Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 10-августундагы № 444 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-сентябрындагы № 504 токтомуна) |
Ишкердик субъекттердин ишине ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдоо методикасы
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Методика ишкердик субъекттердин ишин жөнгө салууга багытталган ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу процессинде жөнгө салуучу таасирин талдоонун (мындан ары - ЖСТТ) тартибин белгилейт.
2. ЖСТТ методикасы ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун жана колдонуудагы ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү караштырган долбоорлорду иштеп чыгууда колдонулат.
3. Ишкердик ишти жөнгө салууга багытталган ченемдик укуктук актылар ЖСТТ жүргүзүүнү талап кылат, алар ишкерлер тарабынан жеке же карызга алынган каражаттарды колдонуу тартибин, ишкердик иш үчүн тобокелдиктин деңгээлин, ишкерлердин мүлктүк жоопкерчилигин, ошондой эле пайда алуу мүмкүнчүлүгүнө жана өлчөмүнө таасирин тийгизген шарттарды тигил же бул деңгээлде аныктайт/өзгөртөт.
Ишкердик ишке жөнгө салуучу таасиринин бар экени кыйыр же башка ченемдик укуктар менен пайда болуучу мүмкүн болгон кесепеттер эмес, ченемдик укуктук актыда ушул ишке түздөн-түз таасирин тийгизүүчү жөнгө салуучу ченемдердин болушу менен аныкталат.
4. Төмөнкүдөй ченемдик укуктук актылардын долбоорлору каралып жаткан учурда ЖСТТ жүргүзүү талап кылынбайт:
1) эл аралык келишимдерди ратификациялоо, аларга кошулуу жана бекитүү жөнүндө;
2) эл аралык келишимдерди аткарууга байланыштуу;
3) ченемдик укуктук актынын колдонуу мөөнөтү 6 айдан ашпаган шартта, өзгөчө кырдаалдын алдын алуу же өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюу үчүн шашылыш тартипте кабыл алынуучу;
4) экономикалык иш чөйрөсүндөгү кылмыштар үчүн жазык жоопкерчилигин гана камтыган;
5) концепцияларды, стратегияларды, программаларды, иш-аракеттер планын жана башка ушул сыяктуу документтерди кабыл алууга багытталган;
6) эл аралык стандарттapга шайкеш келтирүүгө багытталган;
7) юридикалык күчү боюнча жогору турган ченемдик укуктук актыларга шайкеш келтирүүгө же бирдей юридикалык күчкө ээ болгон ченемдик укуктук актылардын ортосундагы коллизияларды жок кылууга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын чечимдерин аткарууга багытталган.
5. Ишке ашыруу тартиби ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилген методикаларда берилген, Методикада көрсөтүлгөн баалоолорду аткарууда ушул методикаларды колдонуу сунушталат.
6. Жөнгө салууну өзгөртүү үчүн жетиштүү негиздер аныкталса, ченемдик укуктук актынын долбоору жана ушул Методикада каралган жөнгө салуунун артыкчылыктуу вариантынын негиздемелерин камтыган аналитикалык маалым кат ЖСТТ жүргүзүүнүн жыйынтыгы болуп саналат.
7. ЖСТТ жөнгө салууну өзгөртүүнүн демилгечиси болуп саналган мамлекеттик бийлик органы/ жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы (мындан ары - иштеп чыккан орган) тарабынан жүргүзүлөт.
8. Ушул Методикада төмөнкүдөй терминдер колдонулат:
жөнгө салуучу таасирин талдоо - көйгөйлөрдү талдоо, жөнгө салуунун максаттарын белгилөө, жөнгө салуунун жол берилген варианттарын издөө, ишкердик иштин субъекттери, мамлекет жана жарандар үчүн, аларга байланыштуу мүмкүн болуучу кесепеттерди, пайдаларды жана чыгымдарды аныктоо, жөнгө салуунун кыйла артыкчылыктуу ыкмасын негиздөө жол-жоболорун камтыган ушул Методика менен регламенттелген процесс;
аналитикалык кат - жүргүзүлгөн ЖСТТнын жыйынтыктарын камтыган документ, анын негизинде ченемдик укуктук актынын (мындан ары - ЧУА) долбоору иштелип чыгат;
жөнгө салуунун варианты - ЖСТТнын предмети болуп саналган, коомдук мамилелерди жөнгө салуунун мүмкүн болуучу ыкмаларынын бири чагылдырган, көрсөтүлгөн бардык баалоолорду жүргүзүү менен ЖСТТ методикасына ылайык иштелип чыккан жөнгө салуу ченемдеринин жыйындысы;
кызыкдар тараптар - учурдагы жөнгө салууну сактоого же өзгөртүүгө кызыкдар болгон ишкердик субъекттер жана бизнес ассоциациялар, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жарандар (калк) жана алардын бирикмелери, жарандык сектордун коммерциялык эмес уюмдары:
сапаттык индикаторлор - нарктын, салмактын, узундуктун, сандын, натыйжалуулуктун ж.б. так бирдиги менен баалоо өтө татаал болгон индикаторлор. Алар, эреже катары, адамдардын тигил же бул фактыга, көрүнүштөргө карата мамилелерин, каалоолорун жана баалоолорду көрсөтөт. Сапаттык индикаторлор пайыздар менен баалап өлчөнөт;
сандык индикаторлор - кандайдыр бир экономикалык же физикалык мааниге ээ болгон айрым сан түрүндө көрсөтүлгөн индикатор. Ага, мисалы, бардык финансылык жана рыноктук көрсөткүчтөр (киреше, таза пайда, туруктуу жана өзгөрмөлүү чыгымдар, сатуу көлөмү, рыноктун үлүшү ж.б.), нарктык, салмактык, узундук бирдиктери менен өлчөнүүчү көрсөткүчтөр, жыйынды бирдик санынын көрсөткүчтөрү (мисалы, бузуулардын саны, ишканалардын саны, кызматкерлердин саны ж.б.) кирет;
көйгөйлөрдүн масштабы - учурдагы жөнгө салууну колдонуунун натыйжасында терс кесепеттерге ээ болгон, экономикалык, социалдык, аймактык жана башка өлчөмдөрдө берилген ишкердик субъекттердин, жарандардын саны;
көп критерийлүү талдоонун методикасы - баалоо критерийлери көп болгон учурда бардык альтернативалардын арасынан жөнгө салуунун артыкчылыктуу вариантын талдоо методикасы;
толук ЖСТТ - сунушталган жөнгө салуунун негиздүүлүгүн камсыз кылуу үчүн алып салууларсыз ушул Методиканын талаптарына ылайык жүргүзүлгөн жөнгө салуучу таасирин талдоо;
көйгөйлөр - аларга карата каршылыктар/нааразычылыктар/кооптонуулар айтылган кызыктар тараптарга чыгым/зыян алып келген же алып келиши мүмкүн болгон көрүнүштөр, окуялар, иш-аракеттер, процесстер;
ишкердик ишин жөнгө салуу - ишкердик субъекттерге жана алардын ишине карата укуктарды, милдеттенмелерди жана талаптарды белгилөө, ошондой эле мамлекеттик органдардын/жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана ишкердик субъекттердин ортосундагы мамилелерди жөнгө салуу;
адистештирилген методикалар - күтүлгөн экономикалык кесепеттерди, атаандаштыкка тийгизген таасирин баалоо жана ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилген коомдук консультацияларды жүргүзүү методикасы;
стандарттуу методикалар - ачык жеткиликтүү болгон методикалык адабияттарда жазылган ар түрдүү баалоо методикасы;
ишкердик субъекттер - мыйзамда белгиленген тартипте катталган, уюштуруу-укуктук формасына жана менчик формасына карабастан пайда алуу максатында мыйзамда тыюу салынбаган ишкердикти өзүнүн тобокелдиги жана жеке мүлктүк жоопкерчилиги менен ишке ашырган жеке жана юридикалык жактар;
жарым-жартылай ЖСТТ - кадрдык, финансылык, уюштуруучулук, убакыт жана башка ресурстар чектелген шарттарда сунушталган жөнгө салуунун таасиринин даражасынын жана талдоодо тереңдигинин шайкештигин камсыз кылуу үчүн ушул Методиканын айрым талаптарын алуу менен жүргүзүлгөн жөнгө салуучу таасирин талдоо.
2-глава. Жумушчу топ. ЖСТТ жүргүзүү этаптары
1-§. ЖСТТ жүргүзүү үчүн жумушчу топту түзүү
9. ЖСТТ жүргүзүү иштеп чыккан органдын ЖСТТ жүргүзүү жөнүндө чечими боюнча ишке ашырылат, анда жүргүзүү мөөнөтү аныкталат, жумушчу топтун курамы жана иш планы бекитилет.
10. Жумушчу топтун курамына иштеп чыккан органдын, башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, ошондой эле ишкердик ишинин жөнгө салуу жүргүзүлө турган чөйрөсүнө түз тиешеси бар бизнес-ассоциациялардын өкүлдөрү макулдашуу боюнча киpeт. Зарыл болгон учурларда жумушчу топтун курамына коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү, эксперттер, ишкердиктин өз алдынча субъекттери, жарандар жана башка кызыкдар болгон тараптар макулдашуу боюнча кириши мүмкүн.
11. Жумушчу топтун курамына ушул Методиканын талаптарынын сакталышына документтерге экспертиза жүргүзгөн ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлери ЖСТТ жүргүзүү үчүн жумушчу топтун курамына киргизилбейт.
12. Бизнес-ассоциацияларды жана башка коммерциялык эмес уюмдарды көрсөткөн жактар жумушчу топко катышуу үчүн аларга ЖСТТ жүргүзүүгө катышуу үчүн ыйгарым укук берилгендигин тастыктаган катты иштеп чыккан органга берет.
13. Жумушчу топту түзүүдө иштеп чыккан орган топтун мүчөлөрүнүн юриспруденция, финансы жана экономика, киргизилүүчү жөнгө салуу тармагында билимин, ЖСТТ жүргүзүү үчүн керектүү методикаларды билүү деңгээлин эске алат.
14. Жумушчу топ ЖСТТ принциптерин жетекчиликке алат: негиздүүлүк, объективдүүлүк, ачыктык, ырааттуулук, өз ара байланыштуулук жана түшүнүктүүлүк, ЖСТТ сапаттуу жана жоопкерчилик менен жүргүзөт.
2-§. ЖСТТ жүргүзүү этаптары
15. Алгачкы этап - ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыгуу жөнүндө кабарлоо. Бул этапта иштеп чыккан орган ишкердик иштин конкреттүү чөйрөсүндө укуктук жөнгө салууну өзгөртүү ниети жана жөнгө салуу тууралуу өзүнүн сунуштары жөнүндө кабарлайт. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун иштеп чыгууда алгачкы этап аткарылбайт (Бишкек жана Ош шаарларынын муниципалитеттеринен тышкары).
16. Ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыгуу жөнүндө кабарлоо ушул Методиканын 1-тиркемелерине ылайык форма боюнча жумушчу топ тарабынан даярдалат жана ачык консультациялар үчүн иштеп чыккан органдын расмий сайтына 15 күндөн кем эмес мөөнөткө жайгаштырылат.
17. Ачык консультация жүргүзүү жөнүндө төмөнкүдөй органдарды жана уюмдарды кабарлоо сунушталат:
- ыйгарым укуктуу органды жана аткаруу жана мыйзам чыгаруу бийлигинин башка кызыкдар органдарын;
- ишкердик иштин жөнгө салынуучу чөйрөсүнө түз тиешеси бар бизнес-ассоциацияларды;
- ишинин максаты ишкердик иштин субъекттеринин кызыкчылыктарын коргоо жана көрсөтүү болуп саналган органдарды жана уюмдарды;
- ишкердик иштин субъекттеринин укуктарын, эркиндигин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча ыйгарым укуктууларды (бизнес-омбудсмен);
- жөнгө салуунун көйгөйлөрүнүн, максаттарынын жана предметинин мазмунунан улам, ачык консультацияга тартуу максатка ылайыктуу болгон башка жактарды.
18. Жумушчу топ идентификациялоочу булактан электрондук түрдө, ошондой эле сунуштун авторунун реквизиттерин көрсөтүү менен жазуу жүзүндө келип түшкөн консультациянын катышуучуларынын бардык сунуштарын карап чыгат.
Ар бир келип түшкөн сунуш аны кабыл алуу же баш тартуу жөнүндө жумушчу топтун чечимин чыгаруу менен маңызы боюнча каралат.
19. Келип түшкөн сунуштар Сунуштардын жана жооптордун реестринде (мындан ары - Реестр) аларга каттоо номерин ыйгаруу менен катталууга тийиш, аны ушул Методиканын 2-тиркемесине ылайык форма боюнча иштеп чыккан орган даярдайт.
20. Кабарлоодо белгиленген ачык консультациянын мөөнөтү аяктаганда иштеп чыккан орган Реестрди өзүнүн расмий сайтына жайгаштырат.
21. Кабарлоодо берилген маалымат тууралуу ачык консультациянын жыйынтыгы боюнча ЖСТТ иштеп чыккан орган жөнгө салууну өзгөртүү боюнча ишти улантуу же мындан аркы ишти токтотуу жөнүндө чечимди кабыл алат.
Жөнгө салууну өзгөртүү боюнча иштер улантылганда алынган сунуштар 1-10-этаптарда ЖСТТ жүргүзүү процессинде колдонулат.
22. 1-этап. Көйгөйлөрдү аныктоо. Бул этапта мамлекеттик бийлик органы/жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы аныкталган көйгөйлөрдү тактоо жана деталдуу түшүнүү үчүн керектүү бардык маалыматтарды чогултушат, аларды чечүүнүн экономикалык жана укуктук негиздерин жана актуалдуулугун aныкташат.
23. Бул этапты ишке ашыруу үчүн төмөнкүлөр керектелет:
1) ар бир конкреттүү учур үчүн керектүү деталдаштыруу менен ишкерлерде жана бизнес-ассоциaцияларда (категориялар боюнча), мамлекеттик бийлик органдарында/жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, жарандарда жана алардын бирикмелеринде пайда болгон көйгөйлөрдүн мүмкүн болуучу себеби катары жөнгө салуунун ушул чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүү тажрыйбасына карата кызыкдар болгон тараптардын ой-пикирлерине талдоо жүргүзүү жана алардын кызыкчылыктарына колдонуудагы жөнгө салуунун терс жана оң таасирин табуу; мүмкүнчүлүккө жараша көйгөйлөрдү мүнөздөөчү сандык жана сапаттык көрсөткүчтөрдү көрсөтүү;
2) кызыкдар болгон тараптар үчүн көйгөйлөрдүн келип чыгуу себептери катары ушул чөйрөдөгү мамилелерди жана иштеп жаткан институттарды жөнгө салуу жаатында колдонуудагы мыйзамдарга талдоо жүргүзүү, укук колдонуу тажрыйбасынын өзгөчөлүгүн табуу жана кайсы мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жагдайга кандай таасир тийгизээрин аныктоо;
3) экономикалык-статистикалык жана аналитикалык маалыматтарга талдоо жүргүзүү, экономиканын тийиштүү секторундагы көрсөткүчтөрдүн динамикасынын негизги багыттарын аныктоо, кызыктар болгон тараптар үчүн көйгөйлөрдүн келип чыгуу фактору катары алардын өз ара байланышын жана өз ара таасирин баалоо;
4) кызыктар болгон тараптар үчүн көйгөйлөрдүн келип чыгуу себептери катары саясий, экономикалык, социалдык, технологиялык жана башка чөйрөлөрдөгү жагдайларга талдоо жүргүзүү;
5) бардык аныкталган көйгөйлөргө талдоо жүргүзүү, алардын ортосундагы туруктуу байланышты жана келип чыгышына негиз болгон себептерди аныктоо, бардык аныкталган байланыштарды түзүмдөштүрүлгөн формада чагылдыруу, көйгөйлөрдүн пайда болуу себептерине чейин бардык аныкталгандарын ачуу;
6) көйгөйлөрдүн экономикалык, социалдык, аймактык жана башка өлчөмдөрдө болжолдуу масштабын аныктоо;
7) жөнгө салууну өзгөртүү аркылуу аныкталган көйгөйлөрдү чечүү үчүн экономикалык жана укуктук негиздемелерди келтирүү, ошондой эле азыркы учурда аларды чечүүнүн актуалдуулугун далилдөө;
8) мындай көйгөйлөрдү чечүүнүн эл аралык тажрыйбасын сүрөттөө, мүмкүн болсо кандай көйгөйлөр, кантип чечилгенин, кандай жыйынтыктар алынганын кыскача баяндоо менен.
1-этаптын жыйынтыгы аналитикалык каттын биринчи бөлүгүнө киргизилет жана ушул этапта аракеттерди аткаруудан алынган бардык корутундулap киргизилет.
24. 2-этап. Жөнгө салуунун максаттарын аныктоо. Бул этапта жөнгө салуунун конкреттүү максаттары түзүлөт жана коюлган максаттардын ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүү жана көйгөйлөрдү чечүү үчүн индикаторлор аныкталат.
25. Бул этапты ишке ашыруу үчүн төмөнкүлөр керектелет:
1) мыйзамдардын талаптарын, мамлекетти, тармакты, аймакты, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүнүн стратегиялык максаттарын, финансылык, мезгилдик жана жөнгө салуунун максаттарынын мазмунун чектей турган башка ресурстар менен камсыз болуусун аныктоо;
2) бул талаптарды жана чектөөлөрдү эсепке алган жана аныкталган көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган жөнгө салуунун максаттарын түзүү;
3) максаттарга жетүүдө прогрессти баалоо үчүн жана жөнгө салуунун бааланган варианттарынын натыйжалуулугун салыштырууда колдонулган сандык жана/же сапаттык индикаторлордун тизмегин аныктоо, алардын базалык (учурдагы) жана максаттык маанилерин аныктоо.
26. 3-этап. Жөнгө салуунун альтернативдүү варианттарын иштеп чыгуу. Бул этапта жөнгө салуу ыкмасын тандоо, белгиленген максатка жетүү жана көйгөйлөрү чечүү үчүн иштеп чыккан органдын жана ачык талкуунун катышуучусунун сунуштарын эске aлyy менен жөнгө салуу варианттарынын рационалдуу идеялары түзүлөт.
27. "Бардыгын кандай болсо, ошондой калтыруу" варианты карап чыгуу үчүн милдеттүү болуп саналат жана учурдагы жөнгө салууну өзгөртпөсө, кыйла ыктымалдуу күтүлүүчү кесепеттерди чагылдырат. Мында, жумушчу топ учурдагы жөнгө салуунун алкагында аныкталган көйгөйлөрдү чечүү үчүн мүмкүн болуучу чараларды аныктайт.
28. Калган бардык варианттар жөнгө салууну өзгөртүүнү болжолдошот жана аныкталган көйгөйлөрдү чечүүгө жана жөнгө салуу максаттарына жетүүгө багытталган.
Жөнгө салуунун каралып жаткан варианттарынын тизмеги иштеп чыккан органдын сунушунан тышкары, ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыгуу жөнүндө кабарлоодон маалыматты талкуулоодо алынган ачык консультациянын катышуучуларынын айрыкча рационалдуу альтернативалуу сунуштарын камтыйт.
Жумушчу топ, ачык консультациялардын катышуучуларынын көпчүлүгү, баарынан мурда, киргизилип жаткан жөнгө салуу чөйрөсүндө алектенген ишкерлердин бирикмеси (бизнес-ассоциациялар) сунуштаган жөнгө салуунун альтернативдүү идеяларын түзөт.
29. Жумушчу топ жөнгө салуунун каралган варианттарынын саны жөнүндө чечимди өз алдынча кабыл алат. Жөнгө салуунун каралган жана баяндалган варианттарынын минималдык саны - толук ЖСТТ "бардыгын кандай болсо, ошондой калтыруу" вариантын кошкондо 3тү түзөт.
4-8-этаптар жөнгө салууну өзгөртүүнү болжолдогон ар бир вариантта аткарылат.
30. 4-этап. Жөнгө салууну иштеп чыгуу. Бул этапта жөнгө салуунун каралып жаткан вариантында кабыл алынган көйгөйлөрдү чечүү ыкмасы баяндалат.
Бул этапты ишке ашыруу үчүн төмөнкүлөр зарыл:
- алар тандап алынган максатка жетүүнү жана көйгөйлөрдү чечүүнү камсыз кылган милдеттердин кеңири спектрин иштеп чыгуу, милдеттер менен чечилүүчү көйгөйлөрдүн ортосундагы өз ара байланышты аныктоо;
- көйгөйдү чечүү ыкмасын баяндоо - жөнгө салуунун ченемдери юридикалык техникалардын талаптарын сактабастан, эркин формада берилет. Аларды сүрөттөөдө кызыктар болгон тараптар үчүн формулировкалардын тактыгына, маанилүүлүгүнө жана жеткиликтүүлүгүнө көңүл буруу, ошондой эле алар үчүн түшүнүктүү болгон тилди жана терминдерди колдонуу керек;
- жөнгө салуунун негизги адресаттары үчүн сунушталган жаңы милдеттердин, тыюулардын же чектөөлөрдүн мазмунун баяндоо, ошондой эле колдонуудагы милдеттерди, тыюуларды же чектөөлөрдү жокко чыгаруу жөнүндө маалымат берүү.
31. 5-этап. Жөнгө салуунун кутулуучу кесепеттерин баалоо. Бул этапта жөнгө салуунун сунушталган вариантын ишке ашыруунун натыйжасында мүмкүн болуучу кесепеттер табылат жана баалоо жүргүзүлөт.
32. Бул этапты аткаруу үчүн сунушталган жөнгө салуудан күтүлүүчү таасирлерге баа берүү зарыл:
- 2-этапта кабыл алынган индикаторлор боюнча белгиленген максатка жетүү деңгээлине жана көйгөйдү чечүүгө;
- экономикага, социалдык секторго, экологияга. Мында, ар түрдүү чөйрөлөргө оң жана терс таасирин сүрөттөө зарыл (мисалы, менчик укугу; бизнес жүргүзүү шарттары/жүктү башкаруу; рынок/атаандаштык; саламаттык сактоо/билим берүү/социалдык коргоо; жумуштуулук/жумушсуздук/эмгек рыногу; климат; аба/суу/флора/фауна; жерди пайдалануу/жер кыртышынын сапаты жана башкалар). Сүрөттөөдө сүрөттөлүп жаткан таасирди мүнөздөгөн индикаторлорду колдонуу сунушталат;
- кызыкдар жактардын ар бир ири тобуна карата - жөнгө салуунун багытына жараша.
33. 6-этап. Экономикалык кесепеттерин баалоо. Бул этапта экономикалык кесепеттерге (чыгымдар жана пайдалар) баалоо жүргүзүлөт, ал сунушталган жөнгө салуунун ишкердик субъекттерге, мамлекеттик бийлик органдарына/жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына (республикалык/ жергиликтүү бюджетке) тийгизе турган таасирине нарктык баалоону көрсөтөт.
Жумушчу топ эсептөөлөрдү жүргүзүүдө ишенимдүү жана тастыкталган баштапкы маалыматтарды колдонууга милдеттүү.
Экономикалык кесепеттерге баалоо жүргүзүүдө ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилген адистештирилген методиканы колдонуу сунуш кылынат.
34. 7-этап. Ишке ашыруудагы тобокелдиктерди баалоо. Бул этапта жөнгө салуунун каралып жаткан варианты кабыл алынган учурда коюлган максаттарга жетүүгө жана күтүлүүчү позитивдүү натыйжаларды алууга тоскоолдук жаратышы ыктымал тобокелдиктерге баалоо жүргүзүлөт, ошондой эле ушул тобокелдиктерди азайтуу чаралары аныкталат.
35. Төмөнкү тобокелдиктерге баалоо милдеттүү түрдө жүргүзүлөт:
- керектүү финансылык, материалдык жана адам ресурстарынын жетишсиздик тобокелдиктерине;
- сунушталган жөнгө салууну ишке ашыруу үчүн механизмдердин жетишсиздик тобокелдиктерине;
- сунушталган жөнгө салуу менен киргизип жаткан талаптардын сакталышына талаптагыдай контролду камсыз кылбоо тобокелдиктерине;
- сунушталган жөнгө салуунун жана жөнгө салуучу органдардын административдик-башкаруу потенциалынын шайкеш келбестик тобокелдиктерине.
36. Ишке ашыруудагы тобокелдиктерди баалоодо стандарттык методикаларды колдонуу сунушталат, алар:
- жөнгө салуунун каралып жаткан вариантын ишке ашырууда келип чыгышы ыктымал, көйгөйдү чечүүгө жана жөнгө салуунун максатына жетүүгө тоскоолдук жаратышы мүмкүн болгон тобокелдиктерге талдоо жүргүзүү;
- тобокелдиктердин келип чыгуу ыктымалдыгын жана алар пайда болгон учурда терс кесепеттерди баалоо;
- ушул тобокелдиктерге каршы аракеттенүү жана алар пайда болгон учурда терс кесепеттерди жумшартуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү баалоо жана чараларды сунуштоо.
37. 8-этап. Атаандаштыкка тийгизген таасирин баалоо. Бул этапта жөнгө салуунун 4-этабында сунушталган атаандаштыкка тийгизген таасирге баалоо жүргүзүлөт, ал айрым ишкердик субъекттер (же субъекттердин топтору) рыноктун башка катышуучуларынын алдында негизсиз артыкчылыктарды алган шарттардын пайда болуу тобокелдигин баалоого багытталган.
38. Атаандаштыкка тийгизген таасирин баалоодо ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилген, адистештирилген методиканы колдонуу сунушталат.
39. 2-8-этаптарды жүргүзүүнүн жыйынтыктары аналитикалык каттын экинчи бөлүмүнө киргизилет жана ар бир этапты аткарууда алынган бардык корутундулар камтылышы керек.
40. 9-этап. Ишке ашыруу үчүн жөнгө салуунун вариантын тандоо. Бул этапта жөнгө салуунун бардык каралган варианттарына салыштыруу жүргүзүлөт жана ишке ашыруу үчүн кыйла артыкчылыктуу варианты тандалат.
41. Бул этапты ишке ашыруу үчүн төмөнкүлөр керек:
- салыштыруу критерийлери боюнча жумушчу топ маанилүү деп эсептеген жөнгө салуунун ар бир вариантын баалоо. Жөнгө салуунун артыкчылыктуу вариантын тандоодо төмөнкүдөй негизги критерийлерди колдонуу сунушталат: жөнгө салуунун максаттарына жетүүдө жана көйгөйлөрдү чечүүдө прогресстин деңгээли, экономикага, социалдык чөйрөгө, экологияга тийгизген таасиринин деңгээли, жөнгө салуу багытталган кызыкдар жактардын ири топторуна тийгизген таасирдин натыйжасы, экономикалык кесепеттерди баалоо маалыматтары, ошондой эле жөнгө салуу вариантынын ишке ашырылышын баалоо;
- жөнгө салуунун варианттарын бири-бири менен салыштыруу жана жүргүзүлгөн баалоонун жыйынтыгы боюнча кыйла ыңгайлуусун тандоо.
Жумушчу топ жөнгө салуунун варианттарын салыштыруунун кошумча критерийлерин колдонууга укуктуу.
Жөнгө салуунун варианттарын салыштыруу үчүн көп критерийлүү талдоонун стандарттык методикасын колдонуу сунушталат.
42. 9-этапты аткаруунун жыйынтыктары аналитикалык каттын үчүнчү бөлүгүнө киргизилет жана ушул этапты аткарууда алынган бардык тыянактар киргизилиши керек.
43. 10-этап. Талкуулоо жана ЖСТТ документтерин даярдоо. Бул этапта талкуулоо жүргүзүлөт жана ЖСТТ документтеринин акыркы варианты иштелип чыгат: аналитикалык кат жана тийиштүү ЧУАнын долбоору.
44. Жумушчу топ аналитикалык катты иштеп чыгат, ал ушул Методиканын 3-тиркемесине ылайык форма боюнча даярдалат жана алынган жыйынтыктарды жана тыянактарды кыйла так жана кыска чагылдырат. Жүргүзүлгөн баалоолор боюнча кенен негиздемелерди берүү зарыл болгон учурда, бул материалдарды тиркемеге көчүрүү сунушталат.
45. Жумушчу топ жөнгө салуунун ишке ашыруу үчүн тандап алынган вариантына шайкеш келген ЧУА долбоорун иштеп чыгат.
46. Аналитикалык кат жана ЧУА долбоору коомдук талкуулоо үчүн иштеп чыккан органдын расмий сайтына жайгаштырылат, ал мыйзамдардын талаптарына ылайык жүргүзүлөт.
Талкуулоо процессинде келип түшкөн сунуштар Реестрге киргизилет, ал иштеп чыккан органдын расмий сайтына жайгаштырылат. Реестрге киргизилген сунуштар боюнча иштеп чыккан органдын позициясын берүү мөөнөтү - 5 жумуш күндөн ашпайт.
Талкуулоо аяктагандан кийин жумушчу топ келип түшкөн сунуштарды эске алуу менен аналитикалык каттын жана ЧУА долбоорунун акыркы вариантын даярдайт.
47. Аналитикалык катка жумушчу топтун бардык мүчөлөрү кол коюшат жана иштеп чыккан органдын жетекчиси же ал ыйгарым укук берген адам тарабынан бекитилет. Жумушчу топтун мүчөсү аналитикалык катка кол коюудан баш тартса, документке жумушчу топтун ушул мүчөсүнүн баш тартуунун себебин негиздеген түшүндүрмөсү, ал эми мындай жок болгон учурда - жумушчу топтун мүчөсүнүн документке кол коюудан баш тартуу себебин түшүндүрүү менен жумушчу топтун түшүнүк каты тиркелет.
3-глава. ЖСТТ жүргүзүүнүн толук жана жарым-жартылай форматы
48. Сунушталып жаткан жөнгө салууда ишкердик иштин субъекттери үчүн жаңы милдеттерди белгилөөчү, ошондой эле ишкердик иш менен алектенүү маселелерине тийиштүү ченемдик укуктук актыларды бузуу үчүн жаңы жоопкерчиликти белгилөөчү жоболор камтылган учурда ЖСТТнын толук форматы колдонулат.
49. Сунушталып жаткан жөнгө салууда Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында ишкердик иштин субъекттери үчүн буга чейин каралган милдеттерди өзгөрткөн, ошондой эле ишкердик иш менен алектенүү маселелерине тийиштүү ченемдик укуктук актыларды бузуу үчүн буга чейин белгиленген жоопкерчиликти өзгөрткөн гана жоболор камтылган учурда ЖСТТнын жарым-жартылай форматы колдонулат.
50. ЖСТТнын жарым-жартылай форматы колдонулган учурда жумушчу топ жөнгө салуунун "бардыгын кандай болсо, ошондой калтыруу" жана "жөнгө салууну өзгөртүү" деген 2 вариантын гана кароого укуктуу.
Эскертүүсү: Берилген методиканын 50-пунктундагы абзацтарынын саны расмий тилдеги тексттин 50-пунктундагы абзацтарынын санына дал келбейт.
51. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (Бишкек жана Ош шаарларынын муниципалитеттеринен тышкары) чечимдеринин долбоорлору үчүн ЖСТТнын жарым-жартылай гана форматы колдонулат.
4-глава. Ыйгарым укуктуу органдын жана ЖСТТ иштеп чыккан органдын өз ара аракеттенүү тартиби. ЖСТТ жүргүзүүчү жумушчу топтун жана кызыкдар жактардын өз ара аракеттенүү тартиби
1-§. Ыйгарым укуктуу орган менен ЖСТТ иштеп чыккан органдын өз ара аракеттенүү тартиби
52. Ыйгарым укуктуу орган менен ЖСТТ иштеп чыккан органдын өз ара аракеттенүүсү ушул Методиканын, ачык консультацияларды жүргүзүү методикасынын талаптарынын сакталышына ЖСТТ документтерине экспертиза жүргүзүүдө, ЖСТТнын толук же жарым-жартылай форматын жүргүзүүнү макулдашууда, ошондой эле иштеп чыккан органга керектүү консультациялык жардам көрсөтүүдө ишке ашырылат.
53. Ыйгарым укуктуу органга аналитикалык каттын жана ЧУА долбоорунун акыркы варианттары экспертиза жүргүзүү үчүн өткөрүп берилет. Ыйгарым укуктуу органдын талабы боюнча ЖСТТ документтеринин пакети толуктап иштелип чыккан учурда, ага белгиленген документтердин жаңыртылган версиялары берилет.
54. ЖСТТ баалоонун төмөнкүдөй критерийлерине жооп берген учурда Методикага шайкеш келген болуп саналат:
1) ЖСТТ документтеринин пакетинин акыркы варианты даярдалган жана сунушталган;
2) ЖСТТ жүргүзүүдө ушул Методиканын талаптары сакталган;
3) аналитикалык каттын текстинде көйгөйлөрдүн, максаттардын жана киргизилип жаткан жөнгө салуунун өз ара байланышы чагылдырылган, анда бардык зарыл болгон негиздемелер жана тыянактар толук жана так берилген:
4) негиздемелер жана тыянактар чыгарылган маалымат толук жана анык болуп саналган;
5) ЖСТТ алкагында жасалган ченемдик актынын таасирин болжолдоо аргументтелген;
6) экономикалык кесепеттерди баалоо так жүргүзүлгөн, колдонулган баштапкы маалыматтар ишенимдүү жана тастыкталган болуп саналган, аларды алуу булагы көрсөтүлгөн;
7) ЧУАнын долбоору аналитикалык катта чагылдырылган тыянактарга жана чечимдерге шайкеш келген;
8) баалоолор сунушталган методикаларды колдонуу менен жүргүзүлгөн;
9) ЖСТТ жүргүзүүдө консультация өткөрүү методикасынын талаптары сакталган.
55. Ыйгарым укуктуу органдын ЖСТТ документтерине экспертизасы төмөнкүлөрдү камтыйт:
- ЖСТТ методикасынын формалдуу талаптарынын сакталышын, анын ичинде аналитикалык каттын түзүмүн жана көлөмүн, бөлүмдөрдүн мазмунун, сунушталган адистештирилген/стандарттык методикаларды колдонууну баалоо;
- аналитикалык каттын мазмунун баалоо, документтин толук иштелип чыкпаган бөлүктөрүн, документтин логикасында ачык карама-каршылыктарды аныктоо, ошондой эле аналитикалык катта чагылдырылган тыянактарга ЧУА долбоорунун шайкештигин баалоо.
Аналитикалык каттын ЖСТТ Методикасынын талаптарына шайкештигине экспертиза ыйгарым укуктуу орган бекиткен, жүргүзүлгөн ЖСТТнын сапатын баалоо боюнча стандартка ылайык ишке ашырылат.
56. Жүргүзүлгөн ЖСТТнын ачык консультацияларды жүргүзүү методикасына шайкештигине экспертизанын ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүргүзүлүшү кызыкдар жактардын ачык консультациялардын процессине катышуусу боюнча бардык формалдуу талаптардын аткарылышын баалоону камтыйт.
Ачык консультацияларды жүргүзүү методикасынын талаптарына ачык консультацияларды жүргүзүү жөнүндө отчёттун шайкештигине экспертиза ыйгарым укуктуу орган бекиткен, жүргүзүлгөн ачык консультацияларды баалоо боюнча стандартка ылайык ишке ашырылат.
57. Ыйгарым укуктуу орган жүргүзүлгөн экспертизалардын жыйынтыгы боюнча ЖСТТ документтеринин пакети келип түшкөн күндөн тартып 10 жумушчу күндүн ичинде жүргүзүлгөн экспертизалар боюнча аргументтелген корутундуну даярдайт.
Сунушталган ЖСТТ документтеринин пакети иштеп чыккан орган тарабынан толукталып чыккан учурда расмий корутундуну даярдоо мөөнөтү толуктап иштеп чыгуу мөөнөтүнө жылдырылат.
58. Толуктап иштеп чыгуу процессинде аналитикалык кат жана тийиштүү ЧУА долбоору кыйла өзгөргөн учурда аналитикалык катка жумушчу топтун мүчөлөрү кайрадан кол коюшат жана ал Талкуулоо жана ЖСТТ документтерин даярдоо 10-этаптын талаптарына ылайык бекитилет.
2-§. Жумушчу топтун кызыкдар жактар менен консультация өткөрүү тартиби
59. ЖСТТнын жумушчу тобунун кызыкдар жактар менен консультация өткөрүү максаты аларды ЖСТТ жүргүзүүдө талкуулоо процессине тартууга, көйгөйлөр, максаттар, чечүү варианттары, күтүлгөн кесепеттер, ушул ЖСТТ үчүн маанилүү болгон башка маалымат менен алмашууга жана кызыкдар жактарды жумушчу топтун позициясы тууралуу кабарлоого багытталган.
60. Кызыкдар жактар менен консультацияларды жүргүзүү ачык консультацияларды жүргүзүү методикасына ылайык жумушчу топ тарабынан ишке ашырылат.
61. Иштеп чыккан орган жүргүзүлгөн ачык консультациялар жөнүндө отчётту даярдайт, ал ЖСТТ документтеринин пакети менен бирге экспертиза үчүн ыйгарым укуктуу органга өткөрүп берилет.
62. ЧУА долбоору боюнча коомдук талкуулоо "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык уюштурулат.
6-глава. ЖСТТ жүргүзүү процессинде талаш-тартыштарды чечүү тартиби
63. Ыйгарым укуктуу орган менен ЖСТТ иштеп чыккан органдын ортосундагы ЖСТТ методикасынын талаптарына жана консультацияларды өткөрүү методикасына шайкештиги боюнча жүргүзүлгөн экспертизанын жыйынтыктары тууралуу талаш-тартыштар ыйгарым укуктуу органдын алдында түзүлгөн ЖСТТ боюнча эксперттик кеңештин катышуусунда чечилиши мүмкүн.
64. ЖСТТ боюнча Эксперттик кеңештин мүчөлөрүнүн курамы жана алардын ыйгарым укуктары ыйгарым укуктуу орган кабыл алуучу тиешелүү жобонун негизинде аныкталат.
ЖСТТ боюнча Эксперттик кеңештин мүчөлөрүнүн курамынын 2/3 бөлүгү мамлекеттик органдарда иштебеген адистерден түзүлөт.
65. Жүргүзүлгөн экспертизалар боюнча талаш-тартыштар пайда болгон учурда ыйгарым укуктуу орган же ЖСТТ иштеп чыккан орган талаш-тартыштын предмети боюнча эксперттик ой-пикир алуу үчүн ЖСТТ боюнча Эксперттик кеңешке ЖСТТ документтеринин пакетин тиркеп арыз менен кайрылууга укуктуу.
66. Эксперттик кеңеш өзүнүн регламентине ылайык келип түшкөн арызды карап чыгып, талаш-тартыштын предмети же коюлган маселе боюнча ЖСТТ боюнча Эксперттик кеңештин корутундусун белгиленген мөөнөттө даярдайт.
67. ЖСТТ боюнча Эксперттик кеңештин тыянактары сунуштама мүнөзүндө болот. Алар ыйгарым укуктуу орган тарабынан өзүнүн экспертизасынын акыркы вариантын түзүүдө эске алынышы мүмкүн.
68. Ушул глава жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жүргүзүлгөн ЖСТТга карата колдонулбайт.
|
| 1-тиркеме |
Форма
Ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыгуу жөнүндө КАБАРЛОО
____________________________________________________________________________________________
(иштеп чыккан-органдын аталышы)
укуктук жөнгө салууну талкуудан жана кызыкдар жактардан сунуштарды чогултуп баштагандыгы жөнүндө кабарлайт.
1. Сунушталган жөнгө салууну чечүүгө багытталган көйгөйдү баяндоо (тийиштүү сандык жана сапаттык көрсөткүчтөрдү колдонуу менен баяндоо):
____________________________________________________________________________________________
(текст аркылуу баяндоо үчүн)
2. Сунушталган жөнгө салуунун максатын (тийиштүү сандык жана сапаттык көрсөткүчтөрдү колдонуу менен баяндоо) жана көйгөйлөрдү чечүү ыкмасын (жөнгө салуунун негизги ченемдерин) баяндоо:
____________________________________________________________________________________________
(текст аркылуу баяндоо үчүн)
3. Сунушталган жөнгө салуунун күтүлгөн пайдасын жана артыкчылыктарын баалоо (тийиштүү сандык жана сапаттык көрсөткүчтөрдү колдонуу менен баяндоо):
____________________________________________________________________________________________
(текст аркылуу баяндоо үчүн)
4. Мүмкүн болуучу жагымсыз кесепеттерди баалоо (тийиштүү сандык жана сапаттык көрсөткүчтөрдү колдонуу менен баяндоо):
____________________________________________________________________________________________
(текст аркылуу баяндоо үчүн)
5. Сунушталган жөнгө салуу багытталган ишкердик субъекттерди мүнөздөө жана санын баалоо (тийиштүү сандык жана сапаттык көрсөткүчтөрдү колдонуу менен баяндоо):
____________________________________________________________________________________________
(текст аркылуу баяндоо үчүн)
6. Сунушталган жөнгө салууну киргизүүгө байланыштуу, ал багытталган чөйрөнүн кошумча чыгымдарын жана потенциалдуу пайдаларын болжолдоп баалоо:
____________________________________________________________________________________________
(текст аркылуу баяндоо үчүн)
7. Сунушталган жөнгө салууну киргизүүгө байланыштуу Кыргыз Республикасынын бюджетинин чыгымдарын жана пайдаларын болжолдоп баалоо:
____________________________________________________________________________________________
(текст аркылуу баяндоо үчүн)
Кабарлоого төмөнкүлөр тиркелет:
1. Ачык консультациянын катышуучулары үчүн суроолордун тизмеги:
- белгиленген көйгөйлөр туура жана жөнгө салууну өзгөртүү жолу менен чечүүнү талап кылабы;
- белгиленген максат негиздүүбү, aткаpyy үчүн маанилүүбү;
- сунушталган жөнгө салуу көйгөйдү чечүү үчүн кыйла артыкчылыктуу ыкма болуп саналабы;
- сунушталган жөнгө салуу кабыл алынган учурда кандай пайдалар жана артыкчылыктар пайда болушу мүмкүн;
- сунушталган жөнгө салуу кабыл алынган учурда кандай тобокелдиктер жана терс кесепеттер пайда болушу мүмкүн;
- көйгөйдү чечүүнүн альтернативдүү кыйла натыйжалуу ыкмалары барбы;
- сунушталган жөнгө салуу тууралуу сиздин жалпы пикириңиз.
Маселелердин тизмеги кеңейтилиши мүмкүн.
2. Сунушталуучу жөнгө салууну киргизүү зарылдыгын баалоого мүмкүндүк берген башка маалымат:
____________________________________________________________________________________________
(текст аркылуу баяндоо үчүн)
Кабарлоону талкуулоо үчүн байланыш маалыматтары жана мөөнөттөр
1. Сунуштар төмөнкүлөр аркылуу кабыл алынат: |
|
- электрондук почта | (электрондук почтанын дареги) |
почта дареги | (почта дареги) |
2. Сунуштарды кабыл алуу мөөнөтү | (күнү, айы, жылы) |
3. Сунуштардын жана жооптордун реестрин иштеп чыккан органдын расмий сайтына жайгаштыруу мөөнөтү | (күнү, айы, жылы) |
|
| 2-тиркеме |
Форма
Сунуштардын жана жооптордун РЕЕСТРИ
Каттоо № | Сын пикирлер жана (же) сунуштар | Автор (ачык консультациялардын катышуучусу) | Алуу датасы | Иштеп чыккан органдын позициясы |
|
|
|
|
|
|
| 3-тиркеме |
Форма
АНАЛИТИКАЛЫК КАТ
|
| Толук/жарым-жартылай ЖСТТ (керектүүсүнүн астын сызыңыз) |
________________________________________________________________
(иштеп чыккан органдын аталышы)
|
| БЕКИТЕМ |
|
| ___________________________________ (кызмат орду) |
|
| ___________________________________ (колу) |
|
| 20___-жылдын "___" ___________ |
ЖӨНГӨ САЛУУЧУ ТААСИРИН ТАЛДОО ___________________________________________________________________________ (ЧУАнын долбоорунун aталышы)
Иштеп чыгуу үчүн негиздеме: ___________________________________________________ 20___-ж. "__" _____________ № ______ (документтин аталышы) ЖСТТ жүргүзүү мөөнөттөрү: ___________________________, ________________________________ (башталышы) (аякташы) Жумушчу топтун жетекчиси: _____________________________________________________________________________________ (аты-жөнү, иштеген жери, кызмат орду, колу) Жумушчу топтун мүчөлөрү: _____________________________________________________________________________________ (аты-жөнү, иштеген жери, кызмат орду, колу) Жооптуу адамдын байланыш маалыматтары: _____________________________________________________________________________________ (аты-жөнү, тел., e-mail) |
|
1. Жөнгө салууну өзгөртүү үчүн көйгөйлөр жана негиздеме (1-этапты аткаруунун жыйынтыктарын киргизүү).
1) Тийиштүү сандык жана сапаттык көрсөткүчтөрдү колдонуу менен чечүүнү талап кылган ар бир көйгөйдү сүрөттөө, так жана негиздүү баяндоо.
2) Ушул мамилелердин чөйрөсүндө колдонулуп жаткан жөнгө салууга карата кызыкдар болгон тараптардын ой-пикирин талдоонун жыйынтыктарын жана алар үчүн көйгөйлөрдүн маанисин кыскача билдирүү (мүмкүн болсо, тийиштүү сандык жана сапаттык көрсөткүчтөрдү колдонуу менен ушул көйгөйлөрдүн болушуна байланыштуу болжолдуу зыянды көрсөтүү).
3) Зарыл болгон учурда ар түрдүү өлчөөлөрдө (экономикалык, социалдык, аймактык жана башка) көйгөйлөрдүн масштабы жөнүндө маалымат берүү.
4) Мамлекеттик орган/жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан жөнгө салууну өзгөртүү аркылуу көйгөйлөрдү чечүү үчүн экономикалык жана укуктук негиздемелерди келтирүү.
5) Азыркы учурда көйгөйлөрдү чечүүнүн актуалдуулугуна далилдерди келтирүү.
6) Ушундай көйгөйлөрдү чечүүдө эл аралык тажрыйбаларды баяндоо (жөнгө салуучу таасирин талдоонун жарым-жартылай форматында колдонулбайт).
1-бөлүмдүн сунушталган көлөмү. Көйгөйлөр жана жөнгө салууну өзгөртүү үчүн негиздер - 4 барактан көп эмес.
2. Жөнгө салуунун каралган варианттарын баяндоо жана баалоо
1) Жөнгө салуунун максаты (2-этапты аткаруунун жыйынтыктарын киргизүү).
Мамлекеттик жөнгө салуунун максатын так сүрөттөө.
Максатка жетүүнүн прогрессин баалоо үчүн колдонула турган сандык, сапаттык индикаторлорду жана максаттуу маанилерди көрсөтүү.
2) Жөнгө салуунун каралып чыккан варианттарынын санын жана аталышын көрсөтүү (3-этапты аткаруу жыйынтыктарын киргизүү).
3) Жөнгө салуунун "бардыгы кандай болсо, ошондой калтыруу" варианты.
Колдонуудагы жөнгө салууну калтырууда болжолдонгон кесепеттерди баяндоо жана негиздөө (1-этапты аткаруунун жыйынтыктарын колдонуу менен).
Мамлекеттик органдардын/жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын колдонуудагы жөнгө салууну өзгөртпөстөн көйгөйдү чечүү үчүн кабыл алуу зарыл болгон чечимдерин көрсөтүү.
4) Жөнгө салуунун "Варианттын аталышы" артыкчылыктуу варианты.
9-этапты аткаруунун жыйынтыгы боюнча тандап алынган, жөнгө салуунун кыйла артыкчылыктуу варианты үчүн 4-8-этаптарды аткаруунун жыйынтыктарын баяндоо:
a) жөнгө салуунун ыкмасы (4-этапты аткаруунун жыйынтыктарын киргизүү).
Төмөнкүлөрдү баяндоо:
- көйгөйлөрдү чечүү ыкмасын - милдеттерге байланыштыруу менен жөнгө салуунун сунушталган ченемдери жана зарыл болгон учурда аларды колдонуу өзгөчөлүктөрү;
- сунушталган жөнгө салуу менен чечилүүчү көйгөйлөрдүн ортосундагы байланыш;
- жөнгө салуунун негизги адресаттары үчүн сунушталган жаңы милдеттердин, тыюулардын же чектөөлөрдүн мазмуну жана колдонуудагыларды жокко чыгаруу;
b) жөнгө салуучу таасирин баалоо (5-этапты аткаруу жыйынтыктарын киргизүү).
Сунушталган жөнгө салуу кабыл алынган учурда күтүлүүчү оң жана терс кесепеттерди баяндоо жана баалоону негиздөө.
- 2-этапта кабыл алынган индикаторлор боюнча билдирилген максаттарга жетүү жана көйгөйлөрдү чечүү деңгээлине;
- жумушчу топ кабыл алынган индикаторлор боюнча экономикага, социалдык секторго, экологияга;
- жөнгө салуунун негизги багыттарына.
Күтүлүүчү экономикалык кесепеттерди баалоонун негизги тыянагын баяндоо (6-этапты аткаруу жыйынтыктарын киргизүү);
c) ишке ашыруудагы тобокелдиктерди баалоо (7-этапты аткаруунун жыйынтыктарын киргизүү).
Жөнгө салуунун ушул вариантын ишке ашыруу процессинде келип чыгуу ыктымалдыгы жогору болгон жана жөнгө салуунун максатына жетүүгө тоскоолдук жараткан мүмкүн болуучу тобокелдиктерди, потенциалдуу кыйынчылыктарды баалоонун негизги жыйынтыктарын баяндоо, ченемдик укуктук актыларды ишке ашырууга алардын тийгизген терс таасирин төмөндөтүү боюнча сунуштарды берүү;
d) атаандаштыкка тийгизген таасирин баалоо (8-этапты аткаруунун жыйынтыктарын киргизүү, жөнгө салуучу таасирин талдоонун жарым-жартылай форматында колдонулбайт).
Жөнгө салуунун ушул варианты үчүн атаандаштыкка сунушталган жөнгө салуунун таасирин баалоонун негизги тыянактарын баяндоо.
Жөнгө салууга башка кошумча баалоо жүргүзүлгөн учурда алынган жыйынтыктар ушул параграфка киргизилет;
с) ачык консультациялардын жыйынтыктары (өткөрүлгөн консультациялардын жыйынтыктарын киргизүү).
Сунушталган жөнгө салуунун таасирине туш келген кызыкдар жактарды санап өтүү (жумушчу топ тандаган критерийлер боюнча топтолгондор).
Жөнгө салуунун ушул вариантына карата кызыкдар тараптардын ишкер субъекттердин жана бизнес-ассоциациялардын (категориялар боюнча), мамлекеттик органдардын/жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жарандардын жана алардын бирикмелеринин оң жана терс мамилелерин чагылдырган маалыматты берүү, ар бир конкреттүү учур үчүн зарыл болгон тактоолору менен.
5) Жөнгө салуунун каралып чыккан альтернативдүү варианттары.
Жөнгө салуунун ар бир четке кагылган варианты үчүн 4-8-этаптарын аткаруунун жыйынтыктарын мүмкүн болушунча кыскача баяндоо (жөнгө салуучу таасирин талдоонун жарым-жартылай форматында колдонулбайт).
3. Жөнгө салуунун артыкчылыктуу вариантын тандоону негиздөө (9-этапты аткаруу жыйынтыктарын киргизүү).
Тандалып алынган критерийлер боюнча жөнгө салуунун варианттарын салыштыруу.
Жөнгө салуунун артыкчылык берилген вариантын колдоо иретинде негизги аргументтерди жана жөнгө салуунун башка варианттарын четке кагуу себептерин баяндоо.
4. Тиркеме
Аналитикалык катка төмөнкүлөр тиркелет:
- жөнгө салуунун артыкчылыктуу варианттары үчүн күтүлгөн экономикалык кесепеттерди толук баалоо (адистештирилген методикада бекитилген форма боюнча);
- жөнгө салуунун артыкчылыктуу варианты үчүн атаандаштыкка тийгизген таасирин толук баалоо (адистештирилген методикада бекитилген форма боюнча);
- маалыматтык-маалымдама материалдары, жөнгө салуучу таасирин талдоого карата чыгарылган тыянактарды жана сунуштарды көрсөтүү үчүн зарыл болгон башка маалыматтар (жумушчу топтун каалоосу боюнча);
- жумушчу топтун айрым мүчөлөрүнүн өзгөчө пикирлери (бар болсо).
Аналитикалык каттын сунушталган өлчөмү тиркемелерден тышкары негизги тексти 15 беттен ашык эмес.
Жөнгө салуучу таасирди баалоо документтеринин пакетине ачык консультацияларды өткөрүү жөнүндө отчёт тиркелет (адистештирилген методикада бекитилген форма боюнча).