Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 254 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
3-тиркеме Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы №137 токтому менен бекитилген |
Мамлекеттик социалдык камсыздандырууну башкаруу боюнча байкоочу кеңеш жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-августундагы № 460, 2018-жылдын 19-февралындагы № 100, 2018-жылдын 31-июлундагы № 354, 2020-жылдын 25-декабрындагы № 629 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Мамлекеттик социалдык камсыздандырууну башкаруу боюнча байкоочу кеңеш (мындан ары - Кеңеш) мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жаатында мамлекеттик башкаруу органдарынын, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун, профсоюздук жана коомдук уюмдардын иштерин координациялоо үчүн мамлекеттик социалдык камсыздандыруу системасынын өз алдынча башкаруу органы катары "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык түзүлгөн.
1. Кеңештин милдеттери жана функциялары
1. Кеңештин негизги милдеттери төмөнкүлөр:
- Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруунун макулдашылган саясатын иштеп чыгуу;
- мамлекеттик социалдык камсыздандыруунун системасын өркүндөтүү боюнча иш чараларга жана реформаны даярдоого жана ишке ашырууга, анын финансылык жана уюштуруучулук туруктуулугун бекемдөөгө, жарандарды социалдык коргоо деңгээлин көтөрүүгө катышуу;
- ченемдик документтердин (мыйзамдардын, токтомдордун, концепциялардын, программалардын ж.у.с.) долбоорлорун талкуулоо, камсыздандыруу взносторунун тарифтери боюнча, мамлекеттик социалдык камсыздандыруунун бюджети жана анын аткарылышы жөнүндөгү отчеттор боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосу үчүн сунуштарды иштеп чыгуу;
- Кеңеш тарабынан мамлекеттик социалдык камсыздандыруу маселелери боюнча иштелип чыккан сунуштарды, чечимдерди Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизүү;
- мамлекеттер аралык кызматташтыктын багыттарын аныктоо, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жагында башка өлкөлөрдүн тажрыйбасын изилдөө жана пайдалануу;
- мамлекеттик социалдык камсыздандыруу системасына катышуучулардын финансылык аудитин уюштуруу, анын натыйжаларын карап чыгуу;
- социалдык өнөктөрдүн өз ара мамилелерин жөнгө салуу, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу системасынын катышуучуларынын кызыкчылыгын коргоодо өкүлчүлүк кылуу.
2. Кеңештин курамы
2. Кеңештин курамы мамлекеттик социалдык камсыздандыруунун өзүн-өзү башкара турган системасынын автономиясы болуп эсептелет жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу системасынын бардык катышуучуларынын тең укуктуу өкүлчүлүк жолу теңдеш катышуу принциптердин негизинде түзүлөт.
Кеңештин курамы төмөнкүлөрдөн түзүлөт:
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынан (макулдашуу боюнча);
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өкүлдөрүнөн (Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын, Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун кызматкерлери);
- Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун өкүлдөрүнөн;
- Кыргыз Республикасынын Кыргызстан өндүрүшчүлөрдүн жана ишкерлердин бирлигинин өкүлдөрүнөн (макулдашуу боюнча);
- Кыргыз Республикасынын Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн, укук коргоо органдарынын ардагерлеринин жана ооруктагы эмгекчилердин республикалык кеңешинин өкүлдөрүнөн (макулдашуу боюнча);
- Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомунун өкүлдөрүнөн (макулдашуу боюнча).
- Кыргызстан Профсоюздар федерациясынын өкүлдөрүнөн (макулдашуу боюнча);
- Л.М.Фомова атындагы Калкты социалдык коргоо коомдук бирикмесинин өкүлдөрүнөн (макулдашуу боюнча).
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-августундагы № 460, 2018-жылдын 19-февралындагы № 100 , 2018-жылдын 31-июлундагы № 354 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
3. Кеңештин жекече курамын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу системасынын катышуучуларынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри бекитет.
4. Кеңештин мүчөлүгүнө уюмдардын жетекчилеринин деңгээлинде тараптардын өкүлдөрү көрсөтүлөт. Алар көрсөткөн уюмдардын жана жактардын кызыкчылыгын колдойт. Кеңештин мүчөсү анын курамынан жекече арыздын негизинде, көрсөткөн тараптын чакырып алышы боюнча жана Кеңештин чечими менен чыгарылышы мүмкүн.
Кеңештин мүчөсү айрым учурларда жүйөлүү себептер менен (командировка, оору, өндүрүштүк зарылчылык) жыйынга катыша албаганда анын ордуна тиешелүү тараптын жетекчи курамынын ичинен анын орун басары же компетенттүү адис кеңеш берүүчү добуш укугу менен катыша алат.
Кеңештин мүчөсү тарабынан сунушталган ордун алмаштыруучу адистердин тизмесин Кеңештин төрагасы бекитет.
5. Кеңештин төрагасы болуп Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри эсептелет. Төраганын орун басары Кеңештин мүчөлөрүнүн ичинен үч жыл мөөнөткө ачык добуш берүү менен шайланат. Төраганын анын орун басары Кеңештин көпчүлүк мүчөлөрү талап кылып, ушул чечим үчүн алардын курамынын төрттөн үч бөлүгү добуш берсе же жеке арызынын негизинде ыйгарым укуктарынан мөөнөтүнөн мурда ажыратылышы мүмкүн.
Төрага же анын орун басары (төрага катыша албаса же анын тапшыруусу менен) Кеңештин ишин уюштурат: жыйындарды өткөрөт, учурдагы уюштуруу маселелерин чечет, чечимдердин аткарылышын контролдойт, керектүү учурларда Кеңештин атынан өкүлчүлүк кылат.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-августундагы № 460, 2018-жылдын 19-февралындагы № 100 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
6. Кеңешке Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун штатында турган Кеңештин башка иштерден бошотулган жооптуу катчысынын кызмат орду киргизилет.
3. Кеңештин иши
7. Кеңештин иши ушул Жобо жана Кеңештин чечимдери менен жөнгө салынат. Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча бардык коомдук маанилүү, тармактык документтер (мыйзамдардын долбоорлору, Өкмөттүн токтомдору, концепциялар, мамлекеттик жана тармактык программалар) Кеңеште каралууга жана анын корутундусунан кийин гана андан ары каралууга жана бекитүүгө жиберилет.
8. Кеңештин жыйындары зарылдыгына жараша, бирок жылына төрт жолудан кем эмес өткөрүлөт. Жыйын Кеңештин мүчөлөрүнүн же аларды алмаштыруучу адамдардын жарымы катышкан шартта гана укуктуу болуп эсептелет.
Социалдык камсыздандыруунун өтө маанилүү проблемаларын изилдөө, Кеңештин чечимдерин даярдоо үчүн көз карандысыз эксперттер жана консультанттар чакырылышы, иштин багыттары же өзүнчө маселелер боюнча комиссиялар түзүлүшү мүмкүн. Алар даярдаган документтерди Кеңеш карайт жана чечими менен бекитет.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-августундагы № 460 токтомунун редакциясына ылайык)
9. Кеңештин мүчөлөрүнүн кворуму болгон учурда ачык көпчүлүк добуш менен Кеңештин чечимдери кабыл алынат. Кеңештин чечимдери, эгер Кеңештин катышкан мүчөлөрүнүн жарымынан көбүрөөгү добуш берсе укуктуу болуп эсептелет. Кеңештин ар бир мүчөсү бир добушка ээ. Добуштардын саны барабар болуп калган учурда төраганын добушу чечүүчү болуп эсептелет.
91. Өзгөчө кырдаал жана/же өзгөчө абал режими, чектөө иш-чаралары (карантин) колдонулган шарттарда же Кеңештин жыйынын анын мүчөлөрүнүн түздөн-түз катышуусу менен өткөрүүгө тоскоолдук кылган ал жеткис күчтүн жагдайлары келип чыкканда Кеңештин чечими сурамжылоо аркылуу кабыл алынат.
Сурамжылоо аркылуу Кеңештин чечимин макулдашуу жол-жобосу Кеңештин төрагасынын же анын орун басарынын жазуу жүзүндөгү тапшырмасынын негизинде Кеңештин катчысы тарабынан жүзөгө ашырылат.
Кеңештин катчысы Кеңештин төрагасынын же анын орун басарынын тийиштүү тапшырмасын алгандан кийин тийиштүү документтерди үч жумуш күндүн ичинде Кеңештин мүчөлөрүнүн кароосуна жиберет.
Кеңештин чечиминин долбоору электрондук версияны пайдалануу жана (же) долбоорду кагаз түрүндө берүү менен электрондук өз ара аракеттенүү аркылуу макулдашылат.
Кеңештин мүчөлөрү менен чечимдин долбоорун макулдашуу жети жумуш күндөн ашпоого тийиш.
Эгерде макулдашуунун жыйынтыгы боюнча Кеңештин мүчөлөрүнүн жарымынан көбүнүн (сын-пикирлерсиз жана сунуштарсыз) оң жообу алынса, сурамжылоо аркылуу кабыл алынган Кеңештин чечими мыйзамдуу болуп эсептелет.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 25-декабрындагы № 629 токтомунун редакциясына ылайык)
10. Кеңеш кабыл алган чечимдер жана сунуштар мамлекеттик социалдык камсыздандыруу системасынын бардык катышуучуларынын аткаруусу үчүн милдеттүү болуп эсептелет.
11. Талкуулоо үчүн документтер жыйынга чейин бир жума мурда Кеңешке берилет жана Кеңештин бардык мүчөсүнө таркатылат.
12. Кеңештин жыйынынын чакырылышынын күн тартиби, убактысы жана орду анын төрагасы тарабынан аныкталат. Кеңештин кезексиз жыйынын чакырууга демилгечи жыйынга чейин эки жума мурда сунуш киргизген анын каалаган мүчөсү болушу мүмкүн. Кеңештин жыйынын шашылыш чакыруу анын курамынын үчтөн экиси макул болгондо жүргүзүлөт. Чакырылыштын демилгечиси Кеңештин жооптуу катчысына талкуулоо үчүн документтерди (маалымкаттарды, актыларды, чечимдердин долбоорун жана талкуулоо зарылдыгын далилдеген башка документтерди) берет, алар Кеңештин бардык мүчөлөрүнө таркатылат.
13. Кеңештин жыйындарына протокол жазылат.
Чечимдерге төрага же орун басары кол коет, түп нускасы Кеңештин катчысында сакталат.
Кеңештин катчысы Кеңештин мүчөлөрүнүн ортосундагы кат алышууну жүргүзөт, алардын сунуштары боюнча иштин план-божомолун, жыйындардын күн тартибин жана протоколун түзөт, Кеңештин компетенциясына кирген маселелер боюнча төраганын тапшырмаларынын жана Кеңештин чечимдеринин өз убагында аткарылышын контролдойт.
Кеңештин чечиминин протоколу Кеңештин бардык мүчөлөрүнө чечим кабыл алынгандан кийин 15 күндөн кечиктирилбей жиберилет.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-августундагы № 460 токтомунун редакциясына ылайык)
14. Кеңештин келерки жылга ишинин план-божомолу Кеңештин мүчөлөрү берген сунуштар боюнча иштелип чыгат жана аны төрага бекитет.
4. Кеңешти финансылык жана материалдык жактан камсыз кылуу
15. Кеңештин ишин финансылык жана материалдык жактан камсыз кылууну Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду ишке ашырат.
16. Кеңештин ишин камсыздоого каражаттар зарылдыгына жараша бөлүнөт жана Кеңештин жыйындарында каралуучу даярдоого, кеңселик жана чарбалык чыгымдарга, башка иштерден бошотулган жооптуу катчыны кармоого, анын командировкалык чыгымдарына ж.у.с. чыгымдалат.
17. Кеңешти материалдык камсыздоо катары Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду башка иштерден бошотулган жооптуу катчыга имарат, эмерек, чарбалык инвентарлар, байланыш каражаттарын, оргтехника, кеңселик буюмдарды берет.