Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 13-декабрындагы № 675
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2020-жылдын 25-декабры № 629
2012-жылдын 20-февралындагы № 137 "Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун маселелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Мамлекеттик социалдык камсыздандырууну башкаруу боюнча байкоочу кеңештин ишин оптималдаштыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 137 "Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик социалдык камсыздандырууну башкаруу боюнча байкоочу кеңеш жөнүндө жободо:
- төмөнкүдөй мазмундагы 91-пункт менен толукталсын:
"91. Өзгөчө кырдаал жана/же өзгөчө абал режими, чектөө иш-чаралары (карантин) колдонулган шарттарда же Кеңештин жыйынын анын мүчөлөрүнүн түздөн-түз катышуусу менен өткөрүүгө тоскоолдук кылган ал жеткис күчтүн жагдайлары келип чыкканда Кеңештин чечими сурамжылоо аркылуу кабыл алынат.
Сурамжылоо аркылуу Кеңештин чечимин макулдашуу жол-жобосу Кеңештин төрагасынын же анын орун басарынын жазуу жүзүндөгү тапшырмасынын негизинде Кеңештин катчысы тарабынан жүзөгө ашырылат.
Кеңештин катчысы Кеңештин төрагасынын же анын орун басарынын тийиштүү тапшырмасын алгандан кийин тийиштүү документтерди үч жумуш күндүн ичинде Кеңештин мүчөлөрүнүн кароосуна жиберет.
Кеңештин чечиминин долбоору электрондук версияны пайдалануу жана (же) долбоорду кагаз түрүндө берүү менен электрондук өз ара аракеттенүү аркылуу макулдашылат.
Кеңештин мүчөлөрү менен чечимдин долбоорун макулдашуу жети жумуш күндөн ашпоого тийиш.
Эгерде макулдашуунун жыйынтыгы боюнча Кеңештин мүчөлөрүнүн жарымынан көбүнүн (сын-пикирлерсиз жана сунуштарсыз) оң жообу алынса, сурамжылоо аркылуу кабыл алынган Кеңештин чечими мыйзамдуу болуп эсептелет.".
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 5-январындагы № 1 (3180) жарыяланды
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр |
А.Э. Новиков |