ТоктомКүчүндө

КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-февралындагы № 104 «Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Дыйканбаев Казы Дыйканбаевич атындагы Дипломатиялык академиясы» мекемесинин уставын бекитүү жөнүндө" токтому

Редакция
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2020-жылдын 20-февралы № 104

"Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Казы Дикамбаевич Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиясы" мекемесинин уставын бекитүү жөнүндө

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 631 токтомунун редакциясын ылайык)

"Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 38-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. "Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Казы Дикамбаевич Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиясы" мекемесинин уставы тиркемеге ылайык бекитилсин.

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 631 токтомунун редакциясына ылайык)

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 13-сентябрындагы № 512 "Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Дыйканбаев Казы Дыйканбаевич атындагы дипломатиялык академиясы" мекемеси жөнүндө" токтомунун 1-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

М.Д. Абылгазиев