Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 4-сентябрындагы № 445
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| Тиркеме 1 |
|
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 27-майындагы № 274 токтомуна) |
Мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдордун башкаруу органдарындагы мамлекеттик өкүлдөр жөнүндө жобо
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 109, 2022-жылдын 7-сентябрындагы N 486 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдордун башкаруу органдарындагы мамлекеттик өкүлдөрдүн милдеттерин, функцияларын, укуктарын жана милдеттерин, алардын ишеним көрсөтүүчү менен өз ара аракеттенүү тартибин, кызмат ордуна көрсөтүү жана бошотуу шарттарын аныктайт.
Ушул Жобо директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөлөрүн тандоо, көрсөтүү жана ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу тартибине жайылтылбайт.
2. Ушул Жобонун максаттары үчүн төмөнкү терминдер жана аныктамалар колдонулат:
мамлекеттик өкүл - мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин же Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун сунушу боюнча чарбакер коомдун башкаруу органдарына шайланган же дайындалган жак;
ишеним көрсөтүүчү - мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги же Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду;
терс негиздер боюнча кызмат ордунан бошотулган мамлекеттик өкүлдөрдүн реестри - канааттандырарлык эмес иши, ишенимди жоготкондугу үчүн же болбосо кадыр-баркын түшүрүүчү башка негиздер боюнча ыйгарым укуктары токтотулган мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдордун башкаруу органдарынын мүчөлөрү кызмат орундарын ээлеген жактардын ыйгарым укуктуу орган тарабынан түзүлгөн реестри;
тармактык мамлекеттик орган - чарбакер коомдун ишинин профилине шайкеш келген чөйрөдөгү саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу маселесин тейлеген мамлекеттик орган;
ыйгарым укуктуу орган - мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;
чарбакер коом - мамлекет акцияларына же уставдык капиталында үлүшкө ээ болгон акционердик коом же жоопкерчилиги чектелген коом.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 109, 2022-жылдын 7-сентябрындагы N 486 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2. Мамлекеттик өкүлдүн милдеттери жана функциялары
3. Директорлор кеңешиндеги мамлекеттик өкүлдүн милдеттери акционер (катышуучу) катары компаниянын, мамлекеттин укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, экономиканын тийиштүү секторлорунда тармактык мамлекеттик саясатты ишке ашыруу, стратегиялык пландоону киргизүү, чарбакер коомдун стратегиялык максаттарын жана саясатын түзүү жана илгерилетүү болуп саналат.
4. Ревизиялык комиссиядагы мамлекеттик өкүлдүн милдеттери коомдун финансылык-чарбалык ишине, мамлекеттик сатып алууларды уюштурууга жана жүргүзүүгө, активдерди натыйжалуу пайдаланууга, жасалуучу финансылык-чарбалык операциялардын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына шайкеш келүүсүн байкоону камсыздоого контроль жүргүзүү болуп саналат.
5. Мамлекеттик өкүл чарбакер коомдун директорлор кеңешинин мүчөсүнүн же ревизиялык комиссиясынын бардык функцияларын Кыргыз Республикасынын чарбакер коомдор жөнүндө мыйзамдарына, коомдун уставына, ички документтерине жана ушул Жобого ылайык ишке ашырат.
6. Мамлекеттик өкүл чарбакер коомдун аткаруу органы тарабынан даярдалган чарбакер коомдун жылдык отчетторун аларды жылдык жалпы жыйналышка алып чыкканга чейин жана чарбакер коомдун алдыдагы финансылык жылга түзүлгөн иш-аракеттеринин жана финансылык абалынын болжолдуу планын карайт жана талкуулайт.
3. Мамлекеттик өкүлдүн укуктары жана милдеттери
7. Мамлекеттик өкүл төмөнкүлөргө укуктуу:
1) өзүнүн функцияларын аткаруу үчүн зарыл деп эсептеген чарбакер коомдун иши тууралуу маалыматты аткаруу органынан, ревизиялык комиссиядан, катчыдан суратып алууга;
2) ишеним көрсөтүүчүдөн жана тармактык мамлекеттик органдан чарбакер коомдун стратегиялык максаттарын иштеп чыгуу үчүн зарыл болгон маалыматты суратып алууга;
3) ишеним көрсөтүүчүгө жана ыйгарым укуктуу органга чарбакер коомдун финансылык-чарбалык ишин жакшыртуу боюнча сунуштарды киргизүүгө;
4) ишеним көрсөтүүчү менен түзүлгөн келишимдин шарттарына ылайык сый акы алууга.
8. Мамлекеттик өкүл өзүнүн кызыкчылыгы бар бүтүм боюнча директорлор кеңеши чечим кабыл алганда добуш берүүгө катышууга укуксуз.
Ушул пункттун максаттарында мамлекеттик өкүлдүн кызыкчылыгы пайда болот, тактап айтканда, эгерде:
1) мамлекеттик өкүл же анын жакын туугандары (жубайы, ата-теги жана урпактары боюнча туугандары, эже-сиңдилери, карындаштары, ага-инилери жана алардын ата-теги жана урпактары боюнча туугандары) коом менен бүтүм түзүүчү тарап болуп саналса, же ага мамлекеттик өкүл же ортомчу катары катышса;
2) мамлекеттик өкүл же анын жакын туугандары (жубайы, ата-теги жана урпактары боюнча туугандары, эже-сиңдилери, карындаштары, ага-инилери жана алардын ата-теги жана урпактары боюнча туугандары) бүтүм түзүүчү тарап болуп саналган, же ага мамлекеттик өкүл же ортомчу катары катышкан юридикалык жактын добуш берилүүчү акцияларынын (үлүштөрүнүн, пайларынын) 20 же андан көп пайызына ээлик кылса;
3) мамлекеттик өкүл же анын жакын туугандары (жубайы, ата-теги жана урпактары боюнча туугандары, эже-сиңдилери, карындаштары, ага-инилери жана алардын ата-теги жана урпактары боюнча туугандары) бүтүм түзүүчү тарап болуп саналган, же ага мамлекеттик өкүл же ортомчу катары катышкан юридикалык жактын кызмат адамдары болуп саналса.
9. Чарбакер коомдун директорлор кеңешиндеги мамлекеттик өкүл жарым жылда бир жолу ишеним көрсөтүүчүгө стратегиялык планды ишке ашыруу, учурдагы финансылык көрсөткүчтөр, кабылган көйгөйлөр жана көйгөйлөрдү чечүү үчүн көрүлгөн өзүнүн иш-аракеттери жөнүндө кыскача маалыматты камтыган коомдун иши тууралуу отчетту, ошондой эле чарбакер коомду стратегиялык өнүктүрүү боюнча сунуштарды жиберүүгө милдеттүү.
10. Чарбакер коомдун директорлор кеңешиндеги мамлекеттик өкүл факт пайда болгон учурдан тартып 5 күндүн ичинде ишеним көрсөтүүчүгө маалыматты, ошондой эле төмөнкүлөрдүн пайда болуу себептерин жиберүүгө милдеттүү:
1) коомдун активдеринин наркынын 10 пайыздан ашык бир жолу жогорулашына же төмөндөшүнө алып келген фактылар;
2) акционердик коомдун таза кирешесинин же таза чыгашасынын 10 пайыздан ашык бир жолу жогорулашына алып келген фактылар;
3) коом тарабынан мүлктүн өлчөмү же болбосо мүлктүн наркы бүтүмдүн датасына карата эмитенттин активдеринин 10 жана андан ашык пайызын түзгөн бир жолку бүтүмдөр жүргүзүлгөн фактылар.
11. Ревизиялык комиссиядагы мамлекеттик өкүл ревизиялык комиссия чарбакер коомдун финансылык-чарбалык ишиндеги бузууларды аныктаган учурдан тартып 5 күндүн ичинде ыйгарым укуктуу органга ревизиялык комиссия тарабынан аныкталган бузуулар жөнүндө маалыматты жана аларды жоюу боюнча сунуштарды берүүгө милдеттүү.
12. Мамлекеттик өкүл Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык мамлекеттин алдында жоопкерчилик тартат.
4. Мамлекеттик өкүлдөргө коюлуучу талаптар
13. Чарбакер коомдун директорлор кеңешиндеги мамлекеттик өкүл, ошондой эле жеке аткаруу органынын же болбосо акциялардын контролдук мамлекеттик пакетине ээ чарбакер коомдун ишти директорлор кеңешин түзбөстөн жүргүзгөн коллегиялык аткаруу органынын жетекчисинин функцияларын жүзөгө ашырган адам төмөнкү минималдык талаптарга жооп бериши керек:
1) соттуулугунун жоктугу, анын ичинде жоюлганына карабастан;
2) 27 жаштан кем эмес жана 65 жаштан жогору эмес курагы;
3) экономика, башкаруу, юриспруденция чөйрөсүндө же чарбакер коомдун ишинин профилине тийиштүү адистик боюнча жогорку билими;
4) иш тажрыйбасы:
- менчигинин түрүнө карабастан коммерциялык уюмдун башкаруу органдарында жетекчи, жетекчинин орун басары (анын ичинде түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси, жетекчинин орун басары) катары 5 жылдан кем эмес;
- кызматына толук эмес ылайык келбөөсү тууралуу эскертүүсү; класстык чинин төмөндөтүү; кызмат ордунан төмөндөтүү; ээлеген кызмат ордунан бошотуу түрүндө тартиптик жазасы жок болгон шартта финансылык-экономикалык блоктогу мамлекеттик органдарда же болбосо чарбакер коомдордун ишинин профилине тиешелүү мамлекеттик органдарда «С-А» категориясынан төмөн эмес кызмат орундарында мамлекеттик жарандык кызматта 5 жылдан кем эмес;
14. Чарбакер коомдун ревизиялык комиссиясындагы (ревизор) мамлекеттик өкүл төмөнкүдөй талаптарга жооп бериши керек:
1) соттуулугунун жоктугу, анын ичинде жоюлганына карабастан;
2) 27 жаштан кем эмес жана 65 жаштан жогору эмес эмес курагы;
3) финансы, бухгалтердик эсеп жана аудит тармагындагы адистиги менен жогорку экономикалык билими;
4) менчигинин түрүнө карабастан уюмдарда жана мекемелерде финансы, бухгалтердик эсеп, аудит менен түздөн-түз байланышкан жетектөөчү кызмат орундарында 5 жылдан кем эмес практикалык иш тажрыйбасынын болушу.
15. Мамлекеттик өкүл катары төмөнкүлөр көрсөтүлүшү мүмкүн эмес:
1) чарбакер коомдун атаандашы болгон субьекттин менчик ээси, акционери (катышуучусу), башкаруу органынын мүчөсү болуп саналган жак;
2) буга чейин белгиленген тартипте кудуретсиз деп таанылган же ага карата мажбурлап жоюу жөнүндө чечим кабыл алынган коммерциялык уюмдун директорлор кеңешинин мүчөсү, аткаруу органынын жетекчиси же мүчөсү, башкы бухгалтери болгон жак;
3) терс негиздер боюнча кызмат ордунан бошотулган мамлекеттик өкүлдөрдүн реестринде турган жак.
16. Мамлекеттик өкүл кызмат ордуна талапкерлер чарбакер коомдордун башкаруу органдарына талапкерлердин кадрлар резервинен ишеним көрсөтүүчүлөр тарабынан көрсөтүлөт.
Ыйгарым укуктуу орган жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду чарбакер коомдордун башкаруу органдарына талапкерлердин жеке кадрлар резервин түзүүнү камсыз кылышат. Бир эле адам бир убакта ыйгарым укуктуу органдын жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун кадрлар резервинде боло алат.
Коомдун директорлор кеңешинин мүчөлөрүн шайлоодо ыйгарым укуктуу орган өзүнүн кадрлар резервинен өзү көрсөткөн талапкерлер үчүн добуш берет.
5. Мамлекеттик өкүлдүн ыйгарым укуктарын токтотуу
17. Ишеним көрсөтүүчүнүн кызыкчылыктарын көрсөтүүгө мамлекеттик өкүлдүн ыйгарым укуктары келишим боюнча төмөнкүдөй учурда токтотулушу мүмкүн:
1) келишимдин мөөнөтү аятагандыгына байланыштуу;
2) чарбакер коом кайра уюшулган же жоюлган учурда;
3) чарбакер коомдун акцияларына (үлүшүнө) мамлекеттик менчик укуктары токтотулган учурда;
4) мамлекеттик өкүл сот тарабынан жөндөмсүз, жөндөмү чектелген же дайынсыз жок деп таанылган учурда;
5) мамлекеттик өкүл ыйгарым укуктарын ыктыярдуу түрдө өткөрүп берген учурда;
6) коомдун акционерлеринин (катышуучуларынын) жалпы жыйналышынын чечими боюнча;
7) ишеним көрсөтүүчүнүн демилгеси боюнча.
18. Мамлекеттик өкүл ыйгарым укуктарын токтотуу пландалган күнгө чейин бир айдан кеч эмес ишеним көрсөтүүчүгө, ошондой эле директорлор кеңешине жана (же) чарбакер коомго жазуу жүзүндөгү арызын берүү менен ыйгарым укуктарын ыктыярдуу түрдө өткөрүп берүүгө укуктуу.
19. Ишеним көрсөтүүчү төмөнкү учурларда мамлекеттик өкүлдүн ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотууну демилгелөөгө укуктуу:
1) ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүргүзүлүүчү директорлор кеңешинин мүчөсүнүн же ревизиялык комиссиянын (ревизордун) ишин милдеттүү баалоонун жыйынтыктары боюнча канааттандыраарлык эмес натыйжаны алса;
2) акционердин кызыкчылыктарын көрсөтүүгө келишимдин шарттарын аткарбаса же талаптагыдай эмес аткарса;
3) чарбакер коомдун финансылык-чарбалык ишинин көрсөткүчтөрүнүн начарлашына алып келген квалификацияланбаган иш-аракеттерди жасаса;
4) ишенимдин жоголгондугуна байланыштуу, анын ичинде;
- мамлекеттик өкүл Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузса;
- мамлекеттик өкүл ишеним көрсөтүүчүнүн макулдугусуз башка акционерлердин (катышуучулардын) өкүлүнүн ыйгарым укуктарын ишке ашырса;
- чарбакер коом же анын туунду коому тарабынан бүтүмдөрдү түзүүдө мамлекеттик өкүл тарабынан кызыкчылыктардын кагылышы же финансылык кызыкчылык фактысы жашырылгандыгы аныкталса;
- мамлекеттик өкүл тарабынан маалыматтарды жашыруу же болбосо ушул Жобонун 13, 14-15-пункттарында көрсөтүлгөн талаптарга шайкеш эместигин күбөлөндүргөн өзү тууралуу анык эмес маалыматтарды берүү фактысы аныкталса.
20. Терс негиздер боюнча кызмат ордунан бошотулган мамлекеттик өкүлдөрдүн реестри ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүргүзүлөт.
21. Ыйгарым укуктуу орган жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду өзүнүн расмий Интернет-сайтында төмөнкүлөрдү ачык жарыялоону жана актуалдаштырууну камсыз кылат:
- кадрлар резервинде турган жактардын тизмесин;
- чарбакер коомдордун башкаруу органдарындагы мамлекеттик өкүлдөрдүн тизмесин.