Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 254 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 20-февралы №137
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун маселелери жөнүндө
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 9-январы № 1 токтомдун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин тартипке салуу жана Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндө Жобо, 1-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун башкаруу схемасы, 2-тиркемеге ылайык;
- Мамлекеттик социалдык камсыздандырууну башкаруу боюнча байкоочу кеңеш жөнүндө жобо, 3-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду:
- бул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрсүн;
- өз чечимдерин бул токтомго ылайык келтирсин.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри | Ө. Бабанов | |
|
| |
| 2-тиркеме | |
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун башкаруу СХЕМАСЫ
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 9-январы № 1 токтомдун редакциясына ылайык)