Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2020-жылдын 1-декабры № 589
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 4-апрелиндеги № 172 "Чек ара режиминин жана чек ара тилкесиндеги режимдин эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү процессин автоматташтыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 4-апрелиндеги № 172 "Чек ара режиминин жана чек ара тилкесиндеги режимдин эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын чек арага жакын аймактарындагы чек ара режиминин жана чек ара тилке режиминин эрежелеринде:
- төмөнкүдөй мазмундагы 11-пункт менен толукталсын:
"11 Эрежелерде төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
автоматташтырылган маалыматтык система - маалыматты топтоого, сактоого, берүүгө жана иштеп чыгууга байланышкан ишти автоматташтыруу үчүн арналган программалык аппараттык каражаттардын жыйындысы болуп саналган система;
өтүнүч кат - калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын сайты аркылуу жиберилген же болбосо кагаз түрүндө берилген жеке же юридикалык жактын чек ара режими орнотулган чек арага жакын аймакка кирүүгө уруксат берүү жөнүндө кайрылуусун камтыган документ;
жарактуу документ - ким экендигин күбөлөндүрүүчү документ, анын бардык бөлүктөрү жана реквизиттери аны берген мамлекеттин компетенттүү органдары тарабынан белгиленген үлгүлөргө ылайык келет, ага ыйгарым укуктуу органдар тарабынан талаптагыдай түрдө таризделет, колдонуу мөөнөтү өтпөйт, көрсөткөн адамга таандык болот жана жасалма болбойт.";
- 4-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Уруксат калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын атайын штампын өтүнүч катка коюу жолу менен таризделет. Атайын штамптын формасы калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет.";
- 9-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"9. Чек ара режими орнотулган чек арага жакын аймакта жүргөн жарандарда төмөнкүлөр болууга тийиш:
- ким экендигин күбөлөндүрүүчү жарактуу документтер;
- калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын же анын аймактык бөлүмүнүн чек арага жакын аймакка кирүүгө уруксаты.";
- 14 жана 15-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"14. Уруксат алуу үчүн жарандар жана уюмдар өтүнүч кат берүүчү жактардын категориясына жараша калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга же анын аймактык бөлүмдөрүнө кагаз түрүндө же калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын сайты аркылуу электрондук түрдө ушул Эрежелердин 2, 21 жана 22-тиркемелерине ылайык форма боюнча өтүнүч кат менен кайрылышат.
15. Уруксат алуу үчүн төмөнкү документтерди берүү зарыл:
1) жеке жактар кайрылганда:
Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн:
- ушул Эрежелердин 2-тиркемесине ылайык форма боюнча түзүлгөн өтүнүч катты;
- Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдагы же 2017-жылдагы үлгүдөгү паспортун;
- мамлекеттик алымды төлөгөндүгү жөнүндө квитанцияны.
чет өлкөлүк жарандар же болбосо жарандыгы жок адамдар үчүн:
- ушул Эрежелердин 2-тиркемесине ылайык форма боюнча түзүлгөн өтүнүч катты;
- чет өлкөлүк паспортун же болбосо жашап туруу укугун;
- мамлекеттик алымды төлөгөндүгү жөнүндө квитанцияны;
- жарактуу визаны, эгерде визасыз режим чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында же Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башка каралбаса (чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн);
топтук (жамааттык) кайрылуу үчүн:
- ушул Эрежелердин 21-тиркемесине ылайык форма боюнча түзүлгөн өтүнүч катты;
- паспортун (чет өлкөлүк) же болбосо жашап туруу укугун же алардын көчүрмөлөрүн;
- жарактуу визаны, эгерде визасыз режим чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында же Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башка каралбаса (чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн);
2) юридикалык жактар кайрылганда:
- ушул Эрежелердин 22-тиркемесине ылайык форма боюнча түзүлгөн өтүнүч катты;
- юридикалык жактын өтүнүч кат менен кайрылуу укугуна кызыкчылыктарын коргоого ишеним катты жана өкүлдүн ким экендигин күбөлөндүрүүчү документти;
- паспортун же болбосо жашап туруу укугун же алардын көчүрмөлөрүн (бардык жарандар үчүн);
- келүү максатын ырастоочу документтерди (өтүнүч катта көрсөтүлгөн ишти жүргүзүүгө укук берген, уюм тарабынан берилген уюмдаштыруу документинен көчүрмөнү);
- мамлекеттик алымды төлөгөндүгү жөнүндө квитанцияны;
- жарактуу визаны, эгерде визасыз режим чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында же Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башка каралбаса (чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн).
Ушул пунктта көрсөтүлгөн кагаз түрүндө берилген документтер автоматташтырылган маалыматтык системага киргизүү үчүн сканерленет, документтердин түп нускалары арыз ээсине кайтарылууга тийиш.";
- 19-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
- 21-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"21. Уруксат алуу тууралуу жарандардан жана уюмдардан түшкөн өтүнүч каттар жана аларга тиркелген документтер калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же анын аймактык бөлүмдөрү тарабынан каралат жана 1 (бир) жумуш күндүн ичинде жооптуу кызматкер тарабынан автоматташтырылган маалыматтык система аркылуу улуттук коопсуздук маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга же анын аймактык бөлүмдөрүнө макулдашууга жиберилет.
Түшкөн өтүнүч катта кемчиликтер, так эместиктер же болбосо оңдоолор аныкталган учурда калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын же анын аймактык бөлүмүнүн кызматкери өтүнүч кат түшкөн учурдан тартып кийинки жумуш күндөн кечиктирбестен, ушул кемчиликтерди ондоого мүмкүнчүлүк берүү менен бул тууралуу арыз ээсине билдирет.
Эгерде арыз ээси тарабынан 10 (он) жумуш күндүн ичинде кемчиликтер жоюлбаса, калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же анын аймактык бөлүмү өтүнүч катты кайтарып берет.";
- 4-главасы төмөнкүдөй мазмундагы 21-1-пункт менен толукталсын:
"21-1. Калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайты аркылуу электрондук формада өтүнүч кат берүүнү каалаган жарандар жана уюмдар:
1) калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтында авторизациялоо жол-жобосунан өтөт;
2) жеке же юридикалык жактар үчүн бөлүмдү тандайт жана ушул Эрежелердин 15-пунктуна ылайык документтердин электрондук көчүрмөлөрүн тиркөө менен электрондук өтүнүч катты толтурат;
3) жеке маалыматтарды иштеп чыгууга макулдук берет жана электрондук арызды ырастайт.
Электрондук арызды ырастоодон кийин электрондук портал уруксат берүү үчүн мамлекеттик алымды төлөө кодун генерациялайт.
Мамлекеттик алымды төлөө тартиби калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталында жайгаштырылат.
Ушул пунктта көрсөтүлгөн иш-аракеттер аткарылгандан кийин электрондук өтүнүч кат жөнөтүлгөн учурдан тартып кийинки жумуш күндөн кечиктирбестен электрондук почтанын көрсөтүлгөн дарегине электрондук өтүнүч кат кабыл алынгандыгы жөнүндө кабарлама түшөт.";
- 22-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Улуттук коопсуздук маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же анын аймактык бөлүмү автоматташтырылган маалыматтык система аркылуу өзүнүн жообун жиберет.";
- 24-пунктундагы "ким экендигин тастыктаган жарактуу документтердин көчүрмөлөрүн" деген сөздөр "паспортторунун жана туруктуу жашап туруу укугунун көчүрмөлөрүн" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 25-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"25. Уруксат берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын же анын аймактык бөлүмүнүн жетекчиси тарабынан төмөнкү учурларда кабыл алынат:
- улуттук коопсуздук кызыкчылыктарында;
- эгерде арыз ээси тарабынан өтүнүч каттагы кемчиликтер арыз ээсине бул тууралуу кабарланган учурдан тартып 10 (он) жумуш күндүн ичинде жоюлбаса.";
- 26-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Арыз ээси тарабынан калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын же анын аймактык бөлүмүнүн чек арага жакын аймакка кирүүгө уруксат берүүдөн баш тартуусу арыз ээсине баш тартуу жөнүндө кабарланган учурдан тартып 5 (беш) жумуш күндүн ичинде даттанылышы мүмкүн.";
- 48-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи жана үчүнчү абзацтар менен толукталсын:
"Түшкөн арызда жана ага тиркелген документтерде кемчиликтер, так эместиктер же болбосо ондоолор аныкталган учурда мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын же облус боюнча башкармалыгынын (чек ара отряды) кызматкери арыз ээсине бул кемчиликтерди жоюу мүмкүндүгүн берүү менен ага бул тууралуу билдирет.
Эгерде арыз ээси тарабынан кемчиликтер жоюлбаса, мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган арызды кайтарып берет.";
- 51 жана 52-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"51. Өткөрмө берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамы, облус боюнча башкармалыгынын жетекчиси (чек ара отрядынын начальниги) тарабынан төмөнкү учурларда кабыл алынат:
- арыз ээси өзү жөнүндө жалган маалыматтарды билдирсе же (жана) жасалма документтерди жана толук эмес маалыматтарды берсе;
- эгерде арыз ээси тарабынан арыздагы кемчиликтер бул тууралуу арыз ээсине кабарланган учурдан тартып жоюлбаса.".
52. Өткөрмө берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим арыз ээсине мындай чечим кабыл алынган учурдан тартып билдирилет. Уруксат берүүдөн баш тартуу жөнүндөгү кабарлама арыз ээсинин талабы боюнча жазуу жүзүндө берилет.
Арыз ээси тарабынан мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өткөрмө берүүдөн баш тартуусу арыз ээсине баш тартуу жөнүндө кабарланган учурдан тартып даттанылышы мүмкүн.";
- жогоруда аталган Эрежелердин 2-тиркемеси ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
- Эрежелер ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык редакциядагы 21 - 22-тиркемелер менен толукталсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 5-январындагы № 1 (3180) жарыяланды
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр |
А.Э. Новиков |
|
| 1-тиркеме |
|
| "Кыргыз Республикасынын чек арага жакын аймактарындагы чек ара режиминин жана чек ара тилке режиминин эрежелерине 2-тиркеме |
Форма
Өтүнүч кат (жеке жактар үчүн)
ИЖН:____________________________________________________________________
_________________________________________________________________________
Фамилиясы, аты, атасынын аты ______________________________________________
_________________________________________________________________________
Туулган күнү: ________________________ Туулган жери: _________________________
_________________________________________________________________________
Жарандыгы: _______________________________________________________________
Жашаган жеринин дареги: ____________________________________________________
Иштеген жери, кызмат орду: __________________________________________________
Байланыш телефону: ____________________ mail: _____________________________
Ким экендигин күбөлөндүрүүчү документ: _______________________________________
_________________________________________________________________________
(түрү, сериясы, номери, берилген күнү жана аны берген органдын аталышы)
Чегинде чек ара режими орнотулган
_________________________________________________________________________
(чек арага жакын аймактын чегиндеги калктуу конуш, район, облус)
_________________________________________________________________________
кирүү (өтүү), убактылуу болуу жана орун которуу үчүн уруксат берүү тууралуу
маселени карап чыгууну өтүнөм, кирүүгө (өтүүгө) жана болууга муктаждык
төмөнкүгө шартталган ______________________________________________________
(келүүнүн максаты)
Көрсөтүлгөн максаттарды камсыз кылуу үчүн төмөндөгү мөөнөткө уруксат зарыл _____
_________________________________________________________________________
(болуу мөөнөтү)
Аны менен кошо жашы жете элек балдар бар:
ИЖН: ____________________________________________________________________
Фамилиясы, аты, атасынын аты: ______________________________________________
Туулган күнү, айы жана жылы: ________________________________________________
Ким экендигин күбөлөндүрүүчү документ: _______________________________________
__________________________________________________________________________
(түрү, сериясы, номери. берилген күнү жана аны берген органдын аталышы)
Датасы: ____________________________ Колу __________________________________
Эстеткич: 1. Чек ара режими орнотулган чек арага жакын аймакта жүргөн жарандарда төмөнкүлөр болууга тийиш: - ким экендигин күбөлөндүрүүчү жарактуу документтер; - калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын же анын аймактык бөлүмүнүн чек арага жакын аймакка кирүүгө мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын же анын жоопкерчилик жүктөлгөн участокторунун чегиндеги облустар боюнча башкармалыктарынын (чек ара отряддарынын, чек ара заставаларынын, бөлүмдөрүнүн) кызмат адамынын резолюциясы менен каттоо номери бар, мөөр менен күбөлөндүрүлгөн уруксаты. 2. Уруксат өтүнүч катта көрсөтүлгөн мөөнөткө (визалык режим киргизилген чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн визанын жарактуу мөөнөтүнө), бирок 1 жылдан ашык эмес мөөнөткө берилет жана узартылбайт. 3. Жоголгон уруксат калыбына келтирилбейт. |
".
|
| 2-тиркеме |
|
| "Кыргыз Республикасынын чек арага жакын аймактарындагы чек ара режиминин жана чек ара тилке режиминин эрежелерине 21-тиркеме |
Форма
Топтук (жамааттык) кайрылуу үчүн өтүнүч кат
ИЖН:____________________________________________________________________
_________________________________________________________________________
Фамилиясы, аты, атасынын аты ______________________________________________
_________________________________________________________________________
Туулган күнү: ________________________ Туулган жери: _________________________
_________________________________________________________________________
Жарандыгы: _______________________________________________________________
Жашаган жеринин дареги: ____________________________________________________
Иштеген жери, кызмат орду: __________________________________________________
Байланыш телефону: ____________________ mail: _______________________________
Ким экендигин күбөлөндүрүүчү документ: _______________________________________
_________________________________________________________________________
(түрү, сериясы, номери, берилген күнү жана аны берген органдын аталышы)
Чегинде чек ара режими орнотулган
_________________________________________________________________________
(чек арага жакын аймактын чегиндеги калктуу конуш, район, облус)
_________________________________________________________________________
кирүү (өтүү), убактылуу болуу жана орун которуу үчүн уруксат берүү тууралуу
маселени карап чыгууну өтүнөм, кирүүгө (өтүүгө) жана болууга муктаждык
төмөнкүгө шартталган ______________________________________________________
(келүүнүн максаты)
Көрсөтүлгөн максаттарды камсыз кылуу үчүн төмөндөгү мөөнөткө уруксат зарыл _____
_________________________________________________________________________
(болуу мөөнөтү)
Тиркеме: __________________________________________________________________
(өтүнүч катка тиркелген документтердин тизмеги)
Эстеткич: 1. Чек ара режими орнотулган чек арага жакын аймакта жүргөн жарандарда төмөнкүлөр болууга тийиш: - ким экендигин күбөлөндүрүүчү жарактуу документтер; - калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын же анын аймактык бөлүмүнүн чек арага жакын аймакка кирүүгө мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын же анын жоопкерчилик жүктөлгөн участокторунун чегиндеги облустар боюнча башкармалыктарынын (чек ара отряддарынын, чек ара заставаларынын, бөлүмдөрүнүн) кызмат адамынын резолюциясы менен каттоо номери бар, мөөр менен күбөлөндүрүлгөн уруксаты. 2. Уруксат өтүнүч катта көрсөтүлгөн мөөнөткө (визалык режим киргизилген чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн визанын жарактуу мөөнөтүнө), бирок 1 жылдан ашык эмес мөөнөткө берилет жана узартылбайт. 3. Жоголгон уруксат калыбына келтирилбейт. |
Датасы: ______________________ Колу: __________________
Жарандардын тизмеси
№ | Ф.А.А. | Туулган күнү, айы жана жылы | Жарандыгы | Паспорттун же жашап туруу укугунун №, сериясы жана берилген датасы |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| Кыргыз Республикасынын чек арага жакын аймактарындагы чек ара режиминин жана чек ара тилке режиминин эрежелерине 22-тиркеме |
Форма
Өтүнүч кат (юридикалык жактар үчүн)
Уюмдун ИЖН: ________________________________________________________________
Уюмдун толук аталышы: _______________________________________________________
Юридикалык дареги: __________________________________________________________
Байланыш телефону: ____________________, mail: _________________________________
Каттоочу органдын аталышы, мамлекеттик каттоо жөнүндө чечимдин датасы жана номери:
_____________________________________________________________________________
Уюмдун жетекчиси тууралуу маалыматтар
_____________________________________________________________________________
(Фамилиясы, аты, атасынын аты)
_____________________________________________________________________________
(Туулган күнү, айы жана жылы)
_____________________________________________________________________________
(Дареги, жашаган жери)
Чегинде чек ара режими орнотулган
_____________________________________________________________________________
(чек арага жакын аймактын чегиндеги калктуу конуш, район, облус)
_____________________________________________________________________________
кирүү (өтүү), убактылуу болуу жана орун которуу үчүн тиркемеге ылайык жаранга
(жарандардын тобуна) уруксат берүү тууралуу маселени карап чыгууну өтүнөм, кирүүгө
(өтүүгө) жана болууга муктаждык төмөнкүгө шартталган _______________________________
(келүүнүн максаты)
_____________________________________________________________________________
Көрсөтүлгөн максаттарды камсыздоо үчүн төмөндөгү мөөнөткө уруксат зарыл
_____________________________________________________________________________
(болуу мөөнөтү)
Тиркеме: _____________________________________________________________________
_____________________________________________________________________________
(өтүнүч катка тиркелген документтердин тизмеги)
Датасы: ______________________ Колу: __________________
Эстеткич: 1. Чек ара режими орнотулган чек арага жакын аймакта жүргөн жарандарда төмөнкүлөр болууга тийиш: - ким экендигин күбөлөндүрүүчү жарактуу документтер; - калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын же анын аймактык бөлүмүнүн чек арага жакын аймакка кирүүгө мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын же анын жоопкерчилик жүктөлгөн участокторунун чегиндеги облустар боюнча башкармалыктарынын (чек ара отряддарынын, чек ара заставаларынын, бөлүмдөрүнүн) кызмат адамынын резолюциясы менен каттоо номери бар, мөөр менен күбөлөндүрүлгөн уруксаты. 2. Уруксат өтүнүч катта көрсөтүлгөн мөөнөткө (визалык режим киргизилген чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн визанын жарактуу мөөнөтүнө), бирок 1 жылдан ашык эмес мөөнөткө берилет жана узартылбайт. 3. Жоголгон уруксат калыбына келтирилбейт. |
Жарандардын тизмеси
№ | Ф.А.А. | Туулган күнү, айы жана жылы | Жарандыгы | Паспорттун же жашап туруу укугунун №, сериясы жана берилген датасы |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Эскертүү: жарандардын тизмесинин ар бир барагына кол коюлууга жана уюмдун мөөрү менен күбөлөндүрүлүүгө тийиш.".