Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-апрелиндеги № 194 токтомуна) |
Эпидемиялар менен күрөшүү жана алардын алдын алуу иш-чараларын жүргүзүүгө түшкөн каражаттарды сарптоо тартиби жөнүндө жобо
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-майындагы № 249, 2020-жылдын 3-августундагы № 408, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 14-майы № 343 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1-глава. Эпидемиялар менен күрөшүү жана алардын алдын алуу иш-чараларын жүргүзүүгө түшкөн каражаттарды сарптоо тартиби
1. Ушул жобо эпидемиялар менен күрөшүү жана алардын алдын алуу иш-чараларын жүргүзүүгө түшкөн каражаттарды сарптоо тартибин аныктайт.
2. Эпидемиялар менен күрөшүү жана алдын алуу иш-чараларын жүргүзүүгө бөлүнүүчү каражаттар Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Казыналыгынын системасында (мындан ары - Казыналык системасы) ачылган өзүнчө эсепте эсепке алынат.
Эпидемиялар менен күрөшүү жана алдын алуу иш-чараларын уюштуруу үчүн Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги (мындан ары - Саламаттык сактоо министрлиги), Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду (мындан ары - ММКФ), Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти (мындан ары - Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти) жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Карантиндик жана өтө кооптуу жугуштуу оорулардын республикалык борбору (мындан ары - Карантиндик жана өтө кооптуу жугуштуу оорулардын республикалык борбору) тарабынан эпидемиялар менен күрөшүү жана алдын алуу иш-чараларын; оорулардын көбөйүүсү байкалганда же инфекциялык жана паразитардык оорулардын жайылуу коркунучунда, тамак-аштан уланууда; карантиндик жана өзгөчө кооптуу инфекциялар боюнча энзоотиялык аймактарда пландуу эпидемиологиялык жана эпизоотиялык иш-чараларда шашылыш эпидемияга каршы иш-чараларды жүргүзүүгө келип түшкөн каражаттарды сарптоо үчүн эсептер ачылат.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-августундагы № 408 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Эпидемиялар менен күрөшүү жана алдын алуу иш-чараларын каржылоо булактары:
1) республикалык бюджеттен ассигнованиелер;
2) эпидемиялар менен күрөшүү иш-чараларын жүргүзүүгө Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарына каршы келбеген башка булактардан түшкөн каражаттар.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-августундагы № 408 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Эпидемиялар менен күрөшүү боюнча иш-чараларды жүргүзүүгө түшкөн каражаттарга төмөнкүлөр кирет:
1) юридикалык жана жеке жактардан ыктыярдуу төгүм жана спонсордук жардам түрүндө түшкөн каражаттар;
2) эл аралык уюмдардан түшкөн кайрымдуулук жана гранттык жардам;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин негизинде товарларды жана кызматтарды сатуудан түшкөн каражаттар;
4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка түшүүлөр.
5. Эпидемиялар менен күрөшүү жана алдын алуу иш-чараларын жүргүзүүгө келип түшкөн каражаттар ушул Жобонун тиркемесине ылайык Тизмекте көрсөтүлгөн инфекциялардын эпидемиялык очокторун жоюуга жумшалат.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-августундагы № 408 токтомунун редакциясына ылайык)
6. (КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-августундагы № 408 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
7. (КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-августундагы № 408 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
8. Эпидемиялар менен күрөшүү жана алдын алуу иш-чараларына бөлүнүүчү каражаттар Саламаттык сактоо министрлигинин, ММКФнын, Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин жана Карантиндик жана өтө кооптуу жугуштуу оорулардын республикалык борборунун бюджеттеринде каралат жана бюджеттик классификацияларга ылайык чагылдырылат:
1) Саламаттык сактоо министрлиги боюнча: 37131 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги - Эпидемиялар менен күрөшүү боюнча иш-чаралар" 221 "Товарларды жана кызматтарды колдонуу" чыгашалардын экономикалык классификациясынын беренеси боюнча 22161100 элементи "Саламаттык сактоо системасында бирдиктүү берене менен көрсөтүлгөн чыгашалар";
2) ММКФ боюнча: 36133 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду - Эпидемиялар менен күрөшүү боюнча иш-чаралар" 22161100 элементи "Саламаттык сактоо системасында бирдиктүү берене менен көрсөтүлгөн чыгашалар".
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-августундагы № 408 токтомунун редакциясына ылайык)
9. Эпидемиялар менен күрөшүү иш-чараларын жүргүзүүгө башка булактардан түшкөн каражаттар төмөнкүдөй чагылдырылат:
1) Саламаттык сактоо министрлиги боюнча "Эпидемиялар менен күрөшүү иш-чаралары" 37131 классификациясы боюнча "Товарларды жана кызматтарды колдонуу" 221 чыгашалардын экономикалык классификациясынын беренеси боюнча "Саламаттык сактоо системасында бирдиктүү берене менен көрсөтүлгөн чыгашалар" 22161100 элементи;
2) ММКФ боюнча "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду - Эпидемиялар менен күрөшүү боюнча иш-чаралар" 36131 классификациясы боюнча "Саламаттык сактоо системасында бирдиктүү берене менен көрсөтүлгөн чыгашалар" 22161100 элементи.
10. Бюджеттик ассигнованиелер жана атайын эсепке түшкөн каражаттар төмөнкүдөй максаттарга сарпталат:
1) убактылуу инфекциялык жатак орундарды (изоляторлорду, стационар/госпиталдарды, обсерваторлорду, стационарларды (күндүзгү/түнкү)), санитардык/карантиндик пункттарды, эпидемиялар менен күрөшүү жана алардын алдын алуу боюнча түзүлгөн ыкчам штабдарды жана эпидемияга каршы иш-чараларга тартылган башка түзүмдөрдү жана кызматтарды жайылтууга жана күтүүгө;
2) эпидемияга каршы убактылуу түзүмдөрдү уюштурууга жана күтүүгө (отряддар, бригадалар/топтор, зоотоптор, адистештирилген көчмө бактериологиялык жана вирусологиялык лабораториялар жана эпидемияга каршы иш-чараларга тартылган башка түзүмдөр), ошондой эле эпидемиологиялык очоктогу убактылуу көчмө мончо-дезинфекциялык орнотмолорду жана жок кылуучу отряддарды уюштурууга жана күтүүгө;
3) саламаттык сактоо системасынын кызматкерлерине, башка кызматтардын жана ведомстволордун кызматкерлерине, ошондой эле эпидемиялар менен күрөшүү жапа алдын алуу иштерине атайын тартылган адамдарга компенсацияларды төлөөгө жана командировкалык чыгымдарга;
4) атайын тартылган транспорттун кызматына төлөп берүүгө;
5) дезинфекциялоочу жана кир кетирүүчү каражаттарды, күйүүчү-майлоочу материалдарды сатып алууга;
6) байланыштын бардык түрүнө кеткен чыгымдарга төлөөгө;
7) карантиндик/казармалык абалда болгон персоналды жайгаштыруу үчүн атайын бөлүнгөн бөлмөлөрдү күтүүгө;
8) маалыматтык-билим берүүчү материалдарды шашылыш түрдө басып чыгарууга, маалыматтык видео материалдарды даярдоого жана чыгарууга, жалпыга маалымдоо каражаттарында, телекөрсөтүүдө жана радиодо, социалдык тармактар аркылуу санитардык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча кызматтарга төлөөгө;
9) дары каражаттарын, бактериялык препараттарды жапа медициналык буюмдарды сатып алууга;
10) лабораториялык изилдөөлөр үчүн сарпталуучу материалдарды, тест-системаларды, реактивдерди жана реагенттерди сатып алууга;
11) медициналык жабдууларды жана шаймандарды сатып алууга;
12) жумшак жана катуу шайманды, анын ичинде медициналык кызматкерлер үчүн жеке коргонуучу каражаттарды сатып алууга;
13) убактылуу инфекциялык бөлүмдөрдө (изоляторлордо, стационарда/госпиталдарда, обсерваторлордо) жайгаштырылган адамдарды жана эпидемиялар менен күрөшүү жана алардын алдын алуу жумуштарына тартылган жана казарма абалында турган кызматкерлерди тамактандырууга;
14) дезинфекциялоочу, кир жуучу ж.б. каражаттарды сатып алууга;
15) эпидемиялык көрсөткүчтөр боюнча вакциналарды жана реагенттерди сатып алууга;
16) эпидемиялар менен күрөшүү жана алдын алуу жумуштары үчүн керектүү транспорт каражаттарын сатып алууга;
17) обсерваторлорду, изоляторлорду, стационарларды/госпиталдарды (интенсивдүү терапия палаталарын жана стационарларды (күндүзгү/түнкү) кошуп), санитардык-карантиндик пункттарды, ыкчам штабдарды жана эпидемиялар менен күрөшүү жана алдын алуу жумуштары үчүн керектүү башка түзүмдөрдү жайылтуу үчүн бөлүмдөрдү даярдоого жана жабдууга;
18) эпидемияга каршы иш-чаралардын жүргүзүлүшү үчүн керектүү башка чыгымдар.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-августундагы № 408, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 14-майы № 343 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
11. Эпидемиялар менен күрөшүү иш-чараларын жүргүзүүгө каражаттар Саламаттык сактоо министрлиги жана ММКФ тарабынан бекитилүүчү каражаттарды сарптоо планына же сметасына ылайык Саламаттык сактоо министрлиги жана ММКФ тарабынан жүргүзүлгөн иш-чараларды каржылоого чыгымдалат.
12. Эпидемияга каршы убактылуу отряддар/бригадалар/башка түзүмдөр, санитардык-карантиндик пункттар, адистештирилген көчмө бактериологиялык жана вирусологиялык лабораториялар юридикалык жак болуп эсептелбейт жана Саламаттык сактоо министрлигинин уюмдарынын карамагында болот.
Эпидемияга каршы убактылуу отряддардын/бригадалардын/башка түзүмдөрдүн, санитардык-карантиндик пункттардын, адистештирилген көчмө бактериологиялык жана вирусологиялык лабораториялардын штаттык саны жана түзүмү саламаттык сактоо уюмдары тарабынан бекитилет.
(Абзац КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-августундагы № 408 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-майындагы № 249, 2020-жылдын 3-августундагы № 408 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
13. Саламаттык сактоо уюмдарына жана санитардык-эпидемиологиялык уюмдарга эпидемиялар менен күрөшүү иш-чараларын жүргүзүүгө бөлүнгөн каражаттар Казыналык системасындагы алардын атайын эсебине которулат.
14. (КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-августундагы № 408 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
15. Убактылуу уюшулган инфекциялык изоляторлордо, стационарларда/госпиталдарда жана обсерваторлордо дарыланып же байкоодо жаткандардын тамактануусу жалпы профилдеги ооруканалар үчүн белгиленген ченемдер боюнча жүргүзүлөт.
16. Кайсы бир эпидемиялык жактан жагымсыз жерди - ушул Жобонун тиркемесинде аталган инфекциялар боюнча эпидемиянын очогу деп таанууну Саламаттык сактоо министрлиги ишке ашырат.
17. Карантиндик/казармалык абал: эпидемиологиялык очокто иштеп жаткан кызматкерлердин үйдөн тышкары милдеттүү түрдө атайын обочо бөлүнгөн жерде дайыма болуусу.
18. Эпидемиялар менен күрөшүү жана алардын алдын алуу иш-чараларын аткарууга жиберилген адамдарга эпидемиялардын очокторунда жана аларга теңештирилген аймактарда иштегени үчүн компенсациялык төлөмдөрдүн өлчөмдөрү жана эсептери ушул Жобого ылайык Саламаттык сактоо министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду тарабынан аныкталат.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-майындагы № 249 токтомунун редакциясына ылайык)
2-глава. Эпидемиялар менен күрөшүү жана алдын алуу иш-чараларын жүзөгө ашыруучу адамдарга акчалай компенсация төлөө тартиби
(Главанын аталышы КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-августундагы № 408 токтомунун редакциясына ылайык)
19. Саламаттык сактоо кызматкерлерине, башка кызматтардын жана ведомстволордун кызматкерлерине, ошондой эле эпидемиялар менен күрөшүү жана алдын алуу иштерине атайын тартылган адамдарга негизги эмгек акысынан тышкары төмөнкүдөй өлчөмдөрдө компенсациялык төлөмдөр төлөнөт:
1) убактылуу уюштурулган изоляторлордо, стационарларда/госпиталдарда, обсерваторлордо, мобилдик топтордо жана стационарларда (күндүзгү/түнкү) карантиндик-казармалык режимде болгон кызматкерлерге:
- врачтар жана административдик-башкаруу кызматкерлери үчүн - карантиндик-казармалык режимде иштеген ар бир күнү үчүн 30 эсе эсептик көрсөткүч өлчөмүндө;
- орто медициналык кызматкерлер жана башка кызматтардын жана ведомстволордун кызматкерлери, ошондой эле ишке атайын тартылган адамдар үчүн - карантиндик-казармалык режимде иштеген ар бир күнү үчүн 25 эсе эсептик көрсөткүч өлчөмүндө;
- кенже медициналык кызматкерлер, башка кызматкерлер, башка кызматтардын жана ведомстволордун кызматкерлерин кошкондо, ошондой эле убактылуу уюштурулган изоляторлордо, стационарларда/госпиталдарда ишке атайын тартылган адамдарга - карантиндик-казармалык режимде иштеген ар бир күн үчүн 22 эсе эсептик көрсөткүч өлчөмүндө;
2) карантиндик-казармалык режимде иштерди аткарууга байланыштуу обочолонууда болгон саламаттык сактоо кызматкерлерине жана башка кызматтардын, ведомстволордун кызматкерлерине, ошондой эле атайын ишке тартылган адамдарга - иштерди аткаруудан кийин обочолонууда болгон ар бир күнү үчүн 9 эсе эсептик көрсөткүч өлчөмүндө;
3) убактылуу уюштурулган изоляторлордо, стационарларда/госпиталдарда, обсерваторлордо, убактылуу эпидемияга каршы отряддарда/бригадаларда, башка түзүлмөлөрдө, лабораторияларда, санитардык-карантиндик пункттарда, блокпосттордо жана стационарларда (күндүзгү/түнкү) иштеген кызматкерлерге, иш күнү кадимкидей узактыкта болгон учурда:
- врачтар үчүн - эпидемия очогунда же ага теңдеш аймакта иштеген ар бир сааты үчүн 1,3 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө;
- орто медициналык кызматкерлер жана башка кызматтардын жана ведомстволордун ушундай кызматкерлери, ошондой эле ишке атайын тартылган адамдар үчүн - эпидемиянын очогунда же ага теңдеш аймакта иштеген ар бир сааты үчүн 1,2 эсе эсептик көрсөткүч өлчөмүндө;
- кенже медициналык кызматкерлер жана башка кызматкерлер, башка кызматтардын жана ведомстволордун ушундай кызматкерлерин кошкондо, анын ичинде ишке атайын тартылган адамдар, ошондой эле очоктуу аймактарда иштеген жана карантинге жиберилүүчү медицина кызматкерлерин ташууну камсыз кылуучу айдоочулар үчүн - эпидемиянын очогунда же ага теңдеш аймакта иштеген ар бир сааты үчүн 1 эсе эсептик көрсөткүч өлчөмүндө;
4) медициналык тез жардам кызматкерлерине, коронавирус инфекциясын жугузган ар бир адамды же ооруканадан тышкары пневмонияга шектелген адамдарды стационарга ташууда:
- врачтар үчүн - 7,5 эсе эсептик көрсөткүч өлчөмүндө;
- орто медициналык кызматкерлер үчүн - 6 эсе эсептик көрсөткүч өлчөмүндө;
- кенже медициналык жана техникалык кызматкерлер үчүн - 5 эсе эсептик көрсөткүч өлчөмүндө;
5) жагымсыз эпидемиологиялык кырдаал убагында коронавирус инфекциясынан же ооруканадан тышкары пневмониядан каза болгондордун сөөгүн союучу кызматкерлерге:
- врачтар үчүн - ар бир сойгон сөөгү үчүн 12,5 эсе эсептик көрсөткүч өлчөмүндө;
- орто медициналык кызматкерлер үчүн - ар бир сойгон сөөгү үчүн 10 эсе эсептик көрсөткүч өлчөмүндө;
- кенже медициналык кызматкерлер үчүн - ар бир сойгон сөөгү үчүн 7,5 эсе эсептик көрсөткүч өлчөмүндө;
- кенже медициналык жана техникалык кызматкерлер үчүн - сөөктү көмүүгө даярдоо үчүн - 1,3 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-августундагы № 408 токтомунун редакциясына ылайык)
19-1. Саламаттык сактоо системасынын кызматкерлерине жана башка кызматтардын жана ведомстволордун кызматкерлерине, ошондой эле эпидемиялар менен күрөшүү жана алдын алуу иштерине атайын тартылган башка адамдарга компенсациялык төлөмдөр кызматтардын тиешелүү категориясынын чегинде төлөнөт.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-августундагы № 408 токтомунун редакциясына ылайык)
19-2. Саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган түзүлгөн эпидемиологиялык кырдаалдын жана медициналык кызматтарды көрсөтүү алгоритминин негизинде очоктуу аймактарды аныктайт, аларда иштөө ушул Жобого ылайык компенсациялык төлөмдөр түрүндө төлөнөт.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-августундагы № 408 токтомунун редакциясына ылайык)
20. Эпидемиологиялык жана эпизоотиялык изилдөөлөрдү, жок кылуучу дератизациялык иштерди жүргүзүү үчүн өзгөчө кооптуу инфекциялар боюнча энзоотиялык райондорго иш сапарга жөнөтүлгөн Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Карантиндик жана өзгөчө кооптуу инфекциялар боюнча республикалык борборунун, анын чумага каршы бөлүмдөрүнүн жана өзгөчө кооптуу инфекциялар бөлүмдөрүнүн, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин жана анын региондук, шаардык борборлорунун кызматкерлерине ар бир иштеген күнү үчүн экинчи (кошумча) кызматтык маяна Кыргыз Республикасынын эмгек жөнүндө мыйзамдарында белгиленген суткалык чыгымдарынын 50% өлчөмүндө төлөнөт.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-майындагы № 249 токтомунун редакциясына ылайык)
21. Ыкчам штабдын мүчөлөрүнө компенсациялар оору очогунун аймагында жүргөн иш жүзүндөгү убактысы үчүн, оору очогунда же ага теңдеш аймакта иштеген бир сааты үчүн 1,3 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө төлөнөт.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-майындагы № 249 токтомунун редакциясына ылайык)
22. Эпидемиянын очогунда жана ошого теңдеш аймактарда, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин ыкчам штабдарында иштеген жана ишке тартылган адамдардын түнкү убакта, дем алыш жана майрам күндөрү иштегени үчүн компенсациялар Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык негизги иштеген жери боюнча төлөнөт.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-майындагы № 249 токтомунун редакциясына ылайык)
23. Жогоруда көрсөтүлбөгөн башка административдик-чарбакер кызматкерлерине жана саламаттык сактоо органдарынын жумушчуларына ченемден ашык иштегендери үчүн Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык төлөнөт.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-майындагы № 249 токтомунун редакциясына ылайык)
24. Саламаттык сактоо системасынын кызматкерлерине жана башка кызматтардын жана ведомстволордун тартылган адамдарына компенсациялык төлөмдөр эпидемиянын алдын алуу, аны менен күрөшүү жана кесепеттерин жоюу боюнча иш-чараларды жүргүзүүдөгү иш жүзүндө иштеген убактысы үчүн төлөнөт.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-майындагы № 249 токтомунун редакциясына ылайык)
25. Эпидемиялар менен күрөшүү жана анын алдын алуу иштерине атайын тартылган саламаттык сактоо системасынын кызматкерлерине жана башка кызматтардын жана ведомстволордун персоналына негизги иштеген жеринен жана айкалыштыруу боюнча иштеген жеринен иштеген иши үчүн орточо эмгек акысы сакталат.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-майындагы № 249 токтомунун редакциясына ылайык)
26. Эпидемиялар менен күрөшүү жана алардын алдын алуу иштерине тартылган саламаттык сактоо системасынын кызматкерлерине компенсациялык төлөмдөр боюнча каражаттар башка төлөмдөрдүн эсебине (ден соолукту чыңдоо боюнча жөлөкпул, убактылуу эмгекке жарамсыздыгы боюнча жөлөкпул) киргизилбейт.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-майындагы № 249 токтомунун редакциясына ылайык)
3-глава. Эпидемиялар менен күрөшүүгө жиберилген медициналык жана башка кызматкерлердин иш-сапарларына төлөө тартиби жөнүндө
28. (КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-августундагы № 408 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
29. Эпидемиологиялык очоктордо жана ошого теңдеш аймактарда иштөө үчүн иш-сапарлардын узактыгы 3 айдан ашпоого тийиш, айрым учурларда Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан жалпысынан 4 айга чейин узартылат. Мында кызматкерлердин карантинде/казармалык абалда жаткан убактысы жалпы иш-сапардын мөөнөтүнө киргизилет.
30. Эпидемиялар (анын ичинде карантиндик жана өзгөчө кооптуу инфекциялар) менен күрөшүү жана алардын алдын алуу жумушуна иш сапарга жөнөтүлгөн медициналык жана башка кызматтардын жана ведомстволордун тартылган кызматкерлеринин иш сапар чыгымдары (суткалык чыгым, транспорттук жана турак-жай чыгымдары) Кыргыз Республикасынын эмгек жөнүндө мыйзамдарына ылайык төлөнөт.
31. (КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-майындагы № 249 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
32. (КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-августундагы № 408 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
33. Иш-саларга жөнөтүлгөндөрдүн эпидемиологиялык очокто аткарган иши тиешелүү документтер (маршруттук баракча, иш сапардык күбөлүгү жана башка ырастоочу документтер) менен ырасталат.
Эпидемиянын очогунда иш сапарга жөнөтүлгөндөрдүн аткарган иштери жөнүндө ырастоочу документтерге кол койгон адамдар документте билдирилген маалыматтардын аныктыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликти тартышат.
|
| Эпидемиялар менен күрөшүү жана алардын алдын алуу иш-чараларын жүргүзүүгө түшкөн каражаттарды сарптоо тартиби жөнүндө жобого тиркеме |
Очокторун жоюу үчүн Эпидемиологиялык фонддун каражаттары сарптала турган инфекциялардын ТИЗМЕГИ
I. Карантиндик инфекциялар
1. Чума.
2. Холера.
3. Сары калтыратма.
II. Өзгөчө кооптуу инфекциялар
1. Күйдүргү.
2. Туляремия.
3. Бруцеллёз.
4. Кутурма.
5. Лептоспироз.
6. Сап.
7. Мелиоидоз.
8. Ку калтыратмасы.
9. Темгил калтыратма.
10. Эпидемиялык бөртмө келте.
11. Геморрагиялык калтыратма.
12. Арбовирустардан келип чыккан оорулар.
13. СПИД.
14. КОРС.
15. Коронавирус.
III. Башка инфекциялык оорулар
1. Ич келте.
2. Паратифтер А жана В.
3. Дизентерия.
4. Тамак-ашка уулануулар.
5. Ботулизм.
6. Дифтерия.
7. Тырышма.
8. Кургак учук.
9. Менингококк инфекциясы.
10. Вирустук гепатиттер.
11. Орнитоз, пситтакоз.
12. Полиомиелит.
13. Кызылча.
14. Скарлатина.
15. Эпидемиялык паротит.
16. Безгек.
17. Сифилис.
18. Микоздор.
19. Сасык тумоо.
Эскертүү: бул Тизмекте каралбаган инфекциялык оору пайда болсо, Эпидемиологиялык фонддун каражаттарын бөлүп берүү зарылдыгы жөнүндө маселе Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан чечилет.