Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2020-жылдын 4 июну № 297
"Кыргыз Республикасынын жер пайдалануу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына ("Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө", "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана 80-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. "Кыргыз Республикасынын жер пайдалануу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына ("Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө", "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен аталган мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр |
К.А. Боронов |
|
| Долбоор |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын жер пайдалануу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына ("Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө", "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 7, 767-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-беренесинде:
а) 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 13-пункт менен толукталсын:
"13) төмөнкү жер участокторуна:
а) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жама түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө", "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө киргенге чейин жеке турак үйлөр курулган, ушул Мыйзамдын тиркемесине ылайык;
б) жеке менчик укукту жөнүндө мамлекеттик актылары бар айыл чарба өндүрүшүндө пайдаланууга жараксыз, ушул Мыйзамдын тиркемесине ылайык;";
в) берене төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:
"Ушул берененин 2-бөлүгүнүн 13-пунктунда саналган жер участокторунун аянты, контурлары жана административдик-аймактык бирдиктери ушул Мыйзамдын тиркемесинде көрсөтүлгөн.";
б) 5-бөлүгүндө:
"12-пункту" деген сөздөр "12 жана 13-пункттары" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
4-пунктчасы "ыйгарым" деген сөзгө чейин "сот," деген сөз менен толукталсын;
2) Мыйзам ушул Мыйзамдын тиркемесине ылайык редакциядагы тиркеме менен толукталсын.
2-берене.
"Жер участокторду которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 7, 902-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
5-беренесинде:
- берененин аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Айыл чарба жана токой чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын, алынбай калган пайданын жана инфратүзүмдү камсыз кылууга чыгымдардын ордун толтуруу наркынын суммасын төлөө";
5-беренеси төмөнкүдөй мазмундагы 4 жана 5-бөлүктөр менен толукталсын:
"4. Инфратүзүмдү камсыз кылуу менен байланышкан чыгымдар "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө", "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө киргенге чейин которулуучу (трансформациялануучу) жеке менчик жер участокторунун менчик ээсине жүктөлөт.
5. Ушул берененин 3 жана 4-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн инфратүзүмдү камсыз кылуу менен байланышкан чыгымдардын ордун толтуруу тартиби жана механизмдери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.".
3-берене.
Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 2 (2), 79-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
207-беренесинде:
а) беренин аталышы "ээлеп алуу" деген сөздөрдөн кийин "жана максаттуу багытын бузуу менен айыл чарба багытындагы жерлерге өзүм билемдик менен курулуштарды куруу";
б) 1-бөлүгүндө:
биринчи абзацы "коштолсо" деген сөздөн кийин "жана максаттуу багытын бузуу менен айыл чарба багытындагы жерлерге өзүм билемдик менен курулуштарды куруу" деген сөздөр менен толукталсын;
экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"III категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.".
5-берене.
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- эки айлык мөөнөттө ушул Мыйзамдан келип чыгуучу чараларды көрсүн;
- өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |