Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2020-жылдын 4 июну № 302
"Кыргыз Республикасынын аймагында полимер пленкасынан пакеттерди жүгүртүүнү чектөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты М.А.Маматалиев демилгелеген "Кыргыз Республикасынын аймагында полимер пленкасынан пакеттерди жүгүртүүнү чектөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр |
К.А. Боронов |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 4-июнундагы № 302 токтому менен жактырылган |
Кыргыз Республикасынын аймагында полимер пленкасынан пакеттерди жүгүртүүнү чектөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты М.А.Маматалиев тарабынан демилгеленген, полимер материалдарынан бир жолу таңгактоочу пакеттерди ташып келүүгө, өндүрүүгө жана сатууга түздөн-түз тыюу салууга багытталган чектөө чараларын белгилөөнү караштырган "Кыргыз Республикасынын аймагында полимер пленкасынан пакеттерди жүгүртүүнү чектөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди.
1. "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесине ылайык преамбула - ченемдик укуктук актынын милдеттүү эмес өз алдынча бөлүгү, анда актыны кабыл алуунун себептери, шарттары жана максаттары жөнүндө маалыматтар камтылат. Преамбулага ченемдик буйрумдарды киргизүүгө жол берилбейт.
Ушуга байланыштуу сунушталган долбоордун преамбуласын алып салууну, ал эми мыйзамдын долбоорунун жөнгө салуучу предметин өзүнчө беренеде берүүнү сунуштайбыз.
2. Сунушталган мыйзамдын долбоорунун 2-беренесинде экспорт үчүн чыгарылуучу пакеттерди, ошондой эле биоажыроочу полимер материалдарынан жасалган, кармагычтары жок жана тиричиликте колдонуу үчүн рулондор менен сатылуучу пакеттерди кошпогондо, 2021-жылдын 1-январынан баштап полимер пленкасынан пакеттерди өндүрүүгө тыюу салууну белгилөө сунушталууда. Тексттин ушул редакциясына негизденип, полимер пленкасынан пакеттерди чыгарууга тыюу киргизилүүдө, бирок мында пакеттерди экспорт үчүн чыгарууга тыюу салынган эмес.
Негиздеме-маалым катта баяндалган маалыматтарга ылайык Мыйзамдын долбоорунун максаты полимер пленкасынан пакеттерди чыгарууга түздөн-түз тыюу салууну киргизүүгө багытталган чектөөчү чараларды белгилөө болуп саналат.
Бирок Мыйзамдын долбоорунун сунушталган редакциясына негизденип, экспорт үчүн полимер пакеттерин чыгаруу фактысын белгилөө механизми жок жана аталган маселелер кандай жол менен жөнгө салынаары түшүнүксүз.
Ушуга байланыштуу, укук колдонуу практикасында кыйынчылыктарды болтурбоо үчүн, баяндалгандарды эске алуу менен Мыйзамдын долбоорунун 2-беренесинин экинчи абзацын талдоо зарыл.
Мыйзамдын долбоорунун 2-беренесинде Кыргыз Республикасынын аймагында полимер пленкасынан пакеттердин наркын Кыргыз Республикасынын аймагында сатылуучу товардын наркына киргизүүгө, ошондой эле аларды өздүк наркынан төмөн баада сатууга тыюу салуу да белгиленүүдө.
Ушуга байланыштуу долбоордун негиздеме-маалым катында товардын өздүк наркын аныктоо жана полимер пленкасынан пакеттердин баасынын товардын өздүк наркына киргизилгенин ачык көрсөтүү механизми жөнүндө толук маалымат берүү зарыл.
3. Мыйзамдын долбоорунун 3-беренесинде ушул Мыйзамдын талаптарынын бузулушуна күнөөлүү жактар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тарта тургандыгын белгилөө сунушталууда.
Сунушталган мыйзамдын долбооруна полимер материалдарынан жасалган таңгактоо пакеттерин ташып келүүгө, өндүрүүгө, сатууга жана соодада жана тейлөө чөйрөсүндө акысыз берүүгө мыйзамда белгиленген тыюуларды бузгандыгы үчүн жоопкерчиликти белгилөөнү болжолдогон "Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тиркелгендиктен, Мыйзамдын долбоорунун 3-беренесинин экинчи абзацында аталган Кодекске шилтеме берүүнү карап чыгуу же болбосо "мыйзамдарына" деген сөздөн мурда "бузуулар жөнүндө" деген сөздөр менен толуктоо зарыл.
Мыйзамдын долбоорунун негиздеме-маалым катында ушул долбоордун жөнгө салуучу таасирине талдоо жүргүзүлгөндүгү көрсөтүлгөн.
Бирок Мыйзамдын долбооруна берилген документтердин пакетинде жөнгө салуучу таасирин талдоонун көчүрмөсү жок.
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесине ылайык ишкердик иш-аракетти жөнгө салууга багытталган ченемдик укуктук актылардын долбоорлорунун жөнгө салуучу таасири Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-сентябрындагы № 559 токтому менен бекитилген Ишкер субъекттердин ишине ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдоонун методикасына ылайык талданууга тийиш.
4. Мыйзамдын долбооруна тиркелүүчү негиздеме-маалым кат "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 25-беренесинин талаптарына шайкеш келбейт.
Аталган Мыйзамдын 25-беренесине ылайык ченемдик укуктук актынын долбооруна карата негиздеме-маалым катта төмөнкүдөй маалыматтар камтылууга тийиш: ченемдик укуктук актыны кабыл алуунун натыйжасында жетишүү же чечүү болжолдонгон максаттар жана милдеттер; ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыгуу учурунда колдонуудагы ченемдик укуктук базанын талданышы, коомдук мамилелердин ушул чөйрөсүндө колдонулган мыйзамдардын мониторинги жана аларга баа берүү жөнүндө маалыматтар; кабыл алынуучу ченемдик укуктук актыны колдонуудан улам келип чыгуучу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык натыйжалардын божомолу; коомдук талкуулоонун натыйжалары жөнүндө маалымат; ченемдик укуктук актынын долбоорунун мыйзамдарга ылайык келүүсүнүн талданышы; эгерде ченемдик укуктук актынын долбоору жергиликтүү жамааттын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызыкчылыгына түздөн-түз тиешеси болсо, тийиштүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ассоциациялары, бирликтери менен болгон консультациялардын жана талкуулардын натыйжалары.
5. 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин (мындан ары - ЕАЭБ жөнүндө келишим) 28-беренесине ылайык товарларды өз ара сатууда ички рыноктун иштешинин алкагында мүчө мамлекеттер тарабынан ташып кирүү жана ташып чыгуу бажы алымдары (эквиваленттүү таасир эткен башка алымдар, салыктар жана жыйымдар), тарифтик эмес жөнгө салуу чаралары, атайын коргоо, ангидемпингдик жана компенсациялык чаралар колдонулбайт. ЕАЭБ алкагында товарларды өткөрүүдө бажылык контролдоо жок.
Мында ЕАЭБ жөнүндө келишимдин 29-беренесине ылайык мүчө мамлекеттер товарларды өз ара сатууда чектөөлөрдү колдонууга укуктуу (мындай чаралар негизсиз басмырлоо каражаты же сатуунун жашыруун чектөөсү болуп саналбаган шартта), эгерде мындай чектөөлөр адамдын жашоо-турмушун жана ден соолугун коргоо, айлана-чөйрөнү коргоо, жаныбарларды жана өсүмдүктөрдү коргоо үчүн зарыл болсо.
ЕАЭБ жөнүндө келишимдин № 7 тиркемесинин II бөлүмүнө ылайык Бирликтин аймагында үчүнчү өлкөлөр менен соодада тарифтик эмес жөнгө салуунун бирдиктүү чаралары колдонулат. Чараларды киргизүү, колдонуу, узартуу жана жокко чыгаруу жөнүндө чечим Евразия экономикалык комиссиясы тарабынан кабыл алынат.
ЕАЭБ жөнүндө келишимдин № 7 тиркемесинин X бөлүмүнө ылайык ЕАЭБ жөнүндө келишимдин VII жана VIII бөлүмдөрүндө каралган негиздер боюнча өзгөчө учурларда мүчө мамлекеттер үчүнчү өлкөлөр менен соодада убактылуу чараларды, анын ичинде ЕАЭБ жөнүндө келишимдин № 7 тиркемесинин III жана IV бөлүмдөрүндө аталгандан айырмаланган негиздер боюнча бир тараптуу тартипте киргизиши мүмкүн. Убактылуу чараны киргизип жаткан ЕАЭБге мүчө мамлекет алдын ала, бирок аны киргизүү датасына чейин 3 календардык күндөн кечиктирбестен бул жөнүндө Евразия экономикалык комиссиясына маалымдайт жана ЕАЭБдин бажы аймагына мындай чараны киргизүү жөнүндө сунуштайт. Эгерде Бирликтин аймагына убактылуу чара киргизүү жөнүндө чечим кабыл алынбаса, Комиссия убактылуу чара киргизген мүчө мамлекетке жана мүчө мамлекеттердин бажы органдарына убактылуу чара киргизилген датадан тартып 6 айдан ашпаган мөөнөткө колдонула тургандыгы жөнүндө маалымдайт.
Ушуга байланыштуу эгерде Евразия экономикалык комиссиясы тарифтик эмес жөнгө салуунун бирдиктүү чараларын кабыл албаса, анда ташып келүүгө тыюу салуу 6 айдан ашпаган мөөнөттө бир тараптуу тартипте колдонулушу мүмкүн.
Бажы бирлигинин алкагында Бажы бирлигинин комиссиясынын 2011-жылдын 16-августундагы № 769 чечими менен "Таңгактардын коопсуздугу жөнүндө" (005/2011 ББ ТР) Бажы бирлигинин техникалык регламенти бекитилген, анда таңгактардын бардык тибинин (5-берене), анын ичинде полимер таңгактарынын (1-берене) коопсуздугу боюнча талаптар белгиленген.
005/2011 ББ ТР Кыргыз Республикасынын аймагында 2017-жылдын 12-августунан тартып колдонулууда.
2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге (мындан ары - Келишим) ылайык Бажы бирлигинин техникалык регламентинин талаптарына шайкеш келген продукция кошумча талаптарды көрсөтпөстөн эле жүгүртүүгө чыгарылат, анткени Келишимдин принциптеринин бири болуп мүчө мамлекеттерде Бирликтин регламенттерин колдонуу жана аткаруу саналат.
Ушуга байланыштуу мыйзамдын долбоорунун 2-беренеси Келишимге жана 005/2011 ББ ТРдин жоболоруна карама-каршы келе тургандыгын белгилейбиз.
6. 005/2011 ББ ТРде мурда колдонулган таңгак ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин мыйзамдарында белгиленген тартипте утилдештирилүүгө тийиш экендиги белгиленген.
Азыркы учурда ЕАЭБ алкагында 005/2011 ББ ТР № 4 өзгөртүүлөрдүн долбоору иштелип чыгууда, анда техникалык жөнгө салуу объекти болуп даяр продукция катары жана таңгакталган продукция катары ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин аймагына жүгүртүүгө чыгарылган таңгактар саналат.
Техникалык регламентке өзгөртүүнү иштеп чыгуу төмөнкүлөргө багытталган:
- металл, полимер, текстиль жана аралаш материалдардан жасалган таңгактардын, тыгындоочу полимер, жапкыч, аралаш каражаттарынын коопсуздук көрсөткүчтөрүн оңдоо;
- полиэтилентерефталат (ПЭТ) таңгактарына поливинилхлорид (ПВХ) этикеткасын, өтө жеңил полимер пакеттерин пайдаланууга чек коюу, таңгактарды өндүрүүдө оксо-жок болуучу жана оксобио-жок болуучу кошулмалардын пайдаланылышына тыюу салуу; тамак-аш азыктары үчүн көбүктөткүч полистиролдон жасалган керектөө таңгактарынын пайдаланылышын чектөө.
Өзгөртүүлөрдүн долбоорун иштеп чыгууда Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо, экологиялык коопсуздукту камсыздоо жана жаратылышты пайдалануу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органы тарабынан жеңил полимер пакеттерин (калыңдыгы 15 мкм чейинки) колдонууга чек коюу боюнча сунуштар киргизилди жана эске алынды.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгиленген сын пикирлерди жана сунуштарды эске алуу менен "Кыргыз Республикасынын аймагында полимер пленкасынан пакеттерди жүгүртүүнү чектөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун кабыл алууну мүмкүн деп эсептейт.