Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-мартындагы № 157 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 23-июну № 323
"Кара-Балта спирт заводу" мамлекеттик ишканасынын уставын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 87-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. "Кара-Балта спирт заводу" мамлекеттик ишканасынын уставы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 25-декабрындагы № 627 "Кара-Балта спирт заводу" мамлекеттик ишканасынын уставын бекитүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |