Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 16-ноябры № 631
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-февралындагы № 104 "Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Дыйканбаев Казы Дыйканбаевич атындагы Дипломатиялык академиясы" мекемесинин уставын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
"Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 38-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-февралындагы № 104 "Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Дыйканбаев Казы Дыйканбаевич атындагы Дипломатиялык академиясы" мекемесинин уставын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) мамлекеттик тилдеги тексттин аталышында жана 1-пунктунда "Дыйканбаев Казы Дыйканбаевич" деген сөздөр "Казы Дикамбаевич Дикамбаев" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Дыйканбаев Казы Дыйканбаевич атындагы Дипломатиялык академиясы" мекемесинин уставында:
- мамлекеттик тилдеги тексттин аталышында жана 1-пунктунда "Дыйканбаев Казы Дыйканбаевич" деген сөздөр "Казы Дикамбаевич Дикамбаев" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 13-пунктундагы "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 17-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Казы Дикамбаевич Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академия" мекемеси";";
- 20-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"20. Академиянын түзүмүнө ректорат, окуу бөлүмү, кадрлар жана иш кагаздары бөлүмү, эл аралык мамилелерди талдоо борбору, эл аралык кызматташтык жана квалификацияны жогорулатуу бөлүмү, кафедралар, финансылык-пландоо бөлүмү, материалдык-техникалык камсыздоо жана мамлекеттик сатып алуулар бөлүмү жана башка бөлүмдөр кирет.";
- 65-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"65. Административдик-башкаруу персоналынын курамына төмөнкүлөр кирет: ректор, окуу иштери боюнча проректор, илимий иштер боюнча проректор, эл аралык мамилелерди талдоо борборунун директору, башкы бухгалтер, окуу бөлүмүнүн начальниги, кадрлар жана иш кагаздары бөлүмүнүн начальниги, эл аралык кызматташтык жана квалификацияны жогорулатуу бөлүмүнүн башчысы, юрист, кошумча кесиптик билим берүү бөлүмүнүн башчысы, аспирантура башчысы жана башка түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери.";
- 66-пунктундагы "Премьер-министри" деген сөз "Министрлер Кабинетинин Төрагасы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 67-пунктунун биринчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Академиянын проректорлору кызмат орундарына Академиянын ректорунун сунушу боюнча билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин буйругу менен дайындалат.";
- 74-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"74. Министрлик ушул Уставга ылайык Академияга жалпы жетекчиликти жүргүзөт. Академияны түздөн-түз Академиянын ректору жетектейт.";
- 75-пунктунун он үчүнчү абзацында "проректоруна" деген сөз "проректорлоруна" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 76-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"76. Академиянын ректору жок болгон кезде анын милдеттерин аткаруу ректордун буйругу менен Академиянын проректорлорунун бирине жүктөлөт. Окуу, тарбиялык жана эл аралык иштерди жетектөөнү окуу иштери боюнча проректор, илимий-изилдөө иштери боюнча жетектөөнү илимий иштер боюнча проректор жүргүзөт. Кызматтарды бекитүү жана функциялык милдеттерди бөлүштүрүү Академиянын ректору тарабынан белгиленет жана анын буйругу менен таризделет.";
- 79-пунктунун алтынчы абзацында "проректору" деген сөз "проректорлорунун бири" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 81-пунктунун экинчи абзацында "проректорунун" деген сөз "проректорлорунун" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 92-пунктунун биринчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Ушул Уставга өзгөртүүлөр жана толуктоолор Министрлик менен макулдашуу боюнча Академиянын сунуштарынын негизинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тарабынан киргизилет.".
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги "Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Казы Дикамбаевич Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиясы" мекемесин юстиция органдарында белгиленген тартипте мамлекеттик кайра каттоодон өткөрсүн.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасында 2022-жылдын 25-ноябрында № 104 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У.Жапаров |