Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-августундагы № 116 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2020-жылдын 13-марты № 153
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин айрым маселелери жөнүндө
Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин алдындагы Кыргыз Республикасынын өнөр жайын жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча комитеттин жыйынынын 2019-жылдын 24-июнундагы № 1 протоколунун 4-пунктун аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 93-95-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Жайыт, мал чарба жана балык чарба департаменти төмөнкүлөргө бөлүү жолу менен кайра уюштурулсун:
- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Балык чарба департаментине;
- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Жайыт жана асыл тукум мал чарба департаментине.
2. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Балык чарба департаменти жөнүндө жобо, 1-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Балык чарба департаментинин башкаруу схемасы, 2-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Жайыт жана асыл тукум мал чарба департаменти жөнүндө жобо, 3-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Жайыт жана асыл тукум мал чарба департаментинин башкаруу схемасы, 4-тиркемеге ылайык.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-ноябрындагы № 576 "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин башкаруу схемасында:
- "Жайыт, мал чарба жана балык чарба департаменти" деген позиция күчүн жоготту деп таанылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы позициялар менен толукталсын:
"Балык чарба департаменти";
"Жайыт жана асыл тукум мал чарба департаменти".
4. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги:
- он күндүк мөөнөттө юридикалык жакты кайра уюштуруу менен байланышкан иш-чараларды өткөрүү боюнча комиссияны түзсүн;
- үч айлык мөөнөттө кайра уюштурулуучу юридикалык жактын бөлүштүрүү балансын бекитсин;
- ушул токтомдун 1-пунктунда аталган департаменттерди каттоо менен байланышкан жол-жоболорду белгиленген тартипте жүргүзсүн;
- бир айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;
- ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.
5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-ноябрындагы № 576 "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомунун 5-пунктунун үчүнчү абзацы;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-декабрындагы № 677 "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин түзүмдүк бөлүнүштөрү жөнүндө жоболорун бекитүү тууралуу" токтомунун 1-пунктунун экинчи абзацы.
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
7. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 3-апрелиндеги № 32 (3104) жарыяланды
Премьер-министр | М.Д. Абылгазиев
| |
| 2-тиркеме | |
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Балык чарба департаментинин башкаруу схемасы
Эскертүү: (*) - бюджеттик мекемелер;
(**) - чарбалык эсептеги уюмдар.
|
| 4-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Жайыт жана асыл тукум мал чарба департаментинин башкаруу СХЕМАСЫ
Эскертүү: (*) - бюджеттик мекемелер;
(**) - чарбалык эсептеги уюмдар.