Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 10-августундагы № 444 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2020-жылдын 30-сентябры № 504
Ишкердик субъекттердин ишине ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдоо методикасын бекитүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесине жана "Ишкердик ишин жөнгө салуунун ченемдик укуктук базасын оптималдаштыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесине ылайык, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Ишкердик субъекттердин ишине ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдоо методикасы (мындан ары - ЖСТТ методикасы) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, башка мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча):
1) ишкердик ишин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгууда ЖСТТ методикасын жетекчиликке алышсын;
2) ЖСТТ методикасын окуп-үйрөтүү боюнча борбордук аппараттарда жана ведомстволук уюмдарда ишти уюштурушсун.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги төмөнкүлөр боюнча ыйгарым укуктуу орган болуп аныкталсын:
1) ишкердик ишин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун ЖСТТ методикасына, ошондой эле ыйгарым укуктуу орган бекиткен адистештирилген методиканын талаптарына шайкеш келүүсүнө экспертиза жүргүзүү;
2) ЖСТТнын мамлекеттик системаларын жана аны ишке ашыруу механизмдерин өнүктүрүү саясатын түзүү;
3) ЖСТТ жүргүзүүнү методикалык камсыздоону иштеп чыгуу жана актуалдаштыруу;
4) коомдук консультациялардын ЖСТТ жүргүзүү процессинде ыйгарым укуктуу орган бекиткен адистештирилген методиканын талаптарына шайкеш келүүсүнө экспертиза жүргүзүү;
5) адистештирилген методикаларды бекитүү (экономикалык кесепеттерине талдоо жүргүзүү, укуктук, коррупцияга каршы талдоолорду жүргүзүү жана атаандаштыкка таасирин талдоо методикалары).
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-сентябрындагы № 559 "Ишкер субъекттердин ишине ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдоонун методикасын бекитүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 16-октябрындагы № 86 (3156) жарыяланды
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | К.А. Боронов |