Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 21-апрелиндеги № 161 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2020-жылдын 24-марты № 184
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 21-апрелиндеги № 180 "1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш күнүн майрамдоонун урматына 9-майга карата ар жылдагы кошумча бир жолку акчалай жөлөкпул төлөө жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгынын урматына, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин баатырдыгына жана кайратмандыгына таазим кылуу менен, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 21-апрелиндеги № 180 "1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш күнүн майрамдоонун урматына 9-майга карага ар жылдагы кошумча бир жолку акчалай жөлөкпул төлөө жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-пунктунда:
- экинчи-бешинчи абзацтарындагы "15000 (он беш миң)" деген сөздөр "20000 (жыйырма миң)" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- алтынчы-сегизинчи абзацтарындагы "10000 (он миң)" деген сөздөр "15000 (он беш миң)" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2) 6-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
3) аталган токтом менен бекитилген 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине ар жылдагы кошумча бир жолку акчалай жөлөкпул төлөөнүн тартибинде:
- 1-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 6, 7-пункттарындагы ар түрдүү жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөдө "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 1-6, 8-9, 11-12-пункттарындагы ар түрдүү жөндөмөдөгү "социалдык өнүктүрүү" жана "социалдык өнүгүү'' деген сөздөр тийиштүү жөндөмөдө "эмгек жана социалдык өнүктүрүү" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 2020-жылга каралган каражаттар жетишсиз болгон учурда, ушул токтомдун 1-пунктунан келип чыгуучу Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине сметалык дайындоолорду көбөйтүү мүмкүндүгүн карасын.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | М.Д. Абылгазиев |