Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 21-апрелиндеги № 161 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2011-жылдын 21-апрели № 180
1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш күнүн майрамдоонун урматына 9-майга карата ар жылдагы кошумча бир жолку акчалай жөлөкпул төлөө жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 17-апрелиндеги № 248, 2013-жылдын 17-майындагы № 274, 2015-жылдын 8-апрели № 203, 2020-жылдын 24-мартындагы № 184 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Улуу Ата-Мекендик согуштагы Жеңиш күнүн жыл сайын майрамдоонун урматына, ошондой эле кыргызстандыктардын согуш жылдарында фронтто жана оорукта көрсөткөн баатырдыгын жана каармандыгын ызааттап, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Төмөнкүлөргө бир жолку акчалай жөлөкпул жыл сайын кошумча белгиленсин:
- Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарына - 20000 (жыйырма миң) сом өлчөмүндө;
- Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына - 20000 (жыйырма миң) сом өлчөмүндө;
- 1941-жылдын 8-сентябрынан тартып 1944-жылдын 27-январына чейин курчоого алуу мезгилинде Ленинград шаарынын ишканаларында, мекемелеринде жана уюмдарында иштеген жана "Ленинградды коргогондугу үчүн" медалы менен сыйланган адамдарга жана "Курчоодогу Ленинграддын тургуну" белгиси менен сыйланган адамдарга - 20000 (жыйырма миң) сом өлчөмүндө;
- экинчи дүйнөлүк согуш мезгилинде фашисттер жана алардын союздаштары түзгөн концлагерлердин, геттолордун жана башка мажбурлап кармоо жерлеринин жашы жетелек туткундары болгон адамдарга - 20000 (жыйырма миң) сом өлчөмүндө;
- Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон жоокерлердин жесирлерине - 15000 (он беш миң) сом өлчөмүндө;
- Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында ооруктагы каарман эмгеги жана кынтыксыз аскердик кызматы үчүн СССРдин ордендери жана медалдары менен сыйланган адамдарга - 15000 (он беш миң) сом өлчөмүндө;
- Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында жумушчу колонналарга (эмгек аскерине) мыйзамсыз түрдө күч менен мобилизациялоого дуушарланган жана кийин реабилитацияланган адамдарга - 15000 (он беш миң) сом өлчөмүндө.
Жогоруда аталган жарандардын категорияларына ар жылдагы кошумча бир жолку акчалай жөлөкпул төлөө алган пенсияларына, жөлөкпулдарына, акчалай компенсацияларына карабастан жүргүзүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 17-апрелиндеги № 248, 2013-жылдын 17-майындагы № 274, 2015-жылдын 8-апрели № 203, 2020-жылдын 24-мартындагы № 184 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2. Бир жолку акчалай жөлөкпулду жыл сайын кошумча төлөө республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен ишке ашырылары белгиленсин.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 17-апрелиндеги № 248 токтомунун редакциясына ылайык)
3. 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине бир жолку акчалай жөлөкпул жыл сайын кошумча төлөөнүн тиркелген тартиби бекитилсин.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 17-апрелиндеги № 248 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жыл сайын социалдык өнүгүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине бир жолку акчалай жөлөкпул төлөө үчүн акча каражат бөлсүн.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 17-апрелиндеги № 248 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Социалдык өнүгүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бир жолку акчалай жөлөкпул социалдык өнүктүрүүнүн райондук, шаардык башкармалыктары аркылуу, ушул токтомдун 3-пункту менен бекитилген Тартибине ылайык жыл сайын кошумча төлөнүшүн камсыздасын.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 17-апрелиндеги № 248, 2013-жылдын 17-майындагы № 274 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Кыргызпочтасы" мамлекеттик ишканасы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине жыл сайын кошумча төлөөгө бир жолку акчалай жөлөкпул үстүбүздөгү жылдын 1-майына чейин жеткирилишин камсыздасын.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 17-апрелиндеги № 248, 2020-жылдын 24-мартындагы № 184 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 28-январындагы № 44 "Кыргыз Республикасынын Президентинин "1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин социалдык жактан колдоо боюнча кошумча чаралар жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу" токтому күчүн жоготту деп табылсын.
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык жана гуманитардык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 17-апрелиндеги № 248 токтомунун редакциясына ылайык)
9. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |