Загрузка документа…
| КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-августундагы № 116 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ | 3-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-мартындагы № 153 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Жайыт жана асыл тукум мал чарба департаменти жөнүндө жобо
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Жайыт жана асыл тукум мал чарба департаментинин (мындан ары - Департамент) ишин жөнгө салат жана Департаменттин милдеттерин, функцияларын жана ишинин тартибин аныктайт.
2. Департамент Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин (мындан ары - Министрлик) жайыт башкаруу жана пайдалануу, мал чарбачылыгын өнүктүрүү жана асыл тукум ишин жүргүзүү жаатында мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу боюнча функцияларды аткарган ведомстволук бөлүмү болуп саналат.
3. Департамент өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
4. Департамент өз ишин аткаруу бийлигинин башка мамлекеттик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, райондук агрардык өнүктүрүү башкармалары, жайыт пайдалануучулардын бирикмелери, жайыт комитеттери, эл аралык жана өкмөттүк эмес уюмдар, Министрликтин түзүмдүк бөлүмдөрү жана ведомстволору менен компетенциясынын чегинде өз ара аракеттенүү менен жүргүзөт.
5. Департамент мамлекеттик мекеменин уюштуруу-укуктук формасында иштеген юридикалык жак болуп эсептелет, анын өз алдынча балансы, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин казыналык системасында алыш-бериш эсеби, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, өзүнүн аталышы мамлекеттик жана расмий тилдерде жазылган мөөрү, штамптары, фирмалык бланктары жана юридикалык жактын башка атрибуттары болот.
6. Департаменттин расмий аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Жайыт жана асыл тукум мал чарба департаменти";
- расмий тилде: "Департамент пастбищ и племенного животноводства Министерства сельского хозяйства, пищевой промышленности и мелиорации Кыргызской Республики".
7. Департаменттин юридикалык дареги: индекси 720055, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Чүй проспекти, 315.
2. Департаменттин максаты
8. Департаменттин максаты Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздук проблемаларын чечүү үчүн жайыт экосистемаларын жана анын инфратүзүмүн, жаныбарлардын генетикалык ресурстарын сактоо жана өркүндөтүү болуп саналат.
3. Департаменттин милдеттери
9. Департаменттин милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
- асыл тукум мал чарба өндүрүшүн көбөйтүү, андан алынган азыктарды тышкы жана ички рыноктордо сатуу;
- мал чарба азыктарынын сапатын жогорулатуу, өндүрүү жана сатуу ассортиментин кеңейтүү;
- жайыттарды жана асыл тукум мал чарбачылыгын жакшыртуу жаатындагы өндүрүш практикасына илимдин жана техниканын жетишкендиктерин киргизүү;
- жергиликтүү жамааттарды активдүү тартуунун негизинде жайыттарды туруктуу башкарууну жана натыйжалуу пайдаланууну уюштуруу.
4. Департаменттин функциялары
10. Департамент төмөнкү функцияларды аткарат:
1) тармактык саясатты ишке ашыруу боюнча функциялар:
- жайыттарды башкаруу (анын ичинде жайыттарды жана жайыт ресурстарын бөлүштүрүү, башкаруу жана пайдалануу), асыл тукум мал чарбачылыгын өнүктүрүү жаатында бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу;
- жайыттарды башкаруу, пайдалануу жана жакшыртуу жаатындагы мамлекеттик жөнгө салуу чаралары жөнүндө сунуштарды иштеп чыгуу жана Министрликке киргизүү;
- тармактык илим изилдөөчү институттар жана жогорку окуу жайлар менен бирдикте жайыттарды башкаруу жана пайдалануу, асыл тукум иши боюнча келечектүү пландарды, ошондой эле асыл тукум мал чарбачылыгын өнүктүрүү жаатындагы пландарды жана иш-чараларды иштеп чыгуу;
- жайыттарды туруктуу башкарууну жана пайдаланууну өнүктүрүү боюнча иштерди жүргүзүү;
- жайыттарды башкаруу, пайдалануу жана жакшыртуу, асыл тукум мал чарбачылыгы жаатындагы ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгууга катышуу;
- айыл чарба жаныбарларын породалык райондоштуруу боюнча сунуштарды Министрликке киргизүү;
- Департаменттин компетенциясына кирген маселелер боюнча эл аралык практикада кабыл алынган жол-жоболордун жана эрежелердин алкагында инвестициялык программаларды жана долбоорлорду ишке ашыруу;
- жайыттарды башкаруу жана пайдалануу, асыл тукум мал чарбачылыгын өнүктүрүү маселелери боюнча артыкчылыктуу багыттарды аныктоо боюнча сунуштарды Министрликке киргизүү;
- Кыргыз мал чарба жана жайыт илим изилдөө институту менен бирдикте селекциялык асыл тукум ишин жүргүзүү, бузулган жайыттарды калыбына келтирүүнүн ыкмаларын иштеп чыгуу, жайыттардын абалына, сапатына мониторинг жана баалоо жүргүзүүнүн мамлекеттик стандарттарын, методдорун аныктоо, бузулган жайыттардын даражасын аныктоо жана анын алдын алуу чараларын көрүү боюнча иштерди жүргүзүү;
- жайыттардын абалына, сапатына мониторинг жана баалоо жүргүзүүнүн мамлекеттик стандарттарынын долбоорлорун иштеп чыгуу;
- жайыттарды пайдалануу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын программаларын жана мыйзам актыларын ишке ашыруу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
2) жөнгө салуу функциялары:
- жайыттарды суу эрозиясынан, селдерден, жер көчкүдөн, суу каптоодон, сазга айлануудан, кагырап калуудан, шор басуудан коргоо жана бузулган жайыттарды рекультивациялоо боюнча иштерди аткаруу;
- айыл чарба жаныбарларынын жана канаттууларынын жаңы породаларын, породанын ичиндеги типтерин, линияларын, тукумдарын жана кроссторун мамлекеттик апробациялоо жана сыноо жүргүзүү;
- асыл тукум жаныбарлардын жана канаттуулардын мамлекеттик реестрин жүргүзүү;
- жайыттарды башкаруу жана пайдалануу, асыл тукум мал чарба маселелери боюнча ченемдик укуктук актылардын, типтүү жоболордун, нускамалардын, эрежелердин, программалардын, ошондой эле методикалык материалдардын долбоорлорун иштеп чыгуу;
3) координациялоо, контролдоо жана мониторинг жүргүзүү функциялары:
- асыл тукум ишин натыйжалуу жүргүзүү, жайыттарды башкаруу жана сарамжалдуу пайдалануу маселелери боюнча илимий мекемелер, эл аралык уюмдар, чет өлкөлөр жана өкмөттүк эмес уюмдар менен кызматташуу;
- жайыт пайдалануучулар бирикмелери тарабынан жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттык пландарды, жайыт пайдалануу пландарын колдонууга мониторинг жүргүзүү;
- бардык чарбакер субъекттер тарабынан жайыттарды натыйжалуу жана сарамжалдуу башкарууга жана пайдаланууга мониторинг жүргүзүү;
- Кыргыз Республикасынын жайыт пайдалануучулар ассоциацияларынын жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча иштерине мониторинг жүргүзүү;
- асыл тукум иши менен алектенген субъекттердин, жайыт комитеттеринин жана башка чарбакер субъекттердин селекциялык асыл тукум ишин жүргүзүү боюнча иштерди мамлекеттик контролдоо;
- асыл тукум жаныбарлардын санына жана алардын азыктуулугуна мониторинг жүргүзүү жана болжолдоо;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бөлүнгөн каражаттардын, гранттардын жана башка келип түшүүлөрдүн максаттуу пайдаланышын, инвестициялык долбоорлорго тартылган асыл тукум иши менен алектенген субъекттердин, жайыт комитеттеринин жана башка чарбакер субъекттердин ишин контролдоо;
- жайыт пайдалануучулар бирикмелери тарабынан жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттык пландардын иштеп чыгарылышын жана аткарылыш контролдоо;
- асыл тукум иши, жайыттарды сарамжалдуу жана натыйжалуу башкаруу жана пайдалануу боюнча чараларды көрүү жана контролду уюштуруу маселелери боюнча башка министрликтер жана ведомстволор менен өз ара аракеттенүү;
4) кызмат көрсөтүү функциялары:
- чарба субъекттерине асыл тукум чарба статусун ыйгаруу жөнүндө күбөлүк берүү, бардык түрдөгү жаныбарлардын линияларынын, типтеринин жана породаларынын каталогун жүргүзүү;
- мал чарба субъекттерин асыл тукум материалы менен камсыздоого көмөктөшүү;
- илим изилдөөлөрдү жүргүзүү, фермер жана дыйкан чарбаларынын практикасына түрдүү жетишкендиктерди киргизүү, аларга зарыл консультациялык кызматтарды көрсөтүү;
- асыл тукум мал чарба, жайыттарды башкаруу жана пайдалануу жаатында маалыматтык кызматтарды көрсөтүү жана окутууларды өткөрүү;
- асыл тукум продукцияларына эксперттик корутундуларды берүү;
- асыл тукум мал чарба жана жайыттарды пайдалануу жаатында мамлекеттик акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүү;
- Департаменттин компетенциясына кирген маселелер боюнча маалыматтарды жана статистиканы чогултуу, иштеп чыгуу, талдоо жана жайылтуу боюнча талаптагыдай системаны түзүү;
- жайыттарды башкаруу жана пайдалануу, асыл тукум мал чарбачылыгы жаатындагы маалымдама жана маалыматтык материалдарды иштеп чыгуу, басып чыгаруу жана ишке ашыруу;
5) колдоо көрсөтүү функциялары:
- мал чарбачылыгын, асыл тукум ишин, жайыттарды башкаруу жана пайдалануу үчүн чарбакер субъекттерге тышкы жана ички инвестицияларды тартууга колдоо көрсөтүү;
- асыл тукум ишин жүргүзүүнүн, жайыттарды башкаруунун жана пайдалануунун негиздери боюнча билимдерди пропагандалоону жана жайылтууну уюштуруу, жайыттарды туруктуу башкаруу жана пайдалануу маселелери боюнча конкурстарды, көргөзмөлөрдү, семинарларды, тренингдерди, окутууларды жана тегерек столдорду өткөрүү;
- жайыттарды башкаруу жана пайдалануу, асыл тукум ишин жүргүзүү, асыл тукум мал чарбачылыгын өнүктүрүү маселелери боюнча эки тараптуу, көп тараптуу, мамлекеттер аралык жана ведомстволор аралык макулдашууларды, келишимдерди ишке ашырууну камсыздоого катышуу;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана жайыт комитеттерине жайыттарды башкарууда жана пайдаланууда техникалык жана башка жардам көрсөтүү;
- жаныбарлардын генетикалык ресурстарын сактоо боюнча иш-чараларды өткөрүү;
- асыл тукум мал чарбачылыгын жүргүзүүгө, жайыттарды башкарууга жана пайдаланууга инвестицияларды тартууга көмөктөшүү;
- асыл тукум жаныбарларынын жана асыл тукум материалынын көргөзмөлөрүн, аукциондорун уюштуруу;
- жайыт ресурстарын туруктуу башкаруу жана пайдалануу боюнча коомчулуктун кабардар болуу деңгээлин жогорулатуу боюнча чараларды көрүү.
5. Департаменттин укуктары
11. Департамент өзүнүн компетенциясынын чегинде төмөнкүлөргө укуктуу:
- зарыл болгон учурда Министрликтин башка бөлүмдөрүнүн жана анын ведомстволук уюмдарынын кызматкерлерин, ошондой эле министрликтердин жана административдик ведомстволордун, республиканын илим изилдөөчү жана башка мекемелеринин жана уюмдарынын өкүлдөрүн жайыттарды, алардын ресурстарын башкаруу жана пайдалануу, асыл тукум мал чарбачылыгы менен байланышкан маселелерди иштеп чыгууга жана кароого тартууга;
- асыл тукум ишин жүргүзүү боюнча асыл тукум иши менен алектенген субъекттерге, дистрибьютордук борборлорго менчигинин түрүнө карабастан мониторинг жүргүзүүгө;
- Департаменттин милдеттерине таандык болгон айрым маселелерди жана көйгөйлөрдү иштеп чыгууга жана кароого эл аралык уюмдардын өкүлдөрүн ишке тартууга;
- министрликтерден жана административдик ведомстволордон, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, Кыргыз Республикасынын бирикмелеринен, ишканаларынан, уюмдарынан, ассоциацияларынан жана илимий мекемелеринен Департаментке жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн зарыл маалыматтарды жана документтерди белгиленген тартипте сурап алууга;
- эл аралык уюмдардан, институттардан жана донор өлкөлөрдөн гранттарды жана техникалык жардамдарды алууга.
6. Департаменттин ишин уюштуруу
12. Департаментти директор жетектейт, ал Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
Департаментте директордун орун басары кызматы каралган, ал министр тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат. Департаменттин директору жок учурда директордун милдетин аны орун басары аткарат.
13. Директор Департаментке жүктөлгөн милдеттерге ылайык:
- Департаменттин ишин жалпы жетектейт жана Департаментке жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
- Министрликтин тапшырмаларын белгиленген мөөнөттө сапаттуу аткарууну уюштурат, ошондой эле Департаменттин компетенциясына кирген маселелер боюнча зарыл болгон документтерди жана материалдарды даярдоого Департаменттин кызматкерлеринин катышуусун камсыздайт;
- Департаменттин түзүмү, кызматкерлердин штаттык ырааттамасы жана эмгек акы төлөө фонду боюнча Министрликке сунуштарды берет;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарында, сот органдарында жана башка уюмдарда Департаменттин атынан чыгат;
- Департаменттин мүлкүн жана каражаттарын тескейт;
- өзүнүн компетенциясынын чегинде буйруктарды чыгарат;
- Департаменттин кызматкерлерине жазуу жана оозеки түрдө көрсөтмөлөрдү берет;
- Департаменттин кызматкерлеринин кызматтык нускамаларын бекитет;
- "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык Департаменттин кызматкерлерин кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот;
- Департаменттин кызматкерлерине карата сыйлык жана тартиптик жоопкерчилик чараларын колдонот.
14. Департаменттин борбордук аппаратынын түзүмү, штаттык ырааттамасы, кирешелер жана чыгашалар сметасы Департаменттин директорунун сунушу менен Министрлик тарабынан бекитилет.
15. Департаменттин кызматкерлеринин функциялык милдеттерин Департаменттин директору аныктайт жана бекитет.
7. Департаментти каржылоо жана анын мүлкү
16. Департаменттин жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн иши республикалык бюджеттин каражаттарынан, атайын каражаттардан жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка каражаттардан каржыланат.
17. Департамент Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык оперативдүү башкаруу укугунда белгиленген тартипте өткөрүлүп берилген мамлекеттик имараттарды, курулмаларды, жабдууларды, инвентарды жана башка мүлктүк товардык-материалдык баалуулуктарды пайдаланат.
8. Департаменти кайра уюштуруу жана жоюу
18. Департаментти кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
19. Департаменттин иши жөнүндө документтер "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.