Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-февралындагы № 104 токтомуна) |
"Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Дыйканбаев Казы Дыйканбаевич атындагы Дипломатиялык академиясы" мекемесинин УСТАВЫ
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 631 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Казы Дикамбаевич Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиясы (мындан ары - Академия) жогорку, жогорку окуу жайдан кийинки жана кошумча кесиптик билим берүүчү мамлекеттик билим берүү уюму болуп саналат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 631 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Академия өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, "Билим берүү жөнүндө", "Илим жөнүндө жана мамлекеттик илимий-техникалык саясаттын негиздери тууралуу" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын билим берүү чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин (мындан ары - Министрлик), Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин ченемдик актыларын жана ушул Уставды жетекчиликке алат.
3. Академия бакалавриат, магистратура, аспирантура, кесиптик кайра даярдоо жана мамлекеттик кызматчылардын квалификациясын жогорулатуу багыттары боюнча жогорку, жогорку окуу жайдан кийинки жана кошумча кесиптик билим берүү чөйрөсүндөгү лицензияга ылайык иш жүргүзөт.
4. Академия илимий-изилдөө документтерин, маалыматтык жана аналитикалык маалым каттарды даярдайт, Министрлик тарабынан аныкталуучу темаларга ылайык эл аралык жана региондук уюмдардын алкагында Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөр менен кызматташуусунун жана өз ара аракеттенүүсүнүн актуалдуу эл аралык жана региондук проблемалары, маселелери боюнча эксперттик иш жүргүзөт.
5. Академия өзүнүн компетенциясына тиешелүү функцияларды өз алдынча ишке ашырат жана Министрликке отчет берет. Академиянын ишинин ушул Уставда каралган максаттарга ылайык келишин Министрлик контролдойт.
6. Академия өз милдеттенмелери боюнча өзүнө ыкчам башкаруу укугунда бекитип берилген, ошондой эле Академиянын өзүнүн кирешесинин эсебинен алынган бардык мүлккө жооп берет. Ушул Уставда каралган билим берүү ишин камсыздоо үчүн Академияга ыкчам башкаруу укугунда мамлекеттин менчигиндеги имараттар, курулмалар, мүлк комплекстери, жабдуулар, ошондой эле башка керектүү мүлк пайдаланууга берилет.
7. Академия юридикалык жак болуп саналат, өз алдынча баланска, республикалык бюджеттин чыгымдарын аткаруу боюнча операцияларды эсепке алуу, мамлекеттик заказды, грантты аткаруунун алкагында финансылык камсыздоо жана киреше алып келген иштен түшкөн каражаттарды эсепке алуу үчүн каражаттарды түзүү булактары боюнча казналык жеке эсептерге (бюджеттик, атайын жана депозиттик эсептер); чет өлкөлүк валютада каражаттарды эсепке алуу үчүн эсептерге ээ.
8. Академия өзүнүн атынан мүлктүк жана мүлктүк эмес жеке укуктарга ээ болушу жана ишке ашырышы, милдеттерди аткарышы мүмкүн жана сотто доогер жана жоопкер катары чыга алат.
9. Академиянын салык органынын идентификациялык номерин көрсөтүү жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөттөлүшүн түшүрүү менен кыргыз, орус жана англис тилдеринде толук аталышы жазылган тегерек мөөрү, өз түзүмдөрү үчүн мөөрлөрү жана штамптары жана башка атрибутикалары бар.
10. Академия коммерциялык эмес уюм болуп саналат.
11. Министрлик менен макулдашуу боюнча Академия максаттарына жана милдеттерине шайкеш келген ассоциацияларга, союздарга, башка коммерциялык эмес уюмдарга катышуучу катары кирүүгө укуктуу, Академияда Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамына ылайык профсоюздук жана башка коомдук бирикмелер түзүлүшү мүмкүн.
12. Академия бирдиктүү окуу-илимий-өндүрүштүк комплекс катары иштейт.
13. Академиянын уюштуруучусу Министрлик атынан чыгуучу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети болуп саналат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 631 токтомунун редакциясына ылайык)
14. Академия өзүнүн окуу, илимий, окуу-методикалык, финансы-чарбалык жана башка иштерин уюштуруу жана регламенттөө, пландаштыруу маселелеринде өз алдынчалыкка ээ; Министрлик менен макулдашуу боюнча өзүнүн өнүгүүсүнүн келечектүү жана учурдагы пландарын кабыл алууга жана ишке ашырууга укуктуу.
15. Академиянын Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте катталган эмблемасы (логотиби) бар.
16. Академия өзүнүн компетенциясынын чегинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген ички ченемдик актыларды (ички эмгек тартибинин эрежелери, буйруктар ж.б.) чыгарууга укуктуу.
17. Академиянын толук расмий аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Казы Дикамбаевич Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академия" мекемеси";
- расмий тилде: "Учреждение "Дипломатическая академия Министерства иностранных дел Кыргызской Республики имени Казы Дикамбаевича Дикамбаева";
- англис тилинде: "Institution "Diplomatic Academy of the Ministry of Foreign Affairs of the Kyrgyz Republic Named after Kazy Dikambaevich Dikambaev".
Академиянын кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде: "КР ТИМ Дипакадемиясы";
- расмий тилде: "Дипакадемия МИД КР";
- англис тилде: "Diplomatic Academy of the MFA KR".
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 631 токтомунун редакциясына ылайык)
18. Академиянын юридикалык дареги: 720040, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Эркиндик бульвары, 36.
2. Академиянын түзүмү
19. Академиянын түзүмүн Академиянын ректорунун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри бекитет.
20. Академиянын түзүмүнө ректорат, окуу бөлүмү, кадрлар жана иш кагаздары бөлүмү, эл аралык мамилелерди талдоо борбору, эл аралык кызматташтык жана квалификацияны жогорулатуу бөлүмү, кафедралар, финансылык-пландоо бөлүмү, материалдык-техникалык камсыздоо жана мамлекеттик сатып алуулар бөлүмү жана башка бөлүмдөр кирет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 631 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Академиянын ишинин негизги багыттары
21. Академиянын ишинин негизги багыттары болуп төмөнкүлөр саналат:
- билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган берген лицензияга ылайык бакалавриаттын, магистратуранын, аспирантуранын атайын даярдоо багыттары боюнча жогорку, жогорку окуу жайдан кийинки жана кошумча кесиптик билим берүү;
- билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган берген лицензияга ылайык студенттерди атайын даярдоонун багыттары боюнча мамлекеттик кызматчыларды кесиптик кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу;
- фундаменталдуу жана колдонмо илимий изилдөөлөрдү аткаруу;
- заманбап эл аралык кырдаалды, дүйнөлүк өнүгүү тенденцияларын, Борбордук Азия регионундагы процесстерди, заманбап чакырыктарды жана коркунучтарды изилдөө жана талдоо, Кыргыз Республикасынын тышкы саясат маселелери боюнча аналитикалык материалдарды даярдоо;
- Министрлик менен макулдашуу боюнча ар кандай тематикалык жана интерактивдүү иш-чараларды (тегерек столдор, сырттан чакырылгандардын лекциялары, конференциялар, жолугушуулар ж.б.) уюштуруу жана өткөрүү.
22. Академия Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүмдөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан көрсөтүлүүчү Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине (тизмесине) киргизилген мамлекеттик билим берүү, илимий-изилдөө жана башка кызматтарды көрсөтөт.
23. Академия Министрлик менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынбаган ар кандай ишти жүргүзөт, өзүнө жүктөлгөн бардык милдеттерди аткарат жана анын иши менен байланышкан укуктардан пайдаланат.
4. Даярдоонун багыттары боюнча жогорку, жогорку окуу жайдан кийинки жана кошумча кесиптик билим берүү
24. Академия билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген лицензияга ылайык жүзөгө ашырылуучу багыттар (адистиктер) боюнча жогорку, жогорку окуу жайдан кийинки жана кошумча кесиптик билим берет:
- Министрлик аныктаган милдеттерге ылайык Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын кызматкерлерине;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларына жана муниципалдык кызматчыларына;
- менчиктин бардык түрүндөгү ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин кызматкерлерине;
- жогорку кесиптик билим берүүнүн даярдоо багыттарынын программалары боюнча Кыргыз Республикасынын жарандарына;
- Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин негизинде чет мамлекеттердин жарандарына.
25. Академия тарабынан Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын кесипкөй кадрларын даярдоо мамлекеттик гранттын, ошондой эле акы төлөнүүчү мамлекеттик билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүнүн негизинде жүргүзүлөт.
26. Атайын даярдоо багыттары боюнча билим берүүчү программалардын мазмуну Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандарттары менен аныкталат.
27. Академияда окутуу билим берүү ишине тиешелүү лицензия болгон учурда күндүзгү, сырттан окутуу (аралыктан окутуунун билим берүү технологияларын колдонуу менен) жана экстернат формасында жүргүзүлөт.
28. Академияда сабактардын төмөнкү негизги түрлөрү өткөрүлөт: лекция, практикалык сабактар, семинар, практика, "мастер-класс" семинарлары, кырдаалдык жана имитациялык оюн, студенттин өз алдынча иши, көчмө сабак, такшалма ж.б.
Сабактардын негизги түрүнөн тышкары Академияда кошумча билим берүү кызматтары көрсөтүлүшү мүмкүн: факультативдер, атайын курстар жана семинарлар, студенттик, магистрдик академиялык дискуссиялар жана конференциялар, ошондой эле студенттердин кызыгууларын жана чыгармачыл жөндөмүн өстүрүүгө багытталган окутуунун башка формалары.
Академияда студенттердин билимин текшерүүнүн төмөнкү формалары белгиленген: тестирлөө, экзамен, жазуу жүзүндөгү текшерүү иши, билим берүү процессинин жыйынтыктары боюнча бүтүрүүчү квалификациялык иштер (бакалавриат программаларындагы студенттер үчүн), квалификациялык иштер (магистрдик программаларындагы студенттер үчүн), мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестация, аңгемелешүү, маалымат технологияларынын жардамы менен аралыктан аттестациялоо, билимди автоматташтырылган текшерүү.
29. Академияда билим алуучуларды максаттуу даярдоо жекече окутуу планы боюнча жүргүзүлүшү мүмкүн.
30. Академияда окуу процесси мамлекеттик жана расмий тилдерде жүргүзүлөт, ошондой эле окутуу тийиштүү шарттар камсыздалган учурда каалагандай чет тилде жүргүзүлүшү мүмкүн.
5. Илимий-изилдөөчүлүк жана басма иштерин өнүктүрүү
31. Академиянын илимий-изилдөөчүлүк жана басма ишинин негизги максаттары болуп төмөнкүлөр саналат:
- республикалык мекемелер жана ведомстволор менен түзүлгөн келишимдер боюнча фундаменталдуу жана колдонмо илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү;
- окутууда соңку илимий жетишкендиктерди жана технологияларды колдонуу;
- өлкөнүн коопсуздугун камсыздоо жана экономиканы өнүктүрүү максатында илимий долбоорлорду иштеп чыгуу;
- жогорку квалификациялуу илимий-педагогикалык кызматкерлерди даярдоо;
- Министрликтин заказдары менен Академиянын илимий жана тематикалык пландары боюнча максаттуу изилдөөлөрдү жүргүзүү;
- монографияларды, окуу китептерин, окуу куралдарын жана илимий-методикалык иштелмелерди, илимий конференциялардын материалдарын даярдоо жана басып чыгаруу.
32. Фундаменталдык жана колдонмо изилдөөлөр эл аралык мамилелер, экономика, укук, менеджмент жана бизнес чөйрөсүндө, анын ичинде төмөнкү түрлөрдө ишке ашырылат:
- монографияларды, окуу китептерин жана окуу куралдарын даярдоо жана басып чыгаруу;
- Министрлик жана Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдары үчүн маалыматтык, аналитикалык материалдарды жана сунуштамаларды даярдоо;
- илимий билимдерди жайылтууга жана адистерди даярдоону изилдөөчүлүк жактан камсыздоого багытталган басма иши;
- илимий, анын ичинде Академиянын илимий ишинин жыйынтыгы камтылган мезгилдүү басылмаларды чыгаруу;
- адистерди даярдоонун сапатын жогорулатууга, профессордук-окутуучулук курамдын педагогикалык көндүмдөрүн өркүндөтүүгө, окуу процессин илимий уюштурууга, ошондой эле заманбап маалыматтык жана техникалык каражаттарды, жаңы билим берүү технологияларын пайдалануунун методдорун жана формаларын иштеп чыгууга багытталган илимий-методикалык иштерди жүргүзүү;
- аспирантурада жана докторантурада окутуу;
- фундаменталдык жана колдонмо изилдөөлөрдү жүргүзүүдө, илимий форумдарды өткөрүүдө Кыргыз Республикасынын, ошондой эле чет мамлекеттердин илимий, окуу жана коомдук-саясий борборлору менен кызматташуу;
- Академиянын студенттерин, угуучуларын, аспиранттарын, докторанттарын жана профессордук-окутуучулук курамын илимий иштерге кеңири тартуу.
33. Министрлик менен макулдашуу боюнча Академия өзүнүн илимий-изилдөө ишинде төмөнкүлөргө укуктуу:
- Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин жана контракттардын негизинде тикелей эки тараптуу жана көп тараптуу илимий байланыштарды ишке ашырууга, изилдөөлөрдүн ар кандай түрлөрүн жүргүзүүгө;
- илимий-изилдөө институттарын, борборлорду түзүүгө, аткарылуучу иштин көлөмүнө жана формасына жараша илимий-изилдөө персоналдарынын штатын аныктоого;
- белгиленген тартипте адистештирилген жана редакциялык-басма кеңештерин жана башка илимий бөлүмдөрдү ачууга.
34. Академиянын интеллектуалдык менчик объектине укугу Кыргыз Республикасынын интеллектуалдык менчик жаатындагы мыйзамдарына ылайык жөнгө салынат.
35. Илимий-изилдөө иштери Академиянын Окумуштуулар кеңеши тарабынан жактырылуучу жана Академиянын ректору тарабынан бекитилүүчү жылдык пландардын негизинде ишке ашырылат.
36. Министрлик үчүн изилдөөлөр Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри бекиткен план-заказ боюнча аткарылат.
37. Илимий эмгектер Академиянын ректору тарабынан бекитилүүчү басма ишинин жылдык пландарына ылайык чыгарылат.
38. Академияда жүргүзүлүүчү илимий изилдөөлөр төмөнкүлөрдүн эсебинен каржыланышы мүмкүн:
- билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын илимий гранттарынын;
- акы төлөнүүчү мамлекеттик билим берүү кызматтарын көрсөтүүдөн түшкөн каражаттардын;
- демөөрчүлүк жардам жана ыктыярдуу төгүмдөр түрүндөгү каражаттардын;
- камкорчулук төгүмдөрдөн түшкөн каражаттардын;
- кайрымдуулук жардамдан түшкөн каражаттардын;
- эл аралык институттардын гранттык жардамынан түшкөн каражаттардын.
39. Академия Кыргыз Республикасында окумуштуулук даражаларды берүү жана окумуштуулук наамдарды ыйгаруу тартибин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык аттестациялоо ишин жүргүзөт.
40. Профессор, доцент жана улук илимий кызматкер окумуштуулук наамы Академиянын Окумуштуулар кеңешинин сунушу боюнча мамлекеттик аттестациялоо органы тарабынан ыйгарылат.
41. Академияда Академиянын Окумуштуулар кеңеши тарабынан бекитилүүчү Жобого ылайык "Академиянын ардактуу доктору", "Академиянын ардактуу профессору" деген наамдар ыйгарылат.
42. Академия өзүнүн илимий-педагогикалык кадрларынын квалификациясын төмөнкүдөй жолдор менен үзгүлтүксүз негизде (беш жылда бир жолудан кем эмес) жогорулатууну ишке ашырат:
- күндүзгү жана сырттан окуу аспирантурасында, докторантурада окутуу;
- кандидаттык диссертацияларын бүтүрүү үчүн эки жылга чейинки мөөнөткө аспирантурага командировкага жиберүү;
- диссертацияларды даярдоо үчүн үч жылга чейинки мөөнөткө докторантурага жиберүү;
- илимдин кандидаттарын доктордук диссертацияларын даярдоо үчүн илимий кызматкерлердин кызмат орундарына эки жылга чейинки мөөнөткө которуу;
- окутуучуларды жана илимий кызматкерлерди Министрликтин бөлүмдөрүнө, башка ведомстволорго, борборлорго жана илимий-изилдөө мекемелерине стажировкага жиберүү;
- Академиянын окутуучуларын жана илимий кызматкерлерин чет өлкөлөргө командировкага жиберүү;
- окутуучуларды жана илимий курамды Академияда жана Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларында кошумча кесиптик окутуу;
- ар кандай илимий-практикалык жана теориялык конференцияларга, симпозиумдарга иштиктүү катышууга тартуу;
- чет тилдерди билүүнү өркүндөтүү.
6. Кыргыз Республикасынын тышкы саясатынын кызыкчылыгында тышкы байланыштарды өнүктүрүү, актуалдуу маселелерди чечүү
43. Академия Министрлик менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасында аккредиттелген чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери, ошондой эле эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрү менен Академиянын чет өлкөлүк угуучуларын ар кандай деңгээлдеги жана багыттагы курстарда окутуу маселелери боюнча кызматташат.
44. Академия Министрлик менен макулдашуу боюнча чет өлкөлүк окуу жайлар, илимий уюмдар, компаниялар жана билим берүү жана илим жаатындагы башка мекемелер менен эл аралык байланыштарды ишке ашырат, алар менен, ошондой эле мамлекеттик жана менчик мекемелер, уюмдар менен өз ара пайдалуу негизде мамилелерди өнүктүрөт.
45. Академиянын Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин алкагындагы эл аралык кызматташтыгы Академиянын Окумуштуулар кеңеши жана Министрлик менен макулдашуу боюнча ишке ашырылат.
46. Академиянын эл аралык илимий-билим берүү кызматташтыгы төмөнкүлөрдү камтыйт:
- лекцияларды окуу жана практикалык сабактарды өткөрүү үчүн окутуучуларды жиберишүү;
- тилдерди, коомдук сабактарды жана башка предметтерди окутуу курстарынан өтүү үчүн угуучуларды жиберишүү;
- биргелешкен илимий форумдарды уюштуруу;
- изилдөөлөрдү ишке ашыруу, монографияларды, окуу китептерин жана башка иштерди басмага даярдоо;
- коомдук-саясий жана маданий иш-чараларды өткөрүү;
- сырттан чакырылгандардын лекциялары, тегерек столдорду, конференцияларды, жолугушууларды ж.б. өткөрүү;
- биргелешкен ассоциацияларды, борборлорду жана башкаларды түзүү;
- чет өлкөлүк юридикалык жактардын өкүлдөрүнө жана жеке адамдарга келишимдердин негизинде акы төлөнүүчү билим берүү кызматтарын көрсөтүү;
- программа аяктагандан кийин Академияда милдеттүү түрдө экзамен тапшыруу менен өзүн-өзү каржылоонун негизинде чет тилдерди үйрөнүү үчүн чет өлкөгө жиберүү.
7. Академияга студенттерди, угуучуларды, аспиранттарды жана докторанттарды окууга кабыл алуу тартиби
47. Академияга студенттерди, угуучуларды, аспиранттарды жана докторанттарды окууга кабыл алуу тартибин Академия Кыргыз Республикасынын билим берүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык иштеп чыгат жана бекитет.
48. Академияга абитуриенттерди кабыл алууну уюштуруу үчүн кабыл алуу, сабак-экзамендик жана апелляциялык комиссиялар түзүлөт. Жогорку кесиптик билим берүү программалары боюнча окутуу үчүн абитуриенттерди кабыл алуу Кыргыз Республикасынын билим берүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын чегинде жүргүзүлөт.
49. Академиянын ректору кабыл алуу комиссиясынын төрагасы болуп саналат. Кабыл алуу комиссиясы абитуриенттер тапшырган документтерди кабыл алат жана карайт; абитуриенттердин жеке иш кагаздарын түзөт; абитуриенттерди Академиянын Уставы, билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын билим берүү ишин жүргүзүү укугун берген лицензиялары, аккредитациядан өткөндүгү жөнүндө сертификаттары, ички тартип эрежелери жана кирүү сынагынын расписаниеси, билим берүү программалары (окуу пландары), акы төлөп окуу келишиминин үлгүсү менен тааныштырат; кирүү сынактарын уюштурат.
50. Сабак-экзамендик комиссия кирүү сынактарынын программаларынын долбоорун даярдайт; тапшыруучулардын билимин баалоо критерийлерин иштеп чыгат; кирүү сынактарын өткөрөт.
51. Апелляциялык комиссия бааны угузган күнү берилген кирүү сынактарынын жыйынтыгы менен макул болбогон абитуриенттердин жазуу жүзүндөгү жүйөлүү арыздарын карайт.
52. Комиссиялардын бардык чечимдери протоколдор менен таризделет.
53. Кирүү сынагынын расписаниесин (сабактар, өткөрүү күнү, убактысы жана жайы) кабыл алуу комиссиясынын төрагасы же анын орун басары бекитет, абитуриенттерге кирүү сынактарынын кезектеги этабы башталганга чейин 5 күн мурда кабарланат.
54. Окууга Академиянын ректорунун буйругу менен, кабыл алуу комиссиясынын чечиминин негизинде окуу акысы төлөнгөндөн кийин (келишимдик (контракттык) негизде) кабыл алынат.
8. Академияда билим алуучулар
55. Белгиленген тартипте Академияга кабыл алынган жана тиешелүү билим алуучу адамдар студенттин, угуучунун, аспиранттын, докторанттын (мындан ары - билим алуучулар) статусуна ээ болот.
56. Билим алуучуга окуу учурунда Академияда окуган мөөнөттөрү жөнүндө күбөлөндүргөн маалым кат берилет.
57. Академияда билим алуучулар төмөнкүлөргө укуктуу:
- Академиянын ишинин маанилүү маселелерин талкуулоого жана чечүүгө катышууга;
- бардык түрдөгү илимий изилдөөлөргө, илимий конференцияларга катышууга, маданий-агартуу иштерин жүргүзүүгө;
- студенттердин жана аспиранттардын жашоо-турмушунун маселелерин чечүү үчүн билим алуучулардын өкүлчүлүктүү уюмдарын түзүүгө;
- үй-бүлөлүк жана башка жагдайларга байланыштуу академиялык өргүү алууга;
- Академиядан башка жогорку окуу жайга, ошондой эле окуунун бир формасынан башка формасына которулууга;
- Академиянын жабдууларын, кабинеттерин, китепканасын пайдаланууга;
- чет өлкөлүк жогорку окуу жайларда жана илимий борборлордо окууга, стажировкадан өтүүгө;
- жыл сайын кеминде 7-10 жумага созулган каникулга чыгууга;
- өз эмгектерин жарыялоого, анын ичинде Академиянын басмаларына жарыялоо үчүн берүүгө;
- Кыргыз Республикасынын административдик иштер жана административдик жол-жоболор чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте Академиянын ректорунун буйруктарына даттанууга.
58. Билим алгандар мамлекеттик билим берүү стандарттарынын талаптарынын деңгээлиндеги билимге ээ болууга, Академияда окулган лекциялык курстарга катышууга; окуу планында жана окутуу программаларында каралган бардык тапшырмаларды белгиленген мөөнөттө аткарууга, ушул Уставдын талаптарын жана Академиянын ички тартибинин эрежелерин сактоого милдеттүү.
59. Аспирант жана докторант төмөнкүлөргө милдеттүү:
- билим берүү стандарттарынын талаптарынын деңгээлинде теориялык билим алууга, кесиптик көндүмдөргө жана илимий-изилдөөлөрдүн заманбап методдоруна ээ болууга;
- өз алдынча окуу жана илимий-изилдөө иш көндүмдөрүн өркүндөтүүгө;
- жеке иш планын аткаруу жөнүндө жыл сайын отчет берүүгө;
- докторантурада окуган мезгилинде диссертацияны бүтүрүп, аны талкууга берүүгө.
60. Мамлекеттик тиешелүү билим берүү стандартынын талаптарына жооп берерлик деңгээлде окуу планын жана программаны толук көлөмдө аткаргандар мамлекеттик аттестацияга киргизилет.
61. Негизги программа боюнча окууну аяктаган, бүтүрүүчү квалификациялык ишти жактаган жана тиешелүү мамлекеттик экзамендерди тапшырган студенттерге жана угуучуларга Академиянын Мамлекеттик аттестациялоо комиссиясынын чечими менен даярдоонун тиешелүү багыттары (адистиктер) боюнча квалификация ыйгарылат жана Академияны аяктагандыгы жөнүндө мамлекеттик үлгүдөгү диплом берилет.
62. Министрликтин, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын кошумча кесиптик билим берүү программалары боюнча окуган жана жыйынтыктоочу аттестациядан ийгиликтүү өткөн кызматкерлерине белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берилет.
9. Билим алуучуларды окуудан которуунун, чыгаруунун жана окуусун калыбына келтирүүнүн негиздери жана тартиби
63. Билим алуучуларды окуудан чыгаруунун, которуунун жана окуусун калыбына келтирүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-майындагы № 346 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын студенттерин окуудан чыгаруунун, которуунун жана окууга калыбына келтирүүнүн тартиби жөнүндө жобо менен жөнгө салынат.
10. Академиянын персоналы
64. Академияда административдик-башкаруу, илимий-педагогикалык (профессордук-окутуучулар курамы, илимий кызматкерлер), инженердик-техникалык, административдик-чарбалык, өндүрүштүк, окутуу-жардамчы жана башка персоналдын кызмат орундары каралат. Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык кызмат орундарын эмгек келишими (контракт) боюнча ээлешет.
65. Административдик-башкаруу персоналынын курамына төмөнкүлөр кирет: ректор, окуу иштери боюнча проректор, илимий иштер боюнча проректор, эл аралык мамилелерди талдоо борборунун директору, башкы бухгалтер, окуу бөлүмүнүн начальниги, кадрлар жана иш кагаздары бөлүмүнүн начальниги, эл аралык кызматташтык жана квалификацияны жогорулатуу бөлүмүнүн башчысы, юрист, кошумча кесиптик билим берүү бөлүмүнүн башчысы, аспирантура башчысы жана башка түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 631 токтомунун редакциясына ылайык)
66. Академиянын ректорун Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин сунуштамасы боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот. Ректордук кызмат орунга илимий даражасы жана/же Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчисинин дипломатиялык рангы бар адам дайындала алат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 631 токтомунун редакциясына ылайык)
67. Академиянын проректорлору кызмат орундарына Академиянын ректорунун сунушу боюнча билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин буйругу менен дайындалат. Башкы бухгалтер кызмат ордуна Академиянын ректорунун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин буйругу менен дайындалат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 631 токтомунун редакциясына ылайык)
68. Академиянын административдик-башкаруу персоналынын башка кызмат орундарына Академиянын ректору дайындайт.
69. Илимий-педагогикалык кызматкерлердин кызмат орундарын ээлөө эмгек келишими (контракт) боюнча ишке ашырылат. Эмгек келишимин (контрактты) түзүүдөн мурда конкурстук тандоо өткөрүлөт.
Академиянын кафедра башчылары Академиянын Окумуштуулар кеңеши тарабынан илимий даражасы жана наамы бар адистердин ичинен жашыруун добуш берүү менен шайланышат жана Академиянын ректорунун буйругу менен контракттык-конкурстук негизде беш жылга чейинки мөөнөткө дайындалышат.
Кафедра профессору кызматына илимий даражасы, окумуштуулук наамы жана/же Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси, Кыргыз Республикасынын Атайын Ыйгарым укуктуу Кичи Элчиси дипломатиялык рангы бар, керектүү кесиптик-педагогикалык компетенцияларга жана 10 жылдан кем эмес дипломатиялык кызмат тажрыйбасына ээ болгон адистердин ичинен Академиянын Окумуштуулар кеңеши тандаган адамдар дайындалат.
Академиянын башка категориядагы кызматкерлерин жумушка кабыл алуу Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
70. Илимий-педагогикалык персонал төмөнкүлөргө укуктуу:
- окутуу, илимий изилдөө жана рухий өнүгүү эркиндигине;
- белгиленген тартипте Академиянын Окумуштуулар кеңешине шайлоого жана шайланууга;
- Академиянын ишинин маселелерин талкуулоого жана чечүүгө катышууга;
- Академиянын ишканаларынын жана мекемелеринин окуу, социалдык-тиричилик кызматтарынан жана Академиянын илимий китепканасынын акысыз фондусунан пайдаланууга;
- кесиптик жана башка саясий эмес коомдук уюмдарга биригүүгө.
71. Академиянын илимий-педагогикалык персоналы төмөнкүлөргө милдеттүү:
- билим берүүнүн жана илимий процесстин жогорку натыйжалуулугун камсыз кылууга;
- ушул Уставдын ченемдерин, ички тартиптин эрежелерин, анын ичинде Академиянын материалдык жана интеллектуалдык менчигине тиешелүү эрежелерди сактоого;
- билим алуучулардын тандап алган даярдоо багыты (адистиги) боюнча кесиптик сапаттарын, жарандык көз карашын, заманбап цивилизация шарттарында эмгектенүүгө жана жашоого болгон жөндөмүн калыптандырууга, алардын өз алдынчалыгын, демилгелерин, чыгармачыл жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө;
- өзүнүн квалификациясын үзгүлтүксүз жогорулатууга.
72. Окутуу-көмөкчү, техникалык, тейлөө жана башка персоналды жумушка кабыл алуу Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
73. Академиянын кызматкерлери жана окутуучулары Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык жумуштан бошотулат.
11. Академияны башкаруу
74. Министрлик ушул Уставга ылайык Академияга жалпы жетекчиликти жүргүзөт. Академияны түздөн-түз Академиянын ректору жетектейт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 631 токтомунун редакциясына ылайык)
75. Кыргыз Республикасынын Жогорку кесиптик билим берүү уюму жөнүндө жобонун негизинде Академиянын ректору:
- Академиянын атынан иш жүргүзөт, Кыргыз Республикасынын бардык органдарында, мекемелеринде жана уюмдарында жана чет өлкөлөрдө анын өкүлү болот;
- Академиянын билим берүү, илимий, өндүрүштүк, финансылык-чарбалык иштерин жетектейт;
- өз алдынча чечимдерди кабыл алат жана ушул Уставдан келип чыгуучу иш-аракеттерди жүргүзөт;
- структураны түзүү, кошумча штаттарды ачуу маселелерин ушул Уставда жана башка ченемдик актыларда белгиленген тартипте Академиянын каражаттарынын чегинде чечет;
- Академиянын структуралык бөлүмдөрүнүн жетекчиликтерин дайындайт;
- Министрлик менен макулдашуу боюнча Академиянын штаттык расписаниесин бекитет;
- жумушка кабыл алуу, жумуштан бошотуу, эмгек келишимдерин (контракттарды) түзүү жана токтотуу иштерин аткарат;
- Академиянын атынан жана кызыкчылыктарына жараша юридикалык иш аракеттерди аткарууга ишеним каттарды берет;
- өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде Академиянын бардык кызматкерлерине жана окутуучуларына аткарууга милдеттүү болгон буйруктарды чыгарат;
- өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде Академиянын кызматкерлерин сыйлоо жана аларга тартиптик жаза чараларын колдонуу жөнүндө буйруктарды чыгарат;
- белгиленген тартипте Академиянын кызматкерлерин мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо тууралуу сунуш киргизет;
- Академиянын проректорлоруна жана башкы бухгалтерине тартиптик жаза чарасын колдонуу же аларды ээлеген кызматынан бошотуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрине сунуштама берет;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген келишимдерди түзөт;
- Академиянын Окумуштуулар кеңеши жактырган, жаңы түзүлгөн структуралык бөлүмдөр жөнүндө жоболорду бекитет;
- Академиянын ички иш тартибинин эрежелерин, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга каршы келбеген башка ченемдик актыларды бекитет;
- Академиянын иши жөнүндө Академиянын Окумуштуулар кеңешине жылдык отчет берет;
- Академиянын Уставында каралган башка функцияларды жана ыйгарым укуктарды аткарат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 631 токтомунун редакциясына ылайык)
76. Академиянын ректору жок болгон кезде анын милдеттерин аткаруу ректордун буйругу менен Академиянын проректорлорунун бирине жүктөлөт. Окуу, тарбиялык жана эл аралык иштерди жетектөөнү окуу иштери боюнча проректор, илимий-изилдөө иштери боюнча жетектөөнү илимий иштер боюнча проректор жүргүзөт. Кызматтарды бекитүү жана функциялык милдеттерди бөлүштүрүү Академиянын ректору тарабынан белгиленет жана анын буйругу менен таризделет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 631 токтомунун редакциясына ылайык)
77. Академиянын Окумуштуулар кеңеши Академияны башкаруунун жогорку коомдук-кесиптик органы болуп саналат. Академиянын Окумуштуулар кеңешинин финансылык-чарбалык, кадрларды тандоо, жайгаштыруу маселелери боюнча чечимдери сунуштама мүнөзүнө ээ болот. Академиянын Окумуштуулар кеңеши уюштуруу, башкаруу, окуу-методикалык, илимий-изилдөө, финансылык-чарбалык, идеялык-тарбиялык, жарнамалык, ошондой эле Академиянын ишинин башка түрлөрү боюнча чечимдерди кабыл алат. Академиянын Окумуштуулар кеңешинин чечимдери ректордун буйругу менен бекитилгенден кийин юридикалык күчкө ээ болот.
78. Академиянын Окумуштуулар кеңеши Кыргыз Республикасынын билим берүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык түзүлөт.
79. Академиянын Окумуштуулар кеңешинин төрагасы:
- Академиянын Окумуштуулар кеңешинин ишин уюштурат;
- Академиянын Окумуштуулар кеңешинин жыйындарында төрагалык кылат;
- Академиянын Окумуштуулар кеңешинин жыйындарынын чечимдерине жана протоколдоруна кол коёт;
- Академиянын Окумуштуулар кеңешинин чечимдеринин аткарылышын контролдойт;
- Академиянын ректору жок болгон учурда Академиянын Окумуштуулар кеңешинин төрагасынын функциясын Академиянын проректорлорунун бири аткарат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 631 токтомунун редакциясына ылайык)
80. Академиянын ректору Академиянын Окумуштуулар кеңешинин мүчөлөрүнүн ичинен Академиянын Окумуштуулар кеңешинин катчысын дайындайт. Академиянын Окумуштуулар кеңешинин катчысынын милдетине төмөнкүлөр кирет:
- Академиянын Окумуштуулар кеңешинин жыйындарын даярдоо боюнча уюштуруу иштерин жүргүзүү;
- Академиянын Окумуштуулар кеңешинин кезектеги жыйынына чейин беш күндөн кечиктирбей жыйындын күн тартиби, өткөрүлүүчү жери жана датасы жөнүндө Академиянын Окумуштуулар кеңешинин мүчөлөрүнө кабарлоо;
- жыйындардын протоколун жана иш кагаздарын жүргүзүү.
81. Академиянын Окумуштуулар кеңеши:
- Академиянын, Академиянын Окумуштуулар кеңешинин, Академиянын проректорлорунун жана Академиянын структуралык бөлүмдөрүнүн пландарын бекитет;
Академиянын ректорунун жылдык отчетун, кабыл алуу комиссиясынын, окуу-методикалык, илимий-изилдөө, финансылык-чарбалык жана башка структуралык бөлүмдөрдүн жылдык отчетторун угат;
- билим берүү процессинин негизги маселелери боюнча чечим кабыл алат;
- кафедра жана кошумча кесиптик билим берүү бөлүмүнүн башчыларынын, окутуучунун, улук окутуучунун, улук илимий кызматкердин, доценттин, профессордун кызмат орундарын конкурс аркылуу ээлөө маселелерин карайт;
- докторантурага өтүү үчүн талапкерлерди, диссертацияларын аяктоо үчүн окутуучуларды илимий (улук) кызматкердин кызматына которууну жактырат, чыгармачылык өргүү берүү, чет өлкөгө иш сапарга жиберүү жөнүндө маселелерди карайт;
- ушул Уставда каралган башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 631 токтомунун редакциясына ылайык)
82. Ушул Уставдын максаттарына жетүүгө көмөк көрсөтүү үчүн, ошондой эле кошумча каражат тартуу жана аларды максаттуу пайдаланууну көзөмөлдөө үчүн Академияда 2014-жылдын 30-майындагы № 81 "Көзөмөлчүлүк кеңеши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык көзөмөлчүлүк кеңеши түзүлөт.
12. Академиянын финансы-чарбалык иши
83. Академия мүлктүн менчик ээсинин макулдугун алганда ыкчам башкарууга берилген мүлктү пайдаланууга, анын ичинде чарбалык иштерди жүргүзүү үчүн, ошондой эле билим берүү жана илимий ишин камсыздоо үчүн башка жайларды курууга же сатып алууга укуктуу.
84. Академия мүлктүн сакталышы жана натыйжалуу пайдаланылышы үчүн мамлекеттик бийлик органдарынын алдында жооптуу болот, имараттарды, коммуникацияларды, инженердик жабдууларды пайдаланууну жана жанаша жаткан аймакты утурумдук жана капиталдык оңдоолорду ишке ашырат, ошондой эле Академиянын объектилерин куруу жаатындагы инженердик кызмат көрсөтүү комплексин жүргүзөт.
85. Академияны каржылоо булактары төмөнкүлөр:
- Академиянын негизги ишин каржылоого бюджеттен бөлүнүүчү бюджеттик каражаттар;
- акы төлөнүүчү мамлекеттик билим берүү кызматтарын көрсөтүүдөн түшкөн каражаттар;
- демөөрчүлүк жардам түрүндө жана ыктыярдуу төлөмдөрдөн түшкөн каражаттар;
- көзөмөлчүлүк төлөмдөрдөн түшкөн каражаттар;
- кайрымдуулук же гранттык жардамдан түшкөн каражаттар;
- биргелешкен илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн эл аралык институттардын чегерүүлөрүнүн суммасы.
86. Атайын эсептин каражаттарын бюджеттик каражаттардын тескөөчүлөрү бюджеттик классификациянын беренелери боюнча бөлүштүрөт. Атайын эсептин каражаттары күнүмдүк чыгымдарды жабууга, анын ичинде ишти камсыздоо жана жакшыртууга, материалдык-техникалык базаны бекемдөөгө, кызматкерлердин социалдык-эмгектик мамилелерин жөнгө салууга жана Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарына ылайык башка иш-чараларга жумшалат.
87. Академия каражаттарды пайдалануунун багыттарын Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарына ылайык өз алдынча аныктайт.
88. Негизги билим берүү программалары боюнча келишимдик негизде угуучуларды даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу төмөнкүдөй жүргүзүлөт:
- мамлекеттик заказ боюнча;
- Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен түзгөн эл аралык келишимдери боюнча, жолдомо же алмашуу аркылуу;
- чет мамлекеттердин жана Кыргыз Республикасынын жеке жана юридикалык жактары менен белгиленген тартипте жана акы төлөнүүчү негизде түзүлгөн келишимдер боюнча.
89. Академия өзүнүн менчигин түзгөн чарбалык каражаттарынын, Академиянын жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн ишинин финансылык натыйжаларынын учурдагы жана топтомо бухгалтердик эсебин жүргүзөт.
Академия Министрликке, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине, билим берүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик ыйгарым укуктуу органга жана Кыргыз Республикасынын башка тиешелүү мамлекеттик органдарына Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдары менен белгиленген форма боюнча финансылык-чарбалык иши жөнүндө кварталдык жана жылдык бухгалтердик отчетторду берет.
90. Бюджеттик жана атайын эсептердин каражаттарын, атайын эсептерге түшүүчү каражаттардын булактарын максаттуу жана натыйжалуу пайдалануунун мыйзамдуулугун, ошондой эле бюджеттик жана атайын эсептердеги каражаттар боюнча отчетторду түзүүнүн жана эсепке алуунун туура жүргүзүлүшүн мамлекеттик аудит жүргүзүүчү мамлекеттик бийлик органдары текшерет.
91. Академиянын финансылык ишине жооптуу кызматкерлер Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
13. Академиянын Уставына киргизилүүчү өзгөртүүлөр, кайра уюштуруу жана жоюу тартиби
92. Ушул Уставга өзгөртүүлөр жана толуктоолор Министрлик менен макулдашуу боюнча Академиянын сунуштарынын негизинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тарабынан киргизилет. Академиянын ченемдик актылары ушул Уставга ылайык келүүгө тийиш.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 631 токтомунун редакциясына ылайык)
93. Академия Кыргыз Республикасынын юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте кайра уюштурулушу же жоюлушу мүмкүн. Академияны кайрадан уюштурууда же жоюуда иштен бошотулган кызматкерлерге Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык алардын укуктарынын жана кызыкчылыктарынын сакталышына кепилдик берилет.
94. Академиянын иш процессинде келип чыккан документтер Кыргыз Республикасынын архив иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык сакталат жана пайдаланылат.