Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2020-жылдын 17-февралы № 85
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө", "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты И.А.Пирматов тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө", "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр | М.Д. Абылгазиев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-февралындагы № 85 токтому менен жактырылган |
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө", "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын депутаты И.А.Пирматов тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө", "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Бузуулар жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып (мындан ары - Мыйзам долбоору), төмөнкүдөй корутундуга келди.
1. Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 1-пунктунун экинчи абзацында "Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын тогузунчу абзацын "чек арага танапташ эмгекчи-мигрант - чектеш мамлекетте өзүнүн туруктуу жашаган жерин сактап, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда каралган тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимге ылайык ага карата визасыз режим колдонулган, жекече эмгектенүү максатында Кыргыз Республикасына мезгил-мезгили менен кирип турган жана чектеш мамлекетке визасыз режимдин иштөө мөөнөтүнүн ичинде жок дегенде бир жолу кайтып келген чектеш мамлекеттин жараны" деген жаңы редакцияда баяндоо сунушталат.
Бирок Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 26-ноябрындагы № 305 Мыйзамы менен ратификацияланган Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин эмгекчи-мигранттарынын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн укуктук статусу жөнүндө конвенциясынын 1-беренесине ылайык чек арага жакын эмгекчи - Тараптардын биринин чектеш аймагында иштеген жана башка Тараптын чектеш аймагында өзүнүн туруктуу жашаган жерин сактап, ал жакка күн сайын, же жок дегенде жумасына бир жолу кайрылып барган эмгек-мигранты болуп саналарын эске алуу керек.
Ушуга байланыштуу "Кыргыз Республикасынын Эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 1-бөлүмүнүн жана 32-беренесинин 2-бөлүмүнүн ченемдерин эске алуу менен, ошондой эле ченемдик укуктук актыларда коллизияларды жана айырмачылыктарды болтурбоо максатында Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 1-пунктун кошумча талдоого алууну жана кайра карап чыгууну сунуштайбыз.
2. Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 3-пунктунун төртүнчү абзацында чек арага танапташ эмгек-мигранттарынын укуктук абалы Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер жана макулдашуулар менен жөнгө салынары каралган.
Мындан тышкары, Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 4-пунктунда жана 2-беренесинде жалпысынан мыйзамдарга бланкеттик шилтемелер колдонулган.
Бирок "ченемдик укуктук актылар", "мыйзамдар" деген түшүнүктөр кеңири чечмеленүүчү жалпыланган түшүнүктөр болуп саналарын белгилей кетүү керек.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 26-июнундагы № 5389-V токтому менен бекитилген Мыйзам чыгаруу техникасы боюнча нускаманын 78-пунктуна ылайык толугу менен мыйзамдарга бланкеттик шилтемелер жасоого жол берилбей турганын белгилейбиз.
Ушуга байланыштуу Мыйзам долбоорунун тиешелүү жоболорун кайрадан карап чыгып, мыйзамдарды жөнгө салуу тармактарын же чөйрөлөрүн көрсөтүү менен Мыйзамдын долбооруна шилтеме жасалган ченемдик укуктук актыларды талдоо зарыл.
3. Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 3-пунктунун бешинчи абзацына ылайык, чек арага танапташ эмгекчи-мигранттар Кыргыз Республикасынын аймагындагы акы төлөнүүчү жекече эмгектик иш-аракеттерди Кыргыз Республикасынын тышкы эмгек миграциясы чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык визасыз режимдин иштөө мөөнөтүнүн ичинде Кыргыз Республикасынын салык кызматынын органы же берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарынын алкагында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан берилүүчү жекече эмгектик иш-аракеттерге патенттин негизинде жүргүзүшү каралган.
Ошону менен бирге "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесинин 6-бөлүгүнүн 12-пунктуна ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык салыктык укук мамилелер чөйрөсүндөгү мамлекеттик ыйгарым укуктар берилерин белгилей кетүү керек.
"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү мамлекеттик бийлик органдары тарабынан мыйзамдын же келишимдин негизинде өздөрүнө таандык болгон ыйгарым укуктардын бир бөлүгүн өткөрүп берүү дегендикти билдирет.
Ошону менен катар, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 52-1- беренесинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аларга тиешелүү мамлекеттик ыйгарым укуктар берилген учурда салыктык укук чөйрөсүндөгү укуктары жана милдеттери жөнгө салынган, бирок алардын арасында жеке эмгектенүү үчүн патент берүү боюнча ыйгарым укуктары жок экендигин белгилей кетүү керек.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-декабрындагы № 715 токтому менен бекитилген Ыйгарым укуктары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүлүп берилүүчү мамлекеттик органдардын жана ыйгарым укуктардын тизмегинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жеке эмгектенүүгө патенттерди берүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын ыйгарым укуктарын өткөрүп берүү каралган эмес.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 5-беренесинин 6-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдары болуп саналбаган мыйзамдарга, салыктык укук мамилелерин жөнгө салуучу ченемдерди киргизүүгө тыюу салынат.
Милдеттүү жана ыктыярдуу патенттердин негизинде салыктык милдеттерди аткаруу тартиби жана шарттары Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 52-54-главалары, ошондой эле жогоруда аталган Кодекстин негизинде чыгарылган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мыйзам алдындагы актылары менен жөнгө салынат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы аткаруу бийлигинин салыктарды, камсыздандыруу төгүмдөрүн жана бюджетке башка милдеттүү төлөмдөрдү жыйноочу жана алардын толук жана өз учурунда төлөнүшүнө, жеке ишкерлер катары жеке жактарды мамлекеттик каттоочу мамлекеттик органы болуп эсептелет. Демек чет өлкөлүк жерге жактардын Кыргыз Республикасынын аймагында эмгектенүүсүнө уруксат документин (патентти) берүү салык органдарынын милдеттерине жана функцияларына ылайык келбейт.
Эгерде салык кызматынын органдарына алардын максаттарына жана милдеттерине ылайык келбеген функциялар жүктөлсө, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралбаган функциялар ыйгарылса, миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган миграциялык жагдайга толук кандуу талдоо жана мониторинг жүргүзө албай калат.
Мындан тышкары, миграция жаатындагы жаңы киргизилген ченемдерди баалоо, чек арага танапташ эмгекчи-мигранттардын мыйзамсыз эмгектенүүсүн жоюу механизмдерин дайыма түзөтүү жана өркүндөтүү иштери салык кызматынын органдары тарабынан жүргүзүлбөйт.
Кыргыз Республикасынын аймагында жана чет өлкөлөрдө бирдиктүү мамлекеттик миграция саясатын иштен чыгуу жана жүзөгө ашыруу чаралары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын негизги милдети болгондуктан, миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органды чек арага танапташ өлкөлөрдүн жарандарынын эмгектенүүсүн жөнгө салуучу орган катары бул функцияны жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына (айыл өкмөтүнө) өткөрүп берүү мүмкүндүгү менен аныктоону зарыл деп эсептейбиз.
Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Салык кодексине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү максатка ылайыктуу деп эсептейбиз.
Ошол эле учурда. мамлекеттик бийлик органдары мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү менен бир убакта аларды аткаруу үчүн зарыл болгон материалдык, каржылык же башка ресурстарды, анын ичинде республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджетке максаттуу трансферттерди (субвенцияларды) караган учурларда гана мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүгө жол берилерин эске алуу керек.
Негиздеме-маалым каттын маалыматына ылайык Мыйзам долбоорун кабыл алуу республикалык бюджеттен кошумча финансылык сарптоолорду алып келбейт.
Бирок Мыйзам долбоорун кабыл алып, аны ишке ашыруу белгилүү бир чыгымдарды алып келет деп ойлойбуз, себеби чек арага танапташ эмгекчи-мигранттарга жеке эмгектенүү патентин берүү ишин уюштуруу үчүн республикалык бюджеттен финансылык каражаттар талап кылынат.
Ушуга байланыштуу "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 26-беренесине ылайык жүзөгө ашуусу мамлекеттик бюджеттен финансылоого алып келүүчү ченемдик укуктук актылар, алар боюнча финансылоо булагы аныкталганга чейин кабыл алынбай тургандыгын белгилей кетүү керек.
Мыйзам долбоорунда 1-берененин 3-пунктун төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толуктоо сунушталат:
"Жеке эмгектенүү патентинин жарактуулук мөөнөтү визасыз режимдин жарактуулук мөөнөтүнөн ашпайт. Чек арага танапташ эмгекчи-мигрант эмгек визасын алган учурда, ал патентин жарактуулук мөөнөтү эмгек визасынын жарактуулук мөөнөтүнөн ашпайт.".
Бул сунушту берүү себеби, чек арага танапташ эмгекчи-мигранттар визасыз режим мөөнөтүнөн же эмгек визасынын жарактуулук мөөнөтүнөн ашпаган мөөнөттө Кыргыз Республикасынын аймагында акы алып эмгектенет, бул өз кезегинде, азыркы учурда өкүм сүрүп жаткан мыйзамсыз эмгек миграциясынын деңгээлин кыйла төмөндөтөт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын компетенттүү мамлекеттик органдары тарабынан мыйзамсыз миграцияны контролдоону жеңилдетет.
4. Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 3-пунктунун сегизинчи абзацында расмий тилдеги текстте белгиленген ченем Мыйзам долбоорунун мамлекеттик тилдеги текстинде жок.
Ушуга байланыштуу Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 3-пунктунун мамлекеттик жана расмий тилдердеги тексттеринин аутенттүүлүгүн камсыз кылууну сунуштайбыз.
5. "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине аталган ченем жаратуу иш-аракетинин жарандардын жана юридикалык жактардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын сактоо принциптерин эске алып, Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 3-пунктунун тогузунчу абзацын (расмий тилдеги текстинде 1-беренесинин онунчу абзацын) кайра карап чыгуу зарыл.
6. Мыйзам долбоорунун 3-беренесинде Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды Кыргыз Республикасында эмгектенүү эрежелерин бузгандыгы үчүн жоопкерчиликке тартууну караган 57-1-беренеси менен толуктоо сунушталат.
Ошону менен бирге, азыркы учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 9-декабрындагы № 672 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосунда экендигин маалымат катары билдиребиз.
Жогоруда аталган Мыйзам долбоору менен Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин 39 главасына чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды Кыргыз Республикасында жүрүүнүн белгиленген тартибин же транзиттик өтүүнү, анын ичинде эмгектенүү эрежелерин чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар бузгандыгы үчүн жоопкерчилигин аныктоо боюнча өзгөртүүлөр киргизилүүдө.
Жогоруда баяндалганды эске алып, Мыйзам долбоорунун 3-беренесинде эмгектенүү эрежелерин бузгандыгы үчүн чек арага танапташ эмгекчи-мигрантты жоопкерчиликке тартуу ченемин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген Мыйзам долбооруна киргизүү мүмкүндүгүн карап чыгууну сунуштайбыз.
Жалпысынан сунушталган Мыйзам долбоору "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамда, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 26-июнундагы № 5389-V токтому менен бекитилген Мыйзам чыгаруу техникасы боюнча нускамада белгиленген ченем жаратуу техникасынын эрежелерине ылайык толуктап иштеп чыгуу зарыл экендигин белгилейбиз.
Жогоруда баяндалгандын негизинде, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Мыйзам долбоорун концепциялык жактан колдойт, ошону менен бирге ушул корутундуда жазылган сын пикирлерди жана сунуштарды эске алуу менен толуктап иштеп чыгуу зарылдыгын белгилейт.