Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2020-жылдын 3-апрели № 194
Эпидемиялар менен күрөшүү жана алардын алдын алуу иш-чараларын жүргүзүүгө түшкөн каражаттарды сарптоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-августундагы № 408 токтомунун редакциясына ылайык)
Эпидемиялар менен күрөшүү жана алардын алдын алуу иш-чараларын, инфекциялык жана мите оорулар боюнча эпидемиялык абал оорлошкон өзгөчө кырдаал жана табигый кырсыктар жаралган учурларда эпидемияга каршы жана профилактикалык иш-чараларды ыкчам уюштурууну камсыздоо, карантиндик жана өзгөчө кооптуу ооруларга эпидемиологиялык көзөмөл жүргүзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Эпидемиялар менен күрөшүү жана алардын алдын алуу иш-чараларын жүргүзүүгө түшкөн каражаттарды сарптоо тартиби жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги эпидемиялар менен күрөшүү жана алардын алдын алуу иш-чараларын жүргүзүүгө каражаттарды Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна өз убагында бөлүп берүүнү камсыз кылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду Жобого ылайык эпидемиялар менен күрөшүү жана алардын алдын алуу иш-чараларын жүргүзүүгө түшкөн каражаттардын максаттуу пайдаланылуусун камсыз кылышсын.
4. Төмөнкүлөр белгиленсин:
- саламаттык сактоо системасындагы кызматкерлерге жана COVID-19 коронавирус инфекциясы менен күрөшүү ишине тартылган башка кызматтардын жана ведомстволордун кызматкерлерине 2020-жылдын 1-мартынан 22-мартына чейинки мезгилде бир күнгө 500 (беш жүз) сомдон жүргүзүлгөн төлөмдөр компенсация түрүндөгү кайтарымсыз төлөмдөр болуп эсептелет;
- саламаттык сактоо системасынын кызматкерлерине жана башка кызматтардын жана ведомстволордун тартылган адамдарына, ошондой эле келишимдин негизинде эпидемиялар менен күрөшүү жана алдын алуу иштерине атайын тартылган адамдарга компенсация түрүндө төлөнүүчү кайтарымсыз төлөм ал жеткис күчтүн жагдайларына байланыштуу кайтарымсыз алынган сумма болуп саналат;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 26-октябрындагы № 639 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагында жана эл аралык келишимдик милдеттенмелердин негизинде анын чегинен сырткары өзгөчө абалдын шарттарында жана куралдуу жаңжалдардын учурунда милдеттерин аткарышкан аскер кызматчыларына кошумча гарантиялар жана компенсациялар жөнүндө жобо медициналык кызматтын эпидемиялар менен күрөшүү жана алдын алуу иштерине атайын тартылган аскер кызматчыларына карата колдонулбайт.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-августундагы № 408 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 30-январындагы № 47 "Эпидемияларга каршы иш-чараларга бюджеттик акча каражаттарды сарптоонун жана эпидемияларга каршы күрөшкө жиберилчү медициналык жана башка кызматкерлердин командировкаларына төлөөнүн тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 27-августундагы № 377 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жана күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" токтомунун 64-пункту.
6. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
7. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2020-жылдын 22-мартынан тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри | М.Д. Абылгазиев |