Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2020-жылдын 5-июну № 305
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 1-декабрындагы № 810 "Ысык-Көл облусундагы "Тоо лыжа кластери" сынамык долбоору жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Инновациялык кластердик мамилелердин негизинде туристтик тармакты туруктуу өнүктүрүүнү камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 1-декабрындагы № 810 "Ысык-Көл облусундагы "Тоо лыжа кластери" сынамык долбоору жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 5-пунктундагы "социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө" деген сөздөр "билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө, экономика жана инвестициялар бөлүмүнө" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- жогоруда аталган токтомдун 2-тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр |
К.А. Боронов |
|
| Тиркеме |
|
|
|
|
|
Ысык-Көл облусундагы "Тоо лыжа кластери" сынамык долбоорун ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын курамы
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри (экономика маселелери боюнча), ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын орун басары.
Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү:
- Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Туризм департаментинин директорунун орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын региондук өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы;
- "Тоо кластери" ассоциациясынын юридикалык жактар бирикмесинин президенти (макулдашуу боюнча);
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңештин катчылыгынын жетекчиси (макулдашуу боюнча).".