздоо жана балык запастарын коргоо максатында балык запастарынын, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жана объекттеринин абалына жана көбөйүшүнө таасир этүүчү гидротехникалык курулмаларды текшерүүгө;
- сот органдарында доогер жана жоопкер катары чыгууга;
- балык чарба көлмөлөрүн жана суу биологиялык ресурстарын пайдалануу үчүн акы алууга;
- балык чарбалык өздөштүрүү үчүн Департаментке берилген көлмөлөрдүн базасында инвестициялык жана башка каражаттардын эсебинен фермердик жана дыйкан балык чарба жумушчуларын балык чарбасын жүргүзүүнүн натыйжалуу формаларына жана методдоруна окутуу үчүн чарбалык-эсептик негизде балык өстүрүү-көбөйтүү жана акклиматташтыруу окуу борборлорун түзүүгө;
- ветеринария жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен бирдикте базарларда жана дүкөндөрдө сатылуучу балык азыктарынын сапатын текшерүүнү жана сатып өткөрүү, сактоо жайларында жана кайра иштетүү пункттарында аны пайдалануу үчүн жарамдуулугуна изилдөөлөрдү жүргүзүүгө;
- Департаменттин милдеттерине жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка иштерди жүргүзүүгө.
6. Департаменттин ишин уюштуруу
12. Департаментти директор жетектейт, ал Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
13. Департаментте директордун орун басары кызматы каралган, ал министр тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат. Департаменттин директору жок учурда директордун милдетин анын орун басары аткарат.
14. Директор Департаментке жүктөлгөн милдеттерге ылайык:
- Департаменттин ишин жалпы жетектейт;
- Департаментке жүктөлгөн милдеттерди жана өзүнүн функцияларын аткаруу үчүн жеке жоопкерчилик тартат, орун басары менен түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилеринин ортосунда милдеттерди бөлүштүрөт, Департаменттин иштеринин өз-өзүнчө багыттарын жетектөө үчүн жоопкерчилик даражасын белгилейт;
- Департаменттин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн иш пландарын жана иш көрсөткүчтөрүн, ошондой эле алардын ишинин жыйынтыктары жөнүндө отчетторду бекитет.
15. Департаменттин директору төмөнкүлөргө укуктуу:
- өзүнүн компетенциясынын чегинде буйруктарды чыгарууга;
- "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык Департаменттин кызматкерлерин кызматка дайындоого жана кызматтан бошотууга;
- мамлекеттик органдарда балык чарба маселелери боюнча Департаменттин кызыкчылыгын коргоого, сотто доогер жана жоопкер катары чыгууга, ишеним каттарды берүүгө;
- келишимдерди түзүүгө, ишеним каттарга, Кыргыз Республикасынын банктарында жүргүзүлүүчү операциялар боюнча эсептик жана финансылык документтерге кол коюуга;
- Департаменттин кызматкерлерин ведомстволук сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө Министрликке сунуш берүүгө;
- Департаменттин кызматкерлерине карата сыйлоо жана тартиптик жоопкерчилик чараларын колдонууга.
16. Департаменттин борбордук аппаратынын түзүмү, штаттык ырааттамасы, кирешелер жана чыгашалар сметасы Департаменттин директорунун сунушу менен Министрлик тарабынан бекитилет.
7. Департаментти каржылоо жана анын мүлкү
17. Департаменттин жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн иши республикалык бюджеттин каражаттарынан, атайын каражаттардан жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка каражаттардан каржыланат.
18. Департамент Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык оперативдүү башкаруу укугунда белгиленген тартипте өткөрүлүп берилген мамлекеттик имараттарды, курулмаларды, жабдууларды, инвентарды жана башка мүлктүк товардык-материалдык баалуулуктарды пайдаланат.
8. Департаменти кайра уюштуруу жана жоюу
19. Департаментти кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
20. Департаменттин иш процессинде пайда болгон документтер "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.