Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 21-апрелиндеги № 161 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 21-апрелиндеги № 180 токтому менен бекитилген |
1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине ар жылдагы кошумча бир жолку акчалай жөлөкпул төлөөнүн ТАРТИБИ
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 17-апрелиндеги № 248, 2013-жылдын 17-майындагы № 274, 2020-жылдын 24-мартындагы № 184 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине ар жылдагы кошумча бир жолку акчалай жөлөкпул (мындан ары - акчалай жөлөкпул) ар жылдагы төлөмдөр сыяктуу эмгек жана социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын райондук, шаардык эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыктарынын (мындан ары - эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыктары) тизмелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасынын аймактык байланыш бөлүмдөрү (мындан ары - байланыш бөлүмдөрү) аркылуу 9-майга карата төлөнөт.
Алуучуларга жөлөкпул паспортун көрсөткөндө төлөнөт.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 17-апрелиндеги № 248, 2020-жылдын 24-мартындагы № 184 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2. Жер-жерлердеги эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыктары үстүбүздөгү жылдын 15-апрелине чейин байланыш бөлүмдөрүнө карата акчалай жөлөкпул алуучуларга ведомостторду түзөт.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 17-апрелиндеги № 248, 2020-жылдын 24-мартындагы № 184 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги (мындан ары - Финансы министрлиги) эмгек жана социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган райондор, шаарларга карата даярдаган бюджеттик тапшырмалар боюнча акчалай жөлөкпул төлөөгө эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыктарына каржылоону үстүбүздөгү жылдын 15-апрелине чейин байланыш кызматтарынын наркын эске алуу менен ачат.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 17-апрелиндеги № 248, 2020-жылдын 24-мартындагы № 184 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
4. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыктары акчалай жөлөкпулдарды төлөө үчүн акчалай финансы каражаттарды байланыш бөлүмдөрүнө каржылоо ачылгандан кийин эки жумушчу күндүн ичинде которот. Байланыш бөлүмдөрү акчалай жөлөкпулду үстүбүздөгү жылдын 1-майына чейин төлөйт.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 17-апрелиндеги № 248, 2020-жылдын 24-мартындагы № 184 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
5. Акчалай жөлөкпулдарды төлөө аяктагандан кийин байланыш бөлүмдөрү эки жумалык мөөнөттө эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыктарына отчет беришет. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыктары бир айлык мөөнөттө бюджеттик каражаттар боюнча эмгек жана социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын тийиштүү бөлүмдөрүнө байланыш бөлүмдөрүнүн эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыктары тарабынан текшерилген салыштыруу актылары тиркелген отчетторун беришет.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 24-мартындагы № 184 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы төлөө учурунан тартып акчалай жөлөкпулду төлөө жөнүндө маалыматты эмгек жана социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына жума сайын берет.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 24-мартындагы № 184 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Акчалай жөлөкпулду төлөө аяктагандан кийин байланыш бөлүмдөрү "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасынын облустук филиалдарына маалымат жана отчет беришет жана жалпыланган маалыматты "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасына беришет, ал Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматына отчет берет.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 24-мартындагы № 184 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган райондор жана шаарлар боюнча акчалай жөлөкпул төлөнгөнү жөнүндө үстүбүздөгү жылдын 1-августуна карата Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине отчет берет.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 24-мартындагы № 184 токтомунун редакциясына ылайык)
9. Акчалай жөлөкпул алуучу адам үстүбүздөгү жылдын 20-апрелинен 31-майына чейинки мезгилде каза болгон учурда жөлөкпул анын каза болгон күнүнө карата аны менен чогуу жана туруктуу жашаган (каттоосу бар) үй-бүлө мүчөлөрүнө, алар эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыктарына каза болгон күндөн тартып 6 айдын ичинде кайрылган учурда төлөнөт. Бул учурда жесирлер (жесилдер), ошондой эле үй-бүлө мүчөлөрү эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыктарына жөлөкпулду өзүнүн атына кайра жаздыруу үчүн каза болгондугу тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсүн тиркөө менен жеке арыз берүүлөрү керек.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 24-мартындагы № 184 токтомунун редакциясына ылайык)
10. Дайындалган, бирок жүйөлүү себептер боюнча толук алынбай калган акчалай жөлөкпулду төлөө кошумча тизмелердин негизинде үстүбүздөгү жылдын 31-декабрына чейин жүргүзүлөт.
Жүйөлүү себептерге стационардык медициналык мекемеде дарылануу, республиканын башка региондоруна кетүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чыгуу кирет.
11. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыктарынын жетекчилери жана кызматкерлери, ошондой эле "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасынын райондук, шаардык филиалдарынын жетекчилери жана кызматкерлери жөлөкпулдарды дайындоонун жана төлөөнүн тууралыгы үчүн Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликте болушат.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 24-мартындагы № 184 токтомунун редакциясына ылайык)
12. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлери байланыш бөлүмдөрү төлөгөн жөлөкпулдардын суммасынын тууралыгын текшерүү максатында байланыш бөлүмдөрүн ылгап текшерүүнү жүргүзөт.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 24-мартындагы № 184 токтомунун редакциясына ылайык)