Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2020-жылдын 18-февралы № 92
"Кыргыз Республикасынын Токой кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. "Кыргыз Республикасынын Токой кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | М.Д. Абылгазиев |
Долбоор |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын Токой кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Токой кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 12, 534-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 24-беренесинин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы он сегизинчи абзац менен толукталсын:
"- бузуулар жөнүндө иштер боюнча өндүрүштү козгоо.";
2) 75-беренесинде:
а) 4-бөлүгүндө:
үчүнчү абзацындагы "администрациялык, анын ичинде токой укуктарын бузуу" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинде каралган бузуулар" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
бешинчи абзацындагы ", администрациялык" деген сөз алып салынсын;
б) 5-бөлүгүндө:
үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- токой фондусун пайдалануу, коргоо, сактоо жана токойлорду жаңыртып өстүрүү жагындагы бузуулар жөнүндө протоколдорду жана актыларды, жоруктар жөнүндө актыларды түзүү";
бешинчи абзацындагы "администрациялык укук бузууларды" деген сөздөр "бузууларды" деген сөз менен алмаштырылсын;
3) 78-беренесинде:
а) 2-бөлүгүндөгү ", администрациялык" деген сөз алып салынсын;
б) мамлекеттик тилдеги текстинин 2-бөлүгү "мыйзамдарына ылайык" деген сөздөрдөн кийин "жазык," деген сөз менен толукталсын.
4) 96-беренесинде:
а) 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Токой мыйзамдарын бузгандыгы үчүн күнөөлүү адамдар тартиптик, жазык жоопкерчилигине жана Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчиликке тартылышат.";
б) 2-бөлүгүндөгү "Администрациялык укук бузуулар" деген сөздөр "Бузуулар" деген сөз менен алмаштырылсын;
в) 3-бөлүгүндөгү "же администрациялык" деген сөздөр алып салынсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
|