Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-сентябрындагы № 169 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2020-жылдын 14-сентябры № 483
2021-2023-жылдарга Кыргыз Республикасынын фискалдык саясатынын негизги багыттары жөнүндө
Республикалык бюджеттин 2021-2023-жылдарга алдыдагы чыгымдарын болжолдоо максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 82-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) 2021-2023-жылдарга Кыргыз Республикасынын фискалдык саясатынын негизги багыттары, 1-тиркемеге ылайык;
2) 2021-2023-жылдарга бюджетти түзүү үчүн бюджеттин параметрлери жана контролдук цифралар, 2-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "Кыргыз Республикасынын 2021-жылга республикалык бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун даярдоодо жүгүртүлүүчү кассалык накталай акчаны 500,0 млн. сомдон кем эмес өлчөмдө белгилесин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 12-сентябрындагы № 469 "2020-2022-жылдарга Кыргыз Республикасынын фискалдык саясатынын негизги багыттары жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | К.А. Боронов |