Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 1-декабры № 810
Ысык-Көл облусундагы "Too лыжа кластери" сынамык долбоору жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 5-июнундагы № 305 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 21-январындагы № 11 Жарлыгы менен бекитилген, 2013-2017-жылдар мезгилинде Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясына ылайык, инновациялык кластердик мамилелердин негизинде туристтик тармакты туруктуу өнүктүрүүнү камсыздоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ысык-Көл облусундагы "Too лыжа кластери" сынамык долбоору 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ысык-Көл облусундагы "Too лыжа кластери" сынамык долбоорун ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык комиссия 2-тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
3. Ведомстволор аралык комиссия:
- бир айлык мөөнөттө Ысык-Көл облусундагы "Too лыжа кластери" сынамык долбоорун ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын иштеп чыксын жана бекитсин;
- үч айлык мөөнөттө тоо лыжа туризмин өнүктүрүү жаатында ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыксын жана берсин.
4. Ведомстволор аралык комиссиянын ишин уюштуруучулук, методикалык жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине жүктөлсүн.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө, экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 5-июнундагы № 305 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2015-жылдын 4-декабрында № 117 жарыяланды
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
1-тиркеме
Ысык-Көл облусундагы "Too лыжа кластери" СЫНАМЫК ДОЛБООРУ
1. Жалпы жоболор
Кластер - белгилүү бир администрациялык-аймактык бирдиктин чек арасында топтолгон, бири-бирин өз ара толуктаган жана өзүнчө компаниялардын жана жалпы кластердин атаандаштык артыкчылыктарын күчөткөн эки же андан көп тармактын чарба субъекттеринин тобу.
Кластердин максаты анын ишканаларынын өндүрүмдүүлүгүн, инновациялуулугун, атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн, пайдалуулугун жана иш менен камсыздыгын жогорулатууга негизделген региондук өнүгүү болуп саналат.
Кластердин долбоору ченемдик укуктук базаны иштеп чыгууну болжолдойт.
Кластердеги башкаруу мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана бизнес-коомчулуктардын макулдашылган өз ара аракеттенүүсүндөгү аймактык-тармактык принцип боюнча жүзөгө ашырылат. Мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана бизнес-коомчулуктардын макулдашылган өз ара аракеттенүүсүнүн предмети ушул администрациялык-аймактык бирдиктин инфратүзүмүн өнүктүрүүгө инвестицияларды жумшоо болуп саналат.
Кластердин долбоору ченемдик техникалык документтердин (ГОСТ, СНиП, СанПиН, ЕНиР жана ТУ) индикаторлоруна жана көрсөткүчтөрүнө жетишкендикке жараша ишке ашырылган деп эсептелет.
Ченемдик техникалык документтерди (ГОСТ, СНиП, СанПиН, ЕНиР жана ТУ) аткаруу кластерде төмөнкүдөй маселелерди:
- регионду өнүктүрүүгө кызыкдар мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, бизнес-коомчулуктардын жана жергиликтүү калктын кызыкдар өкүлдөрүнүн күч аракеттерин бириктирүүнү;
- жергиликтүү калк үчүн кошумча жумуш орундарын түзүүнү;
- чет элдик туристтерге көрсөтүлүүчү туристтик кызматтардын көбөйүшүнүн эсебинен сатып алуу суроо-талабынын жогорулашын;
- кластердин катышуучуларынын рентабелдүүлүгүн жана инвестициялык жагымдуулугун жогорулатууну чечет.
2. Ысык-Көл облусундагы "Too лыжа кластери" сынамык долбоору
Ысык-Көл облусундагы тоо лыжа кластери - бул туристтик жана аны менен коштолгон тармактарга тиешелүү региондогу ишканалар тобу. Ысык-Көл облусундагы "Too лыжа кластери" сынамык долбоору жылына 2,0 млн. билет долбоордук кубаттуулуктагы 5 тоо лыжа курортун курууну караштырат.
Too лыжа курорту төмөнкүдөй компоненттерден: өргө көтөргүчү бар трассадан, муз аянтынан, мейманкана комплексинен, коомдук тамак-аш ишканаларынан, маданий-оюн зоок мекемелеринен жана медициналык тейлөө борборунан турат.
Ысык-Көл облусунун курорттук зонасында долбоорду ишке ашыруунун жалпы келечегинин көрүнүшү тоо лыжа базаларынын саны жана кубаттуулугу боюнча 1-таблицада берилген.
№ 1-таблица
Ысык-Көл облусунда тоо лыжа курортторун курууну эске алуу менен тоо лыжа туризмин өнүктүрүү динамикасы
Объекттердин аталышы | Көрсөткүчтөр | |
2015-жыл | 2022-жыл | |
Тоо лыжа курорттук зоналары | 0 | 1 |
Тоо лыжа базалары, алардын ичинен сыйымдуулугу: | 17 | 22 |
500 туристтен аз | 14 | 14 |
500 туристтен көп | 3 | 4 |
5000 туристтен көп | 0 | 4 |
Көтөргүчтөр | 25 | 65 |
Лыжа билеттери, миң | 120,0 | 2000,0 |
Too лыжа курортторунун тизмеси негизги мүнөздөмөлөрү менен № 2 таблицада берилген.
№ 2 таблица
Ысык-Көл облусундагы "Too лыжа кластери" сынамык долбоорунун негизги көрсөткүчтөрү
№ | Мүнөздөмө | Калктуу конуштардын аталыштары | |||||
Боз-Учук айылы | Кереге-Таш айылы | Челпек айылы | Светлая Поляна айылы | Жыргалаң айылы | Бардыгы | ||
1. Трассалардын жалпы узундугу | |||||||
1 | Трассалардын жалпы узундугу | 20,5 км | 18,1 км | 23,7 км | 22,7 км | 17,3 км | 102,3 км |
2. Трассалардын жалпы аянты | |||||||
2 | Трассалардын жалпы аянты | 131 га | 75 га | 170 га | 235,6 га | 140 га | 751,6 га |
3. Татаалдыгы боюнча трассалардын катышы | |||||||
3 | Кара, күрөң (жантайыңкылыгы " 22) | 18% | Айрым участоктор | Айрым участоктор | Айрым участоктор | Айрым участоктор | 2,82% |
4 | Кызыл, (жантайыңкылыгы 14-22) | 50% | 55% | 23% | 15% | 11% | 30,8% |
5 | Көк, (жантайыңкылыгы 10-14) | 16% | 19,7% | 54% | 59% | 60% | 41,74% |
6 | Жашыл, (жантайыңкылыгы 6-10) | 16% | 29,2% | 23% | 26% | 29% | 24,64% |
4. Аймактык сыйымдуулүк | |||||||
7 | Орточо суммалык түшүү | h = 455 м | h = 750 м | h = 578 м | h = 535,9 м | h = 495 м |
|
8 | Ченемдүү түшүү | Н = 4000 м | Н = 4000 м | Н = 3500 м | Н = 3500 м | Н = 3500 м |
|
9 | Эңкейиштердин орточо саны | k = 8,8 | k = 5 | k = 6 | k = 6,5 | k = 5 |
|
10 | Өткөрүүнүн суммалык сааттык мүмкүнчүлүгү | П∑ = 5500 адам/саатына | П∑ = 2500 адам/саатына | П∑ = 5400 адам/саатына | П∑ = 10400 адам/саатына | П∑ = 2500 адам/саатына | П∑ = 26300 адам/саатына |
11 | 1 күндө тебүү убактысы | N = 6 саат | N = 6 саат | N = 6 саат | N = 6 саат | N = 6 саат | N = 6 саат |
12 | Лыжа тебүүчүлөрдүн саны (1 күндө тебүүчүлөрдүн) | 3750 адам/күнүнө | 3000 адам/күнүнө | 5400 адам/күнүнө | 7500 адам/күнүнө | 3000 адам/күнүнө | 22650 адам/күнүнө |
13 | Лыжа тебүүчүлөрдүн саны (1 күндө тебүүнү үйрөнүп жаткандар) | Ен = 900 адам/күнүнө | Ен = 500 адам/күнүнө | Ен = 2400 адам/күнүнө | Ен = 2500 адам/күнүнө | Ен = 900 адам/күнүнө | Ен = 7200 адам/күнүнө |
14 | Лыжа тебүүнү үйрөнүп жаткандардын жана эс алуучулардын жалпы саны (1 күндө, 20% - эс алуучулар) | Е = 5580 адам/күнүнө | Е = 4200 адам/күнүнө | Е = 9360 адам/күнүнө | Е = 12000 адам/күнүнө | Е = 4200 адам/күнүнө | Е = 35340 адам/күнүнө |
Эсептөө көтөрүүчү-транспорттук түзүлүштөрдү долбоорлоо, монтаждоо жана эксплуатациялоо иштерин аткарган инженердик-техникалык кызматкерлер үчүн М.Б.Беркмандын "Асма канат жолдору" методикасынын негизинде жүргүзүлгөн.
Зарылчылык болсо кайра эсептөө эл аралык практикада колдонулган методикаларга ылайык жүзөгө ашырылат.
3. Долбоорду ишке ашыруу механизми
Кластердин методологиясы эсеп жүргүзүүнүн ченемдик методуна негизделген. Эсепке алуунун ченемдик методу инвестицияларды эсептөө жана өзүн-өзү актоо үчүн техникалык, экономикалык жана укуктук негизди камсыз кылат. Өзүн-өзү актоону эсептөөнүн негизин рентабелдүүлүктүн ченемин жогорулатуунун эсебинен топтоонун тездетилген ыкмасы түзөт.
Мониторингдин жыйынтыгы боюнча инвестициялык ресурстарды кайра багыттоо жүзөгө ашырылат. Жаңы инвестициялык салымдарды тандоо: максималдуу рентабелдүү долбоорлордон - азыраак рентабелдүү долбоорлорго өтүү артыкчылыктарына негизделет.
Продукцияны жана кызмат көрсөтүүлөрдү (иштерди) сатуудан түшкөн кластердин катышуучуларынын-ишканаларынын кирешелери кластердин кийинки өнүгүүсүн кайра каржылоонун булагы болуп саналат. Лыжа билеттерин сатуудан түшкөн суммалык жалпы киреше региондун өндүрүштүк жана социалдык инфратүзүмүнүн өнүгүү муктаждыктарына жумшалат.
Ысык-Көл облусунда "Too лыжа кластери" сынамык долбоорун ишке ашыруу салыктык жеңилдиктерди талап кылбайт жана бюджеттин киреше бөлүгүн жогорулатууга багытталган.
4. Күтүлүүчү натыйжалар
Долбоорду ишке ашырууну баалоо тоо лыжа курортторунун өсүү динамикасы менен аныкталат. Мында чет элдик туристтердин санынын өсүшү ата мекендик ишканалар сатуучу продукциянын көлөмүнүн жогорулашын караштырат.
Орточо алганда тоо лыжа курортунун субъекти 750дөн ашуун адамды жумуш орундары менен камсыздайт. Ошол эле учурда коомдук тамактануу, турак-жай-коммуналдык чарба, социалдык инфратүзүм (саламаттык сактоо, билим берүү, маданият жана эс алуу) сыяктуу эриш-аркак тармактарда кошумча 3-4 миң жумуш орундары түзүлөрү күтүлөт.
"Too лыжа кластери" сынамык долбоорун ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын экологиялык коопсуздук жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мыйзамдарынын талаптарына ылайык жүзөгө ашырылат. Долбоор эл аралык келишимдерге каршы келбейт, жалпы кабыл алынган эл аралык практикага, финансылык операцияларды жүргүзүү эрежелерине шайкеш келет. Ошондой эле долбоор өлкөнүн туристтик имиджинин жогорулашына түрткү берет.
2-тиркеме
Ысык-Көл облусундагы "Тоо лыжа кластери" сынамык долбоорун ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын КУРАМЫ
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 5-июнундагы № 305 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри (экономика маселелери боюнча), ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын орун басары.
Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү:
- Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Туризм департаментинин директорунун орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын региондук өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы;
- "Тоо кластери" ассоциациясынын юридикалык жактар бирикмесинин президенти (макулдашуу боюнча);
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңештин катчылыгынын жетекчиси (макулдашуу боюнча).