Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2020-жылдын 3-августу № 408
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-апрелиндеги № 194 "Эпидемиялар менен күрөшүү жана алардын алдын алуу иш-чараларын жүргүзүүгө түшкөн каражаттарды сарптоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин "Медицина кызматкеринин статусу жөнүндө'' Кыргыз Республикасынын Мыйзамына шайкеш келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-апрелиндеги № 194 "Эпидемиялар менен күрөшүү жана алардын алдын алуу иш-чараларын жүргүзүүгө түшкөн каражаттарды сарптоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 4-пунктунда:
- үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- саламаттык сактоо системасынын кызматкерлерине жана башка кызматтардын жана ведомстволордун тартылган адамдарына, ошондой эле келишимдин негизинде эпидемиялар менен күрөшүү жана алдын алуу иштерине атайын тартылган адамдарга компенсация түрүндө төлөнүүчү кайтарымсыз төлөм ал жеткис күчтүн жагдайларына байланыштуу кайтарымсыз алынган сумма болуп саналат;";
- төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:
"- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 26-октябрындагы № 639 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагында жана эл аралык келишимдик милдеттенмелердин негизинде анын чегинен сырткары өзгөчө абалдын шарттарында жана куралдуу жаңжалдардын учурунда милдеттерин аткарышкан аскер кызматчыларына кошумча гарантиялар жана компенсациялар жөнүндө жобо медициналык кызматтын эпидемиялар менен күрөшүү жана алдын алуу иштерине атайын тартылган аскер кызматчыларына карата колдонулбайт.";
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Эпидемиялар менен күрөшүү жана алардын алдын алуу иш-чараларын жүргүзүүгө түшкөн каражаттарды сарптоо тартиби жөнүндө жободо:
- 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Эпидемиялар менен күрөшүү жана алдын алуу иш-чараларын жүргүзүүгө бөлүнүүчү каражаттар Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Казыналыгынын системасында (мындан ары - Казыналык системасы) ачылган өзүнчө эсепте эсепке алынат.
Эпидемиялар менен күрөшүү жана алдын алуу иш-чараларын уюштуруу үчүн Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги (мындан ары - Саламаттык сактоо министрлиги), Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду (мындан ары - ММКФ), Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти (мындан ары - Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти) жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Карантиндик жана өтө кооптуу жугуштуу оорулардын республикалык борбору (мындан ары - Карантиндик жана өтө кооптуу жугуштуу оорулардын республикалык борбору) тарабынан эпидемиялар менен күрөшүү жана алдын алуу иш-чараларын; оорулардын көбөйүүсү байкалганда же инфекциялык жана паразитардык оорулардын жайылуу коркунучунда, тамак-аштан уланууда; карантиндик жана өзгөчө кооптуу инфекциялар боюнча энзоотиялык аймактарда пландуу эпидемиологиялык жана эпизоотиялык иш-чараларда шашылыш эпидемияга каршы иш-чараларды жүргүзүүгө келип түшкөн каражаттарды сарптоо үчүн эсептер ачылат.";
- 3-пунктундагы "Эпидемиологиялык фондду" деген сөздөр "Эпидемиялар менен күрөшүү жана алдын алуу иш-чараларын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 5-пунктундагы "Эпидемиологиялык фонддун каражаттары" деген сөздөр "Эпидемиялар менен күрөшүү жана алдын алуу иш-чараларын жүргүзүүгө келип түшкөн каражаттар" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 6 жана 7-пункттары күчүн жоготту деп таанылсын;
- 8-пунктунун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"8. Эпидемиялар менен күрөшүү жана алдын алуу иш-чараларына бөлүнүүчү каражаттар Саламаттык сактоо министрлигинин, ММКФнын, Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин жана Карантиндик жана өтө кооптуу жугуштуу оорулардын республикалык борборунун бюджеттеринде каралат жана бюджеттик классификацияларга ылайык чагылдырылат:";
- 10-пунктунда:
1-пунктчасы "обсерваторлорду" деген сөздөн кийин ", стационарларды (күндүзгү/түнкү)'' деген сөздөр менен толукталсын;
3-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3) саламаттык сактоо системасынын кызматкерлерине, башка кызматтардын жана ведомстволордун кызматкерлерине, ошондой эле эпидемиялар менен күрөшүү жапа алдын алуу иштерине атайын тартылган адамдарга компенсацияларды төлөөгө жана командировкалык чыгымдарга;";
17-пунктчасы "(интенсивдүү терапия палаталарын" деген сөздөрдөн кийин "жана стационарларды (күндүзгү/түнкү)" деген сөздөр менен толукталсын;
- 12-пунктунда:
экинчи абзацындагы "Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан бекитилет" деген сөздөр "саламаттык сактоо уюмдары тарабынан бекитилет" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 14-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
- 2-главасынын аталышы жана 19-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2-глава. Эпидемиялар менен күрөшүү жана алдын алуу иш-чараларын жүзөгө ашыруучу адамдарга акчалай компенсация төлөө тартиби
19. Саламаттык сактоо кызматкерлерине, башка кызматтардын жана ведомстволордун кызматкерлерине, ошондой эле эпидемиялар менен күрөшүү жана алдын алуу иштерине атайын тартылган адамдарга негизги эмгек акысынан тышкары төмөнкүдөй өлчөмдөрдө компенсациялык төлөмдөр төлөнөт:
1) убактылуу уюштурулган изоляторлордо, стационарларда/госпиталдарда, обсерваторлордо, мобилдик топтордо жана стационарларда (күндүзгү/түнкү) карантиндик-казармалык режимде болгон кызматкерлерге:
- врачтар жана административдик-башкаруу кызматкерлери үчүн - карантиндик-казармалык режимде иштеген ар бир күнү үчүн 30 эсе эсептик көрсөткүч өлчөмүндө;
- орто медициналык кызматкерлер жана башка кызматтардын жана ведомстволордун кызматкерлери, ошондой эле ишке атайын тартылган адамдар үчүн - карантиндик-казармалык режимде иштеген ар бир күнү үчүн 25 эсе эсептик көрсөткүч өлчөмүндө;
- кенже медициналык кызматкерлер, башка кызматкерлер, башка кызматтардын жана ведомстволордун кызматкерлерин кошкондо, ошондой эле убактылуу уюштурулган изоляторлордо, стационарларда/госпиталдарда ишке атайын тартылган адамдарга - карантиндик-казармалык режимде иштеген ар бир күн үчүн 22 эсе эсептик көрсөткүч өлчөмүндө;
2) карантиндик-казармалык режимде иштерди аткарууга байланыштуу обочолонууда болгон саламаттык сактоо кызматкерлерине жана башка кызматтардын, ведомстволордун кызматкерлерине, ошондой эле атайын ишке тартылган адамдарга - иштерди аткаруудан кийин обочолонууда болгон ар бир күнү үчүн 9 эсе эсептик көрсөткүч өлчөмүндө;
3) убактылуу уюштурулган изоляторлордо, стационарларда/госпиталдарда, обсерваторлордо, убактылуу эпидемияга каршы отряддарда/бригадаларда, башка түзүлмөлөрдө, лабораторияларда, санитардык-карантиндик пункттарда, блокпосттордо жана стационарларда (күндүзгү/түнкү) иштеген кызматкерлерге, иш күнү кадимкидей узактыкта болгон учурда:
- врачтар үчүн - эпидемия очогунда же ага теңдеш аймакта иштеген ар бир сааты үчүн 1,3 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө;
- орто медициналык кызматкерлер жана башка кызматтардын жана ведомстволордун ушундай кызматкерлери, ошондой эле ишке атайын тартылган адамдар үчүн - эпидемиянын очогунда же ага теңдеш аймакта иштеген ар бир сааты үчүн 1,2 эсе эсептик көрсөткүч өлчөмүндө;
- кенже медициналык кызматкерлер жана башка кызматкерлер, башка кызматтардын жана ведомстволордун ушундай кызматкерлерин кошкондо, анын ичинде ишке атайын тартылган адамдар, ошондой эле очоктуу аймактарда иштеген жана карантинге жиберилүүчү медицина кызматкерлерин ташууну камсыз кылуучу айдоочулар үчүн - эпидемиянын очогунда же ага теңдеш аймакта иштеген ар бир сааты үчүн 1 эсе эсептик көрсөткүч өлчөмүндө;
4) медициналык тез жардам кызматкерлерине, коронавирус инфекциясын жугузган ар бир адамды же ооруканадан тышкары пневмонияга шектелген адамдарды стационарга ташууда:
- врачтар үчүн - 7,5 эсе эсептик көрсөткүч өлчөмүндө;
- орто медициналык кызматкерлер үчүн - 6 эсе эсептик көрсөткүч өлчөмүндө;
- кенже медициналык жана техникалык кызматкерлер үчүн - 5 эсе эсептик көрсөткүч өлчөмүндө;
5) жагымсыз эпидемиологиялык кырдаал убагында коронавирус инфекциясынан же ооруканадан тышкары пневмониядан каза болгондордун сөөгүн союучу кызматкерлерге:
- врачтар үчүн - ар бир сойгон сөөгү үчүн 12,5 эсе эсептик көрсөткүч өлчөмүндө;
- орто медициналык кызматкерлер үчүн - ар бир сойгон сөөгү үчүн 10 эсе эсептик көрсөткүч өлчөмүндө;
- кенже медициналык кызматкерлер үчүн - ар бир сойгон сөөгү үчүн 7,5 эсе эсептик көрсөткүч өлчөмүндө;
- кенже медициналык жана техникалык кызматкерлер үчүн - сөөктү көмүүгө даярдоо үчүн - 1,3 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 191 жана 192-пункттар менен толукталсын:
"191. Саламаттык сактоо системасынын кызматкерлерине жана башка кызматтардын жана ведомстволордун кызматкерлерине, ошондой эле эпидемиялар менен күрөшүү жана алдын алуу иштерине атайын тартылган башка адамдарга компенсациялык төлөмдөр кызматтардын тиешелүү категориясынын чегинде төлөнөт.
192. Саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган түзүлгөн эпидемиологиялык кырдаалдын жана медициналык кызматтарды көрсөтүү алгоритминин негизинде очоктуу аймактарды аныктайт, аларда иштөө ушул Жобого ылайык компенсациялык төлөмдөр түрүндө төлөнөт.";
- 28 жана 32-пункттары күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2020-жылдын 1-июлунан тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | К.А. Боронов |